Воскресенье, Августа 25, 2019
kg_m RU

КУУнун ректору Лоян педуниверситетинин делегациясын кабыл алды

Математиктердин 33 жылдан кийинки жолугушуусу...

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Матфакта “Мыйзам бузуулар боюнча кодекс” талкууланды

02019-жылдын 30-январында математика жана информатика факультетинде “Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар боюнча кодексин” талкуулоо максатында “Мен коопсуз жана таза шаар үчүн” аталышындагы иш чара болуп өттү. Жыйында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) сүйлөп, коомдогу өзгөрүүлөрдү жаштар өзүлөрү демилгечи болуп көтөрүп чыгып, талкуулап жатканы жакшы нерсе экендигин белгиледи.

Иш чараны факультет деканынын м.а. Изат Усенов ачып, кабыл алынган жаңы мыйзамдарды факультет студенттери аткарып эле тим болбостон, башка жаштарга да жеткирээрине ишенерин билдирди.

Жыйындын биринчи бөлүмү Бишкек шаарында тазалыкты сактоого, ар кандай кырсыктардын алдын алууга арналган видео-роликтер менен коштолсо, экинчи бөлүмүндө факультеттин “Жаңы муун” дебаттык клубу “Мен коопсуз жана таза шаар үчүн” темасында оюн көрсөттү.

Турнирдин жүрүшүндө 2019-жылдын 1-янврынан баштап күчүнө кирген жаңы мыйзамдар "Жарандык тартиптеги мыйзамдар" жана "Кылмыш-укуктук багыттагы мыйзамдар" болуп бөлүнөөрү, ар бир инсандын укуктары, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды укуктук жактан камсыздоо, мыйзамга каршы иш-аракеттердин алдын алуу, мыйзам иштегенде өкмөт менен элдин ортосунда эч кандай ажырым болтурбоонун жолун издөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги белгиленди.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) иш-чара жогорку денгээлде өтүп жатканын, "коомдогу өзгөрүүлөрдү жаштар өзүлөрү демилгечи болуп көтөрүп чыгып, өзгөрүүлөрдүн жакшы жана жаман жактарын талкуулап, коомго жеткиргени жакшы нерсе" деп, студенттерге ыраазычылыгын билдирди.

Коомчулук менен байланыш жана жаштар иштери боюнча департаменти толук курамы менен бул иш чарага катышып, талкуу максатына жеткенин баса белгилешти.

Иш-чаранын жогорку денгээлде өтүшүнө клубдун координатору Аятилла кызы Дилфуза, мүчөлөрү Назипа Токтоназарова, Азамат Шамов, Назира Исабекова өзгөчө салымдарын кошушту.

Жыйындын соңунда, КУУнун студенттеринин потенциалын көтөрүп, алардын ар тараптан өнүгүп-өсүүсүнө кошкон зор салымы үчүн  Садык Алахан (Тиллебаев) агай “Жаңы муун”дебаттык клубунун “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.

03

05

07

09

Урматтуу КУУнун студенттери!

Эгерде сиз өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп, позициясы күчтүү, өз идеяларыңызды коомчулукка жеткире билген  лидерлерден болсоңуз - биздин катарга кошулуңуз. Биз, ”Жаңы муун ”дебаттык клубунун мүчөлөрү, мамлекет үчүн кызмат кылам деген патриот жаштарды күтөбүз.

Бактияр Рахманкулов –

тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 872 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер