Среда, Сентября 20, 2017

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 7-бөлүк

Мурдагы бөлүк Башы

Босого бойлоп турган алаамат бир Кудайдын өзүнө эле эмес, бу жалгандагы кимдир бирөөгө кыйыр болсо да, аян-белги аркылуу ишарат берет тура. Чети менен чеги жок кара жердин бир капталынан башка бир капталына – Кызкайып жашаган аймакка келип, Туюк-Жардын тоолорундагы барстарга мергенчилик кылууга кумар арткандар бар экен.

Арсен Саманчин ошо таңда эрте турду да, сакал-мурутун алып, кузгун жашындай мезгил кызмат кылган жуунгучтан жуунду. Эжеси анын

таза сүлгү менен аарчынганды жакшы көрөрүн билчү, ошондой болду, айтор, анын көңүлү көтөрүңкү. Эртең менен сыртка чыгып, күнөстөп отурайын деп терезеден сыртты караган, аба ырайын айта көрбө, мээлүүн жели ме-мелеп, туулган жеринин жытын алып келген, чайыттай асман калкалап турган тоо кыркалары сүрөтчүнүн сүрөтчүсү тартып бере алгыс абалда шаңкайып турган экен. Мөңгү барстары ушундай гана жерде болот. Аңгычакты чөнтөк телефону ыйлап ийди. Болду-болбоду шеф Бектур ага, кечээги сөздү уланта талкуулайын деп жатса керек дегиче телефондон таптаза англис тилинде сүйлөгөн үн угулду. Тоо койнунда англисче эли мынчалык суудай билген адам жок эле, кайдан чыкты? Үн жандуу, угумдуу экен, тартынбай сүйлөшсө болот.

– Ак таңыңыз кут берсин! Жаңылбасам сиздерде азыр таңкы убак го? Кечиресиз, сиз Арсен Саманчин мырзасызбы?

– Ооба, ооба! А сиз кимсиз, кечирип коюңуз, кайдан чалып жатасыз?

– А-а, менби, мен кайсы бир жагынан сизге кесиптеш болуп кетем, Хасан ханзаданын эл аралык байланыш кызматынын басма сөз катчысымын, атым – Роберт, жөн айткандай Боб Лукас. Таанышып алалы. Англис тилин суудай билет экенсиз, сиздердин эл менен сүйлөшкөндө өзүңүз тилмеч болуп бериңиз, анткени биз силердин жериңиздерге мерген чиликке баратпайбызбы? Угуп жатасызбы?!

– Эң сонун угуп жатам! Ооба, мен тилмеч болуп берүүгө аракет кылам. Кайдан чалып атасыз, Боб урматтуу!

– Кайдан болмок эле, урматтуу Арсен. Спутник байланышы. Дүйнөнүн каалаган жерине, кааласак космоско да чала беребиз. Биздин ханзада таксырлардын ошо космос орбитасында спутник байланышы бар. Качан, кайда жана кай жерден болбосун чала беребиз. Мына азыр мен алыскы Азия тоолорундагы сиз менен сүйлөшүп жатам. Спутник байланышы ушундай, сиздердин мөңгү барстарыңыздарга мергенчилик кылганда алар менен акыбал сурашып койгонго да кызмат кылып калышы ажеп эмес. Кечиресиз, муну жөн гана тамаша үчүн айтып жатканым.

– Эч нерсе эмес, урматтуу Боб, күлүш да керек. А бирок барстар менен байланышууга болбостур...

– Ооба, ооба, мергенчиликте илбээсиндин көп болгону олжо го. А барс дегениң жолборстордой эле сейрек жаныбар, демек, таңсык товар, пайда санына жараша эмеспи. Улуу урматтуу ханзадалар аңчылыкты спорт деп карашат, ошондуктан сиздер менен биз болсо илбээсиндин саны көп болсо деп, илбирс-барстын териси жерге батпай жайылсын деп бир Алладан тилейли. Андай болгон учурда бизге дагы, сиздердин «Мерген» аңчылык фирмасына да жакшы. Фирманын эл аралык бедели көз ачканча көкөлөйт.

– Туура, Боб, туура.

Арсен Саманчиндин башына дагы башка ой келди. Карасаң муну, маалыматтык технология дегениң адам түгүл жырткычтардын ийин-ченине чейин жетиптир, аларды космостон аңдып турат экен да. Тоолордогу жан-жаныбар аттуулар спутник байланышы алардын сары изине чөп салып, кызмат кылып жатканын билер болсочу.

Басма сөз катчы Роберт Лукас сүйлөшкөндү сүйгөн жан окшойт, ага жагып калды. Иш да унут калган жок, мергенчилердин келиши, алардын тейлениши, айрыкча араб ханзадаларынын самолёттон түшүшү, анын жолжоболору, тосуп алуу жөрөлгөсү, айтор, керектүүлөрдүн көбү макулдашылды. Айтканына караганда алардын самолёту өтө жогорку даражадагы адамдарга ылайык келген «Боинг-727» деген экен. Экипаж аларды аэропортто күтүп турмай болуптур.

Ал бул сүйлөшүүдөгү зарыл маалыматтарды шеф Бектур агага кабарлоо үчүн колдептерине жазып койду. Шеф азыр Дасторкон жакта, жай ырастагандарда, келери менен сүйлөшмөк. Макулдашкан сөз ушул. Эми мине турган атын көрмөккө, өздөрүнчө анын таанытым шаанисин жасагысы келген Ташафгандын беш айдакчысына барыш калды. Барбаса да болорбу, ошо Ташафган, үрпөк чач Саксагай үчөө бир класста окуган, калгандары булардан эки-үч жаш кичүү. Эң башкысы бир айылдын кулундары, өз дегендер, анын үстүнө бир убакта бүт баары бир мектептен окушкан. Ошондой, а алар окуган мектептин шифер менен жабылган чатыры эскирип, анысы аз келгенсип жепирейип калганын кечээ келатканда байкаган, учкан уяң кайдан гана унутулсун.

Эртең менен Ташафган менен Саксаң саксагай келген маалда ушундай дилинен көксөп ойлонду. Анткени алар классташтык баарлашууга гана эмес, аны өздөрү билим алган мектепке чакырышкан экен, Арсен Саманчин бул жөнүндө билген эмес. Мектепти көздөй жөнөштү. Алардын андан башка да ойлогону бар эле. Жол үстүндө Ташафган анысын тамаша менен айтпадыбы:

– Арсен, эсиңе алып кой, сени менен бир мектепте окуган досторуң азыр бойдокпуз.

– Кантип бойдоксуңар? Эмне болду? – Арсен чын эле таң калды.

– Бас, баса бер, корко турган эч нерсе жок, азыр айтып беремин.

Үрпөк чач Саксагай бир нерсени билгендей жылмая, баш чайкап койду.

– Биздин бойдок экенибизди бүт айыл билет. Болбосо сени мектепке эмес, үйүбүзгө чакырып сыйламакпыз да.

– Койгулачы тамашаңарды!

– Койбой эле, Арсен, сен биз үчүн кадырлуу адамсың. Кайдагы тамаша.

– Ташафган кебин улай берди. – Азыр мектепке барабыз, аерде деген эч ким жок, бүт бардыгы каникулга кеткен. Кароолчусу бар эле, чөнтөгүнө акча салып, алигиден алып ал деп үйүнө жөнөттүк. Бала-чака азыр жайлоодо, ошон үчүн бойдокпуз. Ошондуктан алтообуз мектепке чогулалы, ээн-эркин сүйлөшөлү дедик. Аттар короодо. Ушундай. Ак-Сай суусунун өйүз-бүйүзү эсиңде чыгар, ошол жерлерди жайлайбыз. Мурунтан келаткан салт, азыр ал бизге өткөн.

– Ошондой да, а эмне үчүн андай болбошу керек? – Саксагай коштой калды. – Эркиндик! Кайда барсам өзүм билем, колхоздо белек!

– Ошо колхоздун жогуна өкүнөм. Мейли, ал арманды анан айталы, – деди Ташафган. – Бул жакка болсо шеф Бектур ага өзү чакырган, аңчылык деди, анда биз айдакчы болобуз, ага жарар иттерибиз бар. Билесиң да, Арсен, илбирс-барстарды тигилер атып алгыдай буктурмага кубалаш керек. Антпесе аларды атыш кыйын, атмак түгүл кароолго да илинбейт, капылет алдыңдан чыкса кол салуудан жазганбайт, жара тартып кете берет. Айдакчы жакшы болсо, мергенчинин канжыгасына олжо байланат. Ошондой болсо экен деп жайлоодон жетип келгенибиз.

– Анан дароо бойдок боло калдыңар. – Кеп төркүнүн түшүнгөн Арсен күлө сүйлөдү.

– Анан эмне кылабыз? Бирок мунун убактылуу экендиги өкүнүч болуп жатпайбы! – Саксагай үрпөк бурк этти. – Кайрадан жайлоого барабыз, кайрадан жүгөндү башка салабыз, пайда жок. Мал арзан, мээнетиң кайтпайт, ого бетер итке мине бересиң.

Арсен бир нерсе айтайын деп бараткан, Ташафган сөздү жулуп кетти:

– Мейли, Саксаң, бул жөнүндө анан сүйлөшөлү, сүйлөшкөндө да кызыл чеке түшөрбүз. А азыр башка жөнүндө ойлонолу. – Экөө тең үн дебей калды.

Ушундан улам Арсен аларга эртең менен ханзада Хасандын басма сөз катчысы Роберт Лукас Эмираттан телефон чалганын, кандай сөз болгонун айта баштады. Бул аларды мынчалык кызыктырат деп ойлогон эмес, жантыгынан жата калып, мектепке барар-баргыча сурап-тактап отурушту. Жанагыл спутник байланышы дегени алар үчүн өзүнчө эле ачылыш болду.

– Мына сага! – Ташафган дилинен жарыла сүйлөдү. – Аларың балакет экен. Өздөрүнүн спутниги аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна буйдалбай телефон чала беришет турбайбы! Биздин тоолордон, андагы капчыгайлар менен мөңгүсү кетпеген үңкүрлөрдөн эч ким, эч кимди уга албайт дейли, а тигилериң шумдук го, космоско да, Эмиратка да, Европага да, ал тургай Америкага да телефон чала беришет тура. Укмуш экен! Ал экөөнү араб ханзадаларынын ааламда жоктой самолёту аң уулоо бүтөр-бүткүчөктү аэропортто күтүп тура берери да эмнегедир кызыктырды. Кыязы, аларды пенделик кызыгуу суктандырып жиберди окшойт.

– Карасаң! – Камгактай кара чачы желкесин жапкан Саксаң үрпөк. – Карасаң, ой! Килейген «Боинг» учкуч-мучкучтары менен кожоюндарын күтүп турушат экен да. Мен көтөрүнүп соода кылып жүргөндө бир мүнөткө да кечигүүгө болчу эмес, уччу да, кетчү, сен түштүңбү, түшкөн жоксуңбу түкүрүп да койчу эмес. Булардыкы жыргал экен. Каалаганда келем да, каалаганда кетем. Акчанын күчүн карачы!

– Самолёттун токтоп турганы менен ханзадалар кааласа учуп кете беришет экен да? – Ташафган тактап койду. – Менин атым гана бар, тигине короодо турат, кааласам байлап коём, кааласам бошотуп жиберем, минем, чабам, айтор, өзүм билем.

– Кыязы, бул алар үчүн эч нерсеге арзыбаган нерсе болсо керек, – деди Арсен Саманчин түшүндүрүүгө аракеттенип. – Иш чыкса самолётко отура калышат, учкучтары даяр турат.

Ушинтип жатып ал үчөө бир убакта өздөрү окуган, тамга таанып, билим алган, азыр минтип тагдырдын буйругу менен зарылы ашкан ишке баш байлашып, ошондон улам мектепке келип отурушат. Мындай болору биринин да башына келген эмес, ойдо жок жерден аңчылык бизнес дегени чыга калып, анан ошо кызыкчылык аларды бириктирип турганы. Арсен Саманчин көптөн бери мектебинде боло элек эле. Алардын мектеби айыл четинде, өзүнчө окчун жайгашкан. Кээде бир иштер менен өйдө-ылдый каттаганда анын жанынан жалт карап коюп өтчү, атайы чыгынып барып, өткөн бала чагына, өспүрүм-жигит кезине дил туюму менен кездешпеген эле. Ошо мектеби мына, канткен менен сезимде жашап келген экен, көңүл дүйнөсү көтөрүлүп, алда кандай таасирден улам эреркеп кетти. Мезгил алчусун алыптыр, тегеректеги үйлөрдүн чатырындай эле мектептин шифер чатыры жепирейе түшүптүр, эшик-терезелери кагжырап бүткөн, а мектептин турушу баягыдай экен; жанталаша жүгүрүп жүрчү короо мына, коридору турат, анан класстар...

Жана Ташафган Арсенге мектепке эле чогулалы дегенде ал негедир өзүн ыңгайсыз сезген, мектеп деген мектеп, мындай кезде чай-пай дегени үйдөн болчу эле деп ыңгырана калган. Директору менен макулдаштык, ал бир жакка кетти, үй-бүлө болсо жайлоодо, шарт ушундай, мектепке эле баралы деп акыбалды алаканга сала түшүндүргөндөн кийин Арсендин көөнү көшүлүп, тигилердин агынан жарылып жатканына ыраазы болгон. Күн жанагыдай эле чайыттай ачык, канча кылым кар баскан аска тоолор да эртең мененкидей шаңкайып турат, ааламда жок мөңгү барстары менен жан-жаныбар ошол керемети кел бери деген жерлерде жашайт деп ойлоп койду. Ошондой эле куш аттуунун бардыгы ушул тегеректе эле каалагандай учуп жүрүшчү, аларга эч ким тийчү эмес, кайра аларга адамдар суктана карашчу.

Ташафгандын беш айдакчы аталгандарынын үчөө мектепте экен, алар Арсен Саманчинди жылуу тосуп алышты, ошондон кийин эле бул топто тартип аскердегидей катуу экени туюлду. Ташафган буйрукчул экен, тыякка бар, биякка кел, бу жерге отур, алып кел, алып кет, айтор, командирдин өзү, а тигилер болсо айтканын айткандай аткарып жатышты. Ичип алып калжаңдаган адам жок. Ал атына өзгөчө шаан-шөкөт менен минди, мектеп тегерегин бир айланып чыкты. Ак боз атта айып жок, жүрүшү жеңил, ээр-токуму жарашыктуу. Ошондо атты Ташафгандын өзү жетелеп келген:

– Ардактуу Арсен, биз бүгүн, кечээ күнү өзүң айткандай мине турган бууданыңдын таанытымын өткөрүп жатабыз. Сенин ушуну билип өтүк кийип алганың жакшы болуптур. Мына сенин тулпарың, төрт аягы төп келген Камбар тукуму. Арабдар менен ары-бери чабасың, а биз болсо барстарды койдой айдап беребиз.

Бүт баары күлүп калышты.

– Ыракмат, мен дагы арабдар ыраазы болгондой кызмат кыламын. –Арсен айылдаштарын алкады.

– Анда эмесе биз окуган классты көрөлү, кандай гана кайталангыс кез эле, агайлар менен эжейлер... Азыр болсо мугалимдер мектептен кетип калышкан, а биз болсо барстарды арабдардын мылтыгынын кароолуна илинип калса экен деп Кудайга жалынып отурабыз. Бирөөлөр минтип мергенчиликке «Боинг» минип келишет, а биз болсо жан багыш үчүн... Аларды бу турмуш да жакындатып койгон окшойт, бүт бардыгы үн дебей баш ийкешти. Арсен ошо маалда айланага көз чаптыра калды: мектеп ээн, токулуу аттар байланып турат, канаттуулар ары-бери каалгып учууда, ал эми адамдардын дил-көңүлү тынч эмес окшойт. Ташафган кыйытып айткан көйгөйлөр турмуш чындыгы, а эл деген андан да ашыра айтат, айтор, жашоо оорлошту. Кайда барбагын Мамайдын көрү.

Класстарды кыдырып бара жатып, Арсен Саманчиндин байкаганы бул болду: көптөн бери акталып сырдалбагандай, мектептин ичи деле эскирип бүткөндөй, болгону мурдагы үстүнүн жарымы ачылып-жабылма парталар, орундуктар, анан доскалар да жаңыртылыптыр.

– Саат он бир болуп калыптыр, туугандар. Эми убакытка уттурбай, Арсен, өзүбүздүн класска баралы, парталарыбызга отуралы, сүйлөшөлү, – деди Ташафган саатын карай.

– Жок, эжемдикине эле баралы, ошерден жайма-жай сүйлөшөбүз.

– Жок, жок, Арсен, биз азыр өзүбүздүн классыбызга кирели. Анан...

– Болуптур.

– Кир, кире бер. Столго бетме-бет отуралы, келгиле.

Алар терезенин жанына, тоолор көрүнүп турган тарапка отурушту. Ээси жоктой ээнсиреген мектепке Арсен Саманчинди эмне үчүн чакырышканы ага али да болсо белгисиз болчу, ошондуктан ал беймарал отурду.

А Ташафган бүт баарына көңүл коюп, алдын ала көөнүнө бышырып алган сөздөрүн айтып кирди.

– Арсен, көңүл буруп угуп тур, биздин сага айталы деген сөзүбүз бар.

– Угуп жатам. Эмнеге түнөрөсүңөр? Бир жамандык болдубу? Жакындардан бирөө-жарым көз жумдубу? Биз тууганбыз, жакын адамбыз. Андай жамандык болгондой болгон жок эле. Анан калса баарыбыз ушул мектептен окубадык беле?!

– Андай эмес, Арсен. Кеп биздин кайдан окуганыбызда, кайда жашаганыбызда эмес. Ооба, сен биздин бир тууганыбызсың, сен биздин мейманыбызсы ң, а бирок бүгүн сен биздин колубуздасың. Ошондуктан биз сени бул жерге эмнеге алып келгенибизди, мындан ары эмне иш болорун сага билдирип коёлу дедик.

– Токточу, эй! Биздин колубуздасың дегениң кандай? Ат бердиңер, аныңарга ыракмат, эртең-бүрсүгүнү шаарга кетем, а ат бул жерде, силерде калат.

– Сенин кетериңди же кетпесиңди ким билет.

– Кандайча? Ачык айткылачы.

– Ачыкпы? Анда алкымга бычак такашкандай сөз болот.

– Эмне?! Урдум баарыңарды. Силер эмне, мени келесоо деп ойлойсуңарбы, же Ташафган, сен өзүң жинди болуп турасыңбы?

– Кызаңдаба сен. Сөз ушундай болуп кеткенине мен күнөөлүүмүн. – Өңү кызарып-татарган Ташафган ордунан козголду, беркилер да кооптоно кыймылдап калышты. Ошо маалда мектеп короосунда, ошо терезе тушта жүргөн, буларды карап да койбогон короочу ит арсылдап үрүп калды.

– Карап келчи! – деп буйра сүйлөдү Ташафган четте отурган айдакчыга.

– Бул жакка бир да жан келбесин, итти кубалап ий, тегерекке адам аттуу жолобосун!

Мындай болорун күтпөгөн Арсен Саманчин ордунан шарт туруп, класстан чыгып кетейин деди эле, аны байкай калган Ташафган шадылуу колу менен ийинине коюп, тургузбоого аракет кылды. Ал ордунан обдула калып, Ташафгандын колун түртүп жиберип туруп кетүүгө умтулган маалда, ит үргөн короо жактагы ачык терезеден айтканынан кечигип калгандай шашкалактаган, куду баягыдагыдай, өз үйүндө Бектур ага менен отургандагыдай эки чабалекей октой учуп кирип келишти да, бир нерсени кабатыр боло кабарлап же алда нени алдын ала айтып жаткансып безелене кооптоно сайрап, шып алдында айланып жүрүштү. Уясын бирөө бузгандай чырылдайт. Сыртка кууп жиберишсе да, алар кайрадан чыйпыйы чыга учуп келишип, бекем жабылган терезеден ичкери кире албай, канаттары менен айнекти улам кайра ургулап, кимдир бирөөнүн алда кандай аманат сөзүн билдире албай, кыйышпастын кыйышпаска кыямат болор күндү айткан кабар-саламын жеткире албай, балапанын жылан соруп жаткансып безбелдектей безене сайрап чырылдап, айланып уча беришти. Арсен Саманчин өзүн азыр өлгөн жандай жоготту. Бул эмне? Жазмыш дегендин жан ала турган сырыбы? Жан кыямат болору жакындап калды дегенин айткан чагыбы? Чабалекейлер ошондон аян берип жатабы? Каш кагымда чагылган болуп келген ой аны акылдан адаштырды. Өз үйүндө да, өзү окуган классында да эмне үчүн чабалекейлер безилдеп анын артынан жүрөт? Бу мертебе да алар чырылдап сайрап, сүйлөшүүгө эч мүмкүндүк бербеди. Ошондон улам алар чабалекейлерди жөн гана сыртка кууп чыгышты, жайбаракат сөз уланталы дегиче алар кайрадан класска кирип келишти эле, жадашкан айдакчылар антсеңер мындай кылалы дешип терезелерди таптакыр жаап салышты. Антсе да тигил экөө болгон жок, терезенин сыртынан айланып учуп, кайра-кайра айнекти чырылдаша канаттары менен чапкылай берди. Ушу маал, ушу кырдаал эки чабалекейге кошулуп, кубаласа кайра келген, короо кайтарган жалгыз ит да мурдагысынан алда канча жаалдана үрүп жатты. Саксагай Саксаң ошондо мындай деди:

– Тигил жакка өтөлүчү, ал жердеги класс бир аз чакан, а бирок тынч.  Антпесек бул жин тийген чабалекейлер жан коё турган эмес. Бул тарапта алардын уясы бар, ошондон улам алардын чый-пыйы чыгып жатат окшойт. Кеттик тиякка.

Ошондой кылышты. Арсен Саманчин жанагы сөздөрдөн кийин алда неге кооптонуп, сабыр кармап, ичинен тына баштаган. Айдакчыларга да, Ташафганга да каяша айткысы келбей калган, аларды негедир кыртышы сүйбөй, алака-катышы жоктой болуп, жакын арада бир нерсе, адаттан сырткаркы, тагдыр-жашоосун сынай турган, а балким, трагедия менен аяктай турган бир нерсе болорун дил туйгусу менен туюп жатты. Ал эмне болду экен? Бу жарыкта ошол иштин болорун биле турган жан барбы?..

Башка класска келип, жанагыл чырылдаган чабалекейлерден кутулган соң, кыязы Ташафган бир нерселерди кайра ойлонсо керек, берки шериктерине:

– Мындай кылалы, Арсен экөөбүз бул жерде сүйлөшөбүз, а силер болсо мурда айтылгандай өз ордуңарда болгула, бизге эч ким жолтоо болбосун. А сен Култай, аттарды сугарып кел, Чоң-Таштын жанында экенин билесиң да.

Айтканы аскер буйругу экен, айтышмай жок аткарышты. Оогандан алган өрнөгү өзүнөн көрүнүп туру.

– Кабатыр болбогун, Арсен, бул жерден бизди эч ким укпайт да, билбейт, ошол себептен сени буерге алып келгенбиз. Эмне үчүн ошенттик, эми мен ошону сага айтып берейин. – Ал Арсенди бир нерсе дейби деп саамга унчукпай, сынай карады. Арсен өзүн өзү токтотуп алган эле, ал дагы үн дебестен токтоо гана баш ийкеп койду. Ташафган сөзүн улантты.

– Ааламдаштыруу деген эмне экенин, жашоо үчүн кандай бийлик керектигин менден жакшы билесиң.

– Өтө эле бийик кеттиң го? – Арсен Саманчин жактыра бербей үн катты. – Ааламдаштыруу дүйнөдө болуп жаткан иш, андан көрү айтарыңды айт.

– Жакшы болот. Дүйнөдөгү байлар, аларды азыр олигархтар дешерин өзүң жакшы билесиң да, ушу бойдон асмандан түшө калгандай эле болуп кетишти. Кудайга койдум, ошентсе да эгер Кудай бизнестин Кудайы болгон болсо, анын тегерегиндеги миллиондордун бардыгы биригип келип, жалгыз ал ээ болгон байлыктын күкүмүнө да ээ эмес экенин көрүп туруп кантип гана унчукпай коё аласың? Тамырыңда кан кайнайт.

– Атаандаштык.

– Ооба. Ал атаандаштык деген ар кандай болот. Акчалуулар дагы байый берсе, биз кол куушуруп кул болуп отура беребизби?! Мына, бизге келе жаткан араб мергенчилерин алалы, кааласа баарыбызды бир ууч дилдеге гана сатып алат, а биз аларга мөңгү барстарын атып алгыла деп алардын алдына койдой айдап беребиз да, ошонубузду эрдик санап кубанабыз.

– Сен таптакыр башка жакка кеттиң, Таштанбек. Мектепте окуп жүргөндө Таштанбек элең, Ооганстандан кийин Ташафган болдуң. Эми сен  башка жакка баратасың. Атаандаштык өндүрүштөн башталат, ал жерде технология да, жумушчу күчү да болот. Артта калып калбаш үчүн алар өнүгүүнү жолго коёбу? Коёт.

– Башка жакка дегениң эмне? – Ташафган анын сөзүн буза тартты. – Мен ошол эле жакка барамын жана сен дагы биз менен ошо жакка барасың. Болду! Иш бүттү! Жашагың келеби, анда сен бүгүндөн баштап, биз менен бир болосуң. А биз антташып ачык чечкенбиз, ошо бизге келе турган ханзадаларын барымтага алабыз. Эмне алаясың? Оңой эле деп ойлоп жатасыңбы? Оңойго турбайт, аларга да жан керек, ошон үчүн алмадай баштын амандыгы үчүн айткан акчаны айланайын деп төлөйт.

– Эй, токточу! Токто, акылың ордундабы? Былжырабачы!

– Сен эмне, өзүм эле акылдуумун деп жүрөсүңбү? Башкаларда да акыл бар. Иш бүткөн, Арсен, жети өлчөп, бир кесилген. А сен болсо эсиңе кайра түйүп кой, өмүрүңдүн акырына чейин биз менен бирге болосуң, эч жакка кетпейсиң, кыйшаң-буйшаң дебейсиң, башка жол жок. Телекөрсөтүүдөгүдөй алып баруучу болосуң, барымтага алынгандар менен барымтага алгандарды сүйлөштүрүп турасың, биздин иш-аракетибизди туура багыттап турасың.

– Эмне, эмне?! Дөөрүгөнүңдү токтотчу! Сен өзү эмне деп жатасың? Ушул үчүн ушул жерге алып келдиң беле?!

– Коркпой эле кой, бизди бизден башка эч ким укпайт. Дагы бир жолу айтайын, ортомчу-тилмеч болосуң. Алар сенин алдыңда Кудайга жалынгандай жалынат, а биз сага өмүр бою сыймыктанабыз.

– Тапкан экенсиң маңбашты. Ата-энеңди баш кылып, жотоңдон бери калтырбай сөксө болор эле. Мага эмне деп былжырап турасың?! Ооганстандан үйрөнгөн карөзгөй канкорлугуңду мага айтпагын. Мен дагы сага эскертип коёюн, кеч боло электе арамза оюңдан кайткының. Муну сен кайдан ойлоп жүрөсүң?! Биздин шаарларда эркиндик, демократия үчүн демонстрацияга чыгып жатышса, анан ал аз келгенсип эл аралык чыр-чатак чыгаргыңар келеби?! «Мерген» фирмасын жок кылгыңар келеби? Башыңар иштейби?

– Туптуура айтасың! Башты иштетиш керек, эл аралык жаңжал чыгарууга болбойт. «Мергенди» да жок кылууга болбойт. Акчасы кумдай куюлган миллиардерлердин алкымына канжар такоого да болбойт, а бирок бизди, бир сындырым нан үчүн башы менен жер казгандарды жакыр чылыкта тепселөөгө болот, балдарыбызды билимсиз калтырууга болот, оорусак акчанын айынан дарылана албай калсак болот. Ооба, азыр ушундай болуп жатат, байлар деген байлык-мүлкүн катарга жер таппай жатышат, ал эми жакырларды кара жер батыра албай баратат. Барымта деген биздин салтта бар болчу. Барымтага кеткендер үчүн үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой беришкен, чыр-чатакты ушинтип чечишкен, байлыкты элге ушинтип бөлүштүрүшкөн. Бул жөнүндө канча бир болумуштар, санжырадай санат кептер айтылып келгендиги сенин эсиңден чыгып кеткен экен да.

– Эй, Ташафган, ушинтип айта берсе болот. Мылтыктын оозу чыкыйыңа такалбай турганда ошентип ойлой бересиң. Адамдарды барымтага алууга мен катыша албайм.

– Катышасың. Катышканда да кандай. Арабдарды барымтага алар замат сен биз тарапка өтөсүң, менин буйруктарымды ханзадаларга жеткирип, аларды өзүң башкарасың. Бешөөбүздүн бирибиз да англис тилин билбейбиз, ошондуктан биз колго курал алып, аларды коркутуп тегеректеп гана турабыз, калганын өзүң бүтүрөсүң. Эмне айтышты, эмне сурашты өзүң билесиң. Биздин багыбызга келаткан араб ханзадаларын, же сен айтып жаткандай Улуу урматтууларды, үңкүргө айдап киргенде сен өз ишиңди айттырбай баштайсың. Акчасын айтып коёюн, ар бир ханзададан он миллион доллар. Ошондо жыйырма миллионду үңкүрдөн санап алабыз. Биз бешөөбүз, сени менен алты, угуп ал, биз муну эбак чечкенбиз, ар бирибиздин үлүшүбүз үч миллион үч жүз миң доллар. Көз ачыпжумган ча үч миллион үч жүз миң. Биз үчүн бир эмес, үч өмүргө жетет. А сен аны эмне кыласың, өзүң гана билесиң, балким, эркектана өңдөнүп катын аларсың, Кудай сага бала берсин.

– Мага жомок айтканыңды токтоткун. Жакшылык менен эсиңе кел, Ташафган. Ойлонгун. Билип койгунуң, эч бир суммага, эч качан, эч жерде жана эч убакта сатылбайм, андай ишке башымды кесип алсаң да барбайм. Мен террорчу эмесмин.

– Биз дагы террорчу эмеспиз. Жыйырма миллион алар үчүн кеппи, менин эки тыйынымдай эле. Жыйырма миллион колго түшөр замат ханзадалар урмат-сый менен бошотулат. Сен дагы эркин болосуң.

– Мен азыр да эркинмин, менин эркиндигим сенде эмес, менин гана өзүмдө. Сенин каракчыларыңа тирүү туруп кошулбайм. Сөз бүттү.

– Эй, сен жаңыласың, досум. Сен эч качан эркин эмессиң. Мен айттымбы, бүттү, сен биздин алтынчы адамыбызсың.

– Эмне? Мен аны каалабасамчы!

– Каалар, каалабасыңды билбеймин. Каалабасаң ачык айт, анда сен бул жерден чыкпайсың. Мүрзөңдүн орду дапдаяр, ушул короодо, жалпы даараткананын артында, эски сарайды билесиңби, ошонун ары жагында болот. Сен аерди билесиң, бир эмес, миллион жолу болгонсуң, ошол үчүн ошерге мүрзө казабыз дедик. Лом, күрөк деген дапдаяр. Беш мүнөттө көөмп салабыз. Ооганды айтасың, аерде менин өмүр-тагдырым бузулду, мен да канчаныкын буздум, ушундай. Керектүү курал-жарак, үнү чыкпас тапанчабыз да бар. Билип кой, Арсен, менин шериктерим куралдын ар кандай түрүн, жадагалса гранатамётко чейин беш колдой билет. Мен сага мактанып коёюн, бул ишке көнгөн устатмын. Кыскасы, бул жерден тирүү кетпейсиң, чекеңе ок кадалат. Сени жек көргөндүктөн, же сенде өчүбүз барынан эмес, кырдаалдан улам... Ушундай, башка арга жок. Сен тигилерге чырмалышып калдың, а биз болсо сага чырмалыштык. Биз террорчу эмеспиз, жөн гана дүйнөлүк капиталдан өз үлүшүбүздү алабыз, болгону ушул, мунун эмнеси жаман?

– Жетишет! Жадап бүттүм. Мен кеттим.

– Ордуңдан жылба! Мени классташын өлтүргөн канкор атка кондурба.

– Ооба, мен да ошол жөнүндө ойлоп жатамын. Биз ушул жерде окуп жүргөндө, биз ушул жерде танапис сайын жүгүрүп ойноп жүргөндө, качандыр бир кезде, дал ушул жерде ушундай иш болот деп ойлодук беле? – Арсен Саманчин ордунан турду да, терезеге жакын келип, аны ачты.

– Эмне, үп болуп кеттиби?

– Ооба, аба жетишпей жатат, – деди Арсен. Ал терезени таза аба кирип турсун үчүн эмес, жана береги чабалекейлер учуп келер бекен, жан кыйнаган кыжалатты ошолор оңдоп жиберер бекен деген ой менен ачты. А бирок ал күткөндөй болгон жок, чабалекейлердин карааны көрүнбөдү. Тагдырдын жолу башка экен...

Ташафган ого бетер өжөрлүгүн карматып, каны кайнап, жинденип чыкты.

– Биз мээсинен айныган келесоолор эмеспиз, антип ойлобогун. Биз сенин мындай ишке эч качан макул болбошуңду, кадам таштабашыңды билгенбиз. Анткени бул сен үчүн кылмыш.

– Кылмыш болсо кылмыш болсун, – Арсен Саманчин кесе жооп берди.

– Ошондой ишти ойлогондун өзү эле кылмыш...

– Мейли, каалаганыңдай ойлой бер. Биз баары бир чабуулга чыгабыз. Сен биз менен, же катарыбызда, же күнөө жасап туткундалган адам катары колу-бутуң байланып барасың, кайсынысы жагарын өзүң танда.

Арсен Саманчин столду муштуму менен бир коюп, «шымың башыңа кийилип калсын!» деген демейки ач айкырыкты сала жаздады, а бирок бу саам өзүн араң токтотту.

– Анан эмне болот? Сенин буйругуң боюнча мен сени менен чабуулга чыгамбы, же туткун болуп байланып турамбы?! Эгер мен каалабасамчы?!

– Үстөлдү койгулаба! Анткен сага жарашпайт экен. Сен канчалык акылдуу болбогун баары бир бизди сөзгө келтире албайсың. Сен түгүл

Кудайдын өзү келсе да кайра кайтпайбыз. Жыйырма миллион көчөдө жаткан жери жок, ал үчүн жанкечтиликке барыш керек.

– Ооба, көчөдө жатпайт. Таштанбек досум, жаш кезиңде, сен жайдары, жакшы чагыңда сенин атың Таштанбек эле, анан жыйырма миллион сенин үлүшүң экенин кайдан таба койдуң? Же эмне, чын эле көктөн түшө калдыбы?! Сен эмне болуп жатасың? Бул деген каракчылардын талаптоноосу. А сен болсо асмандан түшөр өз үлүшүңдү колдон чыгып кетпесин деп коркосуң. Эмне болоруңду ойлон!

– Жыйырма биринчи кылымдын тың чыкма билимдүүлөрү силер бара жаткан жакка. Өзүң баштаган топ каякка баратса, ошол тарапка, дүйнөлүк байлыктан ар бир адамга өз үлүшү бериле турган сен айтчу ааламдаштыруу дегенге бара жатамын.

– Айнып калгансың го, ааламдаштыруунун бул жерде кандай тиешеси бар? Таптакыр башка түшүнүк. А сенин «ааламдаштырууң» түркөй түшүнүк. Түшүндүңбү?!

– Түшүндүм. Кыйналбай эле кой, аны өзүбүз билебиз.

– Билгениңди көрүп турамын. Банкир көрсөң бакырып, жакадан алып жаалданып, эмне үчүн менин бутумда жыртык байпак деп жулкулдатмайбы?!

– Ой, энеңди десе, банкирлерди коргогонун!..

– Ананчы, колумдан келсе ошо банкир экөөңөрдү бороондуу күнү калагы жок кайыкка салып, силер көксөгөн ааламдаштыруу деңизине салып иймекмин.

– Эмне деп жатасың? Эмне үчүн мени аны менен бир кайыкка саласың? Аныңдын эки миң кишилик кемеси турса, бизнеси турса мени менен отурмак беле. Байлардын ааламдаштыруусу өзүнчө, байлыктан байлыкты басып ала берсин, а биздики дагы өзүнчө, кол жеткен жерден бөлүшүү, кол жеткен жерден өз үлүшүбүздү тартып алуу. Тоого келген арабдарды колго түшүрүп, алардан өз барымтабызды өндүрүү. Бул – биздин укук.

– Таштанбек афган, сенин билимдүү экениңди билемин. Анан кантип мындайды укук деп айтып жатасың? Кайдагы укук? Тоноо укугубу?! Эч нерсе түшүнбөйм.

– Сен түшүнбөй эле кой, – деди Ташафган терезе жакка бурулуп кеткен Арсен Саманчиндин артынан. Ошо замат ал мойнун бура бурк этти:

– Түшүндүргөнүңө тойдум, болду укпайм.

– Угасыңбы, укпайсыңбы мен аныңды биле албайт экенмин, Арсен, терезенин жанына туруп алып жакшылап ойлон, ансыз кутулбайсың. Баары бүттү, сен капкандасың. Бардыгыбыз бир капканга түштүк. Артка чегинүүгө жол жок. Анан, Арсен, бизди кайдагы бир тексиз каракчылар дебегин. Ата-бабалардан калган ишти улантып жатабыз, жайыттарга, өзөндөгү сууларга акы төлөбөгөндөрдөн эр-азаматын туткунга алып барымталаган, эр башы үчүн үйүр-үйүр жылкы, короо-короо бодо, жайыты толо кой-эчки айдап келишкен. Азыр башка, бизди каалаганыңдай атай бер: бандит де, каракчы де, мыкаачы же ууру де. Болгону сенден бир гана нерсе талап кылынат, жанагы акчасын катарга жер таппаган алтын байпак арабдарың келери менен, келери менен деп жатам, угуп атасыңбы, ошо сааттан, ошо мүнөттөн баштап, ар бир кадам сайын мен буйругандай иш жасайсың. Мени шеф Бектурдун жанында куйругумду шыйпаңдатып жүгүрүп жүрөт деп ойлобой эле кой. Анын өз бизнеси бар, ал ошону ойлосун, а биздики өзүнчө аңчылык. Бадал-шактардын арасынан, коо-аңдардан тайганча шимшип, барстарды баскыла деп айдап келүү. Тигилериң тигишинен сөгүлө сүйүнүп, кылмерген болуп кароолго алып мээлегенче биз алардын өздөрүн – ханзадаларды мээлеп туруп кармап кетебиз да, үңкүргө айдап киребиз. Биздин бизнес-аңыбыз ушул, алардын башын соодалайбыз. Сен угуп жатасыңбы, Арсен, мен муну эриккенимден былжырап жаткан жерим жок, сени билип алсын деп жатам. Анткени сен алар менен ар дайым бир болосуң, а биз болсо асманда жүрөбүз. Тигилериң барстарды көрүп акылдан калган маалда аларды кекиртектен алып, куралын тартып, жарга сүйрөп киресиң. Эч качан, эч бир жерде, жадагалса түшүңдө да мындай ыңгай болбойт. Себеби чоң Кудай өзү ушинткин, куралын колдон жулуп ал деп жатат. Түшүндүңбү?! Меймандардын көңүлүн алып тилмечтик кылышыңды Кудай берсин, арабдардын колуна кишен салгыча бизге да жардам кылсын. Бардык иш, бардык үмүт жалгыз сенде, Арсен, сен угуп жатасыңбы?!

Арсен жооп берген жок, кара жерге баш салып, терезеден кетпеди.

– Дөңгөчтөй болбой, адамча ук! Сен биздин адам болгонуң, бардыгыбыз бир тукумдан экенибиз жакшы болду. Каныбызды сатпайбыз. Араб ханзадаларынын спутник телефону болгону да жакшы, үңкүрдө калчылдап, өз жерине акча деп ыйлап айтышат. Анда да сен жанында болосуң, эмне дегенин бизге айтып турасың, ашыкча сөз сүйлөтпөйсүң. Бардык иш, бардык үмүт жалгыз сенде, Арсен, сен угуп жатасыңбы?! Сенсиз биз эч нерсе жасай албайбыз. Сен түшүнүп жатасыңбы, сага жетип жатабы? Сен эмнеге унчукпайсың, Арсен? Үн катчы, үн?!

– Айта турган сөзүм жок. – Так кесе жооп берди. Анан экөө тең унчукпай калышты.

«Дүйнө ордундабы?» Эс тарткандан бери ушул айылдаштарынан эчен ирет уккан бул сөз акыры анын өзүнө ушинтип жетип отуру. Ооба, жан жалдырап, дил кыйноого түшкөн кезде бу Ташафгандын табакташтары мектеп короосун менчигиндей кайтарып турган, ошондон улам бул тегеректеги дүйнө да өз ордунда болчу. Теребел деген теребел, ар качандан бир качан калыбынан өзгөрбөй кала берет, а адам баласы, анын ички дүйнөсү кубулат экен, кээде таш тийген күзгүдөй талкаланып калышы да этимал экен. Ошондуктан адамдар: «Дүйнө ордундабы?» – дешет тура. Ийе, дүйнө дегениң ар дайыма ордунан жылбай турары белгилүү го, ошентсе да адамдар биринен бири: «Дүйнө ордундабы?» – деп, сурап турушат.  Турмуш ушундай, тагдыр ушундай.

---------

Акылга мүшкүл түшүргөн мындай коркунуч туулган кырдаалда деле ойго күтүлбөгөн нерселер келе берет экен. Ал эзелтен бери тоо-талаа кезип жүргөн Кызкайып азыр кайда жүрдү экен, ордунда турган бул дүйнө ордунда эмес экенин ушу саам билип калды бекен, а Айданачы, билеби, тынчсызданабы деп тынчсызданды. Жок, жок шоу-бизнестин «Лимузиндеринде» зуулдап куунаган ал мындай кыямат менен иши жок. Беймарал жашаган тоо жаныбарлары гана дүйнө ордунда эместигин жакында билет, ооба, жакында баштарынан өткөрүп, калабага кабылат деп ойлоду. Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин кабыландын тукумдары билишти бекен? Билишти бекен, бул жолу күчүктөрүн ак сүтүнө тойгузган эне барстар?

Дал төбөдө бийиктиктин чексизине бийлик кылган тоо шумкарлары жер бетинен жоготкону бар сыңар жай каалгып жүрөт. Көз талыткан бийиктиктен алар нени издейт, нени күтөт, нени айткысы келет?..

Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин Ак шумкардын тукуму бийиктиктен билишти бекен?..

Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин жакында болор алаамат салар күн айтат.

Ал дале болсо ой дүйнөдөн чыккан жок, Ташафган болуп алган мурдагы классташы Таштанбек андан эки кадам арыда таш болуп карайып турат. Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин ошо безери жасабадыбы, андан улам ал аны жалаңкычындай жек көрүшү керек эле. А бирок Арсен Саманчин антпеди, кыяматтай кылмыш иш жасоого бүт жандили, акыл-эси менен кумарчыдай берилип алган тигиге ичинен гана өкүнүп турду.

– Эй, Арсен, – деди Ташафган анын не ойлоп жатканын билип тургансып ортодогу жымжырттыкты бузду. – Көзүң чекчейип, белиң бекчейип, сакалың куу болгончо ойлоно берсең болот. Канча ойлон, тандай турган жол жок. Эч кимге ачкыс эшикти сага гана ачтык, биз менен болбогондун иши бүтөт. Босогодон аттадың, эми өз башыңды сактагын.

– Эмне?! Ким жашап, ким жашабасын качан сен чечип калгансың?! Мындай укукту сага ким берди?

– Ачууңду бас! Азыр сенин эки гана жолуң бар. Биринчиси, биз менен бир болосуң жана мен айткандардын бирин калтырбай аткарасың, үлүшүң өзүнчө. Экинчиси, макул болбосоң анда сен бизди саткан болуп саналасы ң, чыккынчысың, душмансың. Анда биз, ачык эле айтайын, өч алабыз. Кандуу моюн дүйнөдө багынбаган душманга жалгыз жаза колдонот, кыйын болсо андайдын бир октук алы болот. Өч өлүм менен бүтөт! Биз сени биз менен чогуу жашап жүрсө экен деп тилеп жатабыз. Түшүн.

– Эмне үлүш, үлүш дейсиң? Мен үлүш жөнүндө бир нерсе дедимби? Бул үлүш эмес, карактоо, кылмыш!

– Ооба, бул ошондой. Мен Ооган согушунда болгом, аябай ок аткандар гана жеңишке жетет. Биздин аракет-планыбызды ук. Майдалап айтып берейин. Арабдардын келгени, бизге жеткени, жолугушуу, таанышуу, жагынуу, айтор, бешөөбүзгө булардын кымындай да кереги жок. Алар менен сен болосуң. Биз тезек терип, от жагабыз, малайлардай жүрөбүз. А сен өз ишиңди иштей бересиң, биз жөнүндө ойлобо, келери келгенде биз өзүбүз унуткандарды унутпас кылабыз. Ал биздин, беш баатырдын иши. Чабуулга өтүүгө добулбас уруп белги берилет, сен ошого даяр бол, белгини мен өзүм берем. Чабуул жүрөктүн бир кагышында башталып, жүрөктүн бир кагышында максатына жетип бүтүшү керек. Арабдар келгенден кийин сенин Бектурган агаңдыкында эс алышат, кийинки күнү Коломто конушуна барышат, ал жак тоо, жол жарымына чейин Бектургандын жиби менен, башка машинада барышат. Андан кийин ат менен. Баары ойлонулган, баары даярдалган. Түшүнүп кой, Арсен, кырдаал бизге белгилүү болсун деп айтып жатамын. Бул өзүнчө программа, иштеп чыкканбыз. Укмуш дейсиң айтсам. Эмне унчукпайсың?

– Сүйлөй бер, анан унчугам.

– Анда мен эми бизде кандай курал бар экенин айтайын. Азыркы иште эң керектүүсү аткыч курал. Ошого басым жасадык. Мыктынын мыктысын камдадык. Жолборсту билесиң да, ага эч ким куралсыз барбайт, а мөңгү барсы деген андан да жаман. Ар кандай жырткычтар цирктерге үйрөтүлүп, ойноп жүрөт. А барс андайга багынбайт. Жердин бийик, таза жерин жайлашат, ошол үчүн териси баа, дүйнөнү кызыл көз кылган бизнеске айланып калды. Кудай аларды бизге бергенине ыракмат, ушундайбы? Эмнеге унчукпайсың? Мейли, унчукпай тура бер, мени келжиреп жатат деп ойлоп турасың да. Мындай кезде мүдүрүлбөш керек, кумурска мүдүрүлгөн, пил качып кеткен учурлар болот. Күлкүң келген жокпу, Арсен?

– Азырынча жок.

– Эми жанагы чириген байларды кайсыл жерден, кантип жана качан кармоо керектигин түшүндүрөйүн. Аңчылыкка керек деп Кувейттен үн күчөткүчтөрдү жиберишиптир. Телефон жетпейт, анан ошолор менен тоодон тоого сүйлөшүп турабыз. Ошону дагы кандай дечү эле, жанагыл демонстрацияларда сүйлөп жатышпайбы?

– Рупор.

– Жок, дагы башкача.

– Мегафон.

– Ии, ошол. Сага бирди беришет. Биздин ар бирибизде бар. Ат чаап баратып мегафон менен кыйкырабыз, аны тигилерге, тигилердикин бизге которуп айтып турасың. Барстар эч жерге жашына албай калат, кулактары тунуп, шайлары оойт. Муну эмне үчүн айтып жатам, жанагыл үчүн. Душмандарды кулак түпкө коюп, нокаутка жыгып жатканда айтчу эле го мындай-мындай деп... Ошону келиштире айт, бардыгы сенин айтканыңа жараша болот. Кандай эле ошол сөз? – Арсен Саманчин ультиматум деген сөздү таздын башынан бит издеп таппай жатканын түшүндү, бирок айткысы келбей жатып айтты:

– Ультиматумбу?

– Ии, ультиматум. Унутуп калганымды карачы, тилимдин эле учунда турган. Биздин бир жаш ырчыбыз минтип ырдачу: «Минген атым Ультиматум, Алтын туяк султан атым. Баары мага таазим кылсын, Жаман менин курган ачуум», – деп уланта берчү. Жамак да, бирок мага «минген атым Ультиматум» дегени жагып калган. Муну жанагы ультиматум деген сөздөн улам айтып калдым. Эми тигилерди үңкүргө айдап кирип куралсыздандырабыз, анан аларды жылаңачтайбыз, кыйын болсо аска-таштардан чуркап көрсүн, акыл-эсин тандыра ультиматумду ошондо дароо коёбуз. Бүттү, же өзүбүздүн жыйырма миллионду кагып алабыз, болбосо мен пехотага каршы коюлган минаны жардырып жиберем. Ал даяр, ошол жерге коюлган.

– Минаны сен койдуң беле? – Арсен таң кала сурады.

– Ооба, мен бул ишти Ооганда жасап жүргөм. Ультиматумум ушу. Жыйырма миллионду колго салсаң – чыгасың, антпесең жарыласың, сөөгүң сөпөт. – Арсенди тиктей калды. Ой, сен эмне эле жаман көзүң менен карайсың, тынч отурчу. Бул бир келген шыбага, мындан ары эч болбойт, анткени барстар ашууну ашып кетет. Дагы да сага айтканым, сен биздин суу тилмечсиң, бүт баарыбыз сен аркылуу сүйлөшөбүз. Мергенчиликте эки ханзада гана болот, жанында өзүң. Айдакчылар ар кайсы тарапта болобуз. Ал эми калгандары тейлөөдө, алар артта болушат. Сенин шеф Бектур агаң берериңди бере көр деп жакасын кармап Кудайга сыйынат. Сыйына берсин, ал сыйынып жатканда менин буйругум менен ханзадаларды желкесинен жетелеп үңкүргө киргизебиз да, куралдарын колунан жулуп, барымтага алабыз, талабыбыз жыйырма төрт сааттын ичинде нак акча түрүндө колубузга тийиш керек. Ультиматумду аткарууга бир күн, бир түн гана берилет. Мөөнөт узартылбайт, буйрук деген буйрук, ал аткарылышы керек, кыскасы накталай акча болсун, болбосо баштары кетет. Ушуну дароо түшүндүрүп, ачык айтып коюш керек. Сени сезип турам, Арсен, мунун баары сага жакпай жатат, дилиң ооруп атат, кантип ушундай болсун дейсиң. Туура, бирок мунун баары эсептелген, айтып берейин, жакынкы чыгыш банктарында кыштыр-жайдыр күнү-түн алардын сейфтеринде миллиарддаган акчалары жатат, бизге бере турганы жыйырма эле миллион, бир түкүрүп койгону. Акчаны алтымыш, сексен беш сантиметр өлчөмүндөгү төрт кагаз кутуга беш миллиондон салышат, ошондо ар бир кутунун салмагы жыйырма килодон болот, бардыгы сексен, кеп эмес. Муну кантип алып келиш керек? Самолёт тогуз саат учат. Буйрук болсо аны букаралары буйдалбай аткарышат. Тоо арасындагы үңкүрдөн кантип кабарлашат дейсиңби? Проблема жок, алардын өзүң айткан спутник телефону бар, чалат да айтат, айтканда да мен айтканды айтат. Жанынан карыш жылбайсың, ашыкча сөз айттырбайсың. Сен бул арты Чубактын кунундай чуулгандуу, кулак угуп, көз көрбөгөн кылмыш ишке аралашкың келбей, ошол үчүн унчукпай жатасың. Андай эмес, бүт баарын эсептеп, тактап, ойлонуштуруп койдум. Аны сен деле көрүп турасың, үлүш колдо, аны алып калууга жанымды сайып да болсо тырышам. Кандай ойлосоң ошондой ойло, билемин, сенин ааламдаштырууң бир башка да, меники бир башка, кайнаса каны, байласа башы бирикпейт, ошентсе да бул жолу менин буйруктарымды кыңк этпей аткарууга туура келет. Башка жол жок, бар болсо да ага бара албайсың. Ала турган энчиң алдыңда турат. Дагы сага эмне керек? Тоонун арасынан кайсыл атаң тутамдап доллар карматты эле? Жок, акчаңарды ала албайм, булганыч экен десең биз сага ыракмат айтып алып коёбуз. Андай күндү күтө берип, күйүп-күйүп күл болгонбуз. Ал өзүңдүн ишиң дечи, баары бир сен унчукпайсың, жүрөгүңдө бир нерсе бар. Эмне, тигилерди үңкүргө кантип желкеден алып киргизебиз деп бушайман болуп жатасыңбы? Башың оорубасын, баатыр, анын баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган. Акылыңа кут куйгандай айтайын. Меймандар алгач Коломтого үргүйт, ошондо алар капчыгайдагы зынданга түшө турган жерге жакын, айлана-тегеректи алаканга салгандай көрө турган жерде көңүл ачып жайгашат. Ошондо биз алар көрө тургандай жакын жерге сыртынан акмалап карап жүргөн барсты айдайбыз. Биз аны: «Укурук куйрук, казан баш» – деп коёбуз. Көрөр замат жүрөгүң түшөт, тулкусунан күч-кубаты туйлаган, ыңгырана караса сүрүнөн дароо жан чыккан, чубалган узун куйругун чыкчырылта баш жагын көздөй серпкенде чулук кулак, жал-мойнуна жеткен, уютулган коргошундай казанбак баш кабыландын бир тукумун көптөн бери балдар карап-багып жүрүшөт, ал жай бою Үзөңгүлөш ашуусунун этегин энчиге бөлүп алгансып жалгыз жүрөт. Айдакка көнөт, мына ошону Кудай деп, Баабединдин жолуна деп биринчи айдап  келебиз, көздөрү кызарып күйүп чок болсун, анын жолун табабыз, тигилер даана көрсүн үчүн анча-мынча жеңил жарадар да кылып салабыз. Бүт бардыгы ханзадалар үчүн болуп жаткандай уюштурулат, а чынында аларды мергенчилик кумар менен азыткыдай азгырып үңкүргө айдап киребиз. Үңкүр даяр, жайлоого баратканда же келатканда койчулар түнөп өтүүчү үңкүр. Мына, Арсен. Сени өз киши санап, бүт баарын айтып бердим, эми кандай десең өзүң бил, эң жооптуу милдет сеники, ошону тигилер менен бетме-бет туруп аткарышың зарыл. Анан эң негизгиси ультиматумду так, даана, түшүнүктүү кылып айтасың. Биз үңкүрдүн оозун тегеректеп, колубузга автомат алып кайтарып турабыз, кароолдо балдар болот. Алар өз иштерин жакшы билет, бүт үйрөттүм. Ханзадалардын ар бири үчүн жыйырма төрт сааттын ичинде он миллиондон келиши керек, ошондо аман калышат. Ушуну бетме-бет туруп ачык айт. Ошо замат үңкүрдөн чыгасың да, рупордон үнүңдүн жетишинче айлана-тегерекке англис жана кыргыз тилинде араб ханзадалары барымтага алынгандыгын, ар биринин башын куткаруунун жолун, ошондон улам бул аймакка өзгөчө кырдаал жарыяланганын, башка жактан келгендер да, жергиликтүүлөр да орундарынан жылбоо керектигин, эч жакка басууга уруксат жок экендигин, үңкүрдү көздөй кадам койгондорго же башка аракет жасагандарга эскертүүсүз ок атыларын айтасың. Эсиңден чыгарба, ханзадалардын баштарына канча акча сайылганын эч жарыя айтпайсың, бейчеки сүйлөп жибербе. Эгерде жыйырма төрт сааттын ичинде коюлган талап аткарылбаса, анда бир мүнөт да күтмөй жок...

Арсен Саманчин капылет жерден бөрү зынданга кабылып калгансып, кыймылды унутуп, бир кездеги кээри жок классташынын кара башка күн түшчү каргашалуу максат-оюн алда Кудайлап, сезим-туйгусун өчүрүп, өзүн өзү тирүүлөй өлтүрүп туруп укту. Карамүртөз тагдырдын жалгыз башка салганынан кантип чыгып кетүүнүн бир айласын табалбай каңырыгы түтөп турду. Бирок аны ушул абалдан кандайдыр бир күйкөнүн канатындай дирилдеген ой дилине от тамызып жибергендей болду. Ал келбейт эле, тагдырдын изи катары көңүлүндө так бойдон кала бермек. Барымтага алуунун планы кылдат иштелип чыкканы, ультиматум дегени, акча маселеси, анан, анын бул иште жан кыюудан жалтанбаган чагылган жарык көздөрү даулдап күйгөн өрттөй мүнөз-кайраты анын удургуп турчу ой-кыялын жүлүндөп салгандай тынчытты, ошол эле учурда ушул күч-кубаттын бардыгы пайдалуу ишке жумшалбай жаткандыгына өкүнүп алды. Ушул иш ошол болгонунан чегинүүгө жол жок эле, сөз бүтүп, көз жетип, канжыгага баш байлап коюшкан эле. Жана өксүгөн өзөгүндө жана калып жок болгон ой тагдырдын кегиндей болгон Эрташ Курчал эске түшө калганда пайда болду, пайда болгондо да жанагыл барымтага алынгандардын арасында ал дагы болсо, ошо кысталакты Арсендин дал өзү кежигесин кесе чаап, көчүгүн жара-жара тээп, жансоогалатып, үңкүргө айдап кирсем деп ызырынып жиберди. Мындай ойлогондун өзү пас адамга таандык, уят иш дечи, а бирок эмнегедир ойлоп жиберди. Базар аркылуу ажыдаар болуп классикалык искусствону соруп жаткан, «Кызкайып» менен Айдана Самарованын жолун корумдап салган өлүгү жерге батпагырдын акчасын чекесине ок тийгенде көрөмүн. Балапанын жылан соруп жаткансып безеленген чабалекейлер бир нерсени билишкен экен, көздөрү тамар-тамбас тамчыдай жалдырап тургандай көрүнгөн деп ойлоду.

Күн түш болуп барат, таштан бүткөн Ташафган тажай турган түрү жок, өчөт десе өзүнүкүн өжөрлөнүп сүйлөп, өзүн кошо ишендирип, туткундоонун акыры кандай бүтөрүн, андан ары эмне болорун кумардан чыга айтып кирди:

– Бизди сен жанагыл шыбаганы алганга эле жанталашып жаткандай сезип жатасың. Андай эмес, эгерде жыйырма миллион доллар колго тийип калса аны булар эмне кылат,базарга айлантабы, кайда барышат деп беймаза болуп жатасың. Барымтадагылар бошотулар замат бизге, жапайы бандиттерге, атайын даярдыктагы өзгөчө милдет аткаруучу отряд ач бөрүдөй жабылат, бул турган иш, жер өңүтүн алышкан. Эч кабатыр болбогун, бир күн, бир түн сааттай иштейсиң да, андан кийин биз менен чогуу болосуң. Барымтанын акчасын алабыз, ошондо жети сааттык убактыбыз болот, ал жакта эч ким аракетте болбойт, бейтарап убакыт. Бул эмне деген убакыт, ал эмне берерин билесиңби?

– Жок. Сенин айткандарың чынында менин таманыма шиш кагып, боорумду эзип, өтүмдү ичип баратат. Мен сени менен башка нерселер жөнүндө сүйлөшөйүн дегем. А сен болсо өз окобуңа кирип алып, тегерегиңде эмне бар экенине карабай атып эле жатасың.

– Мен кай окопто болсом, сен дагы ошол окопто болосуң. Эми жанагыл бейтарап убакыт жөнүндө. Үңкүрдүн дал жанына барымтанын акчасын алып келишет, иш айтылгандай болгонуна көзүбүз жетип, аны өткөрүп алгандан кийин сен дөңсөөгө чыгасың, ханзадалар биздин колдо, демек, эч ким тийише албайт, алгач англис тилинде, анан кыргыз тилинде жети сааттык бейтарап убакыт жарыялайсың. Бардыгы уккудай кылып айтасың, үн күчөткүч колуңда. Барымтадагылар аман-эсен экендигин, тамак-аштан өксүү болбогонун айтасың. Жети саат бою үңкүрдөн чыгууга, ага кирүүгө эч кимдин акысы жок экенин, эгер бул талап бузулса үңкүрдүн кире беришиндеги саат менен иштеген чечен миналары жарыларын, алар жети сааттан кийин гана коркунучтуу болуудан каларын айтасың. Түшүнүктүү болсун үчүн муну үч жолу кайталайсың. Аларга айтар акыркы сөзүбүз ушул болот. Жетим баладай жер тиктеп жети саатты күтүшөт. Ал ортодо биз өз арбайыбызды согобуз. Ортого түшкөн олжону Бектур шефтин ханзадаларга деген аттарына жүктөп, биз баарыбыз Үзөңгүлөш ашуусун көздөй токтоосуз бөрү жортуул алабыз. Жол өңүтү чалгындалган. Ал жагы камсыз. Биздин үй-бүлөлөрүбүз жайлоодон дал ушул ашуунун этегине келип күтүп жатышат. Камсанай турган кам иш жок.

Арсен Саманчинде үн жок, тыйын майдалаган адамдай болуп отурат. Ал адамдын колу тургай дити баргыс каргашалуу иштин мыкты ойлонулганына, тоодогу диверсиялык иштин программасын канчалык көбүрөөк түшүнгөн сайын ошончолук балээге башын байлап жатканын, бул Ташафганчы беш бөрүнүн айды жанган азуусу алкымдан алып турганын, ошондуктан жөн эле макул болбой кутулуп кетүү мүмкүн эместигин, арам ишти билиштин өзү алардан күнөөсү аз эмес экендигин билди, а чынында анын колу-буту байланып, тил-оозу жок жалдырап тозоктун босогосунда турган.

– Санааркаба, Арсен, – деди Таштанафган. – Тобокел дейбиз, бирок сага бүт бардыгын жашырбай айттым, акылдан чыккан тобокелдик. Улуу тоолордон улуу көчкү жүргөн кезде ал жердегилерди алаамат алат, канат какканча канча бир кушуң кетет, анча-мынча тик учканы гана тирүү калбаса, бүт бардыгы жер жуткандай болот. А балким, биздин маңдайыбызга тирүүчүлүк жазылгандыр?

Арсен Саманчин ийинин куушуруп койду:

– Убайым тартканым жок. Мен өзүмчө эле ойлонуп жатам.

Ошо маалда анын чөнтөк телефону чырылдап калды. Экөө тең селт эте, ойлорун баштан качырды. Арсен Саманчин англисче сүйлөшө баштады, анысы тайманбаган Ташафганды ого бетер шекшинтип, тигил араб бир нерсени билип же көрүп калган жокпу дегенсип алапайын таппай кетти. Качан гана Арсендин жүзү жанданып, үнү ишенимдүү чыкканда жүрөгү ордуна келди. Беш мүнөттөй сүйлөштү. Ал Арсенден Боб деген атты мурда уккан. Ушундан улам ал: «Ооба, Боб! Жакшы болот, Боб!» – деген сөздөрүн гана божомолдоп түшүнгөндөй болду. Ошондой экен, ханзада Хасандын басма сөз катчысы Роберт Лукас телефон чалганын, ак карлуу аскар тоо жери үчүн жаңы моделдеги альпинисттик кап-төшөктөр, башка керектүү буюм-тайымдарды үч адам 15-июль күнү алып келет экен. Ошол эле самолёт менен бул аймактын табиятын, кооз жерлерин, аскар тоолорун, мергенчиликтин даярдыгын, жүрүшүн фильмге тартмакка эки кинооператор да кошо жөнөтүлүп жатыптыр. Ушуларды тосуп алып, жайгаштырып, иштешине жардам берүүсүн өтүнүптүр.

– Мына иш башталып калды, – деди Арсен Саманчин. – Бүрсүгүнү Олуя-Атанын аэропортуна барыш керек, шеф менен да сүйлөшөбүз. – Ал Таштанафган айткан тарыхты бүтүрүш үчүн класстык бөлмөнүн терезесине барып, сыртты телмире карады. – Таштан, мен шефке барайын, убакыт болуп калды, – деди.

– Ал Дасторконго кетпеди беле, азыр келе элек.

– Келер маалы болуп калды, – деди Арсен Саманчин. – А экөөбүз болсо жакшы эле акылдаштык. Эми иштейли.

– Ошентели, а бирок андан чоң иштер бар. Араб меймандарынын келерине мына туптуура үч жарым күн калды. Баары мен айткан план

боюнча болушу керек. Ошол үчүн менин буйруктарыма макул болуунун өзү, аны аткарууга киришүү дегендик, ал болсо ажал менен бетме-бет келген бир мүнөт. Ал уланат, же токтойт. Буга жин тийди деп ойлобо, андай эмес, акыл-эсим жайында. А сен болсо ушундай бир кыйын кысталышта башыңдан байланып калдың, басынтып же башка кылганым жок, тескерисинче, сенин жөндөмүң, билимиң, акылың бизге керек. Ошо артыкчылыгың менен менин буйруктарымды аткарып берсең болду. Аткарып! Анткени эми сага башка жол жок. Чын, айылга өзүң келдиң, биз сени чакырбадык. Тагдыр сени бизге кошуп жатат, демек, маңдайга ушундай жазылган. Бизди бандиттер дешсин, мейли, а бирок биз бандит эмеспиз, өз энчисин өндүрүп алгандарбыз. Заман ошондой, башка жол жок.

– Болуптур, – Арсен Саманчин анын сөзүн бөлдү. – Көрүп турасың, сени эле угуп атам, мени мажбурлап жатасың, муну мен өзүм чечишим керек да.

– Туура, мен да ушинтип айтканмын. А бирок дагы кайталайм, Кудайдын өзү суранса да баш тартмай жок, энчибизди гана алабыз, бир жума бөрү турмуш өткөрсөк, Памирдин Ооган тарабында болуп калабыз. Ал тараптын жолун мага кой, ай караңгы түн түшсө да жаңылбайм. Ак жайдын күнү ашуунун жолу жеңил го. Үй-бүлөнү таштасак, биз үчүн жазаланышат, өмүр бою куугунтукталышат. Сен бойсуң, сага жеңил. Үй-бүлө менен Үзөңгүлөштүн түбүнөн жолугабыз. Бирок алардын бири да Коломто коктусунда, андагы чыйыры жойкун из болгон жердин жанындагы үңкүрдө не окуя болгонун билбейт. Ушундай, анткени бул алардын иши эмес. Топоз баккан Ооган кыргыздарына барып, алгач ошерде турабыз. Анан балдарыбызды кийин Кытайдагы, Индиядагы, Пакистандагы жогорку окуу жайларынан окутабыз. Аны акча жасайт.

Телефон. Бектур шефтин өзү экен.

– Сен кайдасың? Кандай жаңылыгың бар?

– Мектептемин, Ташафган экөөбүз окуган жылдарды эскерели дегенбиз. Мага деген атты көрсөтүштү, суу төгүлбөс жорго экен ыракмат, ага. Жаңылыкпы? Басма сөз катчысы Роберт Лукас телефон чалды. Бүрсүгүнү даярдык көрүү тобу келет, үч адам экен, алар менен кино тартканы дагы эки оператор болот деди. Ханзадалар болсо кийинки күнү келет экен. Болуптур, офиске бир аздан кийин барып калам, кеңешели. Бардыгы графиктегидей болуп жатат, кабатыр болбоңуз. Агасы Бектур шеф менен сүйлөшүп жатып өзүн кармай билгени, бул жерде эмне болуп жатканын билдирбегени Ташафгандын бөдөнөдөй бөккөн көңүлүн көтөрдү.

– Иш чачтан көп, келе кал деп жатат. Билесиң да, Таштан, мен басайын,– деди ал олуттуу.

– Жакшы, негизи бүт баарын эле сүйлөштүк көрүнөт. Белги болот: мен баягыл мент сержанттык шапкемди кийип алам, аны сен билесиң. Демек, иш менин буйругум боюнча гана жасалат. Түшүндүңбү? Эсиңден чыгарба. Дагы бир эскертүү, биздин операцияны бузамын деп ойлобо, анда мамиле жаманчылык менен бүтөт. Чегинүүгө жол да жок. Алар, же баштары сайылган акчаны берет, же мергенчиликте, же үңкүрдө ханзадалардын каны төгүлөт, айтор, алар тирүү калбайт. Ушундан тыянак чыгара бер. Бул ишти дагы эле кылмыш же карактоо деп ойлосоң, бир эскерт үү, анда аны ичиңден чыгарба. Агаңа болсо ооз ачпайсың, эгер айтса ң, анда бүт баарын атып салабыз, эч ким калбайт. Ачыгы ушу. Шаары ңа жылт эте турган болсоң, артыңдан кууп жетебиз, жоболоңду жол үстүндө салабыз, болбосо калааңдан кармап, кашыктап каның ичебиз. Ошондуктан сенден дагы бир жолу аябай өтүнөм, жыргаганымдан сени коркутуп-үркүтүп жаткан жерим жок, арга түгөнүп бүткөн, Арсен! Ошол үчүн тобокелди дос кылып, канжыгага баш байлап отурам. Бүттү! Башка сөзүм жок! Бир аз токтой турчу, балдарды чакырайын. – Терезеден башын созуп кыйкырды: – Эй, Култай, баарын чакыр, биякка киргиле! – Эмнеге? – Арсен таңдана карады.

– Азыр...

Жанатан бери мектептин талыкшып жаткан короосун кайтарып турган төрт берен класска кирип келишти да, бир катарга тизиле калышты.

Ташафган аларга Арсен Саманчинди көрсөттү да, аскер командиринин буйрукчул үн-кырааты менен:

– Коломто боюнча бардык маселени сүйлөшүп чечкенибизди силерге билдирем. Ал үчүн шерттешүү милдети келди. Баштагын!

Биринчи болуп саксагай Саксаң Арсенди көздөй кадам таштады.

– Антты бузган – чыккынчы! – деди да четке чыга берди. Калгандары да ушул сөздү кайталашты:

– Антты бузган – чыккынчы!

– Антты бузган – чыккынчы!

– Антты бузган – чыккынчы!

Акырында Ташафган Арсенге кайрылды:

– Кандай экен? Антка түшүндүңбү?

– Дал ошондой! Аскердегидей буйрук Кудайдан улук!

– Ооганстанда биз буйруксуз жашаба, сүйүүнү да баштаба дечүбүз. Беш элек, алты болдук, эми ишке киришкиле. Арсендин өз жумуштары бар. Мени менен Саксаң байланышып турат. Култай, Жылкыш, Жандос – үчөөң түнкү чалгынга чыккыла да, эртең түшкө жакын сөзсүз келип калгыла. Жырткычтар кайсыл жерди жайлап турушканын, кай жакка беттээрин чалгыла. Ал эми баягыл узун куйрук чара баш ашуунун алдында бекен, карагыла. Аны Коломтого чочутпай түшүрүүнүн жолун аныктагыла. Курал-жаракты толук алгыла, не бар, не жок аттарга кол салгандар болсо... Мергенчилик башталганда кароолдо тура турган жерлер белгиленсин. Аттангыла!

Ошол ошол болду да, алар мектептин короосунан тарашты. Арсен «Мерген» фирмасынын офиси жайгашкан, мурдагы колхоз конторун көздөй Бектур агасына өзү жалгыз жөө баратты. Аялдабай анын артынан Ташафган жетип келди да, атынан түшүп, анысын жетелей катарлай басты. Кайрадан баягыл жомогун баштады. План бузулса келгендердин да, бул жерликтердин да чекесине ок кадаларын, ал эми иш ойдогудай болсо эч кимдин бир тал чачы түшпөсүн кайра-кайра эсиңе алып койгун деп эскерте берди.

 Которгон: Самсак Станалиев