Эне тилимде сабаттуу жазам!
26.02.2016 18:13
"Эне тилдин эл аралык күнүнө" арналган дагы бир иш-чара 2016-жылдын 25-февралында Юридикалык факультетте өткөрүлдү. Бул күнү факультеттин профессор-окутуучулары №2-окуу имаратынын 308-окуу залында "Эне тилимде сабаттуу жазам" деген ураандын алкагында "Чечен" деген темада жат жазуу ишин аткарышты.
247 сөздөн турган текст тилчи-окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдин «Эл ичи − өнөр кенчи» (1990) деген эмгегинен алынган.
Жат жазуу ишин деканат жана кафедралар кызуу колдоого алып, эжей-агайлар да мамлекеттик тил боюнча «билим деңгээлибизди, күчүбүздү сынап, өзүбүздү-өзүбүз текшерип көрөлү!» дешип, шымаланып, чын көңүлдөрүнөн жазуу ишин кызыгуу менен аткарышты. Жат жазууга 75 эжей-агай мектеп күндөрүндө жазган жазуу иштерин эстөө менен катышты.
Аталган иш-чараны өткөрүүнүн максаттары:
- кыргыз адабий тилинин нормасында туура жана маданияттуу сүйлөө;
- сабаттуу жазуу;
- мындай иш-чараны салтка айлантуу жана КУУнун бардык жамааттарына жайылтуу.