Среда, Июля 17, 2019

Т.Иманкожоев: "Оор куралданган атчан аскер кошууну – Улуу көчмөн элдеринин белеги"

Оор куралданган атчан аскер кошууну – Улуу көчмөн элдеринин белеги

imanojoev 00

Иманкожоев Таалайбек Асанович

Ж.Баласагын атындагы КУУнун

философия кафедрасынын 

доценти

Акыркы жылдар кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылдары катары өлкөбүзгө төмөндөгүдөй чоң жетишкендиктерди, ийгиликтерди алып келди: биринчиден, «Манас» эпосунун уникалдуу оозеки чыгарма катары БУУда, ЮНЕСКОдо кабыл алынды, көчмөндөрдүн этномаданиятынын туу чокусу болгон боз үйдүн дүйнөлүк мурастар баалуулуктарынын тизмесине киргизилди жана дүйнөлүк экинчи көчмөн оюндары ойдогудай өткөрүлдү, кыргыз жигиттери ат жалында бүт дүйнө элин таң калтырып, тамшандырган оюну менен чоӊ жеңиштерге ээ болушту, экинчиден, мамлекетибиз дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин тизмесинен чыкты, Кыргызстан Евразия бажы биримдигине кирди, экономикабызда ири жетишкендиктер болуп, бир катар олуттуу демилгелер ишке ашты. Минтип дүйнѳлүк үчүнчү кѳчмѳндѳр оюну да келип калды.

«Жума кайрык» телеберүүсүндө көчмөн элдердин оюндарынын олимпиадасын көргөнү келген европалык кайсы бир жаран Би-Би-Си эркин радиосунун кабарчысы Касманбетовага кайрылып, мындайча интервью берген: «Мен кыргыз элин артта калган, географиялык шарттары өтө начар, суусуз аймакта жашаган жапайы калк – варвар деп ойлодум эле. Катуу жаңылыпмын. Көрсө, кыргыздар илим-билимдүү цивилизацияга небак жетишип, бейиштин төрүндөй жерде жашашат экен. Дүйнөлүк цивилизациянын алдыга жылышы үчүн олуттуу салым кошкон, тарыхта бараандуу изин калтырган улуу көчмөн элинин курамына кыргыздар да кирерин билбепмин». Европанын жараны мына ушинтип өз жаңылыштыгын моюнга алып жатат. Ал эми көчмөн кыргыз эли, көчмөндөрдүн байыркыдан берки улуу цивилизациясы тууралуу билбегени, укпаганы канча? Ошол биздин өткөндөгү даңазалуу тарыхыбыз тууралуу укпай-билбегендерди туйдуруп, билдирип коюш үчүн, мына ушул макаланы жалпы коомчулукка сунуштап коюуну туура таап отурам.

Маселенин адепки тарыхын карасак, биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта Евразия мейкиндигинде жоокер сак уруулары жашаган, булар согуш талааларында аттуу аскер бөлүктөрүн биринчилерден болуп басымдуу жапырт колдонуп башташкан, ошол эле учурда ал замандын согуштарында оор куралданган жөө аскер гоплит жана фаланга үстөмдүк абалды ээлеп, жеңишке жетишип турган. Ошондой эле сак атчан аскерлериинин грек-перс согуштарындагы тактикалык ийгиликтери тууралуу да билебиз, алар күжүрмөн тизилүүнүн өз участкаларында жеңишке жетишип турушкан, ал эми согуштар стратегиялык планда жеңилүү менен аяктаганы алардын күнөөсү эмес.

Демек, атчан аскер кошуундарынын массалык пайдаланылуусу сактар менен байланыштуу, бул аларга б.з.ч. VII кылымда байыркынын Ассирия, Мидия, Персия, Египет сыяктуу классикалык аскер державаларын жеңилишке учуратууга мүмкүндүк берген. Археологиянын маалыматтары боюнча түрк тилдүү сактар, муну биз бөтөнчө белгилей кетмекчибиз, металлды иштетүү чеберчилигине ээлик кылышкан, бул темир жана дагы башка кендерди издөө жана казып алуу, аларды эритүү жана иштетүүдөн өткөрүү деген сөз, устаканаларда сак темир усталары соот-чопкуттарды, кылычтарды жасашкан, белгилей кетмекчибиз, курал-жарактарды, жабдыктарды өндүрүп чыгаруу башынан аягына дейре бир устанын колунан чыккан. Россиялык белгилүү археолог, РИАнын Археология институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин доктору В.И.Гуляев: «Антикалык географиянын маалыматтарына канчалык сынчыл көз менен карасак дагы, баары бир исседондору (сарматтарга жакын байыркы эл), аримаспалары (жалгыз кѳздүү мификалык эл) жана грифондору (денеси арстандыкы, башы бүркүттүкү болгон мификалык жандык) менен алтынга бай жерлер азыркы Түндүк Казакстандын, Түштүк Уралдын жана Алтайдын б.з.ч. I миң жылдыгына тийиштүү, СССРдеги эң бир ири байыркы алтын кендери так ушул аймактарда байкалып, жайгашышкандыктары анык. Белгилүү орус археологу С.С.Черников Алтай жана Түндүк Казакстандын аймагынан качандыр алтынды, калайды жана жезди өндүргөн ондогон байыркы кен иштеткен жерлерди тапкан жана изилдеген. Б.з.ч. VIII–III кылымдар аралыгындагы так ушул скифтер (сактар) доору боюнча иштер кеңири алып барылган.

Жыйынтыгында сак-түрктөр жеке эле атчан элдерден эмес, ошол эле учурда түзүк металлургдар жана темир усталардан болушканы ачыкка чыгат, бул оор куралданган аттуу аскердин келип чыгышы жана аракеттенүүсү үчүн зарыл эки анык атрибуттарынан болуп эсептелинет, дегинкиси буларды бирин экинчисинен бөлгөндө болбойт. Белгилей кетели, бир дагы антикалык автор сактар курал-жаракты четтен ташып келип же сатып алганын жазган эмес, тескерисинче сак курал-жабдыгынын айырмалуулугу жана өз алдынчалыгы белгиленип кетилет. Мындай өзүндө жетиштүүлүк сактарга чоӊ согуштарды жүргүзүүгө жана жеңүүгө мүмкүндүк берген, Буга мисал катары Персиянын падышасы Кирдин сан жеткис аскеринин таш-талканын чыгара кыйраткан биринчи падыша аял Томиристи, Мидиянын, Ассириянын, Индиянын айрым бөлүгүнүн талкаланышын, Египеттин алым төлөөгө аргасызданышын ж.б. келтирсе болот. Жадесе Ахаменид дөөлөтүн (державасын) оңой-олтоң каратып алган Александр Македонский да алар менен үч жыл бою согушуп, мыкты атчан гипархиясын (атчан аскер кошууну) жоготуп жатып дагы Сыр-Дарыядан түндүккө өтө алган эмес, ал эми сактардын анык мекени так ошол Кыпчак талааларында орун алган, муну Эки мүйүздүү Искендердин жеңилгени деп гана бааласа болот.

Европада атчан аскер кошуунунун (кавалериянын) калыптануу этаптарын карап көрөлү. Бул жолкуда кеп Греция тууралуу жүрүүдө, анын Азияга жакындыгы ага Азиядагы бардык алдыңкы, мунун ичинде аскер ишиндеги, куралдануудагы, илимдеги жана дагы башкалардагы жаңыланууларды өзүнө сиңирип алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн берген. Грек-перс согуштары мезгилинде грек полистеринде (шаар-мамлекеттеринде) атчан аскер кошууну дээрлик болгон эмес же экинчи даражадагы ролду ойногон. Андыктан «скифтер менен карым-катыш, алардын аттарына жана атта жүрүү чеберчилигине кызыгуу Греция үчүн туруктуу жана салттуу да, грек-перс согуштарынын жыйынтыктары гректерди атчан жүрүүнүн көндүмдөрүнө ээ болуунун зарылдыгы тууралуу олуттуу ойлонууга мажбурлады. Андокиддин күбөлөндүрүүсү боюнча «ошондо биринчи жолу алар атчан жоокерлер отрядын уюштурушту жана 300 скиф-жаачы жалданмаларды аскер кызматына алышты».

Илимий адабияттарда индоирандыктар Азияны ат менен, ал эми ирандыктар атка минүү көндүмү менен тааныштырышкан деген көз караш бекемделип келет, ал эми биздин пикирибизде сактар негизинен түрк тилдүү болушкан, Азия менен Европаны ат жана атка жүрүү көндүмү менен көчмөндөрдүн ата-бабалары тааныштырган. Дароо белгилей кетели, Батыштын немец окумуштуусу Мордман, веналык чыгыш таануучу Хаммер сыяктуу көрүнүктүү ориенталисттери жана XIX кылымдагы европалык чыгыш таануучулардын басымдуу бөлүгү сактардын түрк тилдүүлөр экенине бекем ишенимде болушкан, сактардын түрк тилдүүлүгү тууралуу белгилүү археолог жана тарыхчы А.Н.Бернштам да жазган. Ушунда белгилей кетчү нерсе, бул талаа жана тоо көчмөндөрүнүн тарыхы маселелерин Батыш окумуштуулары менен катар эле КУУнун профессору Абдракманов Сапар агайыбыздын жана да келечегинен көптү үмүттөндүргөнжаш окумуштуу, Бишкек гуманитардык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Төрөбек Рыскулов да ар тараптуу изилдеген.

Адам баласынын доордук революциялык жетишкендиктерин индоевропалык, арий урууларына тийиштүү кылуу небактан белгилүү, анткен менен анын айрым постулаттары, тилекке жараша, заманбап тарых илиминин жетишкендиктери негизинде жокко чыгарылып жатат. Алып чыгылган теманын Борбордук Азиядагы биринчи көчмөнчүлүк империянын түзүлүүсүнө чейинки сак доорунда эң бир жалпы негиздерде коюлушу мына ушундайча, аны сак урууларын четке сүрүп чыккан гунндардын уруулук союзу түзгөн. Жакынкы эле мезгилдерге чейин гунндардын тили белгисиз же алар монгол тилдүү болушкан деген теория үстөмдүк кылып келген, антсе да гунндардын тарыхы менен биринчи жолу объективдүү таанышканда эле алардын түрк тилдүү экени жадесе кесипкөй эмес тарыхчыга ачык көрүнөт. Айтмакчы, Аттиланын – Адыл хандын Ант мамлекети кулагандан кийин анын урандыларында жалаң түрк мамлекеттери: Хазар каганаты, Болгар каганаты ж.б. келип чыгышат, монгол тили колдонулган бир дагы мамлекет түзүлбөгөн. Бул фактыларды тануу оор жана акылга сыйбайт. Бул маселе боюнча белгилүү чыгыш таануучу-түрколог С.Г.Кляшторныйдын көз караш-пикирин келтирели: «Гунндардын өз тили белгисиз болгону менен, байыркы түрк тилдеринде сүйлөгөн уруулар гунн конфедерациясынын ичинде басымдуулукту түзүшкөн; белгилей кетүү керек, гунн империясынын курамына кирген көчмөн уруулар тилдик жагынан эч качан бир түрдүү болушкан эмес».

С.Г.Кляшторный XX кылымдын 60–70-жылдары гунндарды монгол тилдүү элдерге ишенимдүүлүк менен кошкон, келтирилген тексттерге караганда автор өткөндүн таасиринен калдыктарынан кутула алган эмес, жыйынтыгында кандайдыр диалектилик башаламандык келип чыккан, гунндардын тили белгисиз, ошол эле учурда гунн конфедерациясынын ичинде эң бир байыркы түрк тилдеринде сүйлөгөн уруулар басымдуулук кылат, деги кызык ачылыш-тануу экен?! Гунндар тарыхтын авансценасында биздин заманга чейинки III кылымда пайда болушкан. Так мына ушулар уруш талааларында жана деги эле ошол доордун согуштарында оор соот-чопкуттуу атчан кошуундун пайда болушунун жана жапырт колдонулуусунун башатында турушкан. Соот-чопкуттуу атчан аскер кошууну Кытайдын согуш ишине укмуштуудай үйрөтүлгөн жана техникалык жактан жакшы жабдылган, оор куралданган жөө аскерине каршы коюлган. Моде Огуз-хандын атчан аскер кошууну бул эң көп сандагы жөө аскер бөлүктөрүн оңой эле талкалаган, гунн куралынын жеңиштеринин натыйжасы болуп Кытайдын оор жана басынткан алымды жыл сайын төлөп туруусу эсептелинет. Мындай уникалдуу тез аракеттеги, соот-чопкуттуу атчан аскер кошуунунун пайда болушу бир мезгилдеги эле көрүнүш болгон эмес, мезгил жана мейкиндик аралыгында жайылтылып, ата-бабалары сактар болуп, алардын жетишкендиктерине таянуу менен, алардын урпактары тегин-гунндар б.з.ч. III кылымда Кытайдын таш-талканын чыгарууга жетишишкен. Сактар менен гунндардын маданиятында, идеологиясында, согуш ишинде көптөгөн дал келүүлөр орун алган. Бул контексте Сыма Цяндын гунндарга берген мүнөздөмөсү кызык: «Үй малынан көбүнчөсү жылкыларды, ири жана мүйүздүү малды кармашат, аз санда төөлөрдү, эшектерди, лошактарды (айгыр менен ургаачы эшектин гибриди) жана мыкты породадагы жылкыларды багышат. Жаа аткандын баары соот-чопкуттуу атчан аскер кошуунуна барып кошулушат. Талаа аңчылыгы менен алектенишип, ошону менен азыктанышат… Жортуулдап туруш үчүн, ар бири аскердик машыгуулар менен алектенишет. Алардын канына сиңген өзгөчөлүгүнүн маңызы мына ушундай. Алыс аралыктын куралы – жаа жебелери менен, кыска аралыктыкы – кылычтар, найзалар».

Текстти талдоодо төмөндөгүдөй сүрөттөлүш көз алдыга тартылат: жылкылар эки жолу эскерилет, биринчи жолкусунда үй малынын басымдуу бөлүгү катары, кийинки контексте жылкылардын мыкты породаларын өстүрүү жөнүндө айтылат, бул – сөзсүз аскер жылкысы. Көчмөндөрдө негизинен бою жапыз жылкылар болгон деген мурдатан калыптанган түшүнүк объективдүү эмес деген ой туулат, көчмөндөрдө дайым көз тойгузган ири аскер кошуунунун аттары болуп келген, биздин көз карашыбызда мына ушул Ши Цзиде чагылдырылып берилген. Андыктан Давандын «таанымал ай-асманды чапчыган жылкылары» небактан эле гунн төбөлдөрүнүн мактанычы, сыймыгы болушкан жана гунндар бул жортуул үчүн жаратылган буудандарды Даван жеринен (Фергана) дайым сатып алып турушкан. Б.з.ч. 105-жылы У-ди Даванга элчи жиберип, ага бул мамлекеттин борбору Эршиден «ай-асманды чапчыган буудандарды» мүмкүн болушунча көп сатып келүүнү тапшырган. Давандын башкаруучусу жана анын төбөлдөрү гунндардан кооптонуп, жылкыларды сатуудан баш тартышкан».

Жогоруда келтирилген тексттен биз гунндардын жылкылары болгонун көрөбүз, алар адатта үч түргө бөлүнүшкөн: бул – тиричилик жылкысы, жүк ташуу, дагы башка үй муктаждыктары үчүн, мунун ичинде тамак-аш иретинде да пайдаланылган. Экинчи түрү – бул аңчылык жылкысы, булар күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрү боюнча аскер жылкыларынан кем калышкан эмес, болгону согуш ишине үйрөтүлбөгөн. Үчүнчү түрү – бул сөзсүз катарды бузбай кармоого жана дагы башка көптөгөн аскердик командаларды аткарууга үйрөтүлгөн жортуулга деген аттар, мында биз кадимки атчан аскер кошуунунун жылкыларын көңүлгө алып жатабыз, буларды Азия да, Кытай да, Европа да Улуу көчмөн элдеринен алышат. Белгилей кетели, гунндарда оор куралданган атчан жоокер үчүн зарыл жылкылар сөзсүз болгон, мындай атчан жоокердин гунндарда б.з.ч. III кылымда болгонун биз Сыма Цяндан көрөбүз. Ал жаа ата алгандын баары соот-чопкуттуу атчан аскерге алынарын түздөн-түз көрсөтөт, бул – айбаттуу соот-чопкуттуу атчан аскер кошууну, мындагылар душмандын соотун алыс аралыктан тешип өтүүчү оор гунн жаасынан атууну зор чеберчилик менен өздөштүрүшкөн.

Аскер иши мектебине келсек, көчмөндөр ага балалыктын эң эле жаш кезинен тарта көнүгүп башташкан. Плано Карпини жазгандай, «балдарды эки-үч жашынан тарта атка мингизишет, алар тоону, талааны аралай ат чаптырып, алар үчүн атайын даярдалган кичинекей жаалардан атууну үйрөнүшөт. Алар чоңойгондон кийин да дайым аңчылыкка катышуу менен жоокердик чеберчиликтерин өркүндөтүүнү улантышат. Сөзсүз бул, эреже катары, эң кадырлуу ак сөөктөр, ири аскер башчылары жетектеген кубалап курчоого алуу аңчылыктарын уюштуруунун негизги себептеринин бири болгон. Аңчылыкка чоочун өлкөгө жортуулга чыгуу катары карашкан. Ага даярданышкан, аңчылыкта эрдик көрсөтүү жана согушуу чеберчилиги иштелип чыккан, анда эң бир аттын кулагында ойногон чабандестер, көзгө атар жаа аткычтар, эң бир жөндөмдүү жетектөөчүлөр аныкталган. Мына ушундайча, аңчылыктын экинчи маанилүү функциясы хандан баштап катардагы жоокерге чейинки бардыгын, жадесе тейлөөчү кызматчы-малайларды да, б.а. аскердик иш-чарага катышуучулардын бардыгын аскер ишине көнүктүрүү болгон. Согуш жана аңчылык басымдуу даражада экономиканы, социалдык түзүлүштү жана көчмөндөрдүн тиричилигин аныктаган».

Албетте, так мына ушундайча даярдалган, Огуз-хан сыяктуу таанымал аскербашылар жетектеген кесипкөй армия кытай армиясынын жоокерлеринин өтө эле көп экенине карабай көп кыйналбай эле талкалап салган. XX кылымдын тубаса жөндөмдүү адамдарынын бири, өзгөчө шыктуу жана көрүнүктүү окумуштуусу Л.Н.Гумилев гунндар менен кытайлардын согуш компанияларын баалап, төмөндөгүлөрдү белгилейт: «Улуу көчмөн элдеринин эркиндигин гунндар гана сактап кала алышкан. Алар 1ге 20 жоокер катышында салгылашышкан, аларга каршы армиялар гана эмес, ошондой эле дипломатия, экономика жана маданияты менен азгыруу да каршы коюлган». Кытайдын армиясы бир канча жолу гунндардан жеңилген. Мына ошондо байыркы отурукташкан цивилизация дипломатиянын айлакер усулдарын колдонуп башташкан, мунун негизги маңызы төмөндөгүдө турган: «жапайылардын колу менен жапайыларды жок кылуу», бул деген тактынын мурасчыларын бири-бирине тукуруу, гунндардын коңшусу усундарда кытайларга жан тарткан топту уюштуруу, андан соң усундарды Даванга жана гунндарга каршы согушта пайдалануу. КУУнун профессору, т.и.д. Т.Ж.Жуманалиев буга чейин эч кимге белгисиз кытай булагын тапкан, анда гунндарды күрүчтөн тартылган арак менен сугаруу тууралуу айтылат, арак марттык менен жана өлчөмсүз берилген. Бул өзгөчө таасирдүү чаралардан тышкары Кытай гунндардын стратегиясын, тактикасын жана курал-жарагын өздөрүнө алууга аргасызданышкан, себеби кытай армиясынын курал-жарагы, согуш жүргүзүүнүн стратегиялык жана тактикалык ыкмалары мезгил талаптарын жооп бербеген. Император көчмөндөрдүкүнө окшогон атчан аскер кошуунун түзүү тууралуу указ чыгарган жана көчмөндөрдүн кытай армиясынын аскердик формасы болуп калчу кийими Асман алдындагы жаратуучунун күлкүсүн келтирерин айтып тамашалаган» «Б.з.ч. IV кылымда Кытайдын отурукташкан калкы атчан аскер кошууну менен бирдикте көчмөндөрдүн кийимин, атап айтканда, шымын жана өтүгүн, үзѳӊгүсүн өздөрүнө алууга аргасыз болушкан». «Мына ушундайча Кытай «Көчмөн элдеринен» белек катары оор куралданган, соот-чопкуттуу атчан аскер кошуунун алган. Монгол-түрктөр кытайларды аскердин жаңы түрүн түзүүгө мажбурлады». Ф.Кардининин келтирилген текстинде гунндук-кытайлык мамилелер тууралуу айтылат, андыктан мында монголдор жөнүндөгү сөз ашыкча. Белгилей кетели, Даванга каршы согуштун себеби «ай-асманды чапчыган жылкылары» болду. Бул эң бир керемет буудандар Кытайга керек болучу. Эгер У-динин аскер башчылары бир катар салгылашууларда гунндарды талкалоого жетише алса, бул баарыдан мурда гунндук үлгүдө түзүлгөн соот-чопкуттуу атчан аскер кошуунунун урушка киргизилишинен улам болгон». Дароо белгилей кетели, бул «кытай соот-чопкуттуу аскер кошуунунда» ошондой эле гунндар, усундар тарабына өтүп кетишкен көптөгөн жалданма-көчмөндөр болушкан. Жүз жылдык гунндук-кытайлык согуштар Кытайды гунндук үлгүдө атчан аскер кошуунун түзүүгө мажбурлаган, бул Кытайга көчмөндөргө каршы турууда кыска мөөнөттүк тыныгууну гана берген, андан соң Улуу көчмөн элдеринен удаама-удаа жеңилүү кезеги кайрадан башталган. Бирок жаңыланган атчан аскер кошууну менен бирдикте кытай жөө аскеринин массалык урушка киргизилиши, дипломатиянын айлакер усулдары, кытай алтыны жана товарлары биргелешип акыры гунндарды талкалоого мүмкүндүк берген. Ошондо баш бербеген гунндардын бир бөлүгү акырындык менен Батышты көздөй жылып башташкан, бул кийин элдердин Улуу жер которуусу деп аталган. Гунндардын Батыш элдери менен биринчи кагылышуусу Кара деңиз аймагындагы талааларда болуп өтөт, мында алар остготторду талкалашат, А.Н.Бернштам белгилеп кеткендей, муну менен алар буга чейин остготторго баш ийип турган байыркы славян элдерин эрксиз абалдан куткарышат. Гунндардын готтор менен бирдикте Рим империясы менен биринчи ири кагылышуусу катары Адрианополдун алдындагы урушту эсептөөгө болот, белгилеп кетүү керек, советтик тарыхый илимде урушка гунндардын катышуусу эскерилбейт. Гунндардын бул урушка катышканын бекемдеген маалыматты ушул атактуу салгылашуунун эпизоддорун заманбап итальян окумуштуусу Ф.Кардининин калыбына келтирип баяндап жазгандарынан табабыз. Мына ал: Адрианополго жакын уруш талаасында окуялар укмуштуудай тездик менен өнүктү. Валент ойлонууга да үлгүрбөй жаткандай туюлду… Кайсы бир маалда римдиктердин сол фалангасы үстөмдүккө жетишип, душмандын аскеринин – көчмөндөрдүн арабаларды тегерете жайгаштырган салттуу чыңдоосунун чок ортосуна жарып кирип барчудай сезилди. Бирок аттуу аскер бул маневрди колдободу. Жөө аскерлердин манипулдары бири-бирине катуу кысылып, натыйжада жоокерлер өздөрүнүн кылычтарын колдоно алышпады. Римдиктер аларга мөндүр болуп жааган жебелерден кыргын табышты. Корккондон улам акылдан ажыраган солдаттардын баштарына кандай элестер келди болду экен? Балким, бул же тигил динден акылына сиңген элестер көздөрүнө көрүнгөндүр? Фракиялык кудай – атчан… Митра… VI кылымдын күүгүм доорундагы римдик согушчандардын космополиттик пантеонундагы бардык бул кудайлар атчандар болуп эсептелишет. Алардын каардуу душманы – жөө аскер. Демек, өлүм алдындагы солдаттар жаманчылыкты алдын ала сезүүнүн туткунунда. Аргасы кеткендеги абалында өлүм анын жасаган күнөөлөрү үчүн жаза катары сезилет, ал каргышка калды жана кудайлар өздөрү кошумча болушту. Мына ал – жаш кудай уюлгуган чаңдын түрмөгүндө жана күндүн чагылышында даңкка бөлөнгөн сымал атчан турат. Кудай жөө солдатты жок кылуу үчүн атайын талаадан келди. Өлүп бараткан легионердин көзүнө алдыда боло турганы көрүнөт – келечек Рим үчүн эмес. Азиянын коюну бул кудай кейпиндеги желмогуздарды, бул жүрөк түшүргөн кудайларды түртүп чыгарды. Кентавр жүзөгө ашырган өч мына ушундай».

Адрианополдун алдындагы салгылашка гунндардын катышуусу төмөндөгү эпизоддордон көрүнөт: тегерете жайгаштырылган арабалар – бул көчмөндөрдүн демейдеги тактикалык ыкмасы, чабуул койгон душмандын толкуну арабалардын жанында токтотулат, мында аларды оор жоготууларга учуратуучу жана өзүн жеңүүчү деп эсептеген душмандын өзүн жоготуп коюусуна алып келүүчү жебелердин мөндүрү күтүп алат. Андан соң арабалар эки жакка ачылып, ичкериден тыгыз күжүрмөн тартипте соот-чопкуттуу атчан жоокерлер атырылып, талкалоону акырына чыгарышат. Император Феодосий Адрианополдун уруш сабагын өздөштүрө алды. Армияда ал атчан аскерди жана жаачылардын отряддарын күчтөндүрдү, ал эми Вегаций «Адрианополду оор куралданган рим пехотасынын жоюлушунун башталышы деп эсептеген». «Так ушул Адрианополь орто кылымдык рыцарлыктын башатында турган, – деп эсептейт Ф.Кардини, – анын тамырлары чынында эле Адрианополдо». Рыцарлыктын жабыштырылган башаттары тууралуу өзүнүн оюн бекемдөө үчүн ал мындай деп жазат: «Кантсе да бир ири жана талашсыз факт бар: кийинки Рим империясынын аскердик тарыхы өзүнүн бүткүл драмалуулугу менен так ушул учурдан тарта согуш аракеттерин жүргүзүүнүн ык-жолдорун жана римдиктерди курал-жарак менен жабдууну көчмөндөрдүкүнө салыштыруу негизинде өзгөртүү зарыл жана бул айласыздыктан улам өзгөртүүлөр келечек үчүн принципиалдуу мааниге ээ болушу керек… Мындан тышкары, Адрианополдогу салгылашуу IV кылымдын бүткүл уланышында Рим кириптер болгон жеңилүүлөрдүн акыркысы жана эң эле кандуусу болду. Империянын «жеңилгис» армиясы жеңилүүгө учурады. Аны Чыгыштан келген көчмөндөр жеңди». Чыгышта Батышка келгенине чейин чоң жоокердик кадыр-баркка ээ көчмөндөрдүн кубаттуулугун адилет бааласа болчудай. Так ушул контексте Ф.Кардини жазат: «Атчан адамдын артыкчылыгы кандайча калыптанганынын тарыхына көз жүгүртүп көрөлү. Алгач анын азиялык Чыгышта кандайча калыптанганын, анан европалык Батышка кандайча көчкөнүн карайбыз. Бул тезисти өнүктүрүү менен ал мындай дейт: «бир аз мурдараак биз жылкынын андагы христиандык эмес диний-мистикалык ааламдын борборунан орун алуу менен, антикалыктан орто кылымга өтүү мезгилинде маанилүү роль ойногонун жазган элек. «Жылкыга сыйынуунун» географиялык борбору – евразиялык талаалар, Кавказ, Кавказ аймагы, Иран бөксө тоолору. Мына ушул жактан соот-чопкуттуу атчандар кошууну жана жылкыга сыйынуучулук Батышка агылган». Көчмөндөрдөн стратегия жаатынан артта калгандан тышкары Батыш иш жүзүндө темир доорунун баш ченинде гана жашап, коло доору али толук чегине элек көрүнөт. Заманбап италиялык окумуштуу белгилегендей, «металлургиясы анчалык жогору деңгээлде болбогон, темирди Ибериядан, Норикадан жана да Кытайдан ташып келүүчү римдиктер сарматтар, парфяндар менен кагылышканда, көчмөндөрдө натыйжалуу атчан аскер кошууну менен катар эле мыкты курал, бөтөнчө соот-чопкут түрүндөгү коргонуу каражаты бар экенине көңүл бурбай коё алышпаган».

Өзгөчө белгилеп кетмекчибиз, рим легиондорун айрым олуттуу жеңилүүлөргө учуратышкан сарматтарда да, парфяндарда да (бул чек ара согуштары негизинен Чыгышта жүргүзүлгөн) Европага басып кирүү үчүн жетиштүү күч, мүмкүнчүлүктөр болгон эмес, ошондой эле алар өздөрүнүн алдына мындай аткарылгыс милдеттерди да коюшпаган. Рим цивилизациясынын, анын негиздеринин жашап турушуна коркунуч көчмөндөр дүйнөсүнөн, түрк-гунндар тарабынан келди. Эч качан Азия тараптан Европа үчүн коркунуч мынчалык олуттуу болгон эмес, буга чейин эч качан гунн коркунучу менен салыштыргандай деңгээлде болгон эмес. Гунндардын герман урууларынын отряддарынын, римдик армиялардын үстүнөн болгон бир канча жолку жеңиштери төмөндөгү себептер менен түшүндүрүлөт: Биринчиден, техникалык артыкчылык, гунндарда металлургия, темир устачылык жогорку деңгээлде болгон, бул аларга коргонуу жана чабуул коюучу курал-жабдыктарды жогорку деңгээлде даярдоого мүмкүнчүлүк берген, андан тышкары согуш ишине эң бир мыкты үйрөтүлгөн, оор куралданган атчан аскер кошууну рим легиондорунун оңой эле таш-талканын чыгара жеңип турган, ушундан улам төмөндөгүдөй аскердик доктрина-аксиома жаралган: оор куралданган, согуш ишине идеалдуу үйрөтүлгөн жөө аскер душмандан саны жагынан көп болуп туруп иш жүзүндө каршы тура алган эмес, андан да гунндардын оор куралданган атчан кошуунун жеңүү дегеле мүмкүн болбогон. Экинчиден, алар Европага эң сонун үйрөтүлгөн, согуш ишине даярдалган жылкыларды алып келишти, буларсыз оор куралданган атчан аскер кошуунунун болушу мүмкүн эмес, андан да аттын ооздугу болуп, ээринин астында үзөнгүнүн болушу римдиктер үчүн ачылыш эсебинде болду. Үчүнчүдөн, алар психологиялык-адептик жагынан римдиктерден жогору турган, IV кылымдагы Римдин жарандарынын моралдык-адептик жагынан бузулуусу баарыга жакшы белгилүү. Төртүнчүдөн, гунн коомунун сасый түзүлүшү римдикинен жогору болгон: римдиктердики – кул ээлөөчүлүк, гунндардыкы – феодалдык. Гунндар ал мезгилде прогресстин кыймылдаткычтары болушкан, неге дегенде Европага көбүрөөк жогорку саясый түзүлүш – феодализмди алып келишкен. Көчмөндөр К.Маркс менен Ф.Энгельстин айтымында «өлүп бараткан Европага жашоого болгон жаңы күчтү беришти». Дегинкиси, көчмөндөрдүн жан-дүйнөсүндө, дүйнө таанымында, философиясында, тарыхында таң каларлык, суктанарлык көп кырдуу сырлар жатат. Дүйнө элдерине, ошол эле Европанын цивилизациясына, маданиятынын өнүгүшүнө баа жеткис чоң салым кошушкан.

Кыргыз эли жана ага тукумдаш калктар: сактар (Томирис), гунндар (Атилла), усундар ж.б. байыркы көчмөнчүлүк доорунан берки бай тарыхы менен таанылып, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө көчмөнчүлүк маданияттын тийгизген таасири (шым, үзөңгү, жүгөн) зор экени белгилүү. Ата-бабаларыбыздын андагы ата мекенчил руху элибиздин бүгүнкү эгемендүүлүк заманындагы саясый-социалдык абалына байланыштырылат. Ѳткѳндүн мисалы жаштардын атуулдук сезимин ойготуп, улуттун бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн күйгөн инсан болуп калыптануусуна өзүнүн тийиштүү салымын кошот деген ишенимдебиз.