КУУнун студенти - убакытты бекер, пайдасыз өткөрбө!
07.10.2016 18:15
2016-жылдын 8-октябрь журналистика факультетинин башталгыч курстарынын студенттери «Enactus» программасынын жана “МедиаКөпөлөк” фестивалынын катушуучулары менен жолугушту. Иш-чаранын негизги максаты - студенттерди убакытты бекер, пайдасыз өткөрбөй, келечекте мыкты адис болууга аракет кылууга үндөө.
«Enactus» программасынын өкүлдөрү студенттер үчүн ар тараптан шыктуу, таланттуу болууга мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгилеп өтүштү.
“МедиаКөпөлөк” фестивалынын жеңүүчүлөрү убакытты туура колдонуу, ар кыл конкурстарга катышуу, тажрыйба топтоо сыяктуу критерийлерге басым жасашты. Андан тышкары студенттерди кызыктырган ар тармактуу суроолорго жооп беришти.
Иш-чаранын соунда студенттер тарабынан тартылган мыкты документалдык фильмдер көрсөтүлдү.
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери