Воскресенье, Августа 25, 2019

Б.Мырзатаева: "Аалам адабиятынын алпы арабызда" (Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата)

Алп жазуучубуз Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнө жүзүндө белгиленип, өлбөстүккө өр алган өмүрү  даңазалуу доорун сүрүүдө.

Кандай гана касиеттүү күчкө эгедер кеменгер жазуучубуз бар экендигин, аалам адабиятынын асманында чолпон жылдыздай жаркыраган бул ысым адамзатка түбөлүк жарыгын чачып турарын эч ким тана албайт!Муундан муунга мурас болчу руханий байлыгын учурда жаштар кандай кабылдап, кандай үйрөнүп жаткандыгы жалпыбызды кайдыгер калтырбай турган жан күйөр маселелерден. Жакында университетибиздин башкы корпусунун чоң залында Кыргыз-Европа факультетинин бизнес жана коммуникация кафедрасынын  жамааты даярдаган  “Чыңгыз Айтматов -дүйнө тилдеринде” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Аталган семинаргаМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана башка чет өлкөдөн келген коноктор, борборубуздагы ЖОЖдордон келген студенттер да күбө  болушту.Аталган кечени  университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору С.Тиллебаев ачып, ректордун атынан куттуктоо сөзүн айтты. Өз сөзүндө бул кеченин өзгөчөлүгүнө басым жасап, сахнада Айтматовдун чыгармалары алты тилде аткарыла тургандыгы абдан кубаттай турган жана сыймыктандыра турган саамалык экендигине токтолду.

Иш-чаранын башында улуу ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган кинолордон үзүндүлөр коюлду.Комуздун жандуу  коштоосундаслайд-шоу көрсөтүлдү. Канча карасаң да канбаган жазуучунун аркайсы мезгилде түшкөн сүрөттөрү, ата-энеси,бир туугандары жана жолугушуулары тизмектелип өткөндө залдагы катышуучулар залкар жазуучунун арабыздан кеткенине ишенбегендей, мына азыр сахнадан жарк деп чыга калчудай ишеничте болсо, айрымдары армандуу телмирипотурушту. Андан соң чыгармаларынан бир канча тилде даярдалган чакан сценкаларга кезек берилди. Албетте, бул кеченин даярдалышына жан-отун жагып, жүгүрүп жүрүшкөнфакультеттин аталган кафедрасынын башчысы Анара Камалова, жардамчысы Кубат Жумагулов баштаган уюштуруучулар тобунун жана тилчилери: кыргыз тилинен Ж.Жапарова, Г.Шабыралиева, француз тилинен Ж.Мырзакматова,англис тилинен М.Чулуева, испан тилинен Ж.Айдыралиева, немец тилинен М. Индигараев, орус тилинен Э.Боогачиевалардын эсепсиз эмгектериалкышка арзыйт.

Жазуучунун эне тилинде“Кылым карытар бир күн” романынан үзүндү аткарышкан Найман эне менен Жоламандын ролундагы студенттер  берилип ойноп, эң негизги идеяны жүрөгүнөн өткөрүштү.

Арасында аткарылган ыр-бий ар бир эпизодго жуурулушуп, үндөшүп, өзүнчө бир композиция жаратып тургандай туюлду.

Р.Абдыкадыровдун “Жолугарым билгемин” деген ыры студенттердин аткаруусунда бий менен коштолуп, бул ырдан соң “Жамийладан” үзүндү – француз тилиндеаткарылды, ачуулуу жулунган Садыктын Жамийла менен Даниярдын  сүрөтүн жыртып салганы, Сейиттин апасына сүрөттү дагы тартарын, окууга бара тургандыгын айтып жаткан эпизод менен аталган чыгармадагы Жамийланын катты окугандагы абалы англис тилинде жаңырды.

“Асман”, “Энекемай”, жазуучунун сөзүнө жазылган “Ысык-Көл” ырлары бийдин коштоосунда аткарылган эпизоддорго боёк болуп, көркүн ачып турду. “Саманчынын жолундагы”Майсалбектин катын , Толгонайдын Жер Эне менен диалогунорус тилинде , “Ак кемедеги”  Баланын  таятасы портфель сатып бергендеги кубанычын ар кимге айтып бөлүшкөнүн, чоң апасы портфелин уктаарда катып койгонун, таятасынын мас абалын, сууга сүзүп кетишиниспан тилиндеберилүү менен образга кирип аткарышты. Жеткире ойношкондуктан көрүүчүлөр көз жашын жашыра алышкан жок.

“Кызыл жоолук жалжалымдагы” Ильястын машина оңдогон жери, таанышып баш кошкону, бактылуу рейстер, анан Кадича ортодон чыкканын, Байтемирге чуркаган баланын ролун  немец тилинде ойноп беришти.  Ар бир чагылдырылган окуяга жараша жасалгаланган көрүнүштөркызыгууну жаратты. Мисалы, чөмөлө, чөп, машина, ж.б. буюмдар студенттердин өз колдору менен өтө чоң чеберчиликте жасалгандыгы  сахнага көрк берип, жандуу маанай жаратып турду. Турмуштун өзүнөн алынган окуялар адамга кандай жакын, “От алган очогум” деп айткан Чыңгыз Айтматовдун айылындагы окуялар балалык таза сезимине өчпөс мөөрүн басып, аалам сүйгөн чыгармаларга айланды. Аны биздин жаштар дүйнө тилинде сүйлөтүп, сүйүп окушат. Демек, жаштарга туура багыт берсек, жакшы жөрөлгөлөрдү жан дили менен улантып, ал үчүн жанын аябай жоопкерчиликти моюнга аларын дал ушул  иш-чара далилдеди.Баарынан кызыктуусу чыгармадагы түгөйлөрдүн бийи болду. Музыканын коштоосунда окуядагы бактылуу түгөйлөр бийлеп атып, турмуштан адашуусу, ортодон чыга калган  үчүнчү адамдардын таалайын тартып кетүүсү чыгармачылык менен иштелгендигин, чыгармадагы идеяны ачып берүүгө жасалган оригиналдуу аракеттер экендигин баса белгилеп кеткибиз келет. Өзгөчө чеберчиликте өздөрүн көрсөткөн студенттер: Даниэл Чеченбеков, Улукбек Сагындыков, Эрназар Кочкунбаев, Аскар Шайкидинов,  Элисбек уулу Элдияр, Айдана Жеңишбековалар жоопкерчиликти бийик туткан азаматтар  экендигин далилдешти.

Акырында сөз берилген РаимжанКурбанов көп өлкөлөрдү кыдырганын, бир жерде “Жамийланы” кыргызча айтканда зал туруп кол чаап “браво” деп кыйкырганын эскерип өттү. Ошол жеринен сахнаны жаңырта Ч.Айтматовдун “Жамийласынан” үзүндү айтканда зал жаңырта кол чабылып, көркөм окуунун күчүнөн айтылып жаткан эпизод кудум азыр болуп жаткандай көзгө тартылды.Алдыбызда чындап эле Сейит келип “Жамийлалап” кыйкырып жаткандай элестеди.

Нуржигит Кадырбеков Японияда жүрүп  жазуучубуздун каза болгонунукканда көз жашын төгүп баш оогон жакка басып баратышы, анын көз жашына таңыркаган япондор, а бирок ошол ыйды бир гана кыргыз гана түшүнөрүн, ошол абалга кыргыз гана кабылыш мүмкүн экендигин айтып баарын ынандырды, улам сөз ортосунда төрт саптан ыр төгүп турушу да анын толкунданганын сездирип турду.

“Айтматовдун чыгармаларына эч бир кыргыз эли кайдыгер карабастан, күчүнүн жетишинче окуп-билүүгө умтулаарына бүгүн да күбө болуп, толук көзүм жетти. Кыргыз Улуттук университетинин студенттеринин патриоттук сезимдерикүчтүүлүгүнө бир жагы кубансам, бир жагынан ойлонуп да отурдум. Анткени азыркы жаштардын ушундай  өзгөчө билим алып чыгышы өлкөбүздүн өнүгүп жатканынын бир белгиси. Улуу инсандарыбыз айтып калат эмеспи «Айтматовду жана анын чыгармаларын жакшы билиш үчүн кыргыз болуп жаралышың керек» деп,мен да кыргыз болуп, Айтматовдун чыгармалары менен тарбияланганыма кубанам.Мына, бүгүн да өзүмдүн келечектеги максатым үчүн дагы сонун сабактарды алдым,” дейт толкунданганын жашыра албаган, келечек ээлеринин бири, активист Ала –Тоо университетинин 4-курсунун студенти Элиза Кадырбекова.

Жаштарды жакшы багытка тарбиялоодо китеп окуу маданияты негизги орунда тураары белгилүү эмеспи. Айтматовдун чыгармалары адам болууга үндөгөн, каада-салтыбызды кастарлоого чакырган, асыл таштайакыл-эс катылган чалкыган океан. Азыркы бар  тарабы бакубат замандын  жаштарында магниттей эрк  болсо максатка жетүүгө абдан зор мүмкүнчүлүктөр бар. Жогоркудай таасири күчтүү тарбия, багыты бийик билим менен биздин жаштар келечекте сыймыктуу инсандардан болоруна чоң ишеничтебиз!

myrzataeva

Бакыт Мырзатаева -  “Улуттук университет” гезитинин баш редактору