Вторник, Марта 26, 2019
kg_m RU

КУУдагы соңку жаңылыктар

Юридикалык факультеттин студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту

00

2019-жылдын 12-13-февраль күндөрү юридикалык факультеттин 1-курс студенттери Жогорку Кеӊешке экскурсияга барышты. 12-февраль күнү алар депутат Дастан Бекешов, анын эртеси депутат Исхак Пирматов менен жолугушуп, парламенттин тармактык комитеттеринин, депутаттардын иши тууралуу  маалымат алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар мамлекеттеги көйгөйлөр, жүрүп жаткан  реформалар, өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылып, студенттердин суроолоруна жооп беришти. 

 

МжМБ факультетинин студенттери Афган согушунун себептери менен кесепеттерин талкуулашты

00

2019-жылдын 12-февраль күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына карата «Афган согушунун себептери жана кесепети» аталышындагы студенттер аралык илимий семинар болуп өттү. Жыйында факультет деканы Кундузгүл Базакеева, кафедра башчылары Издевалды Искаков менен Гүлсайра Нурматова сөз сүйлөшүп, бул согуш жалпы совет эли үчүн кыйын болгондугун, ошондуктан аны ар дайым эстеп туруу зарыл экендигин белгилешти. 

 

Манасчы жана акын Рысбай Исаков №5-жатаканада студенттер менен жолушушуу өткөрдү

00

Жаңы жылдан баштап №5-жатаканада "Ал мезгил менин эсимде..." аттуу жолугушуулар цикли өткөрүлө баштады. Комендант Г.Сүйүмкулова жана студенттер тарабынан уюштурулган бул жаңы иш-чарада жатаканада мурда жашап кеткен атактуу инсандар өздөрүнүн студенттик күндөрү, кызыктуу окуялар тууралуу жана чыгармачылык иши жөнүндө маек куруп беришет. 2018-жылдын 7-февралында өткөрүлгөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы жана акын Рысбай Исаков катышып, студенттерге өзү жөнүндө айтып, суроолорго жооп берди жана өзүнүн калемине таандык ырлардан окуп, "Манастан" үзүндү айтып берди. 

 

Журналистика факультетинде Афган согушун эскерүү сабагы болуп ѳттү

002019-жылдын 7-февраль күнү журналистика факультетинде Афганистандагы согуштан Советтик аскерлердин чыгып кеткендигинин 30 жылдыгына карата эскерүү сабагы болуп ѳттү. Иш чарага аталган согуштун ардагерлери Таштанбаев Орозбек, Абдиев Асан жана Чотуров Алмазбек агалар катышып, 1-2-3-курс студенттерине согуштун себептери, жоокерлердин азаптуу, кайгылуу күндѳрү, досторун жоготуулары, энелердин санаасы, тилеги жѳнүндѳ кеңири маек куруп беришти. 

 

Практик-психолог Т.Гаипбердиев СГИФ жана КФФтин студенттери менен жолугушту

00

2019-жылдын 7-февраль күнү 5-окуу имаратынын 218-дарсканасында Москва шаарында эмгектенген практик-психолог Турдумамат Гайыпбердиев социалдык-гуманитардык илимдер факультети менен кыргыз филологиясы факультетинин студенттери  менен жолугушту. Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) сөз сүйлөп, ачып берген соң, Турдумамат Гайыпбердиев «Ийгиликтин ачкычы», «Ден-соолуктун бекемдиги», «Үй-бүлөнүн идеалдуулугу», «Кызыктуу жумуш», "Активдүүлүк", "Демилгелүүлүк" деген темаларда кызыктуу маек куруп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

 

БжБ факультетинин студенттери иш кагаздарын жүргүзүү боюнча маалымат алышты

00

2019-жылдын 7-февралында Мамлекеттик архивдин иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.Байбулатова, Ч.Азизбекова жана Э.Эсенаманова башкаруу жана бизнес факультетинин окутуучулары менен студенттери үчүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү” боюнча лекция өтүштү. Иш чарага факультет деканы М.Керимкулова, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.Осмоналиева катышты.

 

Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы журфактын студенттерине мастер-класс өттү

00

2019-жылдын 7-февралында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева журналистика факультетинин студенттери үчүн "Коррупция менен күрөшүүдөгү журналисттин ролу" аттуу мастер-класс өттү. Жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө студенттер 2 редакциялык топко бөлүнүп, ойдон чыгарылган коррупциялык көрүнүштү ачыктоого аракеттеништи.

 

Сооронбай Жээнбеков: "Коррупция бар жерде эч качан сапаттуу билим берилбейт"

002019-жылдын 6-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилди (текст "Кыргыз Республикасынын Президенти" сайтынан алынды):

 

Канадалык профессор «Тилдерди окутуу» боюнча семинар өттү

00

2019-жылдын 4-февралында 6-окуу имаратындагы 318-дарсканада «Тилдерди окутуу» боюнча илимий семинар болуп өттү. Сабакты тилдерди окутуу, лингвистика, тил саясаты, көп тилдүүлүк боюнча мыкты адис  Назарбаев Университинин профессору, Канададагы Торонто университетинин лектору доктор Стивен Бари өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү жана чет тилин окутууга керектүү материлдардын электрондук варианттарын калтырды.

 

Коомдук ишмер Темирбек Асанбеков КУУнун студенттери менен жолугушту

002019-жылдын 1-февраль күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери коомдук ишмер, "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен жолугушту. Иш чараны Темирбек Ишенбаевич өзүн таныштыруу менен баштап, мамлекеттик башкаруудагы идеология жана башкаруу методдору тууралуу кенен айтып берди.

 

Матфактын студенттери – математика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү!

00

Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты менен студенттик активи Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинде математика боюнча жогорку окуу жайлар арасында болуп өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрүн – факультеттин ПМб-18 группасынын студенттерин куттуктайт. Алар: Мурзаева Орозгүл (1-орун), Нурлан кызы Айжамал (2-орун), Дайырова Гүлсүн (3-орун) жана Ильясбек кызы Сезим (4-орун). Жетекчиси - КМИжКТ кафедрасынын ага окутуучусу Назарбаев Ф.Т.

 

Асылбек Чекеевдин дагы бир макаласы Filomat журналында жарыяланат

chekeev

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев менен анын докторанты Тумар Касымованын "R-compact uniform spaces in the category ZUnif" аталышындагы биргелешкен илимий макаласы Filomat журналында жарыялана тургандыгы жөнүндө кабар келди. Аталган журнал илимий дүйнөдө бийик денгээлде турат, анын 2017-жылдагы илимий-метрикалык көрсөткүчү: Impact Factor: 0.635, журнал Scopus, Web of Science маалымат базаларынын өзөгүнө кирет.

 

Ж.Кудайбергеновдун элесине арналган блиц-турнирдин жыйынтыктары (толукталды)

002019-жылдын 25-26-январь күндөрү кичи-футбол жана волейбол боюнча 7-апрель окуясынын баатыры, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин саясат таануу кафедрасынын окутуучусу, маркум Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган  блиц-турнир болуп өттү. Иш чаранын ачылыш аземинде мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) сөз сүйлөп, азаттык үчүн болгон элдик күрөштө окко учкан Улуттук университеттин мыкты окутуучусу болгон Жолдош Кудайбергеновду КУУнун жамааты эч качан унутпай тургандыгын, аз жашаса да анын өмүрү, эмгектери жаштарга өрнөк болоорун айтты.  

 

Эртеңки ийгилик бүгүн түптөлөт

00

2019-жылдын 30-январь күнү журналистика факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, белгилүү  кинорежиссер Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры") жана коомчулук менен байланыш боюнча мыкты адис Акжол Нышанов башкы имараттагы 150-дарсканада факультеттин 1-курс студенттери менен  жолугушуу өткөрүп, ийгиликке жетишүүнүн сырлары менен  бөлүшүштү.

 

КУУда ЖОЖдор арасында өтүлүүчү “Кош жылдыз” сынагы старт алды

00

2019-жылдын 30-январында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын арасында өтүлүүчү “Кош жылдыз” сынагына катышуучулар менен жыйын өтүлдү. Чогулушта сынакты өткөрүүнүн тартиби боюнча ЖОЖ өкүлдөрү өз сунуштарын айтышты. Жыйынга ИИМ Академиясы, КМКТАУ, КИ, КГУСТА, КГМА, КМДжСА, КТУ, КГЮА, КМУ, КЭУ, КУУ өкүлдөрү катышты: .

 

Футбол боюнча блиц-турнирде ЧТФ студенттери 1-орунду ээлешти

00

Апрель революциясынын баатыры, СГИФтин саясат таануу кафедрасынын окутуучусу, маркум Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган профессордук-окутуучулар курамы менен студенттердин арасында залдагы футбол боюнча блиц турнирде чет тилдер факультетинин студенттери биринчи орунду ээлешип, Кубок, медалдар жана акчалай байгелер менен сыйланышты.

 

КУУнун окутуучусу "WJF Grappling" боюнча дүйнө чемпиону аталды

00Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт 2019-жылдын 18-21-январь күндөрү Грузиянын борбору Тблиси шаарында болуп өткөн «WJF Grappling» боюнча дүйнөлүк чемпионатта Азербайджан мушкери Фарид Алиевди жеңип, алтын кур тагынуу менен кайрадан дүйнө чемпиону аталды.

 

Матфакта “Мыйзам бузуулар боюнча кодекс” талкууланды

02019-жылдын 30-январында математика жана информатика факультетинде “Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар боюнча кодексин” талкуулоо максатында “Мен коопсуз жана таза шаар үчүн” аталышындагы иш чара болуп өттү. Жыйында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) сүйлөп, коомдогу өзгөрүүлөрдү жаштар өзүлөрү демилгечи болуп көтөрүп чыгып, талкуулап жатканы жакшы нерсе экендигин белгиледи.

 

КУУнун жаштары "Таза шаар үчүн" акциясын өткөрдү

00Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери 30-январь күнү таң эрте менен “Таза шаар үчүн” акциясын өткөрдү. Алар таңкы саат 5:00дөн тартып шаар көчөлөрүн тазалап жаткан “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлерине ысык чай, таттууларды сунуштап, таңкы маанай тартуулашып, кол кабыш да кылышты.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2019-жылдын 29-январында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында СжГИ жана ККДжКЖ факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, айрым окутуучуларга окумуштуу наамдар менен даражалардын аттестат, дипломдору тапшырылды жана БжБ, СжГИ жана ОжСФ факультеттеринин кээ бир кафедраларынын башчылары шайланды.

 

КУУнун жамааты Кутман Кадырбеков жана Айзар Акматов менен жолугушту

002019-жылдын 28-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун окутуучулары менен студенттери Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы, экономика факультетинин 4-курс студенти Кутман Кадырбеков жана коргоочусу, юридика факультетинин 3-курс студенти Айзар Акматов менен жолугушту.

 

Мекеним - менин жүзүм, жузүмө түкүрбө!

00

2019-жылдын 24-январында физика жана электроника факультетинде “Мекеним - менин жүзүм, жузүмө түкүрбө!” аттуу семинар болуп өттү. Иш чарага аталган акциянын автору жана демилгечиси, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков чакырылды. Ал акыркы күндөрү эл арасында катуу талкууланып жатткан “түкүрүк” маселеси боюнча жаңы мыйзамдын алкагында пикир алышып, студентерге кененирээк маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздүАл өзүнүн даярдап келген видео роликтерин көрсөтүп, студенттерди мекенчил болууга үндөдү.

 

КУУнун студенттери "Ак шумкарларды" тосуп алышты

02019-жылдын 24-январь күнү эрте мененки саат 5те Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке учуп келди. "Ак шумкарлардын" дарбазачысы, экономика факультетинин 4-курс студенти Кутман Кадырбеков менен коргоочусу, юридика факультетинин 3-курс студенти Айзар Акматовду тоскону "Манас" аэропортуна коомчулук менен байланыш жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери жана 100дөй студенттер барышты.

 

Журфактын студенттери “Бузуулар жөнүндө кодекс” менен таанышты

00

2019-жылдын 18-январында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча улук инспектору Тилек Оторов журналистика факультетинин студенттери менен жолугушту. Иш чараны факультет деканы доцент Айна Дүйшекеева ачып, сөз сүйлөдү..

 

Страница 3 из 14

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 458 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары