Среда, Марта 20, 2019
kg_m RU

КУУда факультеттер аралык “Акыл кенч” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

БШКнын төрайымы КУУнун студенттери менен жолугушту

00

2018-жылдын 11-декабрында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КУУнун студенттери менен жолугушуп, шайлоонун түрлөрү, этаптары, биометрикалык технологиялар, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнү колдонуу менен өтүүчү жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

- Биз добуш берүүнүн жашыруундуулугун кепилдейбиз. Өз добушуңарды сатпагыла. Өз тандооңор үчүн өзүңөр жооптуу экениңерди түшүнүшүңөр керек, - деп сөзүн улантты төрайым. - Кесипти, жеке жашоодогу жолду, түгөйүңөрдү тандаганда эң мыктысын тандайсыңар. Мамлекеттик шайлоолорго катышканда да силер өз жашооңор үчүн жагымдуу шарттарды түзөсүңөр.

Кыргыз Республикасындагы шайлоо укуктары жана шайлоо модели тууралуу маалымат берүүнү, о.э. жаштардын шайлоо процессине катышуусун жигерлештирүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жыйындын жүрүшүндө жарандардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүнө арналган “Сенин добушуң – сенин келечегиң”, “Өз добушуңду сатпа”, “КР Президентинин ыйгарым укуктары” ж.б. бир катар роликтер, о.э. шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү шайманы, автоматтык эсептөөчү урнанын жардамы менен натыйжаларды экранга чыгаруу аркылуу добуш берүүнүн бүт жол-жобосу көрсөтүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча БШК менен ЖОЖдордун өз ара кызматташуусун уюштуруу маселелери, жаштардын шайлоого катышуусунун төмөнкү деңгээлинин проблемалары козголду.

Иш чаран соңунда Кыргыз улуттук университетинин китепканасына ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин каржылык колдоосунда Брайл тамгалары менен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылып чыккан “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” китебинин нускалары БШКнын атынан өткөрүлүп берилди.

01

03

04

05

Баймулдинова А.Т. –

академиялык саясат жана окуу процессин уюштуруу башкармалыгынын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 217 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары