Среда, Июля 17, 2019
kg_m RU

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Эфир залкары Тамара Джаманбаева журфактын студенттери менен жолугушту

00

2018-жылдын 23-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында көгүлтүр экрандын көркү болгон легендарлуу диктор Тамара Джаманбаева менен журналистика факультетинин студенттеринин жолугуштууусу болуп өттү. Эфир залкары кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхы менен тыгыз байланышкан  өмүр жолун  баяндап, бардык ийгиликтерге  талыкпаган эмгектин натыйжасында гана жетишүүгө боло тургандыгы жөнүндө сөз кылды.

Өмүрү өрнөк инсандын таланты, чыгармачылык чеберчилиги жөнүндө мезгилдүү басма сөз кафедрасынын профессору Абдиламит Матисаков, доцент Абдыганы Халилов  бирге иштеген учурдагы эскерүулөрун,  жылуу пикирлерин айтышты.

Студенттер да баскан өмүр жолу легандага айланган диктор Тамара Кусеиновнага суроолорун берип, кеңештерин угуп, жолугушуудан ырахат алышты.

Иш чаранын соңунда факультет деканы Айна Дуйшекеева Тамара Джаманбаеванын КУУнун журналистика бөлүмүнүн бүтүруучүсү экендиги өзгөчө сыймык экендигин баса белгилеп,  “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Тамара Джаманбаева үзурлүү эмгек жолун дикторлук менен баштап, кыргыз телерадиосуна 50 жылдык өмүрүн арнады. Программалоо директору, Ош телерадиосунун жетекчиси, Мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин  вице-президенти, “Замана”, “Ибарат” студияларынын башкы редактору, УТРКнын окуу борборунун директору сыяктуу кызматтарды аркалап, быйыл 60 жылдыгын белгилеп жаткан кыргыз телекөрсөтүүсүнүн  өнүгүшунө  татыктуу салымын кошо алды.

Учурда  Кыргыз Республикасынын эл артиси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси Тамара Джаманбаева активдүү иш алып барууда.  Ал эл аралык Чыгыш университетинин профессору катары  келечектеги журналисттерге билим-тарбия берүүдө.

press knu 2018 000

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 505 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер