Шейшемби, Январь 31, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Тарыхта так калтырган 1916-жыл

00Улуттун трагедиясына айланган 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата математика, информатика жана кибернетика факультетинде кече өткөрүлүп, факультеттин студенттери көптөгөн таланттын ээси, белгилүү ырчы, «Үркүн» көркөм фильминин режиссёру Муктар Атаналиев  менен жолугушту.

Декандын м.а., профессор Бекжан Темиров кечени ачып жатып, «болуп өткөн окуянын баарын ойлоо, элестетүү, ал тарыхты тактап окуу качанда болбосун көкүрөктү өйүбөй койбойт» деп белгиледи.

Муктар агай бул кинону эч кандай атак-данк үчүн эмес, болгону, иделогияны көтөрүү жана азыркы жаштарга болгон окуяны кино аркылуу чагылдырып жеткирүү максатында тартканын айтты. Анын айтымында, чыныгы болуп өткөн окуяны баяндаш үчүн бул киного өтө таанымал эмес актёрлор тартылган. Муктар Атаналиевдин кыргыздын иделогиясын тургузуу жөнүндөгү ойлору, сөздөрү студенттерди таасирлентти.

Кечени өткөрүүнүн негизги максаты - факультеттин студенттерине Улуттук боштондук көтөрүлүштө кош бойлуу келиндер, наристесин кучагына алган апалар, аталар өз жанын сактап калуу үчүн кар-мөңгүлүү, аска-зоолорду ашып өтүшкөнүн, Кытайга жеткени жетип, жетпегини ар жолдо мерт кете бергенин жеткирүү болчу.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер Улуттук боштондук көтөрүлүштүн негизги себептерин билишип, «өз жериңдин топурагы алтын» деген сөзгө дагы бир жолу ынанышып, Мекенге болгон сүйүүсү күчөп турду.

01

02

03

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары