Пятница, Октября 19, 2018
kg_m RU

КУУнун жаш манасчылары

00Улуттук университет "Алтындай сѳздү куюлткан, Айкѳлдү айтып туюнткан; Күн-түндѳп айтып "Манасты"; Айрандай элди уюткан" манасчылардан кур эмес. Төмөндө кыргыз филология факультетинде окуган, "төбөсү анча-мынча көрүнүп калган" жаш манасчылар Макулбеков Бактияр, Имашов Бексултан, Болотбеков Чыңгыз, Кубанычбеков Гүлжигит, Биймырза уулу Азиз жана Максат уулу Куттубек  жөнүндө сөз болмокчу:

Макулбеков Бактияр

makulbekov 

1999-жылы 22-октябрда Талас областынын Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган. 2006-жылы Чолпонбай айылдык Зыйнат Садыкова атындагы орто мектептин босогосун аттап, 2017-жылы Талас областтык чет тилдери багытындагы лицей-комплексин аяктаган. 2017-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук уинверситетинин кыргыз филология факультетине тапшырып, учурда 2-курста окуйт.

- Мектептен сынактарга катышып жүрүп, «Манас» айтып калдым. Башында жеңилип жүрдүм, кайгырган күндөрүм көп болду. «1% талант, 99% аракет» дегендей көп окуп аракеттендим. Манас ааламына жуурулуп, кызыгуум ашты. «Аяны жок баян жок» дегендей түшүмдө аян алдым.

- Китептерден көп окуп, маани-мазмунун түшүнүп, жамактап айтам, жаттап дагы айтам. Дүйнөлүк көлөмдүү эпопея «Манас» эпосуна кирип, анын айтуучусу болгонума сыймыктанам. «Манас» айтуу менен кошо элдик оозеки чыгармаларды аткарам. Дастан айтуу, комузда кол ойноткон жана төкмөлүк жагым бар. Терме, санат, элдик ырларды аткарып, элдик чыгармачылыкка басым жасайм. Дайым изденүүнүн артындамын. Ата-энем бардык тараптан камсыздап, дайым колдошот. Бир туугандарым дагы менин аркамдан кызыгып, комуз үйрөнүп жатышат», - дейт Бактияр.

Алган сыйлыктары:

  • «Кыргызстан таланты - 2015» сынагында баш байге
  • «Жаш талант» сынагында 1-орун
  • «Достук шаңы» фестивалында 1-орун
  • Соң-Көлдө өткөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата манасчылар сынагында 2-орун

Имашов Бексултан

imashov

1997-жылы 21-мартта Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы Жаналы Абдрахманов атындагы Ак-Жар орто мектебинин босогосун аттап, 2015-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетине тапшырып, учурда 4-курста окуп жатат. Манасчылык өнөргө алгач 12 жашынан тарта аралаша баштаган. Жаш манасчы көптөгөн кароо-сынактардабайгелүү орундарды камсыздап келе жатат.

Алган сыйлыктары:

  • “Жаш таланттар-2011”райондук кароо-сынакта баш байге
  • 2013-жыл райондук “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашта 1-орун (“Айкөл Манас”тайпасы)
  • 2013-жыл облустук “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашта 1-орун (“АйкөлМанас”тайпасы)
  • 2013-жыл дене тарбияжана спорт агенттиги өткөргөн жаш манасчылар сынагында 1-орун
  • “Мен жылдыз-2014” республикалык кароо-сынакта 2-орун
  • 2014-жыл “Манас-мурас” коомдук фондунун он жылдыгы республикалык жаш манасчылар конкурсу 1-орун
  • 2016-жылы “Башканы коюп Манасты айт” жаш манасчылардын республикалык кароо-сынакта 5-орун

Болотбеков Чыңгыз

bolotbekov

1998-жылы13-октябрда Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында жарык дүйнөгө келген. 2014-жылы А.Койчуманов атындагы орто мектепти аяктап, КУАУнун Агротехникалык колледжинин ветеринария бөлүмүнө тапшырып, 2017-жылы артыкчылык менен бүтүргөн. Ушул эле жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетине тапшырып, учурда 2-курста окуйт. Жаш манасчы 2015-жылдан бери Нарын райондук “Манас таануу” таймашын алып барып келет. “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун, “Көйкашка” бирикмесинин мүчөсү.

Алган сыйлыктары:

  • 2014: Улуу кыргыз ордо "Тайтебиш" ассоциациясынын 1-ирет өткөн манас айтуу сынагында 2-орун
  • 2015: Улуу кыргыз ордо "Тайтебиш " ассоциациясынын 2-ирет өткөн манас айтуу сынагында Баш байге
  • 2016: Улуу кыргыз ордо "Тайтебиш " ассоциациясынын 3-ирет өткөн манас айтуу сынагында Баш байге
  • 2016: Манас эл коомдук фонду "Улуттун улуулугу Манаста"аттуу сынагында 2-орун
  • 2017: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын Ардак грамотасы
  • 2018: Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы.

Кубанычбеков Гүлжигит

kubanychbekov

2000-жылдын 30-июлунда Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн. 2006-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №4-гимназия мектебине кирет. 2017-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетине тапшырат. Учурда аталган факультетте 1-курста окуйт.

- Менин манасчылыкка болгон шыгымды ойготуп, манасчылар менен жолуктуруп, сынактарга ээрчитип жүргөн бир мектепте окуган Сүйүндүк (Ашырбек уулу) агам болду”, - дейт Гүлжигит.

Алган сыйлыктары:

  • “Манас таануу-2016”республикалык интеллектуалдык теле таймашында баш байге (“Эремет” тобунун топ башчысы)
  • “Манас таануу-2017” жана “Манас таануу-2018” сынактарында орус тилиндеги мектептен топ даярдап, баш байгени алган
  • “Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги” республикалык манасчылар таймашы (2015) – баш байге
  • “Достук шаңы-2017” – баш байге
  • “Башканы коюп Манасты айт” республикалык теле таймаш (2016) – 1-орун
  • Салттуу музыка күнүнө карата өткөрүлгөн жумалыктын алкагындагы оозеки салттагы профессионалдык музыка искусствосунун айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспапчылык багыттары боюнча профессионалдар арасындагы республикалык кароо-сынакта манасчылык өнөр боюнча катышып 1-орунга ээ болуп, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган.

Азиз Биймырза уулу

aziz

Азиз Биймырза уулу 1996-жылдын 16-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

2003-жылы Кең-Арал айылындагы А.Арстанов орто мектебинин босогосун аттаган. 2009-2013-жылдар аралыгында терендетилген билим алуу максатында Талас шаарындагы “Манас Ата-Себат” Кыргыз-Түрк балдар лицейинде окуган. Орто билимди кайрадан айылындагы А.Арстанов орто мектебинен улантып 2014-жылы орто мектепти артыкчылык менен бүтүргөн. Маданияттын мыкты кызматкери Азиз 2015-жылдын аягынан бери Коомдук телерадио берүү корпорациясында алып баруучу, 2016-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында манасчы болуп эмгектенип келет.

Алган сыйлыктары:

  • 2008-жылы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комлексинде өткөрүлгөн Республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагында баш байге
  • 2009-жылы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комлексинде өткөрүлгөн Республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагында 1-орун
  • 2014-жылы “Мен-жылдыз” Республикалык жаш таланттардын кароо-сынагынын 1-орун
  • 2015-жылы “Дүйнө элдеринин эпос айтуучулары” Эл аралык кароо-сынагында 3-орун
  • 2015-жылы Индиянын Газиабад шаарында өткөн “18-Дүйнөлүк фольклор алып жүрүүчүлөр мелдешинин” катышуучусу
  • 2015-жылы Кыргызстан таланты – 2015” кароо-сынагынын “Манас айтуу” номинациясы боюнча 1-орун
  • 2018-жылы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн Республикалык манасчылардын таймашында 3-орун.

Максат уулу Куттубек

kuttubek

1998-жылы 19-февралда Ысык-Көл облусунун Аксуу районуна караштуу Жол-Колот айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу. 2005-жылы Жол-Колот айылындагы Зуура Сооронбаева атындагы мектептин босогосун аттаган. 2008-жылы Бишкек шаарындагы  №85-орто мектепке которулуп келген. 11-12 жашынан тарта манас дүйнөсү аралаша баштаган. Манас дүйнөсүнө аралашып калуусуна атасынын улуу касиет узак жөнүндө баяндары себепкер болгон. Кийинчерээк эпостон үзүндү жаттап айта баштаган. Бир күнү түшүнө белгисиз аксакал кирип, Манас айтуусун угуп, “жолуң ачылсын уулум”- деп ак батасын берген. Ошондон тарта улуу өнөрдү аркалап келе жатат. Учурда Кыргыз улуттук универсиетинин кыргыз филологиясы факультетинде 3-курста окуп жатат.

Алган сыйлыктары:

  • 2013-жылы болуп өткөн Республикалык “Манас таануу” интелектуалдык таймашында баш байге
  • Жаш манасчылар арасындагы “таланттар таймашы-2013” сынагынан 2-орун
  • Жаш манасчылар арасындагы “таланттар таймашы- 2015” сынагынан 1-орун
  • “Башканы коюп Манасты айт” Республикалык жаш манасчылар сынагында 3-орун.

* * *

Кубанычбекова Айгерим - 

Кыргыз филологиясы факультетинин 2-курсунун студенти,

жаштар комитетинин төрагасынын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер

Башкы меню

Пресс меню

Администратордон

Баннер
Баннер

Көп окулган материалдар

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 468 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 22.11.2017 09:56
    Саламатсызбы, Бекмамат!Силерд ен биз сунуш кутобуз. Кантип укулган сабактардын сапатын которгонго.

    Подробнее...

     
  • Модератор 04.08.2017 13:25
    1) Заявление 2) Копия зачетной книжки 3) Копия паспорта С этими документами вы должны подойти в ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 21.06.2017 16:30
    Саламатсынарбы, биринчиден, сизди сыноодон откондон куттуктайбыз. Бюджетке ото алган комиссия чечет ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 13.12.2017 13:49
    1) Болот 2) Бюджет жок 3) Сиздин арыз, сынак китепчесинин көчүрмөсү, паспорт. Нет, деньги не ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 10.10.2017 08:46
    Бул жактан билип аласыз: www.knu.kg/.../ (https://www.knu.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=5132:-2015-2016-&catid=960:-2016&Itemid=188) ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 15.06.2017 14:23
    Бул суроого жооп алуу учун студенттердин суроосу рубрикасына кайрылыныз.

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 13.04.2017 14:46
    Бул суроо боюнча окуу бөлүмүнө кайрылыңыз, толук жооптуу ошол жактан аласыз. Байланыш телефону ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

     
  • Индира 13.03.2018 16:15
    Урматтуу ректор, профком! 8 марта КУУда иштеген айымдардын баарын куттукташ керек! Эн биринчи ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 17.01.2018 11:34
    Саламатсыздарбы ,Урматтуу ректор,эмнеге чет тилдер факультетинде оздорунун профессиясынан башка ...

    Подробнее...

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары