Вторник, Апреля 23, 2019

“Мисс и Мистер КНУ - 2014”

alt2014-жылдын 22-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында Улуттук университеттин студенттери көптөн бери күтүп жүргөн “Мисс жана Мистер КУУ - 2014” сынагынын финалы болуп өттү. Иш чара саат 18.00дө башталып, түн бир оокум болуп калганда аяктады. Спорт сарайынын чоң залы көрүүчүлөргө жана күйөрмандарга жык толуп, орун жетишпей калгандар да көп болду.

Салтанатттуу кече сынактын бардык катышуучуларынын (11 кыз + 10 улан) аткаруусундагы "Вена вальсы" менен башталды. Андан кийин сахнага финалдык шоу-программанын алып баруучулары Сактанов Нурдөөлөт (журналистика факультетинин 2-курс студенти) менен Солтобаев Ислам (башкаруу жана бизнес институтунун 2-курс студенти) чыгышып, иш чараны ачып берүү үчүн сөздү КУУнун окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору Жеңиш Акматовго беришти.

Сынактын калыстар тобу 8 адамдан туруп, курамына Кыргызстанга аттын кашкасындай белгилүү инсандар киришти:

  • Бакыт Төрөбеков – Жогорку Кеңештин депутаты (төрага)
  • Саламат Садыкова – Кыргыз Республикасынын Эл артисти
  • Турусбек Мамашев - "Дасмия" эс алуу комплексинин жетекчиси
  • Замира Молдошева - белгилүү стилист-дизайнер
  • Камчы Сарыбаев - белгилүү актер жана шоумен
  • Мирзада Калыкова - "Ак бата" продюсердик борборунун жетекчиси
  • Кубат Болотаканов – КТРКнын директорунун орун басары
  • Гүлсара Айдарканова - "Миң кыял» бийчилер тобунун жетекчиси, хореограф

Кеченин жүрүшүндө “Мисс жана Мистер КУУ - 2014” таймашынын катышуучулары "Дефиле", "Визиттик карточка", "Араб бийи" (кыздар үчүн), "Кара жорго бийи" (уландар үчүн) деп аталган тапшырмаларды аткарышты.

Тапшырмалар ортосундагы тыныгууларда сахнага белгилүү куудулдар "Сакиш" менен "Бопуш", КУУнун “Кыз кыял” бий тобунун, Юридикалык институтунун "Бумбокс" тобунун жана "Тамашоу" лигасында ойногон "Нацтан" шайырлар жана тапкычтар командасынын катышуучулары чыгышып, өнөрлөрүн көрсөтүшүп, кеченин көркүн ачышты.

Беш саатан ашыкка созулган шоу-программанын соңунда кара кылды как жарган калыстар тобу өз чечимин чыгарып, сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялашты. Байгелүү орундарды алгандар:

Кыздар арасында:

  • Гран прини жана "Мисс КНУ - 2014" наамын журналистика факультетинин 2-курс студенти Жамгырчиева Айзада утуп алып, Турцияга 5 күндүк жолдомо менен сыйланды. Айтмакчы, Айзада университеттин сайтында уюштурулган онлайн-добуш берүүдө да жеңишке ээ болгон болчу.

          Айзаданын фотогалереясы

          alt

         Жамгырчиева Айзада - "Мисс КНУ - 2014"

  • 1-орунга тарых факультетинин 2-курс студенти Бактыгулова Нурсулуу татыктуу болуп, ЖК депутаты Бакыт Төрөбековдон 10 миң сом алды;
  • 2-орун Кыргыз-Кытай институтунун студенткасы Эркинбекова Бегимайга ыйгарылып, "Ак бата" продюсердик борборунан акысыз видероликке тартылууга сертификат берилди;
  • 3-орунду Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенткасы Ташматова Акылай ээлеп, КУУнун профкому тарабынан Ысык-Көлгө 5 күндүк жолдомо ыйгарылды.

Уландар арасында:

  • Гран прини жана "Мистер КНУ - 2014" наамын юридикалык колледждин студенти Акматалиев Даниель утуп алып, Турцияга 5 күндүк жолдомо менен сыйланды;

          alt

         Акматалиев Даниель - "Мистер КНУ - 2014"

  • 1-орунду журналистика факультетинин 2-курс студенти Жакыпбек уулу Нурсултан менен Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенти Кубанычбек уулу Улукман ээлешип, ЖК депутаты Бакыт Төрөбеков берген 10 миң сомду бөлүп алышты;
  • 2-орун Евразия инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенти Самаган уулу Бекзатка ыйгарылып, ага да "Ак бата" продюсердик борборунан акысыз видеороликке тартылууга сертификат берилди;
  • 3-орунду Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенти Кубатбек уулу Азизбек ээлеп, КУУнун профкому тарабынан Ысык-Көлгө 5 күндүк жолдомо ыйгарылды.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Кандай эле сынак демөөрчүсүз өтсүн. “Мисс жана Мистер КУУ - 2014” сынагында бул милдетти KICB банкы, Бишкек эркин экономикалык зонасы, "Дордой" ассоциациясы, "Беш сары" соода борбору, "Учкун" ачык акционердик коому, Айбат" гезити, "Актык" суусундугу", Ак бата" продюсердик борбору жана Коомдук теле-радио берүү компаниясы аткарышты.

Сынактын байгеге жетишпей калган катышуучуларына да демөөрчүлөр тарабынан ар кандай белектер берилди.

Белгилеп кетчү нерсе, университеттин сайтында уюштурулган онлайн-добуш берүүнүн жеңүүчүсү, аталган конкурста 2-орунду жеңип алган Евразия инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенти Самаган уулу Бекзат сынак учурунда сахнага кыргыз желеги тагылган "крутой" велосипеди менен чыгып: “Биздин депутаттар деле велосипед минип, ага кыргыз желегин тагып коюшса, алыстан эле депутаттын велосипеди экени билинмек" деп тамашалаганда, сынакта калыстар тобунун төрагалык милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбеков "Велосипедиңи мага бер. Анын ордуна “Хонда Фит” автоунаасын тартуу кылайын" деди. Ошентип, күтүлбөгөн жерден Бекзат "крутой" велосипедин "крутой" автоунаага "алмаштырып" алды. Мына сага, убагында жана керектүү жерде айтылган орундуу сөздүн күчү!

alt             alt

Самаган уулу Бекзат:

- Биздин депутаттар деле велосипед минип, ага кыргыз желегин тагып коюшса, алыстан эле депутаттын велосипеди экени билинмек.

Бакыт Төрөбеков:

- Велосипедиңи мага бер. Анын ордуна “Хонда Фит” автоунаасын тартуу кылайын.         

alt

Сынак тууралуу кошумча маалыматарды төмөндөгү булактардан окусаңыз болот: