Эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаменти Кытай айыл чарба университетинин Санья институтунда “Айыл чарба экономикасы жана менеджменти” багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа ачылгандыгын кабарлайт.

Стипендиялардын саны негизинен катталган талапкерлердин санына жана сапатына жараша болорун белгилейбиз. Стипендия 2 жылдык программа учун жылына 70200 юанды түзөт, анын ичинде окуу акысы 25000 юань, жашоо акысы 8400 юань, жашоо чыгымдары 36000 юань жана 800 юань медициналык камсыздандыруу.

Кытай айыл чарба университети айыл чарба илимдери боюнча дүйнөдөгү алдынкы университеттердин бирине кирет. Америкалык «US News and World Report» жанылыктар журналынын версиясына ылайык, быйыл айыл чарба илимдери боюнча бул университет 2-орунду ээлеген. Кытай Айыл чарба университетинин Санья институту Кытайдын Хайнань провинциясындагы эркин соода портунун Санья шаарындагы илим жана билим беруу паркында жайгашкан.

Добавить комментарий