Четверг, Июня 20, 2019
kg_m RU

КУУнун делегациясы ТМУда өткөн Достук фестивалына катышып келди

Кытайлык өнөктөшкө "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУда “Айтматов ааламы – кыргыз телекөрсөтүүсүндө” аттуу МТС өткөрүлдү.

0

2018-жылдын 4-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгына карата “Айтматов ааламы – кыргыз телекөрсөтүүсүндө” аттуу маданий тегерек стол өткөрүлдү.

Иш чараны Жогорку Кеңештин депутаты, факультеттин бүтүрүүчүсү Каныбек Иманалиев ачты. Ал Ч.Айтматовдун инсандык, жазуучулук, атуулдук касиеттери, жазуучуга байланыштуу феноменалдуу белгилерге токтолуп, “Айтматов ааламы” түбү оюла элек кенч, аны изилдөөгө, түшүнүүгө дагы далай убакыт, күч керектигин белгиледи. Депутат жыйындын катышуучуларына кандай жагдай болбосун: кайгырганда, кубанганда, жинденгенде же жан дүйнө туңгуюкка кептелгенде Ч.Айтматовдун китептерин окууну сунуштады.

Журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева өз сөзүндө Ч.Айтматовдун таасири бардык тармактарда, анын ичинде журналистикада дагы орчундуу экендигин белгиледи.

Факультеттин студенти Канат уулу Жаннат 4-декабрь күнү белгиленип жаткан “Манас күнүнө" карата “Көкөтөйдүн ашынан” үзүндү аткарган соң, ТРЖ кафедрасынын магистранттары даярдаган Ч.Айтматов тууралуу атайын видеосюжет көрсөтүлдү.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү тележурналист Абды Сатаров, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча илимин жактаган илимпоздор: КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Бегалы Тагаев, филология илимдеринин кандидаты, профессор Гулбара Сыдыковалар тегерек столдун темасы боюнча баяндамаларды жасашып, адабият, театр, кино, журналистика багыттарында Чыңгыз Айтматовдун таасири, басып өткөн жолу жөнүндө айтып беришти.

Иш чараны жүрүшүндө о.э. факультет студенттери тарабынан даярдалган Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча эсселер да сунушталды.

Маданий тегерек столду белгилүү журналист, таланттуу акын Мирлан Самыйкожо алып барды. Музыкалык багыттагы номерлер Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенттери тарабынан аткарылды.

ТРЖ кафедрасынын башчысы Зарылкан Алымбаева иш-чараны жыйынтыктап жатып, “Чыңгыз Айтматов ааламы дагы кеңейээрин, “Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” деп жазуучу өз учурунда белгилегендей, Ч.Айтматов дүйнөнү жаңырта баштаган учур келгенин айтып өттү.

press knu 2018 000

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 415 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер