Понедельник, Октября 14, 2019
kg_m RU

КУУда студенттер арасындагы 69-спартакиада башталды

КУУда Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУдагы соңку жаңылыктар

Кыргыз филологиясы факультетинин жетекчилери мамлекеттик практиканын жүрүшү менен таанышты

02019-жылдын 10-октябрь күнү кыргыз филологиясы факультетинин деканы Жайлообаев Бакытбек, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы Акунов Эмилбек жана филологиялык билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Аскар кызы Жылдыз студенттер практика өтүп жаткан мектептерди кыдырып, өтүлгөн сабактарга катышты жана мектеп жетекчилери менен практиканттардын жетишкендиктери менен кемчиликтерин талкуулашты.

 

КУУда студенттер арасындагы 69-спартакиада башталды

00

2019-жылдын 9-октябрында 6-окуу имаратындагы спорт залда КУУнун студенттери арасындагы 69-спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара окуу жайдын жаш спортсмендеринин парады менен башталып, ага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, факультеттер аралык кафедралардын куратору Садык Алахан (Тиллебаев) катышты жана салтанаттын катышуучуларын Спартакиаданын ачылышы менен куттуктап, студенттерге спорттук ийгиликтерди каалады.

 

Кесиптик бирлик комитети “Pro-Master” деп аталган жаңы долбоордy баштады

0Студенттерди ар түрдүү багыттагы кесипкөй адистер менен бетме-бет жолуктуруп, көөдөндөгү көксөөсүн, каалоосун ишке ашыруу максатында кесиптик бирлик комитети “Pro-Master” деп аталган жаңы долбоорду баштады. Профсоюздар федерациясынын жаштар кеңешинин төрагасы Элдияр Карачалов, финансы жана банк иштери боюнча адис Аскар Кубанычбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер Аскар Күрүчбеков студенттерге ийгилик сырлары, убакытты туура пайдалануу жөнүндө айтып беришти.

 

Кесиптик колледждин студенттери Бишкектеги карылар үйүнө барышты

00

2019-жылдын 7-октябрында кесиптик колледждин студенттери Бишкек шаарындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеге барып, ал жактагы улгайган адамдарды майрамы менен куттукташты. Студенттер куру келбей, карыларга азык-түлүк, жуунуучу каражаттарды ала барышып, ата-апалардын баарын кубандырышты.

 

Кесиптик бирлик комитетинин #bestteacherknu интернет сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

00

Кесиптик бирлик комитети бул жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата студенттер арасында буга чейин уюштурулбаган, өзгөчө жана заманбап интернет-сынак өткөрдү. Инстаграмдагы “knu_profkom” баракчасында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, сынакка  катышкан ар бир студент өзү жакшы көргөн, педагогикалык чеберчилиги бийик, факультетинде эң мыкты деп эсептеген окутуучу менен сүрөткө түшүп, #bestteacherknu аталышындагы хештег менен окутуучусу жөнүндө жазып, инстаграмга киргизген.

 

КУУда Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

00

2019-жылдын 4-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Окуу жайдын жалпы окутуучу-профессорлук жамаатын кесиптик майрамы менен ректор Канат Садыков куттуктап, жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо өзгөчө ийгиликтерге жетишкен педагогдорго министрликтин сыйлыктарын тапшырды.

 

ТТЕОМЕР борборунун мүдүрү КУУнун окутуучу-профессорлорун кесиптик майрамы менен куттуктайт

00Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мугалим менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мугалим аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат. Мугалимдерибиздин иштерине ийгилик каалап,кесиптик майрам кунунуздор менен куттуктайбыз!

 

КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин 60 жашта

00

2019-жылдын 4-октябрында башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү. Иш чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып, белгилүү тарыхчыны бүгүнкү мааракеси менен куттуктады.

 

КМБжЖИ боюнча департаменттин кызматкерлери ЕЭКтин сыйлыктарына э болушту

00Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Ардакбек Каныбек уулу, тарбия иштери боюнча координаторлор Эгембердиев Эркинбек менен Коконбай кызы Акжолтой 2019-жылдын 25-27-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн IV эл аралык “Евразия жумалыгы” форумуна активдүү катышкандыгы үчүн Евразия Экономикалык Комиссиясынын соода министри Вероника Никишинанын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

 

Кесиптик колледждин студенттери окутуучуларын кесиптик майрамы менен куттукташты

00

2019-жылдын 3-октябрында 6А-окуу имаратындагы жыйындар залында кесиптик колледждин 1-курс студенттери Билим берүү кызматкерлерлеринин күнүнө карата майрамдык концерт өткөрүштү. Колледждин окутуучусу Сатарова Гулмира тарабынан даярдалган майрамдык иш чарада студенттер өз окутуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргызстанда жашаган элдердин ыр-күүлөрүн, бийлерин аткарышып, көңүлдүү маанай тартуулашты.

 

Ректор чет тилдер факультетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту

002019-жылдын 3-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков чет тилдер факультетинин окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту. Жыйында Улуттук университеттин жетекчиси аталган факультет жайгашкан №3-окуу имаратындагы сабактарды №5-окуу имаратына которуу маселесине байланышкан маселе боюнча маалымат берип, окутуучулар менен студенттердин суроолоруна жооп берди.

 

Садык Алахан Кыргыз-Өзбек университетиндеги илимий конференцияга катышып келди

00

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан (Тиллебаев) 1-2-октябрь күндөрү ордолуу Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин уюштурулганынын 25 жылдыгына жана бул университетти түптөгөн белгилүү аалым жана коомдук ишмер, техника илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, “Манас” орденинин ээси Мухаммеджан Ташалиевич Мамасаидовдун 70 жылдыгына арналган республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып келди.

 

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата ММКдагы сабаттуулук талкууланды

0

2019-жылдын 2-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин теле-радио журналистика кафедрасы тарабынан Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 30 жылдыгына карата уюштурулган "Массалык маалымат каражаттарындагы сабаттуулук" аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү. Жыйынга "легендарлуу парламенттин" төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов; Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов, КР Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын  жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев, “Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов жана ММК өкүлдөрү катышты.

 

Кыргыз филологиясы факультети "Билим берүү кызматкерлерлеринин күнүн" белгиледи

0

2019-жылдын 1-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин 1-курстары тарабынан "5-октябрь - Билим берүү кызматкерлерлеринин күнүнө" карата даярдаган концерт болуп ѳттү. Кафедра башчылары, окутуучу-профессорлор жана студенттер катышкан майрамдык салтанатты факультет деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, окутуучу-профессорлор жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады.

 

КУУнун ректору №5-окуу имаратындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты

00

2019-жылдын 1-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков чет тилдер факультетин которуу максатында 5-окуу имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Административдик жана чарба иштери боюнча  проректор Туратбек Суранаев 1-кабаттын фойеси, 0-кабаттагы кабинет, дарсканалар толугу менен капиталдык ремонттон өткөнүн, тиешелүү кабинеттерге компьютердик класстар орнотулаарын, о.э. 2-3-5-кабаттагы дарсканаларда да оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгын ректорго айтып берди. 

 

Кесиптик колледжде көркөм окуу жана дилбаян жазуу сынагы жыйынтыкталды

00

Кесиптик колледжде студенттердин китеп окууга кызгуусун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын 30 жылдыгына арналган көркөм окуу жана дилбаян жазуу сынагы болуп, анын жыйынтыгы 2019-жылдын 30-сентябында чыгарылды. Жеңүүчүлөр баалуу китептер менен сыйланды. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча колледждин директорунун орун басары Мирбек Шарабидинов жана окутуучу Адилет Самсалиев тарабынан уюштурулган сынакка колледждин директору Аскар Акматов менен окутуучу Адилет Самсалиев демөөрчүлүк кылды.

 

“Кызыл учкундан” Улуттук жазуучулар союзуна чейинки жол

02019-жылдын 30-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына карата “Кызыл учкундан” Улуттук жазуучулар союузуна чейинки жол” деп аталган республикалык илимий-тажрыйбалык коференция болуп өттү. Белгилүү акын-жазуучулар, кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин окутуучулары, студенттери катышкан иш чаранын жүрүшүндө кызуу куттуктоолор айтылып, баяндамалар окулуп, жарыш сөзгө орун берилди.

 

Улуттук университетте Кытай Эл Республикасынын түзүлгѳндүгүнүн 70 жылдыгы белгиленди

002019-жылдын 28-сентябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын түзүлгѳндүгүнүн 70 жылдыгына арналган “Кытай күнү” жана “Конфуций институттарынын күнү” деген аталыштагы салтанатуу кече болуп ѳттү. КУУнун алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган иш чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым, КУУнун ректору Канат Садыков, аталган институттун жетекчилери жана кыргыз-кытай факультетинин студенттери катышты.

 

Чет тилдер факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган концерт өткөрүлдү

00

2019-жылдын 27-сентябрь күнү чет тилдер факультетинде "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынгадыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык концерт өткөрүлдү. Иш чарага факультет деканы Памира Кадырбекова, кафедра башчылары жана факультеттин жалпы жааматы катышты. Майрамдык концертти декандын орун басары Айжан Тыныбаева  уюштуруп, аны өткөрүүдө факультеттин студенттик кеңешинин мүчөлөрү  Бермет Шайлообекова (2-курс), Аэлита Турдакунова (2-курс) жана Мирлан кызы Жаңызат активдүүлүгүн көрсөтүштү.

 

Матфактын окутуучу-профессорлору 1-курс студенттери менен жолугушту

0

2019-жылдын 27-сентябрь күнү №6-окуу имаратынын 211-дарсканасында математика жана информатика факультетинин окутуучу-профессорлору менен 1-курс студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Иш чараны факультет деканы Изат Усенов ачып, факультеттин негизги стратегиялык максаты - республикабыздагы билим берүү жана илим изилдөө тармактарын жогорку билимдүү адистер менен камсыз кылуу экендигин жана бул максат факультеттин ишмердүүлүгүнүн азыркы жана келечектеги иш-аракетин аныктай тургандыгын белгилеп кетти.

 

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы Тил мыйзамынын 30 жылдыгын белгиледи

02019-жылдын 27-сентябрында факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүдөгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш чара өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), Бишкек мериясынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ниязбекова Эльвира, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов ж.б. коноктор, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

 

Матфакта “Кыргыз тилим – менин байлыгым” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

00

2019-жылдын 26-сентябрь күнү математика жана информатика факультетинде “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын" кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата “Кыргыз тилим – менин байлыгым” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чараны факультет деканы Изат Усенов ачып, "азыркы заман талабына жараша чет тилдерди окуп үйрөнүү туура көрүнүш, бирок ар бирибиз мамлекеттик тилибизди так жана таза сүйлөп, жаза билүүгө милдеттүү экенибизди" баса белгиледи.

 

Кыргыз-Европа факультети Мамлекеттик тил күнүн белгиледи

00

Кыргыз-Европа факультетинин 1-2 курс студенттери кыргыз тил секциясынын окутуучулары менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш чара өткөрүштү. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкулдөрү, "Кыргыз тили" коомунун президенти Райымжан Курбанов, факультет деканы Ызатбек Береналиев, кафедра башчылары жана факультеттин жалпы жамааты катышты.

 

География, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнү майрамдалды

00

2019-жылдын 23-сентябрында география, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Тил майрамы менен жыйындын катышуучуларын факультет деканы Рыскүл Токторова, экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын доценти Оморов Ибраим Оморович жана окутуучу Н.М.Майрыкова куттукташкан соң, студенттердин күчү менен даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

 

Страница 1 из 20

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 985 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер