Бейшемби, Июль 29, 2021

Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт

2016-жылдын 9-декабрында журналистика факультетинин 1-2-курс студенттери жана мугалимдери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, куран окуп, баатыр аталарыбыздын жана агаларыбыздын эстеликтерине гүл коюп кайтышты.

Иш чаранын максаты - элибиздин жаркын келечеги үчүн ак жеринен атууга кеткен аталарыбыздын, 2010-жылдагы Апрель окуясынын баатырларына жана 1916-жылкы Үркүндө каза болгон ата-бабаларыбыздын, о.э. залкар жазуучу Ч.Айтматовтун эстелигине гүлчамбар коюп, таазим этүү болчу.

Студенттер өз эли үчүн жанын аябаган, элибиздин сыймыгы болгон аталарыбызга, кыргыздын кыраан жана чыгаан адамдарына жана 1916-жылкы Үркүнгө арналып тургузулган эстеликтерди көрүшүп, патриоттук аң-сезимдери ойгонуп, жашоого болгон көз караштары түз багытка бурулду.

press knu 2016 00