


"Арактын зыяны", Мусабекова Айсулуу ( ЖК - 2 - 09, 2 - курс)
27.12.2010 18:34
Арактын зыяны
Түшпөй жаман жолдорго,
Кармабай арак колдорго,
Чыгарба деп аракты
Тыю салса чоңдорго.
Ичишип аракты түгөтүп,
Дүкөндөрдү күзөтүп.
Кимиси алат дегенсип,
Арактардан көзү өтүп.
Ичишип баса аракты,
Ошол да адал тамакпы.
Ичишип баарын коңторуп,
Анан баштайт жанжалды.
Ичкендер ичип атып алкаш болот,
Үйүндө чыр-чатактар көп болот.
Ошентип жубайлардын ыркы келбей,
Үй-бүлөсү быркырап талкан болот.
Ичип атып аракты кээ бирөөсү,
Ичпе деп, айтышат кичүүлөрдү.
Ичишип стаканды кагыштырып,
Кичүүлөрдү оң жолго түрткүлөйбү.
Аракты сатып алат базарлардан,
Ден-соолук сатылбайт жаралгандан.
Аракты колго албай биз таштайлы,
Ден-соолукту сактайлычы жаман дарттан.
Чынында өткөн өмүр өтөт экен,
Чагылгандай жарк этип, кетет экен.
Чырылдап сыздасак да, айла канча,
Чынгыз ага жанып өчкөн шамдай белең.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.