Баласагын ТВ - Жаңылыктар

КУУда “Укуктук мамлекет - жаштардын келечеги” аттуу иш чара болуп өттү

00

2019-жылдын 14-январында юридикалык факультеттин чоң жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар боюнча кодексин" талкуулоо жана инсандын укуктарын, эркиндиктерин, кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды укуктук жактан камсыздоо, мыйзамга каршы иш аракеттердин алдын алуу максатында “Укуктук мамлекет - жаштардын келечеги” деп аталган иш чара болуп өттү.

Жыйынды юридикалык факультеттин деканы Кынатбек Сманалиев ачып, бүгүнкү иш чарага юридикалык, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, кыргыз-кытай факультеттеринин студенттери катышып жатканын билдирди жана студенттерди мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев)эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова, кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева жана Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Масалбек Сулайманов менен тааныштырды.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) талкууланып жаткан маселеге кайрылып, "ар бир жаңы нерсе башталаарда өтө кыйын болоорун" белгиледи. Анын айтымында, "муну бардык мамлекеттердин тарыхы айгинелеп турат". Мисалы, Петр I "боярлардын мамлекетинен" европалык коомду, мамлекетти курууну эң катаал мыйзамдар менен баштаган. Анын бири - "Боярлардын сакалын алуу". Буга боярлар "биз өмүр бою келаткан кебетебизде жашайбыз" деп, каршы чыгышкан.

- Цивилдүү, дүйнөлүк аренага чыккан мамлекет болуш үчүн, - деп сөзүн улантты Садык Алахан, - жалпы дүйнөлүк деңгээлдеги мамилелерди кабыл алышыбыз керек. Эмне үчүн биз башка жактарга барганда суктанышыбыз керек - "ал жакта таптаза экен, тамекинин калдыгын таштабайт экен, жолдору биздин үйдөн таза экен" деп? Эмне үчүн бизде өнүккөн мамлекеттердегидей болбош керек? Аны кимдер жасап атат? Аны башка бирөөлөр эмес, мисалы, ошол эле Сингапурдун эли, ошол эле Германиянын эли жасап атат. Албетте башында кыйын болгон, оор болгон. Бирок, алар ошондой тазалыкка, ошондой мыктылыкка, ошондой эл суктана турган деңгээлге өздөрү жетишти! Эмне үчүн башкалар жасаганды биз жасай албайбыз? Биз дагы ошондой таза, ошондой жаркыраган, ошондой башкалар келгенде суктана турган имараттарда жашашыбыз керек, ошондой аянттарда эс алышыбыз керек! Буга биринчи кезекте, силер, студенттер, аракет кылышыңар керек. Ошон үчүн, кабыл аланып жаткан мыйзамдардын баарын аткарууга, аткарып эле тим калбай башкаларга жеткирүүгө коомдун эң алдыңкы өкүлдөрү болгон силер - студенттер - милдеттүүсүңөр. Мен ошондой болот деп силерге ишенем.

“Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар боюнча кодексиндеги урунттуу жагдайлар” жөнүндө юридикалык факультеттин улук окутуучусу Айпери Кадырова билдирүү жасады.

Талкууланып жаткан маселелер боюнча өз ойлорун юридикалык факультеттин студенттери Аскар Муратбеков (УПБ-4-15), Темирлан Жамакеев (УПБ-2-15), Темирлан Асылбеков (УПБ-2-15), Асылкыз Абдиллаева (ГПБ-4-15), Нуржан Бекбоева (ГПБ-4-15), Тазагүл Маматалиева (ГПБ-4-15); эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 2-курс студенти, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Каныбек Маматов, кыргыз-кытай факультетинин 4-курс студенти Рыспек Карино, о.э. эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова, кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева жана Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Масалбек Сулайманов билдиришти.

Жыйындын соңунда аталган факультеттердин таланттуу студентери тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 240 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары