Вторник, Июня 25, 2019
kg_m RU

КУУнун делегациясы ТМУда өткөн Достук фестивалына катышып келди

Кытайлык өнөктөшкө "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУнун профессору Абак Биялиев 80 жашта

00

2018-жылдын 14-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун профессору Абак Биялиевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Профессор А.Биялиев жана кыргыз адабий тилинин өнүгүшү” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек Жайлообаев иш чараны ачкандан кийин, Абак Биялиев тууралуу видео-фильм көрсөтүлдү.

Юбилярды 80 жылдык мааракеси менен КУУнун ректору Канат Садыковдун атынан мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Абдыжапар уулу Мундузбек, Кыргызстан тилчилеринин «Тилчи» ассоциациясынын президенти Курманбек Токтоналиев куттуктап, төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Ж.Дүйшеев - ф.и.к., КУУнун профессору: "А.Биялиев - кыргыз адабий тилин аныктаган мыкты илимпоз"
  • Р.Эгембердиев - ф.и.д., профессор: "А.Биялиев - талыкпаган окумуштуу"
  • И.Абдувалиев - ф.и.д., профессор: "А.Биялиев - сөз жыйнаган, сөз билги окумуштуу"
  • Б.Усубалиев - ф.и.д., профессор: "А.Биялиев - илимдин кызыл дыйканы"
  • С.Мусаев - ф.и.д., профессор: "«Адабий тил» термини жана анын белгилери"
  • Ж.Чыманов - п.и.д., профессор: "Арыбаңыз Абак агай! Кутман курагыңыз кут болсун!"
  • С.Ибрагимов - ф.и.д., профессор: "Кыргызстандагы тилдик жагдайга карата"
  • К.Жаманкулова - ф.и.д., КУУнун профессору: "Байыркы кыргыздардын сүрөт жазуусу"
  • Ч.Дыйканова - ф.и.к., УИАнын жетектөөчү илимий кызматкери: "Абак Биялиев жана замандаштары жөнүндө". 

Жыйындын соңунда профессор Абак Биялиееди "Кыргыз тил илими" кафедрасынын жалпы жамааты куттуктап, студенттер чакан концерттик программа көрсөтүштү.

Биялиев Абак Биялиевич

Биялиев Абак 1938-жылы 20-июнда Нарын областынын Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында төрөлгөн. 1955-жылы Мидин Алыбаев атындагы Чаек орто мектебин бүтүргөн. 1960-жылы КМУнун филология факультетине кирип, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим адистигине ээ болгон. 1962-1974-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1974-1978-жылдары илимий кызматкер, ага илимий кызматкер болуп иштеп, 18 жыл илимий изилдөө иштери менен алек болгон. Ошол жылдары түндүк жана түштүк Кыргызстанды кыдырып, диалектологиялык материал жыйнап, кыргыз тилинин диалектологиялык атласын жана лингвистикалык сөздүктөрдүн беш түрүн түзүүгө катышкан.

“Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн” (1985), “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн” (1980), “Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгүн” (1984) түзүүгө катышат. Өзгөчө “Кыргыз тилинин фразеологиялык орусча-кыргызча сөздүгүн” (1977), “Аңчылык кесибинин кыргызча-орусча сөздүгүн” (1967) түзүүдө көп эмгек жумшаган. Анын жеке илимий ишмердигинин астында 60 басма табактан ашуун сөздүктөр басылып чыккан.

Абак Биялиевич - академиктер К.К.Юдахиндин, Б.М.Юнусалиевден таалим-тарбия алган жана ишин уланткан бирден-бир шакирти. “Кыргыздардын аңчылык кесибинин элдик терминдери” боюнча 1972-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон.

Профессор А.Биялиев - лексиколог, лексикограф, диалектолог, терминолог, республикага белгилүү тилчи-филолог, адабий тилибиздин изилденишинде белсенип иш баштаган окумуштууларыбыздын бири.

1978-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында эмгектенүүдө. Агай эң негизги предметтер: “Кыргыз тилинин лексикасы, лексикологиясы”, “Кыргыз диалектологиясы”, “Кыргыз адабий тили жана анын нормасы”, “Манас” эпосунун тили“ жана “Кыргыз лексикографиясы” боюнча лекция окуп, практикалык сабак өтүп келет.

1980-1994-жылдары филология факультетинде сырттан окуу бөлүмүндө декандын орун басары болуп эмгектенген.

Анын ЖОЖдор үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги сунуш кылган 4 окуу китеби, 2 методикалык окуу куралы: “Улуу манасчы, феномен Сагынбай Орозбаков” (1996), “Кыргыз диалектологиясы” (2002), “Кыргыз адабий тили жана анын адабий нормасы” (2002), “Манас” эпосунун тили жана стили“ (2004) басылып чыккан.

Бүгүнкө күндө Абак Биялиев педагогикалык ишин илимий-изилдөө ишмердиги менен айкалыштырып эмгектенүүдө. “Кыргыз адабий тили жана анын калыптаныш булактары” деген темада докторлук диссертациясын жазып бүтүрүп, коргоо алдындатурат.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз тил илими кафедрасынын доценти (1991), профессору (2004). Кыргыз таануу илиминин ар кандай бөлүмдөрү менен ар кыл тармактарын өз ичине алган 150 басма табактан ашуун окуу китептери, методикалык окуу куралдары, изилдөөлөрү, макалалары басылып чыккан.

Сыйлыктары:

  • КМУнун 50 жылдыгына карата медалы (1988)
  • Эл агартуунун отличниги (1998)
  • “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналган эстелик медалы (1995) жана сыйлыгы
  • КР Билим берүү жана маданият министирлигинин Ардак граммотасы (30.05.2001)
  • Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы (29.10.2005)
  • Кыргыз улуттук университетинин ардагери (26.05.2015)
  • "Кыргыз улуттук университетинин эмгек сиңирген изилдөөчүсү" наамы (03.05.2009).

press knu 2018 000

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 580 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер