Шаршемби, Август 12, 2020

Заседание Ученого совета КНУ от 26.12.2013

alt2013-жылдын 26-декабрында КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдагы жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Иш-чаранын башында университеттин стратегиялык маселелерин чечүүчү органдын жыйындары өтүүчү жаңы залдын ачылыш аземи болду. Залдын кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов, «Себат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды мырза жана КУУнун "Атмосфераны байкоо боюнча илимий-изилдөө борборунун" директору, академик Советбек Токтомушевдер кескенден кийин, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жаңы имараттын ичине киришип, анын жасалгаланышы жана жабдыктары менен таанышып, орун алышты.

Искендер Исамидинов жыйын өтүүчү жаңы залды Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө тааныштырып жатып, "бул залдын полунан потологуна чейин өзүлөрүнүн күчү менен, өзүлөрүнүн жумушчулары менен, Улуттук университеттен бир тыйын албай ремонттоп, сиздер отурган креслолорду Анкарадан самолет менен ташып келген", Кыргызстандын билим берүү системасында көп жылдан бери эмгектенген профессор, окумуштуу Орхан Инанды мырзага чоң ыраазычылык билдирди.

Андан ары КУУнун жетекчиси Орхан Инанды мырзага  Окумуштуулар кеңешининин үстүбүздөгү жылдын 6-мартындагы чечими менен "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылганын кабарлап, сыйлык ээсине тиешелүү дипломду тапшырды жана "Ардактуу профессордун" мантиясын кийгизди.

Жаңыдан гана Улуттук университеттин "Ардактуу профессору" болгон Орхан Инанды мырза «Себат» билим берүү мекемеси быйыл өзүнүн 25 жылдык юбилейин белгилеп атканын, Кыргызстанга келгенден бери өздөрүн чет өлкөдө эмес, бордош элде жүргөндөй сезгенин айтып, "Бул - кыргыз элинин айкөлдүгүнөн, адамгерчилигинен, жакшы кабыл алгандыгынан болуп атат" деп баса белгиледи жана өзүнүн уул-кыздарын "Себатка" ишенип берип аткандыгы үчүн кыргыз элине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн аягында Орхан Инанды мырза Улуттук университеттин "Ардактуу профессору" болуш ал үчүн сыймыктуу экенин жана «Себат» билим берүү мекемеси менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтык мындан ары да өнүгө берээрин айтты.

Андан ары, Искендер Исамидинов КУУдагы Конфуций институту дүйнөдөгү 450дөн ашык окшош институттардын ичинен жакшы делген 20 институттардын катарына кирсе, анын кыргыз тараптан директору Үмүт Култаева "Эӊ жакшы директор" деген наамга татыктуу болуп, атайын медаль менен сыйланганын кабарлады жана Үмүт Култаевага сыйлыктарды тапшырды.

КУУнун ректору Башкаруу жана бизнес институтунун кызматкери Айнура Мамбетовага атайын Ардак Грамота тапшырды.

Университетин бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шаршенбек Сальпиев КУУнун финансы-чарба иштери боюнча проректору Мелис Шарипбаев жана Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова быйылкы "Иштерман жылында" Кыргызстандын профсоюз кыймылына активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын президиумунун Ардак Грамотасына татыктуу болушканын билдирип, сыйлыктарды өз ээлерине тапшырды.

Искендер Исамидинов Башкаруу жана бизнес институтунун директору Айсалкын Асанова бүгүн туулган күнүн белгилеп атканын кабарлап, маараке ээсин куттуктады жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн дүркүрөгөн кол чабуусунун коштоосунда ага гүл тапшырды.

Искендер Исамидинов о.э. ШОС тармактык университетинин алкагында Россиянын "Элдердин достугу" университетинин магистратурасын ийгиликтүү аяктаган төмөндөгү бүтүрүүчүлөргө дипломдорду тапшырды: Акимов Нурбек ("Эл аралык соода" адистиги боюнча), Бектурганова Марьям ("Эл аралык менеджмент"), Тойгонбеков Чынгыз ("Эл аралык менеджмент"), Маматбеков Азамат ("Эл аралык менеджмент") жана Шарипов Аскар ("Эл аралык укук").

Андан ары Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги төмөндөгү маселелерди кароого киришти:

1) "2013-жылдын жыйынтыктары жана 2014-жылдагы милдеттер" (баяндамачы - ректору И.Исамидинов)

2) "КУУнун кызматкерлерин окумуштуу наамдарга көрсөтүү" (окумуштуу катчы Е.Терлыга)

3) "Окуу-методикалык эмгектерди кол жазмаларды басмага сунуштоо" (окуу иштери боюнча проректор Р.Сарымзакова)

4) "Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы" кафедрасынын профессорунун м.а. Р.Мырзалимовдун отчету.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Биринчи маселе боюнча КУУнун ректору Искендер Исамидинов бандама жасап, төмөндөгүлөргө токтолду:

1. Уюштуруу маселелери

Урматтуу кесиптештер!

«Убакыт деген учкан куш» дегендей зымырап учуп, ар кандай проблемалар менен алпурушуп жатып, жылдын кандай өткөнү да билинбей калды. Менимче, 2013-жыл жалпысынан ийгиликтүү жыл болду деп ойлойм. Анткени, өзүбүз эмгектенген сүйүктүү университетибиздин 80 жылдык мааракесин татыктуу белгиледик. Университеттин өсүп өнүгүүсүнө баарыӊыздардын салымыӊыздар бар, ошондуктан, ректор катары жалпы жааматка жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып дагы бир жолу  ыраазычылык билдирем.

Бирок, калыстык үчүн айтып койоюн - пландаштырылган иштерден, мааракеге арналган иш-чаралардан, университеттик 80 жылдыгына арналган чоӊ китеп чыга элек жана университеттин басып өткөн жолунун тарыхын көргөзгөн музей жасала элек. 2014 - жылы ушул эки жумушту аягына чыгаруу керек.

Жыйынтыкгын чыгарып жаткан 2013-жылы университете бир нече эл аралык жана мамлекеттик деӊгээлдеги иш чаралар жогорку деӊгээлде өттү, алар:

  • Президент Алмаз Шаршенович Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлгөн Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгы;
  • Президент Алмаз Шаршеновичтин Кыргыз Республикасынын 2012-2017 жылдардагы «Өнүгүү стратегиясын коомчулукта биринчи болуп талкууладык. Талкуу коомчулукта, жакшы резонанс жаратты;
  • Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте сөз маданиятынын алпы, Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси;
  • Университеттин мурунку ректору, академик Кайып Оторбаевдин 90 жылдык юбилейи;
  • Университетин мурунку ректору Болот Юнусалиев менен Салмоорбек Табышалиевдин мааракелери.

2013 - жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтин жылы болду. Кыргызстандын курама командасы 170тен ашык өлкө катышкан Казан Универсиадасында тарыхта биринчи жолу 26-орунду ээледи. Бул ийгиликтин жаралышында биздин студенттердин салымы чоӊ болду, биздин 4 студентибиз коло медалдын ээси болуп, Улуттук университетин туусун бийик көтөрүштү.

Университет 2013 - жылы эл аралык байларыштарын да бир топ активдештирүүгө жетише алды.

Биздин Конфуций институтубуз 450дөн ашык дүйнөдөгү Конфуций институттардын ичинен жакшы делген 20 институттун катарына кирсе, институттун кыргыз тарабынан директору Үмүт Баймуратовна Култаева эӊ жакшы директор деген наамга татыктуу болуп, атайын медаль менен сыйланды. Индонезияга, Польшага, Түштүк Кореяга, Түркияга жасалган кызматтык командировкалар жемиштүү болду. Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен, эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимдер түзүлдү.

2013 - жылдагы дагы бир жетишкендик деп буга чейин кабыл алуу компаниясында башка жогорку окуу жайларга салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болуп 15 күн мурда баштап жүрүшкөн Кыргыз – Орус славян жана Кыргыз –Түрк университеттери, маселесин кайра-кайра көтөрүп жүрүп, окууга кабыл алууну бир мезгилде баштоого жетиштик.

2. Университетте окуу процессин уюштуруу.

Урматтуу кесиптештер!

Биздин жалпы эле университетин ишмердүүлүгүнүн критерийи - бул негизинен студенттердин кышкы, жайкы сессиясынын жыйынтыгы. 2012-2013 окуу жылынын жайкы сессиясынын жыйынтыгы боюнча студенттердин жалпы жетишүүсү 64,07 % түзгөн, анын ичинен: 1 - курстардын сабакка жетишүүсү факультеттер боюнча 85,3 %, институттар боюнча 86,1 % түзгөн. Бул деген окуу процессин кредиттик технология менен жүргүзүүнүн артыкчылыгын дагы бир ирет далилдеп отурат, айырма 20 % ашык.

Ошол эле мезгилде, жайкы сессиянын жыйынтыгы боюнча 2-4 курстун күндүзгү бөлүмүнүн студенттеринин жетишүүсү факультеттер боюнча 57,8%, институттар боюнча 56,1 % түзгөн.

Сырттан окуган студенттердин жетишүүсү факультеттер боюнча 75,8%, институттар боюнча 76,4% түзгөн.

Магистранттардын жетишүүсү факультеттер боюнча 82,1%, институттар боюнча 67,7% түздү.

Колледждердин студенттеринин университет боюнча жетишүүсү 68,5 % түздү.

Университет боюнча 7374 студент сессияны убагында тапшыра албай калган, же жалпы студенттердин 35,3%.

Жайкы сессиянын кайра тапшыргандан (после пересдачи) кийинки жыйынтыгы боюнча университеттеги жалпы жетишүү факультеттер боюнча 82,8%, институттар боюнча 79,7%, колледждер боюнча 94,6%, университет боюнча жетишүү 85,7% түзгөн.

Ошентип, кайра–кайра тапшыруудан кийин да студенттердин 14,3% пайызы сессияны бере алган эмес.

Студенттердин негизин түзгөн 2-4 курстун жетишүүсү 56-57% түзсө, бул эмне деген нерсе? Ааламдашуу мезгилинде атаандаштык күндөн-күнгө өсүп атса, бул биздин көрсөткүч кимди канааттандырат? Ансыз деле жылдан жылга татаалдашып бара жаткан окууга кабыл алуу (набор) проблемасы, биз сапатты камсыз кыла албасак кандай болот? Атын атабай эле койоюн, быйылкы кабыл алуу компаниясында өлкөнүн бир нече жогорку окуу жайлары 1- курска студент ала албай калышты. Биз ушинтип «улуттук» деген статусубуз бар деп, кенебей жүрсөк, эртеңибиз кандай болот? Биз жылдан жылга отчет үчүн кышкы, жайкы сессиянын жыйынтыктарын чыгарып келе жатабыз, анда ошол жетишпегендиктердин себебин издедикпи, таап талкууладыкпы, чара көрдүкпү, менимче жок. Студенттердин жетишпөөсүнүн себеби эмнеде, же студенттер сабакка катышпайбы, же окуткан мугалим начар окутабы, же окуу куралы, окуу методикалык куралдар жетишсизби, же сапаттуу билим берүүгө материалдык-техникалык база начарбы, деги эмнеден аксап жатабыз деген ой мага тынчтык бербейт. Ошондуктан, өткөн жылдык отчетто 2012-2013-окуу жылында университеттин Окуу-методикалык кеңешинин ишин активдештирүү маселесин көтөргөм, анткени окуу процессин жакшыртуу, сапаттуу билим берүү маселелери ошол кеңеште изилденип, талкууланып, жакшыртуу механизмдери иштелип чыгыш керек.

Мен окуу процессин уюштурууну жакшыртуу, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жаатында эмне иштер жасалып жатты экен деп Окуу методикалык кеңештин иш планы менен окуу-методикалык кеңеш жөнүндөгү жобо менен таанышып, бир кызык акыбалда калдым. Анткени, жобого ылайык ОМК окуу процессин жакшыртуу, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу максатында окуу процессин уюштуруудагы көйгөйлүү маселелерди расписаниеден баштап, аудиториялык фонд, модулдардын жыйынтыгы, студенттердин сабакка катышуу-жетишүүсү, сессиянын жыйынтыгы, проблемалуу предметтерди талкуулоо, инновациялык жаңы методдорду, алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу, курстук, дипломдук иштердин тематикасы, адабияттар менен камсыз болушу, мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы, дисциплиналардын окуу китептери менен камсыз болушу, лабораториялар, кабинеттер, китепкананын иштөө графиги студенттерге ыңгайлуубу, кафедралардын сапаттык курамы - деги окуу процессине байланышкан бардык маселелерди карап, маселе коюп, чечүүнүн жолун издөө болсо, Окуу-методикалык Кеңештин 2012-2013, 2013-2014 окуу жылдардагы планы университетте окуу процессин жакшыртуу, көйгөйлөрдү чечүүгө эмес, майда барат нерселерге арналып калган. Мен ошондуктан, бул планды түп тамырынан бери кайрадан түзүп чыгууну сунуш кылам.

Биз отчетто көрсөтүлгөн билимди экспорттоо жана социологиялык изилдөө борборун түздүк. Натыйжада эки борбор тең бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө студенттерди, окутуучуларды алмашуу боюнча түрк тилдүү университеттердин ассоциациясы сунуш кылган Түркия тараптан каржылана турган “Мевлана” программасы көптү үмүттөндүрөт. Ошондой эле Кытай, Казахстан, Россия, Түштүк Корея менен болгон кызматташтык жөнүндөгү келишимдер да өз жемишин берет деп ойлойм.

Университеттеги болуп жаткан иштерди "ал айтты, бул айтты" дебестен, илимий негизде баалоо үчүн социологиялык изилдөө борбору апрелден бери 5 социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Алар:

1. Университетте жүргүзүлүп жаткан окуу процессин баалоо;

2. Университеттеги жана билим берүү системасындагы коррупция;

3. Студенттердин окуу тарбия процессине канааттанышы;

4. Окутуучулар студенттердин көзү менен;

5. Университетте Болон системасын киргизүүгө арналган маселелер изилдөөгө алынды.

Биз социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен таанышып, университеттин ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерди жоюунун үстүндө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошолордун кээ бирөөлөрү менен тааныштыра кетейин:

Мисалы, студенттердин 54,3% сессияны даярданып тапшырам десе, 25,8% мугалимдерге пара берем деп жооп берген. Менимче, бул жерде маселе бар, анткени, университеттеги жалпы жетишүү 75% тегерегинде болуп жатпайбы, экинчиден, булар сабакка начар катышкандар, эгерде студенттердин катышуусун жакшыртууга жетишсек, көрсөтүлгөн цифра азаймак деп ойлойм.

Дагы бир мисал, студенттердин 42,1% университетте окуу куралдары менен начар камсыз болгондугун, 64,6% окуу аудиториялардын, лабораториялардын жаңы техникалык каражаттар менен жабдылбаганын, 53,9% интернет ресурстарын пайдалануу кыйын экенин көрсөтүшкөн.

Урматтуу кесиптештер!

Жогорудагы көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн атайын жыйын өткөрүп, лабораторияларды түзүү, окуу китептерин сатып алуу, электрондук окуу куралдарды түзүү жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча 9 пункттан турган милдеттерди эмгек жамаатына койгом, убакытты үнөмдөш үчүн аларды кайталап отурбай, алардын үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат.

Окуу китептери боюнча бир сунуш айткым келет, окуу китептерин, электрондук окуу китептерди түзүүнү колго алуу менен, чет өлкөдөн өзгөчө Россиядан чыккан окуу китептерди мурдагыдай көп экземплярдан сатып алуу кымбат да, маселени толук чечпейт, ошондуктан “Раритет” менен келишим түзүп, ар бир жаңы чыккан окуу китепти же окуу процессине керек болгон илимий монографияларды 1 экземплярдан алып интернетке киргизип койсок, аны кимге керек болсо, баары окуй бермек, бул өз кезегинде акчаны гана үнөмдөбөстөн, суроо-талаптарды да толугураак канааттандырмак.

Эми окуу процессин сапаттуу адистер менен камсыз кылуу маселесине келсек. Мен апрель-май айларында университеттеги факультеттердин, институттардын, кафедралардын, окутуучу профессорлордун ишмердүүлүгүн баалоонун критерийлерин иштеп чыгып, таратып бердим, бирок бүгүнкү күнгө чейин ошонун жыйынтыгын ала албайбыз, жобо идеалдуу дегенден алысмын, аны дайыма жакшырта берсе болот, ошондуктан, андай мындай дебестен жыйнасак, ар бирибиздин кылган ишибиз ачык болмок. Адатта, уюштуруу иштерин биринчи проректор жүргүзүшү керек.

Эми, мени өзгөчө ойго алган маселе - университетте англис тилин окутуу проблемасы. Бүгүнкү күндө илим, билим, бизнес, саясат, деги эле бардык иштер англис тили аркылуу жүрүп жатат.

Ошондуктан, университетте, деги эле, өлкөдө англис тилин окутуунун бүгүнкү абалы жана англис тилин окутууну жакшыртуу боюнча бир чоң илимий – практикалык конференция, тегерек столдорду өткөрүп, балдар бакчасынан, мектептерден баштап талкуулап, эгерде керек болсо, мамлекеттик стандарттарга өзгөртүү киргизүү маселелерин көтөрсөк, эртеңки студенттердин алмашуу маселеси чечилип, биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда артыкчылыкка ээ болмок.

Окуу процессин уюштурууда, өзгөчө экономисттерди, юристтерди, саясат таануучуларды, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистерди, менеджерлерди даярдоодо тандоо курстарынын маанисин көтөрүү жана бул курстарды окууга практик адистерди чакырууну практикалоо, бүгүнкү күнү тандоо курстарын кимдин нагрузкасы толбой калса, ошол окуп жатат.

Мени дагы бир ойго салган маселе - убагында мамлекеттик стандартта жок деген шылтоо менен көптөгөн факультеттерде "Окутуунун методикасы" кафедраларынын жоюлуп кетиши. Натыйжада, биздин бүтүрүүчүлөрүбүз сабак өтүүнү методикасын билбей чыгышууда. Биз бул маселени мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыгуунун мезгили келди го деп ойлойм.

Университеттин иши

Мен сөзүмдүн башында 2013 жылы эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференциялардын өткөндүгүн белгилеп өттүм. Үстүбүздөгү жылы илим изилдөө жаатында да бир топ өнүгүү болду. Мисалы, илимдин кандидаттыгын 30 дан ашык киши коргосо, илимдин докторлугун 7 киши коргоду. Бул, өз кезегинде, окутуучу-профессордук курамдын сапаттык көрсөткүчүн жакшыртат. Илимди каржылоо маселесине да көңүл бурулуп, университеттин бюджетинен илимдин өнүгүшү үчүн атайын бөлүнүүчү каражатты көбөйтүү жөнүндө министрликтин буйругу чыкты. Ошондой эле, Улуттук илимдер академиясынын 2013-2025-жылдардагы өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып, кызуу талкууланды.

Ректорат билим берүү менен илимди айкалыштыруу, Улуттук илимдер академиясы менен кызматташтык жөнүндө келишим түзүү боюнча УИАнын президенти менен макулдашты. Келишимдин долбоору даярдалып жатат, буюрса, жаңы жылда кол коюшабыз деп турабыз. Бир сөз менен айтканда, университеттин 2012-2017-жылдардагы өнүгүүсүнүн жол картасында коюлган милдеттерди аткарабыз. Окуу-методикалык кеңештин иш планы сыяктуу эле, жол картасында көрсөтүлгөн милдеттерди 2013-жыл үчүн түзүлгөн Илимий – техникалык кеңештин иш планынан көрө алганым жок. Ошондой эле, студенттерди илимге тартуу, студенттик илимий конференцияларды уюштуруу маселелери да каралган эмес. Ушунун өзү эле иш-пландарынын жүр-нары түзүлгөндүгүн, системалуу иштин жоктугунан кабар берет. Эмне себептен Илимий -техникалык кеңештен факультеттердеги, институттардагы илимдин өнүгүшүн караса болбойт, көпчүлүк институттарда директорлордун илим боюнча орун басарлары бар. 2014-жылдын иш планын түзүүдө жол картасында көрсөтүлгөн милдеттердин иш планда болушун жана ишке ашышын талап кылам.

Университеттин эл аралык байланыштары

Университеттин ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыты – эл аралык байланыштарды чыңдоо жана билимди экспорттоо. Билимди экспорттоодон эле Кыргызстан 83 млн доллар инвестиция тартса, бул жаатта да пайдаланылбай жаткан резервдер бар. 18-декабрда мен Тараз инновациялык-гуманитардык университетинин ректору менен жолугуштум. Ал жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 100 дөн ашык магистранттар биздин практикадан өтүшсө, эмдиги жылкы кабыл алуу комиссиясында дистанттык бөлүмгө көптөгөн студенттерди кабыл алууга көмөк көрсөтүүгө убада берди. 2011-2012-окуу жылына салыштырмалуу чет өлкөлүк студенттердин саны 240 студентке көбөйгөн.

Урматтуу кесиптештер!

Университеттин 2013-2014-окуу жылына милдеттерди мен сиздерге сентябрда жана октябрда эки жолу белгилегем, ошондуктан кайталап отурганым жок. Финансы боюнча өзүнчө отчет болот, анын үстүнө финансы жыл бүтө элек, аны өзүнчө кеңири талкуулайбыз!

Ректордун отчету боюнча өзүлөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын Чет тилдер факультетинин деканы Памира Кадырбекова, "Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедрасынын башчысы Айнура Арзыматова, Юридикалык институттун директору Жаныбек Бокоев жана ИИМОПтун директорунун орун басары Жолборс Жоробековдор айтышты.   

Окумуштуулар кеңешинин күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча КУУнун окумуштуу катчысы Елена Александровна Терлыга чыгып сүйлөп, окумуштуу наамдарга КУУнун төмөндөгү кызматкерлери сунушталып жатканын кабарлады:

1) Алымкулова Алина Сапарбековна, экономика илимдеринин кандидаты - "Экономика" адистиги боюнча доценттике сунушталат;

2) Гумбатова Рафига Рашидовна, филология илимдеринин кандидаты - "Тил таануу" адистиги боюнча доценттикке;

3) Байчубекова Бактыгуль Бекеновна - экономика илимдеринин кандидаты - - "Экономика" адистиги боюнча доценттике;

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган талапкерлердин баары колдоого ээ болушту.

Үчүнчү маселе боюнча КУУнун окуу иштери боюнча проректор Р.Сарымзакова сүйлөп, төмөндөгү окуу-методикалык эмгектердин кол жазмаларды басмага сунушталып жатканын билдирди:

1."Жерде-сууда жашоочуларды жана сойлоп жүрүүчүлөрдү аныктагыч илимий-усулдук окуу куралы" ( 1 бөлүм). 

Авторлор: Э.Ш.Дасыбеков, Б.К.Кадырова, Б.К.Шаршеева жана А.Т.Ахматова

2. "Омурткалуу жаныбарларды аныктагыч илимий-усулдук окуу куралы" ( 1 -бөлүм).

Авторлор: Э.Ш.Дасыбеков, Б.К.Кадырова, Б.К.Шаршеева жана А.Т.Ахматова

 З. "Паразитология" боюнча лабораториялык сабакты өткөрүүнүн методикалык окуу куралы".

 Авторлор: Молдопиязова Т.М.,, Б.К.Кадырова, Б.К.Шаршеева жана А.Т.Ахматова.

4. "Кыргыз тили" ( пособие по кыргызскому языку для иноязычных студентов).

 Авторы: Терновая А.Г., Примова М.Б., Уразова Ж.Т., Ташиев Ж.К.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү аталган окуу-методикалык эмгектердин кол жазмаларын басмага берүү боюнча да өн чечим кабыл алышты.

"Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы" кафедрасынын профессорунун м.а. Руслан Мырзалимовдун докторлук диссертацияны даярдоо үчүн чыгармачыл өргүү бергендиги үчүн КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, аталган мөөнөттө аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

alt