Суббота, Апреля 04, 2020
kg_m RU

КУУнун жамааты өзгөчө абал учурунда иштеп жаткандарга колдоо көрсөттү

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Каныбек Иманалиев: "Кыргыз журналистикасына 1500 жыл болду"

002018-жылдын 1-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Жогорку Кеңештин депутаты, КУУнун журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү, саясат таануу илимдеринин доктору, көрүнүктүү журналист жана публицист Каныбек Иманалиев журналистика факультетинин 1-курс студенттери менен жолугушту.

Жыйынды ачып жатып, факультет деканы Айна Дүйшекеева биринчи курс студенттерин кыргыз элинин сыймыгы болгон Улуттук университеттин студенти болушу менен куттуктап, аларга факультеттин тарыхы, бүтүрүүчүлөрү тууралуу айтып, кафедра башчылары менен тааныштырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев да КУУнун босогосун жаңыдан аттаган кечээки абитуриенттерди Кыргызстандагы ордолуу окуу жайдын ардактуу факультетинин студенттери болушу менен куттуктап, "Кыргыз журналистикасы 1924-жылы "Эркин-Тоо" гезитине чыккан А.Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” аттуу ыры менен башталды" деген пикир негизинен туура экенин, бирок ал социалисттик идеологияга негизделгенин белгиледи. - Менин жеке баамымда, - деп сөзүн улантты эл өкүлү, - кыргыз журналистикасына 1500 жыл болду. Себеби, байыркы орхон-енисей (байыркы кыргыз) жазмаларында 1200дөй жазуулар бар. Депутаттын айтымында, "кыргыздын биринчи жазуусу кошок менен башталат".

Андан ары Каныбек Иманалиев кыргыз тили абдан байыркы, бай, улуу тил экендигин, бирок азыркы журналисттер анын эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн колдонбой жаткандыгын белгилеп, накта кыргыз тилинде жазылган чыгарманын мисалы катары Нуралы Капаровдун Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдыгына арнап жазган очеркин келтирди. - Мен бул очеркти тамшанып, 10 жолу кайталап окудум, - деди Жогорку Кеңештин депутаты. 

Эл өкүлүнүн сөзү өтө кызыктуу, өтө маани-маңыздуу болгонун ушундан билиңиз - лекция бир сааттан ашыкка созулса да, залда чымын учса угулчудай тымтырстык өкүм сүрүп, студенттер менен окутуучулар депутаттын ар бир сөзүн маани берип угуп отурушту.

Иш чаранын соңунда Каныбек Иманалиев өзүнүн окутуучусу, журналистиканын доктору Абдыганы Халилов агайга "Кыргыздар"деген китебин белек кылды.

01

04

05

06

09

10

12

14

15

16

press knu 2018 000

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1038 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Студент 28.02.2020 00:22
    Саламатсызбы! Мен 5курста окуймун дистанционно Летний сессияны тапшырганга доступ бербей жатышат,келип ...

    Подробнее...

     
  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер