Воскресенье, Февраля 24, 2019

Сооронбай Жээнбеков: "Коррупция бар жерде эч качан сапаттуу билим берилбейт"

2019-жылдын 6-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү. 

p 01

Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү

(текст "Кыргыз Республикасынын Президенти" сайтынан алынды)

Урматтуу окутуучулар, профессорлор, студенттер!

Өткөн жыл — өлкө турмушунда бир топ өзгөрүүлөрдүн, реформалардын, алдыга умтулуунун жылы болду. Региондорду өнүктүрүү багытында чоӊ кадамдар жасалды. Экономиканы өнүктүрүү максатында сырткы жана ички инвесторлор жакшы мыйзам базасы менен камсыз болду. Соттук-укуктук реформаны ишке ашырууну баштадык. Коррупция менен чечкиндүү күрөшүп жатабыз. Стратегиялык жана ички жолдор курулуп жатат. Бир катар социалдык объектилер курулду. Медиктердин айлыгы, пенсиянын, жөлөкпулдун өлчөмү көбөйдү. Коӊшу мамлекеттер менен болгон мамилебизди оӊдоп, кызматташтык жолуна бурдук. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити Чолпон Атада жогорку деӊгээлде өттү. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрдүк. Дүйнө коомчулугу менен чогуу улуу инсаныбыз, улуттун сыймыгы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу белгиледик.

Урматтуу мекендештерим!

Мамлекетибиз азыркы замандын талабына, келечектин чакырыктарына даяр болушу абзел. Өлкөбүздүн ийгилиги — биринчи кезекте, адам ресурсунун сапатынан көз каранды. Жаӊы технологияларды өздөштүрүп, экономика, социалдык чөйрө, башкаруу системасын жаӊылоо абзел. Мезгил талабына жооп берген санариптештирүү процессин ыкчам жайылтуу — башкы максатыбыз. Сапаттуу билимди камсыздоо, жаӊы жумуш орундарын түзүү — баарыбыз жапырт кирише турган милдет.

Урматтуу жетекчилер, окутуучулар, профессорлор!     

Билим берүүдөгү азыркы кырдаал биз каалагандай болбой жатат. Демек, бул тармакта системалуу реформаларды жүргүзүү талап кылынат. Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген, иштер жүрүп жатат. Билим берүүнүн максаттары жана артыкчылыктуу багыттары төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу менен аныкталат. 

Биринчи, балдардын эртелеп өнүгүүсүнө жана мектепке чейинки билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу. Бул деген — мектепке чейинки даярдоону жакшыртуу менен ар бир балага бирдей турмуштук стартты камсыздоо. 

Экинчи, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү билим берүү системасын реформалоо милдетин ишке ашырууда. Эртеӊки күндүн талабына бүгүнкү кырдаал жооп бербей калды. Биз дагы реформаларды жасоого муктажбыз. Кыргызстанда окуучулардын саны 2012–жылдан бери 18 пайызга өстү. Ушул жылдары шаарда окуган балдардын саны 25 пайызга, айылдагы окуучулар 14 пайызга көбөйдү. Ошондуктан жаӊы мектептерди, спортзалдарды, кошумча окуу имараттарын куруп жатабыз. 

Республикалык бюджеттен билим берүү тармагын каржылоо жылдан жылга көбөйүп жатат. Быйыл бюджеттин эӊ чоӊ үлүшү, 20 пайыздан ашыгы, билим берүүгө багытталды. Ага карабай, окуунун сапаты начарлап кетти. Өзгөчө химия, физика, математика сабактары боюнча жетишүү көрсөткүчү төмөндөп жатат. Азыркы кечиктирилгис маселе — мектепте билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.

Негизги эки багыт - ар бир баланы билим алуудан четте калтырбоо жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү — баарыбызды түйшөлткөн маселе. Бул региондорду өнүктүрүү үчүн эӊ зарыл болгон шарт, келечектин пайдубалын түзө турган фактор. Тоолуу, жетүүгө кыйын болгон аймактардагы балдарыбыздын билимге болгон муктаждыгын өз айылында камсыз кылуу абзел. Ошону менен катар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ар бири сапаттуу билимге жетүүсү зарыл. Башка ыкмалардын катарында, дистанттык окутуу технологияларын пайдалануу — бул багыттарда зор мүмкүндүктөрдү берет. Ошондуктан, биз окуу процессин тереӊ санариптештирүүнү ушул, 2019-жылы башташыбыз керек!

Орто мектептин мугалими — биздин коомдун кадырлуу адамы болуш зарыл! Залкар ойчулубуз Чынгыз Айтматов жазгандай, руханий баалуулуктар көз жаздымда калып, керектөөчүлүктүн духу күчөгөн кезде, эӊ биринчи, мектеп мугалими жапа чекти. Мугалимди биз — коомчулук коргобосок, ал өзү коргоно албайт. Жаш мугалимдердин жашоо шартын жакшыртуу — мамлекеттик бийликтин негизги милдеттеринин бири бойдон калат. Мугалимдердин аймактарда тартыштыгын жоюуда, жергиликтүү бийлик да байкоочу катары эмес, жаш мугалимдерди аймактарга тартууда негизги кызыкдар тарап болушу керек.

Үчүнчү, мен азыр эле Бишкектеги айрым мектептерге, кесиптик-техникалык окуу жайларына барып келдим. Айылда гана эмес, шаарда дагы бир топ көйгөйлөр бар. Кээ бир мектептерде балдар көп, үч кезек менен окуса да, класстар ашыкча толгон мектептер бар. Ички миграциянын агымы негизинен Бишкек жана Чүйгө багытталгандыктан, ушул жерде окуучулар көбөйүп, мектептерди кеӊейтүү зарылдыгы жаралды. Бул маселени чечүү үчүн акча каражаттарын бөлүп беребиз.

Сиздер билгендей, коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчаларды которуу үчүн атайын эсеп ачылган. Ага түшкөн каражаттарды Бишкек менен Чүйдө мектептерди курууга, мектеп имараттарын кеңейтүүгө жумшайбыз. Буга чейин министрлик менен мэрияга бул багытта анализ жүргүзүү тапшырылган. Жаңы мектептерди куруу, имараттарды кеңейтүү — ушул анализдин негизинде, ырааттуу жүргүзүлөт.

Төртүнчү, азыркы учурда 1,5 млн. экономикалык жактан активдүү адамдардын кесиптик билими жок. Биздин жарандарыбыз өлкөнүн сыртында квалификациясы төмөн жумуштарда иштөөдө. Ошондуктан кесиптик–техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүү керек. Бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн коомдогу кадыр-баркын көтөрүп, жумушчу кесиптерге кызыктыруу иштери жүргүзүлүшү керек.

Республика боюнча кесиптик окуу жайларынын 74 пайызы, ал эми Бишкекте 67 пайызы окуучулар менен толгон эмес. Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана ушул кесиптик окуу жайларга барышат. Кесиптик-техникалык багытта окутуу пландары, окутуу технологиялары, мугалимдердин даярдыгы эски бойдон калууда. Анын айынан бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын эмгек рыногунун талаптарына дагы жооп бербей калууда. Мисалы, энергетика, тоо-кен, айыл-чарба, туризм, кайра иштетүү тармактарыбызга зарыл орто звенодогу адистер жетишсиз. Жаштарды кесиптик жактан даярдап, ички рынокто гана эмес, чет элдик рынокто татыктуу жумуш ордун табууга жөндөмдүү кылуу — биздин милдет. Бул иш биздин колубуздан келет.

Кесиптик окуу жайлардын бош калган аянттарын ырааттуу пайдаланып, жаӊы жумушчу кесиптерди ачса болот. Мисалы, Бишкектеги 98-кесиптик окуу жайы фирмалардын заказы менен, кыска мөөнөттүү, 3 айга чейинки, окутууну жүргүзүп жатыптыр. Арасында интернет-технологиялар, веб-дизайн боюнча окутуу курстары бар экен. Былтыр 9-класстан кийин мектептен кетип, эч жерде окубаган жаштардын саны 7 миӊден ашкан. Ушундай жаштарды кызыктырган, өлкөгө керек окуу курстарын ачуу керек.

Бешинчи, азыр жогорку окуу жайын бүтүп чыккан студенттердин көпчүлүгү алган билимине жараша жумушка орношо албай жүрүшөт. Жогорку окуу жайлары эмгек рыногунун талабын жакшы прогноз кыла албай жатат. Аны менен катар окутуунун сапаты начар болуп, атаандаштыкка жөндөмсүз бүтүрүүчүлөр чыгып жатат. Бул кырдаалды токтоосуз өзгөртүү зарыл.

Эртеӊки күн биздин алдыбызга жаӊы талаптарды коюп жатат. Санариптик, био-, нано технологиялардын доору келе жатат. Жаңы чөйрөгө бат аралашып, креативдүү ой жүгүрткөн, инновацияларды колдонууга жөндөмдүү адистердин зарылдыгы келип чыкты. Азыркы тапта курч конкуренциянын, жумшак технологиялардын, орусча айтканда, „мягкий“ технологиялардын согушу жүрүп жатканы — сиздерге белгилүү. Мындай технологиялар улуттук же өлкөнү жок кылыш үчүн бомбаны, же ракеталык соккуну колдонбойт.

Университеттерден билими начар, сапаты төмөн мугалимдер, инженерлер, врачтар, экономисттер, юристтер чыкса — алар өз өлкөсүн өздөрү талкалашат. Ошондуктан сапатсыз билим берүүнү — биздин келечегибизге олуттуу зыян келтирүү деп баалоо керек. Сапатсыз врач — адамдарыбыздын ден–соолугун талкалайт, начар мугалим — жаштарыбыздын интеллектуалдык деңгээлин төмөндөтөт. Чала экономисттер, юристтер өлкөбүздүн экономикасын, башкаруу системасын кыйратат.

Аль Фараби айткан экен: „Мага өзүңөрдүн жаштарыңарды көрсөткүлөчү, мен силердин келечегиңер кандай болорун айтып берем“, деп. Ошондуктан билим берүүнүн сапаты менен өлкөнүн келечеги — ажырагыс түшүнүктөр.

Алтынчы, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн инженердик-техникалык даярдыктарды күчөтүү зарыл. Биздин тоо-кен өнөр-жайыбыз, биргелешкен ишканалар, инвестициялык долбоорлор муктаж болгон адистерди даярдабай жатабыз. Тез өзгөрүп, айрым кесиптер жок болуп жаткан заманда, студенттерди перспективасы бар адистиктерге окутушубуз керек. Технологиялар тез өзгөрүп, дүйнөдөгү баардык процесстер ыкчамдаган доордо, окуу процесстери, окутуу ыкмалары да өзгөрүп жатат. Дүйнөдө кыска мөөнөттүү, эмгек рыногу талап кылган жаӊы жөндөмдөрдү тез үйрөтө турган, ишканалар менен чогуу окута турган ыкмалары жайылып жатат. Жогорку окуу жайлары бул тенденцияны көӊүл сыртында калтырбашы керек.

Жетинчи, тарбия ишин көз жаздымда калтырууга болбойт. Жаштарды таза абийир менен, коомдун ынтымагын коргоп, өз өлкөсүнүн патриоту болуп жашоого тарбиялоо зарыл. Көп тилдүү билим берүү зарыл. Бул Конституцияда бекитилген принцип. Жарандарыбыз мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдердин бирин билиши керек. Кыргызстандын бардык жарандары мамлекеттик тилди өздөштүрүшүн мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселе деп эсептейбиз. Баардык өлкөлөрдө мамлекеттик тилге болгон мамиле ушундай. Кыргызстанда орус тили — расмий тил. Анын статусу сакталат, өзгөрбөйт. Бул, биринчи кезекте өзүбүзгө керек.

Сегизинчи, бул — билим берүүнүн ачык-айкындуулугу, окуу жайлардагы коррупцияны жоюу. Адам ресурсун өнүктүрүү — Сиздердин тармактын негизги милдети. Аны аткаруу үчүн билимдин сапаты керек. Коррупция бар жерде эч качан сапаттуу билим берилбейт. Мамлекеттин келечегин ойлоп, балдарга чыныгы билим берип, коомдун татыктуу инсаны кылып тарбиялай турган окуу жай, баарынан мурда, коррупциядан тазаланышы керек.

Урматтуу окутуучулар, профессорлор студенттер!

"Улуттук университет — жогорку билим берүүнүн флагманы" деп көп айтабыз. Мен бүгүн чын эле иш жүзүндө ошондойбу, же андай эмеспи, ошону өз көзүм менен көрүү үчүн келдим. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө Улуттук университет флагман деген атка, атакка татыктуубу? Тилекке каршы, андай болбой жатат. Университет сыртынан жалтырак көрүнгөнү менен ичинде андай эмес экен.

Мага берилген маалыматтарды көрдүм. Окуу корпустарынын акыбалы начар. Техникалык жактан камсыздалышы төмөн. Эмне үчүн айрым жогорку окуу жайлар жасап жаткан жакшы иштерди улуттук университетте да жасаганга болбойт. Бишкекте гана эмес, аймактардагы университеттер жараткан ийгиликтерге Улуттук университет жетиши үчүн ким, эмне тоскоол болууда?

Улуттук университет — көп жылдар бою мамлекетибиздин сыймыгы болуп келген. Саясий, илимий элитанын көпчүлүгү ушул улуттук университеттен чыккан. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев ушул университеттен чыккан. Мен кечээ Жарлыкка кол койдум, быйыл улуу инсаныбыз Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Баатырлары Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиев сыяктуу журтубуздун сыймыгы болгон инсандарыбыз да сиздердин университеттин бүтүрүүчүлөрү. Тизмектеп отурсак, нечендеген илимпоздор — академиктер, атактуу профессорлор, эл акындар, эл жазуучулар, эл мугалимдери да улуттук университеттин бүтүрүүчүлөрү болушкан. Мамлекетте университеттин бүтүрүүчүлөрү эмгектенбеген тармак дээрлик жок.

Эми ректорат Университеттин тарыхый атын, мурдагы аброюн кайтарып, өнүктүрүп, чыныгы заманбап, флагман университетке айландырыш керек. Университет жөнүндөгү сын-пикирлер, ачуу ойлор көп жылдардан бери айтылып келет. Акыбалдын начардыгына азыркы иштеп жаткан жетекчилик гана күнөөлүү деп айтканга болбойт. Көп убакыттан бери реформа жүргүзүлбөй жатат. Ишти жакшы жагына буруу — убакытты талап кылат. Ошондуктан силерге дагы бир жолу ишеним арталы.

Улуттук университетти — окуу жайлардын чыныгы флагманы деген деӊгээлге алып чыккыла! Реформаларды жасагыла! Реформаларды жасаш эч качан оңойго турбайт. Силерге дагы бир шанс, дагы бир убакыт берилет. Бирок, көпкө күтүп отургудай убакыт жок.

Урматтуу жетекчилер, окутуучулар!

Азыркы күндө өлкөбүз системалуу өзгөртүүлөргө баратат. Биз дүйнөдөгү тез өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн зарыл болгон реформаларга барып жатабыз. Кыргызстан эртеӊки күнү өзгөрөт, анын эмгек рыногу да өзгөрүүгө дуушар болот. Бизди экономикалык кайра жаралуунун мезгили күтүп турат. Бул процесстен өлкөдөгү жогорку билим берүү системасы четте калбай, өлкөнүн өнүгүүсүнө реалдуу күч бере турган, Кыргызстандын келечеги үчүн зарыл болгон адистерди даярдоого милдеттүү.

Эртеӊки күндүн талабына, студенттерден мурда мугалимдер, окуу жайлардын жетекчилери — өздөрү даяр болушу абзел. Бул силерден талбаган изденүүнү, көрөгөчтүктү талап кылат.

Урматтуу студенттер, жаштар!

Мамлекетибиздин келечеги силердин колуңарда. Силер ар тараптуу өнүгүүгө, көп тилди үйрөнүүгө, жаңы, келечек талап кылган кесиптерге ээ болууга умтулууңар зарыл. Мамлекетти күчтүү кылчу эң негизги кыймылдаткыч күч — бул силер, жаштар. Жаштардын жардамы менен гана алдыга жылыш, прогресс, өнүгүү болот.

Биз алдыга зор максаттарды белгиледик. Азыр көптөгөн реформалар башталды. Силер, жаштар — аларды сүрөп кетчү, калың элге сиңирчү күч болуп бересиңер деп ишенем. Биз — кен байлыктын эмес, адамдардын саны менен эмес, акыл-эстин, билимдин эсебинен өзүнүн жаркын келечегин кура турган өлкөбүз!

Сөзүмдүн аягында, урматтуу катышуучулар, мугалимдердин ишине ийгилик, студенттерге тереӊ билим каалайм".

p 06

p 02

p 03

p 07

p 08

p 09

p 10

p 11

Фотолор "Кыргыз Республикасынын Президенти" сайтынан алынды

press knu 2019 00