Среда, Марта 20, 2019
kg_m RU

КУУда факультеттер аралык “Акыл кенч” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

КУУнун окутуучусу – эрежесиз эр уруш боюнча дүйнө чемпиону!

00

2018-жылдын 22-25-ноябрь күндөрү дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт Баку шаарында болуп өткөн «Алпагут ММА» жана «Алпагут Грепплинг» боюнча дүйнөлүк мелдеште I орунга ээ болуп, спорттун аталган түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Жарышка 28 мамлекеттен келген спортсмендер түшүп, алардын арасынан Бакыт мырзанын эки жолу чемпион наамын алып, алтын медалдарга ээ болушу - анын тынымсыз машыгуусунун жыйынтыгы.

КУУнун окутуучусу өзүнүн мындай ийгиликтерге жетишүүсүнүн себептери катары Улуттук университеттин ректоратынын, дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучуларынын, өзгөчө математика жана информатика факультетинин мугалимдер жана студенттер жамаатынын колдоосу аябай зор дем бергенин айтты.

Бакыт мырзанын жетишкендиктери КУУнун спортсмендеринин дүйнөлүк аренада чоң-чоң ийгиликтерди жаратуусуна түрткү берээрине ишенебиз!

Эскерте кетсек, Кадыров Бакыт эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилигинде коло медаль, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль, Дели шаарындагы дүйнөлүк биринчиликте кайрадан алтын медаль тагынып, 2017-жылы Баку шаарында өткөн греплинг боюнча Азиялык оюндардын чемпиону, эрежесиз уруштун “Ultimax” ММА версиясы боюнча 2018-жылы Тбилиси шаарында болуп өткөн дүйнөлүк мелдештин чемпиону жана 2018 жылдын 9-13 май күндөрү өткөн эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча Грецияда дүйнөлүк оюндардын вице-чемпиону.

КУУнун жаш мугалимдери дүйнө кубогунун 2 жолку ээси жана дүйнөнүн 4-жолку чемпиону Бакыт мырза менен дайыма сымыктанышат.

01

02

03

Б.З.Рахманкулов -

МжИФ деканынын тарбия иштери боюнча орун басары,ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 230 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары