Четверг, Мая 23, 2019
kg_m RU

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган ИПК болуп өттү

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

Баласагын ТВ - Жаңылыктар

КУУда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгы белгиленди

002019-жылдын 14-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган "1979-1989-жылдардагы Афган согушу: баары үчүн бүтпөй калган согуш" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынга интернационалист жоокерлер, афган согушуна катышкан ЖК депутаттары Кожобек Рыспаев, Кенжебек Бокоев, согушка катышкан жоокерлердин ата-энелери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Студенттерде атуулчулукту, мекенчилдикти өнүктүрүү максатында Кыргыз улуттук университети, Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши жана Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясы тарабынан өткөрүлгөн иш чарада Афган согушунун тарыхы, студент жаштарды Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо проблемалары каралды.

КУУнун ректору Канат Садыков залда отурган студенттерге бугункү жыйындын сыйлуу коноктору - интернационалист жоокерлерди, афган согушуна катышкан ЖК депутаттары Кожобек Рыспаев менен Кенжебек Бокоевди, согушта курман болгон жоокерлердин ата-энелерин тааныштырып, бул иш чаранын тарбиялык мааниси чоң экендигин белгиледи. Ректордун айтымында, Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына карата көптөгөн иш чаралар өткөрүлүүдө, бирок ал согуштун келип чыгышынын негизги себептерин саясий талдоого арналган "илимий-практикалык конференция" форматындагы иш чара биринчи жолу өткөрүлүп жатат. 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылып, Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган даректүү фильм көрсөтүлгөн соң, Афган согушунда курман болгон баатырлар минуталык ордунан туруу менен эскерилди.

Жогорку Кеңештин депутаты, Афган согушунун ардагерлеринин республикалые кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев иш чаранын темасы боюнча атайын баяндама жасады. Анын айтымында, ал убакта жашы 18ге толуп, ден соолугу чың болгон жигиттердин баары армияга барып, аскердик кызматын өтөп келчү. Анткени, Мекенди коргоо - ыйык милдет болуп, "Мен армияга барбайм, альтернативалык кызматка барам" деген себептер жок болгон. Сөзүнүн соңунда Кожобек Рыспаев КУУнун ректору Канат Садыковго, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабековго, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин деканы, афган согушунун катышуучусу Алайбек Шамшиевге, башкы инженер, афган согушунун катышуучусу Адылбек Маматовго, юридикалык факультеттин окутуучусу, афган согушунун катышуучусу Кадыр Уметовго өзү жетектеген органдын "Афган" орденин тапшырды.

ЖК депутаты Кенжебек Бокоев: "Ар бир өзүн сыйлаган мамлекет согушка катышкан жоокерлерин, ардагерлерин колдош керек, коргош керек жана алдарды "алтын запас" катары сакташ керек. Анткени "Тынчтыкты каласаң, согушка даярдан" деген сөз бар. Эртең биздин мамлекетке коопсуздук келе турган болсо, ким чыгат? Мен ойлойм, эң биринчи кезекте согушту көргөн ардагерлер чыгат. Мисалы, Баткен коогалаңы, Ош окуялары болгондо биринчи болуп афганчылар чыккан. Согуш эмне экенин, анын кандай алаамат экенин согушту көргөндөр гана билет. Азыр Кыргызстанда афган согушунун 5 миңдей ардагери бар. Биз аларды билим берүү мекемелериндеги ар кандай жолугушууларга чакырып, жаштарга партриоттуулук тарбия берүүдө колдонушубуз керек. Студент балдарды "сборлордон" өткөрүшүбүз керек. Мамлекетибиздин коопсуздугуна шек келе турган болсо, ар бир жигит Мекенди коргоого даяр болуп,  "Мен чыкканга даярмын!" деш керек". 

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаевдын айтымында, афган согушуна Кыргызстандан 7 миң 141 жоокер катышып, алардын ичинен 300 адам каза болду, 4 жоокер дайынсыз жоголду, 1 миң 500 жоокер жарадар болду. Азыркы учурда Ленин районунда 256 афган ардагери жашайт.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына карата ректордун буйругунун негизинде өткөрүлгөн иш чаралар тууралуу кыскача маалымат берип, аталган окуяга арналган "Ырлар" жана "Дубал гезиттер" сынагынын жыйынтыктарын билдирди.

"Ырлар" сынагында 1-орун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин алдындагы гимназияга, 2-орун журналистика факультетине, 3-орун тарых жана чөлкөм таануу факультетине ыйгарылды. "Дубал гезиттер" сынагында 1-орунду математика жана информатика факультети, 2-орунду кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин алдындагы гимназия жана 3-орунду журналистика факультети ээледи. Аталган номинациялар боюнча кызыктыруучу сыйлык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев тапшырды.

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгы менен жыйындын катышуучуларын о.э. афган согушунун ардагерлеринин Ленин райондук кеңешинин төрагасы Айвар Стамбаев, "Токтогул-150" коомдук фондунун директору Болотбек Борбиев куттукташты.

Улуттук илимдер академиясынын изденүүчүсү, маалыматттык технологиялар факультетинин ага окутуучусу Гүлназ Фазилова «Афган согушу жана анын этаптары» темасында баяндама жасады.

Афган согушуна катышкан жоокерлердин ата-энелеринин атынан Бурмакан Кулукеева "Мага баатыр эмес, балам керек" деген темада сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Мен ата-эне катары, апа катары, о.э. жалпы энелердин атынан афган согушунун эл үчүн кандай мааниси болгонун, афган согушуна барган 18-19 жаштагы балдарыбыздын 2 жылда аң сезими канчалык жогорулап, эл-жердин баалуу экендигин билип келгенин айткым келет. Ал мезгилдерде "Ата Мекенди коргоо - ыйык милдет" деген түшүнүк абдан жогору деңгээлде болуп, пионер, комсомол деген уюмдар аябай күчтүү иштеп, балдарга патриоттулук тарбия абдан жакшы берилет эле. Афган согушу - өзүбүздүн Мекенибизди, элибизди коргоо болбосо дагы, балдарыбыз өздөрүнүн макулдугу менен башка мамлекетке барып, жардам берип, милдеттерин аткарып келишти. Ал кездерде армияга чакырылган балдар милдеттүү түрдө кетет эле, ата-энелерде  балдарды армиядан алып калуу деген ой болбойт эле. Анткени, ал кезде Мекенди коргоо деген түшүнүк абдан жогору турчу.

- Өзүңүздөр кандай тарбия алсаныздар, балдарыныздарга ошондой тарбия бериңиздер. Өзүңүздөр Мекенди кандай коргосоңуздар, балдарыныздар да ошондой коргосун. Асманыбыз ачык болсун, келечегибиз кең болсун, ата энелер бизге окшоп бала күтүп ыйлабасын, мындай согуштар болбосун!, - деп сөзүн жыйынтыктады Бурмакан апа.

Жыйындын соңунда согушка катышкан жоокерлердин ата-энелерине кесиптик бирлик комитети тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган "1979-1989-жылдардагы Афган согушу: баары үчүн бүтпөй калган согуш" аталышындагы илимий-практикалык конференциядагы жыйынтык сөздү КУУнун ректору Канат Садыков сүйлөдү.

001 1

001 2

002

003

004

005

007

008

009

010

011

012

013

014

015

016

017

018

019

020

021

022

023

024

026

027

028

029

030

031

032

033

034

035

036

037

038

039

040

041

042

043

044

046

048

049

050

051

052

053

054

060

061

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 646 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер