Урматтуу жаш калемгерлер!

Кыргызпатент узак жылдардан бери акын-жазуучуларды ар тараптан колдоого алып келет. Базар мамилеси жаңыдан турмушубузга кирген токсонунчу жылдары өнөр адамдарына, акын-жазуучуларга аябай оор болгондугун баарыбыз билебиз. Союз жоюлуп кеткенден кийин калемгерлер ара талаада калгандай эле болгон. Баштагыдай китептерин бекер чыгарып, калем акы берген заман жоголуп, акын-жазуучулар карайлап айласын таппай калган. Дал ошондой кыйын мезгилде биринчилерден болуп Кыр­гызпатент жардамга келди. Адегенде бирин-экин жазуучулардын китептерин чыгарды. Жыл өткөн сайын Кыргызпатенттин мүмкүнчүлүгү, арышы кеңейип, эми алар ар бир жанр, жаш курагы боюнча да китептерди чыгара баштады.

Кыргызпатент уюштуруп жаткан мына бул сынак жаш калемгерлерге арналган. Арийне, сынактан эң татыктуулары, таланттуупары жеңип чыгат. Кыргызпатенттин сынагы ар дайым калыс, адилет өтөт. Ага мен өзүм катышып көруп күбө болдум. Аларда биз жедеп көнүп кал­ган кыргызчылык, өң тааныштык илдети жок. Анда жаш калемгерлер сынакка катышып, дареметиңөрди, талантыңарды сынап көргулө.

Булак: “Эркин Тоо” гезити №9 (362) 02.09.2024

Добавить комментарий