Суббота, Мая 30, 2020
kg_m RU

КУУдагы соңку жаңылыктар

Дарыгерлерге алкыш!

00

КУУнун студенттик бейтапканасынын дарыгерлери Гүлзада Оторова, Бүбүайым Мамутова, Назгүл Бакаева, Эркин Базарбаев, Шайыр Байтерекова жана Иманбек кызы Кызжибек COVİD-19 менен күрөшүүгө тартылган. Чынгыз Даминов жетектеген дарыгерлер чет өлкөдөн келген мекендештер жайгаштырылган “Ак-Кеме” мейманканасындагы обсервацияда күнү-түнү кызмат көрсөтүшүп, сырттан келген кыргызстандыктарда оору бар же жогун аныктап, 14 күндүк карантин учурунда алардын анализдерин текшерип турушту.

 

Профессор Г.К.Осмоналиева эл аралык онлайн конференцияга катышты

00

2020-жылы 19-май күнү факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, профессор Гүлмира Осмоналиева «Современные проблемы инновационного преподавания языков» аттуу эл аралык онлайн конференцияга катышып, “Ж.Баласагын атындагы КУУда Кыргызтест системасы менен окутуу жана онлайн форматтагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү” деген темада баяндама жасады. Билдирүүдө ал “Кыргызтест” системасын КУУга киргизүүнүн этаптары, “Кыргызтест” сунуштаган европалык эл аралык шкалага таянып түзүлгөн система боюнча кыргыз тили дисциплинасын факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасында жайылтуу, өркүндөтүү иштеринин мааниси тууралуу айтып берди.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультети мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында олимпиада өткөрдү

002020-жылдын 14-16-май күндөрү тарых жана чөлкөм таануу факультетинде кесиптик багыттоо иш чараларынын алкагында жана жеңилдетилген шарттарда студенттерди кабыл алуу максатында деканаттын демилгеси менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында тарых сабагы боюнча олимпиада өткөрүлдү. Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форматта 2 тур менен өткөрүлгөн иш чарага республиканын бардык аймактарынан 80ге жакын бүтүрүүчү катышты. 

 

Профессор Кульжамал Джаманкулова эл аралык онлайн-семинарга катышты

00

2020-жылдын 18-майында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Кульжамал Джаманкулова М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия, Африка өлкөлөрү институтунун Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү кафедрасы жана Г.В.Вернадский атындагы Пермь мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университетинин Евразия изилдөө борбору биргелешип өткөргөн эл аралык онлайн-семинарга катышты. 

 

Чет тилдер факультетинин окутуучусу менен студенттери ОшМУ уюштурган конференцияга катышты

002020-жылдын 16-майында чет тилдер факультетинин түрк тили бөлүмүнүн ага окутуучусу Фаризат Курамаева ОшМУ тарабынан уюштурулган "Билим берүүдөгү дистанттык жана маалымат технологияларын пайдалануунун актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Онлайн режимде өткөрүлгөн иш чарага о.э. аталган бөлүмдүн 4-курс студенттери Тансулуу Искендерова  жана Чынара Журабаева катышып, баяндамаларды, талкууларды түрк тилинен кыргыз тилине жана кыргыз тилинен түрк тилине синхрондук түрдө которуп беришти.

 

Профсоюз комитети университеттин мугалим, кызматкерлерине гуманитардык жардам таратты

00Улуттук университеттин профсоюз комитети карантин учурунда өз ишмердүүлүгүн улантып, жаштарга үйлөрүнөн татыктуу билим берип жаткан КУУнун жардамга өтө муктаж мугалимдерине, кызматкерлерине пайдалуу азык-түлүктөрдөн турган баштыктарды таратты. Гумжардам университеттин түзүм жетекчилери, андагы профбюролор тарабынан түзүлгөн тизменин негизинде 70ке жакын мугалим, кызматкерлерге берилди,

 

КУУнун жетекчилиги тылдын катышучууларын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

002020-жылдын 8-май күнү окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева жана профкомдун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышучуулары С.Узбеков, Ш.Керимбаев, А.Бугубаев жана К.А.Ефимованын үйлөрүнө барып, аларды Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгы менен куттукташты жана 5 миң сомдон акчалай сыйлыктарды, гуманитардык азык-түүлүк баштыктарын тапшырышты.

 

Кесиптик колледждин жетекчилиги "Өчпөс отко" гүл коюп, согуш ардагерлерин эскеришти

002020-жылдын 6-майында кесиптик колледждин жетекчилиги (директордун орун басарлары, бөлүм башчылар) окуу жайдын директорунун, жалпы жамаатынын атынан Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата "Жеңиш" аянтындагы "Өчпөс отко"  гүл коюп, согуш ардагерлерин эскеришти.

 

Матфактын жетекчилиги Улуттук университеттин жамаатын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайт!

00Урматтуу Улуттук университеттин окутуучу-профессорлору, кызматкерлери жана студенттери! Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жеңиш күнү - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы, жакшылыктын - жамандыкты, жарыкчылыктын - карангылыкты жениши! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жениш! Бул күн - Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жеткен күн.

 

Тарых илимдеринин доктору, профессор Жыргалбеков Турду Жыргалбекович дүйнө салды

00

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин туризм жана рекреациялык география кафедрасынын профессору Жыргалбеков Турду Жыргалбековичтин 21.04.2020 күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ректорат жана география, экология жана туризм факультетинин жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көӊүл айтат. Турду Жыргалбекович көрүнүктүү окумуштуу- туризмолог, географ жана тарыхчы, эӊ мыкты насаатчыбыз болгон.  

 

Профсоюз комитетинин төрагасы 1-май менен куттуктайт

00Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы кызматкерлери, окутуучу-профессорлор жамааты, кымбаттуу кесиптештер, эмгек майрамыңыздар менен! 1-Май - эмгекчилердин эмгек тилектештигин күнү кут болсун! Билим берүү тармагында келечек кесип ээлерине татыктуу тарбия, бийик байлык билим берип, ар бир күнүн жаштардын, студенттердин билим алышына, алардын коомдон өз ордун таап, билимдүү, кесипкөй адис болушуна сиздер талбай кызмат кылуудасыздар!

 

Педфакта окутуу жана тарбиялоо процесси ийгиликтүү жүрүп жатат

01

Педагогикалык факультеттин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын студенттери үчүн өлкөбүзгө түшкөн оор мезгилге карабай окутуу жана тарбиялоо процесси аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен ар кандай платформаларда ийгиликтүү жүрүп жатат. Тактап айтканда, Zoom, Clasroom платформаларында, КУУнун AVN порталында, о.э. Watsapp аркылуу студенттерге билим берилип, кайтарым байланыш жүргүзүлүүдө. 

 

Профсоюз комитети университеттин билим берүү тармагындагы адистерине чоң ыраазычылык билдирет

00

Кыргыз улуттук университетинин окутуучулар жамаатынын күжүрмөн эмгеги, алардын студенттерге аралыктан берип жаткан билими өлкөбүздүн бардык бурчуна татыктуу жетип жатканын дал ушул жети облустагы студенттер билдирет. Профессор-окутуучулардын эмгегин баалоо, аларга ыраазычылык айтуу профсоюздун жаштар канатынын жигердүү студенттери тарабынан ишке ашырылды. КУУнун профсоюз комитети университеттин билим берүү тармагындагы адистерине чоң ыраазычылык билдирет.

 

Профессор Г.Жаманкулова эл аралык онлайн семинарга катышты

00

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, ф.и.д. Жаманкулова Гүлжамал 2020-жылдын 24-апрели, саат 19.00дө Москва мамлекеттик университетинин Азия, Африка өлкөлөрү институту менен Кыргыз‑Түрк “Манас” университетинин кошмо семинарына катышты. ММУнун Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү кафедрасы тарабынан уюшулган онлайн-жолугушуу сериясынын алкагында “Пандемия, рационалдуулук, архетиптер” деген темада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, философия илимдеринин доктору Урманбетова Жылдыз Карыбаевна лекция окуду.

 

Кайрымдуулук иштер үчүн чек жок!

00

Кыргыз-кытай факультетинин студенти Абдырасулов Нурислам Кытай Эл Республикасынан грант утуп алып, Гуандун провинциясында окуусун ийгиликтүү улантып жатат. Коронавирус тарала баштаганда Нурислам кытайдын бет кап өндүрүүчү заводуна жумушка орношкон. Мына ушул маалда  киндик каны тамган өлкөсүнө жардам берүү идеясы пайда болуп, айлык маянанын ордуна Кыргызстанга жөнөтүү үчүн бет кап берүүнү суранган.

 

Кесиптик колледждин студенттери билим алган аудиторияларын сагынышты

00Кесиптик колледждин студенттери оор кырдаалга карабай аралыктан окутуу технологияларын колдонуп, онлайн режимде билим берип жаткан окутуучуларына ыраазылык билдиришти. Алар о.э. 6А-окуу имаратындагы билим алган аудиторияларын сагынгандыгын айтышып, бул илдеттен аман эсен чыксак, мыкты окуп, маданий-спорттук иш чараларды уюштуруп, "кесиптик колледжи дүйнөгө таанытабыз" деп убада беришти.

 

Матфактын студенттери факультеттин окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдиришет

002020-жылдын 20-апрелинде математика жана информатика факультетинин студенттеринин арасында “Мугалим - кылымдан бери келе жаткан эскирбеген кесип” аттуу флешмоб уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер карантин учурунда окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмаларын, т.а. аралыктан окутуу формасын колдонуп, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшап жаткан окуутуучу-профессорлор курамына өз ыраазычылыктарын билдиришти. 

 

ЭАМжЧТ факультетинин студенттери коронавирус менен күрөшүп жаткандарга ыраазычылык билдиришет

00

Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери коронавирус менен күрөшүп жаткан коомдук тартипти сактоо кызматкерлерине, саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтеринин кызматкерлерине, о.э. эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө өздөрү окуган чет тилдерде Улуттук университеттин жана факультеттин атынан ыраазычылык билдиришет. 

 

Кесиптик колледждин окутуучулары муктаж үй-бүлөлөргө 20 миң сомдук жардам беришти

00

2020-жылдын 14-апрелинде кесиптик колледждин окутуучулары 20 миң сом каражат чогултуп, эки үй бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам беришти.  Чогултулган каражаттын эсебинен окутуучулар о.э. аралыктан окутууга жана окууга пайдалануу үчүн бир үй бүлөөгө Samsung A20.үлгүсүндөгү чөнтөк телефон алып беришти.

 

ОГТИФ жамааты бир күндүк айлык акысын медицина кызматкерлерине которду

0КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин жамааты бир күндүк айлык акысын факультет деканы Эркулова Гульмира Каратаевнанын демилгеси менен өзгөчө абал учурунда талыкпай иштеп жаткан Ош шаарындагы №4-поликлиниканын медицина кызматкерлерине жардам катары которду. Поликлиниканын башкы дарыгери Токсонбаева Жанара Исмаиловна жалпы коллективдин атынан факультетке жана Кыргыз улуттук университетинине ыраачылык билдирди.

 

КУУнун жамааты өзгөчө абал учурунда иштеп жаткандарга колдоо көрсөттү

00

2020-жылдын 4-апрелинде Улуттук университеттин жамааты өзгөчө абал учурунда иштеп жаткан милиция жана медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү акциясын өткөрүп, Бишкек шаарынын Чүй, Жибек-Жолу, Манас проспектилериндеги, Алматы, Ж.Абдрахманов, И.Ахунбаев, Бакаев, Орозбеков, Л.Толстой көчөлөрүндөгү, 4-кичи райондогу, Пригородный айылындагы, "Аска-Таш” конушундагы жалпысынан 130дай блокпосттордо кызмат өтөп жаткан милиционерлер менен медиктерге ысык тамак, нан, суусундук, салаттарды алып барып, таратышты.

 

Кесиптик колледждин студенттеринин арасында флешмоб уюштурулду

002020-жылдын 30-март күнү кесиптик колледждин студенттеринин арасында «Мен үйдө олтуруп, өлкөмө жардам кылам» деген максатта «Кыргызстан - менин мекеним» аттуу флешмоб уюштурулду. Иш чара учурунда студенттер интернет аркылуу онлайн режимде окутуучулар менен тыгыз байланышта болуп, окууларын мыкты окуп жаткандыктарын белгилешти.

 

Матфактын жамааты КР медицина кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирет

00

Урматтуу Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери! Сиздерге КУУнун математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты азыркы эпидемиологиялык кырдаал учурунда элибиздин саламаттыгын чыңдоо үчүн өз салымыңыздарды кошуу менен калкка сапаттуу кызмат көрсөтүп жатканыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Республикадагы азыркы кырдаал Саламаттык сактоо министирлигинин көзөмөлүндө туруп, коронавирус илдетине каршы иш чараларды жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык ыкчам штаб түзүлүп, анын курамына Мамлекеттик чек ара кызматынын, Маданият маалымат жана туризм министирлигинин, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерлери киргенин билебиз.

 

Садык Алахан коронавирустун алдын алуу боюнча жатаканалардагы иштер менен таанышып чыкты

00

2020-жылдын 20-мартында өзгөчө кырдаалга ыкчам реакция кылуу үчүн Улуттук университетте түзүлгөн оперативдүү штабдын мүчөсү, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) №5, 7, 9 жана 11-жатаканаларды кыдырып, мөөнөтунөн мурда жарыяланган каникул учурунда окуу жайдын жатаканаларында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар менен таанышып чыкты.

 

Страница 1 из 30

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 387 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Студент 28.02.2020 00:22
    Саламатсызбы! Мен 5курста окуймун дистанционно Летний сессияны тапшырганга доступ бербей жатышат,келип ...

    Подробнее...

     
  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары