Понедельник, Января 21, 2019
kg_m RU

Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы - КУУнун студенти!

КУУда “Укуктук мамлекет - жаштардын келечеги” аттуу иш чара болуп өттү

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата интеллектуалдык таймаш өттү

002018-жылдын 5-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча студенттер арасында интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган мелдешке 1-курс студенттеринен куралган “Ак кеме”, “Ак башат”, “Кызыл жоолук жалжалым” жана “Биринчи мугалим” командалары катышты.

 

КУУда “Айтматов ааламы – кыргыз телекөрсөтүүсүндө” аттуу МТС өткөрүлдү.

0

2018-жылдын 4-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгына карата “Айтматов ааламы – кыргыз телекөрсөтүүсүндө” аттуу маданий тегерек стол өткөрүлдү.

 

КУУда ЖОЖ студенттери арасында дебаттык турнир болуп өттү

00

2018-жылдын 4-декабрында 6-окуу имаратындагы 7-дарсканада Майыптардын эл аралык күнүнө карата ЖОЖ студенттери арасында дебаттык турнир болуп өттү. Майып адамдардын коомдогу ордун жана абалын элге жеткирүү максатында математика жана информатика факультетинде түзүлгөн «Жаңы муун» дебаттык клубу тарабынан өткөрүлгөн иш чарага 12 ЖОЖдон 150дөн ашуун студенттер катышты.

 

КУУда “Ордо аянтчасы” ачылды

00

2018-жылдын 29-ноябрында башкы имараттын батыш тарабындагы бактын ичинде “Ордо аянтчасы” ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу жыйындын катышуучуларын аянтчанын ачылышы менен КУУнун ректору Канат Садыков, Улуттук оюндар дирекциясынын мүдүрү Токсонбай Асанов жана Ордо федерациясынын президенти Таалай Айталиевдер куттукташты.

 

Матфак - теннис боюнча КУУнун чемпиону!

00

Факультеттер арасында өткөрүлгөн ”Ден cоолук - 2018” спартакиадасында математика жана информатика факультетинин стол тенниси боюнча кыздар курама командасы 1-орунга ээ болуп, КУУнун чемпиону аталды. Факультет жамааты өз командасын бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

КУУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин алгачкы отуруму болуп ѳттү

02018-жылдын 29-ноябрында КУУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин алгачкы отуруму болуп ѳттү. Кыргыз Республикасынын “Көзөмөлчүлүк кеңеш” тууралуу мыйзамынын 11-беренесине ылайык алгачкы жыйынды аталган органдын аксакал мүчѳсү Аманбек Жайнаков ачты.

 

Физфактын жамааты Роза Айтматова менен жолугушту

00

2018-жылдын 28-ноябрь күнү физика жана электроника факультетинин жамааты заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата эскерүү кечесин өткөрдү. Иш чарага улуу жазуучунун карындашы, ф.м.-и.к., КУУнун ардактуу профессору Роза Айтматова конок катары чакырылды.

 

Роза Айтматовага “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

00

Бул тууралуу Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 27-ноябрында болуп ѳткѳн отурумунда белгилүү болду. Ушундай эле наамга Корея Республикасынын Бишкектеги билим берүү борборунун мүдүрү Мин Дже Щик мырза да татыды. КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында о.э. тѳмѳндѳгү маселелер каралды:

 

Тарыхты ар бир атуул билиши абзел

00

2018-жылдын 26-ноярында экономика факультетинде Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 1-курстун студенттери үчүн ачык лекция болуп өттү. Сабакты «Кыргызстан тарыхы» кафедрасынын ага окутуучусу Жалиева Бурул алып барып, 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары, о.э. атууга кеткен атуулдардын мамлекет учун кылган эмгектери жөнүндө айтып берди.

 

Ак жол сизге, Бакыт мырза!

00

2018-жылдын 23 ноябрында математика жана информатика факультетинде физкультура жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, ММА боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Кадыров Бакытты Баку шаарында өтө турган дүйнөлүк биринчиликке узатуу аземи болуп өттү. Факультеттин студенттери менен окутуучулары Бакыт мырзага мелдеште женишке жетишип, өлкөбүздүн туусун бийик көтөрүү тилегин билдиришти.

 

Эфир залкары Тамара Джаманбаева журфактын студенттери менен жолугушту

00

2018-жылдын 23-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында көгүлтүр экрандын көркү болгон легендарлуу диктор Тамара Джаманбаева менен журналистика факультетинин студенттеринин жолугуштууусу болуп өттү. Эфир залкары кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхы менен тыгыз байланышкан  өмүр жолун  баяндап, бардык ийгиликтерге  талыкпаган эмгектин натыйжасында гана жетишүүгө боло тургандыгы жөнүндө сөз кылды.

 

Спорт ордосунда 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү ( + видео)

00

2018-жылдын 22-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда_салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерине ак жол каалап, аларга символикалуу "Билим ачкычы" тапшырылды.

 

МжМБФ студенттери саясий репрессиялардын курмандыктарын эскеришти

00

2018-жылдын 21-ноябрында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары менен студенттери 1937-38-жылдары саясий репрессиялардын курмандыктары болгон И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, Б.Исакеев, А.Сыдыков, И.Раззаков, Т.Кулатов ж.б. эстеликтерине гүл коюшуп, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө өз эмгектерин жана өмүрүн арнаган инсандарды эскеришти.

 

Журфакта кесиптик этика маселелери боюнча мастер-класс өткөрүлдү

0

2018-жылдын 21-ноябрында Массалык маалымат каражаттарына түшкөн арыздарды кароо боюнча комиссиянын төрагасы Шамарал Майчиев, комиссиянын мүчөлөрү Санжарбек Эралиев, Марс Тулегенов жана Асел Сооронбаева журналисттик ишмердүүлүктөгү этикалык маселелер боюнча журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өтүштү.

 

КФФтин 4-курстары 1-курстарды тосуп алышты

00

2018-жылдын 20-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин 4-курстары 1-курстарды тосуп алуу кечесин  өткөрүштү. Иш чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), кафедра башчылары, кураторлор жана 1-3-курс студенттери күбө болуп кетишти.

 

Биология факультети 1-курс студенттерин катарга кабыл алды

00

2018-жылдын 19-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында биология факультети 1-курс студенттерин «Катарга кабыл алуу» аземин өткөрдү. Факультет деканы Шафика Сулейманова жаңыдан КУУнун босогосун аттаган студенттерге түзүмдүн тарыхы, бүтүрүүчүлөрү жана учурдагы абалы менен тааныштыруу менен бирге өзүнүн аруу тилектерин арнап, окууларына ийгилик каалады.

 

Геофактын жамааты 1-курстарды салтанаттуу тосуп алды

00

2018-жылдын 16-ноябрь күнү география, экология жана туризм факультетинин жамааты 1-курстарды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Факультеттин деканы Токторова Рыскүл студенттерге сынак китепчесин тапшырып, каалоо тилегин билдирди.

 

Страница 3 из 15

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер

Башкы меню

Пресс меню

Администратордон

Баннер
Баннер

Көп окулган материалдар

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 374 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 22.11.2017 09:56
    Саламатсызбы, Бекмамат!Силерд ен биз сунуш кутобуз. Кантип укулган сабактардын сапатын которгонго.

    Подробнее...

     
  • Модератор 04.08.2017 13:25
    1) Заявление 2) Копия зачетной книжки 3) Копия паспорта С этими документами вы должны подойти в ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 21.06.2017 16:30
    Саламатсынарбы, биринчиден, сизди сыноодон откондон куттуктайбыз. Бюджетке ото алган комиссия чечет ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 13.12.2017 13:49
    1) Болот 2) Бюджет жок 3) Сиздин арыз, сынак китепчесинин көчүрмөсү, паспорт. Нет, деньги не ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 10.10.2017 08:46
    Бул жактан билип аласыз: www.knu.kg/.../ (https://www.knu.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=5132:-2015-2016-&catid=960:-2016&Itemid=188) ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 15.06.2017 14:23
    Бул суроого жооп алуу учун студенттердин суроосу рубрикасына кайрылыныз.

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 13.04.2017 14:46
    Бул суроо боюнча окуу бөлүмүнө кайрылыңыз, толук жооптуу ошол жактан аласыз. Байланыш телефону ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

     
  • Индира 13.03.2018 16:15
    Урматтуу ректор, профком! 8 марта КУУда иштеген айымдардын баарын куттукташ керек! Эн биринчи ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 17.01.2018 11:34
    Саламатсыздарбы ,Урматтуу ректор,эмнеге чет тилдер факультетинде оздорунун профессиясынан башка ...

    Подробнее...

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары