Среда, Февраля 20, 2019
kg_m RU

С.Жээнбеков: "Коррупция бар жерде эч качан сапаттуу билим берилбейт"

КУУда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

0

2018-жылдын 7-май күнү КУУда Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Согуштун жана тылдын ардагерлерин Жеңиш күнү менен КУУнун ректору Канат Садыков жана бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабековдор куттукташты.

Канат Садыков 2-дүйнөлүк согуш бир улуттун башкалардан өзүн бийик койгусу келгендигинен, нацисттик идеологияны кармангандыгынан келип чыккандыгын, фашисттик баскынчылардан Ата Мекенди коргоого Кыргызстандан 360 миң адам катышкандыгын айтып, алардын катарында бүгүнкү аземде катышып отурган Сатар Узбеков, Шаршен Керимбаев жана Акун Бугубаев сыяктуу аталарыбыз болгондугун белгиледи жана бүгүнкү тынч замандын орношуна салым кошкондуктары үчүн аларга ыраазычылык билдирип, Жеңиш майрамы менен куттуктоо менен бирге ардагерлерге узун өмүр, чың ден соолук каалады.

Профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков бүгүнкү сыйлоо аземине ден соолугуна байланыштуу Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары Л.Тузов менен М.Балтабаев келе албай калгандыгын билдирип, калган ардагерлерге гүлдөрдү жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ардагерлердин атынан Сатар Узбеков агай сөз сүйлөп. жыйындын катышуучуларын Жеңиш майрамы менен куттуктады жана бүгүнкү сыйлоо аземин уюштуруп, өткөрүп жаткан КУУнун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Сатар агайдын айтымында Улуттук университеттин өсүп-өнүгүшү үчүн студенттер убагында сабакка келип, жакшы окуп, тапшырмаларды аткарышы керек, ал эми окутуучулар менен кызматкерлер тартипти сактап, ар ким өз милдетин мыктылап аткарышы керек.

КУУнун ардагерлерин о.э. "Кыргызстан" коммерциялык банкынын өкүлү Өмүрова Салтанант да куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.

Профкомдун төрагасынын орун басары Владимир Иванов ардагерлердин атынан гүлчамбар Жеңиш аянтындагы түбөлүк оттун жанына коюлаарын билдирди, ал эми КУУнун студенттери ардагерлерге арнап согуш мезгилиндеги ырлардан аткарышты.

Аземдин расмий бөлүгү аяктаган соң, Улуу Ата мекендик согуштун жана тылдын ардагерлери профком тарабынан уюштурулган сый тамакка чакырылды.

Майрамдык иш чарага о.э. мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев катышты.

press knu 2018 000

Тема боюнча материалдар:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 297 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер