Суббота, Марта 23, 2019
kg_m RU

КУУда факультеттер аралык “Акыл кенч” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

КУУда жасалма интеллект жана робот техникасына арналган семинар болду

00

2018-жылдын 12-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети тарабынан "Жасалма интеллекттин азыркы учурдагы абалы жана келечеги" аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Жыйынга илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев катышты.

Семинарда Туркиядан келген илимдин доктору, эл аралык IT-эксперт Өзгүр Акын мырза “Жасалма интеллект жана робот технологиясы” темасында баяндама жасап, өзү жетектеген Akın Robotics компаниясы тарабынан сериялык түрдө чыгарылып жаткан адамга окшош роботтор, алардын программалык камсыздоосу жана прототиптери жөнүндө айтып берди. Ал о.э. жасалма интеллект жана робот техникасы боюнча КУУнун окумуштуулары менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Андан кийин "Ulut Soft" компаниясынын башкы мүдүрү Окенов Мирбек сөз алып, “Кыргыз тилин өздөштүргөн жасалма интеллект” темасында баяндама жасады. Анын айтымында, жасалма интеллект - бул бир гана фразаны эмес, тилдин структурасын түшүнгөн жана өзүн-өзү жаңылай алган система болуш керек. Мирбек мырзанын айтымында, кыргыз тили заманбап аракет системаларында жана алардын тиркемелеринде болуш үчүн, биз ал системаларда жана тиркемелерде кыргыз тилин көбүрөөк колдонушубуз керек. Анткени, жыл сайын аталган системаларда колдонулган тилдердин рейтинги аныкталып, аз колдонулган тилдер алынып салынат.

Докладдардын темалары абдан кызыктуу болуп, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан баяндамачыларга көптөгөн суроолор берилди.

Семинарга маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинен эле эмес, башка жогорку окуу жайлардан да жасалма интеллект, робот техникасына кызыккан окутуучу-профессорлор катышты.

Семинардын жүрүшүнөн алынган видео-репортаж:

press knu 2018 000

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 439 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары