Пятница, Октября 19, 2018

Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү

2018-жылдын 5-октябрь күнү физика жана электроника факультетинде Мугалимдер күнүнѳ карата "Мугалим – коомдун күзгүсү" атту чакан концерт ѳткѳрүлдү. Иш чараны факультет деканы Самат Токтогонов ачып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Андан соң студенттер тарабынан даярдалган кѳркѳм окуулар, ыр-бий, оюндар аткарылып, концерт жандуу жана кызыктуу ѳттү. Концерттин аягында факультеттин мугалимдерине студенттер тарабынан чакан белектер тапшырылды.

01

02

03

04

05

06

  • Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Уметалиев Султан - жаштар комитетинин мүчѳсү.