Понедельник, Августа 21, 2017

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 6-бөлүк

Мурдагы бөлүк Кийинки бөлүк

Арадан эки күн өткөн соң, Арсен Саманчин «Нивасын» айдап жолго чыккан. Анткени ханзадалардын келишине саналуу гана күндөр калган. Ырас, эмираттык Хасан менен кувейттик Мисир ханзадалардын урматтап толук айта турган узун аттарын жаңылбай жаттап, таптак айтуу кыйынга тура турган. Ошондуктан аларды кыргызчасынан ханзада Хасан, ханзада Мисир десе деле жараша бермек. Ошентип чечкен. Мына эми, алыстан келчү ардактуу ханзадаларга кызмат кылуу үчүн ал туулган жерине, Теңир-Тоо тоо кыркаларынын өтөк-өндүрүнөн орун алган Туюк-Жар тоолоруна бараткан.

Ооба, баш-аягы беш саат тынбай жол жүрмөк. Машинаны айдаганды үйрөнүп алгандан бери далай ирет каттаган, бурулушу тургай ташынан бери тааныш. Басар жолдун жарымы асфальтталган, калганы таш жол, тоолордун боору менен тик кыялап өтчү, ошондуктан ал сөөгү менен кошо кетчү баягы адаты да, ар дайым сапар алганда өзүн өзү сыноого салып барчу. Анын үстүнө «Нивасынын» жүрүшү жакшы болчу, алыска чыккан кезде жолдо кала элек, болгону жанагы чет өлкөнүн кумурскадай жайнаган көз кызарткан машиналарынын арасында өткөн кездин табылгыс таберигиндей көрүнүп турчу.

Ал азыр шаар четиндеги буйтка көчө менен бүтө элек курулуштарды жандай, чыгыш жак менен баратат. Аздан соң бу жол бактарды, кыштактарды, анан мурдагы колхоздор менен совхоздордун талааларын кесип өтөт. Андан ары көк тиреген Тянь-Шань кырка тоолорун көздөй бөксөлөп кеткен ээн талаага келет. Ошо күн төгүлгөн талаадагы аптап тебелеген жол Арсен ойлогондой эл аралык деңгээлдеги аңчылык өтө турган, кабыланжолборстордун жомоктогудай мекенине айланган, дүйнөнүн бир да жеринен кездешпеген, жалгыз гана Үзөңгүлөш тоолорун байыр кылган мөңгү барстарына, өзүнө жакындатып айтканда, Туюк-Жар айылына алып барат. Айылы аны алыстан эле көрөт да, ошо замат айылы бак-дарагын баскыла деп жетелеп алдынан тосуп чыгат. Дайыма ушундай, бу турмушта не болбойт, бирде үйлөнүү тоюна, бирде үй тоюна, кээде сөөк коюуга, айтор, жакшылык менен жамандыкка ушул «Нивасын» минип келет да, кайра келиш үчүн кетип турат. Ушу барышында ал бир тууган эжесиникине токтогону турат, анын да себеби бар. Жездеси темирге жан киргизген уста эле, азыр узанбай калган, аны менен тапканың талканга да жетпейт, бу турмушуң кабырга санап турганда алар үйүн улаганга карк болуп, көптөн бери кайдан канат-бутак табылар экен деп жүрүшөт, анткени уулу Өскөн үйлөнгөнү жатат, анан Арсен бараткан иш Кудайдын парманы менен оңунан чыгып калса, анда аларга жардам бериш керек. Ошентет, чымчыгын улар кылып, унутулгус иш жасайт. Ошону ойлоп баратыр.

Ырас, анын үстүнө бу мертебе ал өтө өзгөчө, дегеле мурда болбогон иш менен, өзүнүн карачечекей тууганы, эл-журтка кадыры өткөн белгилүү аңчы-бизнесмен Бектур Саманчиндин чакыруусуна тилмеч катары макул болуп, биринчи жолу көз карандысыз, эркин журналист иретинде бара жатат. Ошентсе анын макул болгонун жердештери түз эле кабыл алышат, агасы чакырып жатса эмне экен, асмандан түшө турган додо-додо доллардан ким эле алгысы, жөн эле эмес, маңдай тери менен иштеп, өз үлүшүн алгысы келбесин. Мындайдан кай келесоо баш тартмак. Ошону айтсаң, араб мергендеринин чөнтөгүнөн, тагыраак айтканда, кароолго илинген мөңгү барстарынан жайнаган жашыл акча чыгып жатса... Азыр жырткыч дегениң базар казанын кайнатып жатпайбы. Ушу барстар болбосо ханзадалар бул жакка тиги жер түбүнөн эмнеге келмек эле да, төө көтөргүс акчаларын каякка чачмак эле?! Мындайда иш кылган ар бир адам белине түйбөсө да, чөнтөгүнө акча салып кетет. Ооба, ушундай болот.

Эсеби жок акча сайылган кумардай иште кимдин дил-оюнда эмне бар экенин эч кимдин ойлогусу келбейт. Менде гана болсун, башкалардын короосунда коргол дагы болбосун дегендей, ар ким өз арбайын согот. Ошондуктан Арсен Саманчиндин эмне үчүн тилмеч болгонун сүрүшт үрүүгө эч кимдин деле иши жок. Бул жагы мына ушундай.

Бурулуш-буйтка жерлерде гана ылдамдыгын азайтпаса ал жакшы эле айдап келатты, жанагыл жүк тарткан машиналарды кытай машиналары деп коюшат, алар бу жолдо ыйлап келишет, ошолордун жанынан өткөн сайын өзүнөн өзү жеңилдеп, кандайдыр бир жүктөн бошонгонсуп терең дем алып алат да, анан ал ушуларды көрүп туруп кандай жашоо керек, эмне кылуу зарыл деп ойлоно берди. Ушул эле болсо жарасы жеңил эле го, эне сүтү менен жаралган адаты алыс жолдо калчубу, көкүрөктө күйгөн, көңүлдү эзген көйгөй ойлор менен алпурушуп баратты. Бу маңдайга жазгандын жообу болорбу деген ой азабына эзилип, ал деги өзү эмне, кайдан чыккан, кайдан бүтөт деп кайгыра берди. Анан ал мээсине мыктай кадалган баягыл өч алуунун өртүнө түшүп, чагарак куйрук чаяндай касын, анан өзүн өзү өлтүрүүнү көгөрө көксөй берди. Чегине турган, жазыла турган түрү жок, кекенгени кек алдырып тынчудай. Анткен менен ал ушуларга бушайман болуп жатып, өзүнөн өзү бошоно албай, кандайча кайкы мээ болуп калганына түшүнө албай, ажырыктын тамырындай бу санаага туткундалганына дилинен кылдай каршылык таба албай, руханий байлыгын жоготуп салганына айран-таң болуп баратты. «Башкалар үчүн жанын да аябаган адам элем. Азырчы? Кудай безери болуп кеттим го? – деп түйшөлүп алды. Өчкөн от болгон өч алуу дегенди кайрадан жаратып алдым, базар идеологиясы мени итке ыргытар сөөк кылды... Социалисттик башкаруудан базар үстөмдүгүнө туш келдик, мунун мыйзамына макул болбосоң сурап-тескеп отурбайт, өлтүрүп салышат. Турмуш закону ушундайбы, анда мени өлтүрөт деп отура бербе, андан мурда озунуп өлтүрүп кет. Базар жашоосунун суроосуна жалгыз гана жооп ушул». Ал өзүн өзү ушинтип жемелеп, өзүнө өзү акыл, шылдың айтканы менен карайган дилин агартып күнөө-айыбын моюнуна алган жок, суроого жалгыз гана жооп болот, ушул туптуура деди.

Бир тарабын өндүр талашкан ээн талаа мейкининде Кудай унуткан дал өзүндөй безерлер менен жана да Кудайды унуткан дагы өзүндөй макулуктар топтолушкан шири кийгизме жерден улам алыстап, анан эң башкысы жансерек маданияттын темир түрмөсүнө Айданасын азгырып алып кетип, ага жеткирбей койгон карадил шаарды бир эмес үч мертебе каргыш алсын деп, андан качкан адамдай куйругун түйүп баратты. Анткен менен шаар аны өзү ойлогондой таптакыр коё берген жок, улам кайра чөнтөк телефон аркылуу кууп жетип, бир нерселерди сурап тынчын ала берди. Мындай учурларда ал жол жээгине токтоп, жайынча шашпай жооп берип жатты. Антпесе болбойт эле, шаардан телефон чалгандардын көпчүлүгү редакциялардан эле, макулдашкан макала-маектер жөнүндө, аларды качан алып келери туурасында болду. Аларды кантмек, кийинкиге жылдыртты, шартына түшүнбөгөн, телеберүүнүн программасын түзүп жаткан өжөр редакторлор күйүп жатышканын айтышып, кыйла кыжың-мужуң болушту. Аларга үч жумага чейин шаарга келбесин айтып, айтор, калаанын капканынан араң бошонду. Чөнтөк телефону аны дагы бир ирет токтотту, антпесе болчудай эмес, мунусу талаш чыгарчудай түрү бар, экинчиден, тикеден-тике өзүнө тиешеси бар экен. Арсен Саманчин басма сөз менен теледе коомдун көйгөйлүү маселелери боюнча айткан ой-пикирлерине, айтылган сындарга карата өз көз карашын, далилдүү аргументтерин билдирип келчү, талаш-тартыш болчу. Азыр да ошондой кырдаал түзүлдү. Жеринен болгондо иш башка эле, эми минтип сапар үстүндө, телефон аркылуу пикир алмашууга туура келди. Арга жок, машинасын жол четине токтотту да, «Новый путь» гезитинин башкы редактору Кумаш Байсалов экен, ачык сүйлөштү. Кумаш өз киши, өз дегени ушул, ал экөөнү далайдан бери журналисттик иш байланыштырып келет.

– Эмне мынча шашылыш, Кумаш? – Арсен туталана үн катты. – Мен деген жолдомун, сага айтпадым беле? Кайра келем, ошондо сүйлөшөбүз.

– Арсен, мен сени түшүнүп турам, сени билип кой деп жатам, баягы медиафорумдагы конференцияда сүйлөгөнүң эсиңдеби? Ошол боюнча.

– Эсимде эмей.

– Эсиңде болсо ошондогу сөзүң боюнча биздин дин кызматкерлери ачык кат менен кайрылышыптыр. Мусулманы да, христианы да, баптисти да, айтор, баары бар. Мен сага айтпадым беле, Арсен,сен дайыма аша чаап, аарынын уюгун козгоп сүйлөйсүң деп. Ошондой болду.

– Аларга эмне жакпай жатыптыр? Башта аларың бирин бири колдомок түгүл кол алышчу эмес эле, эми аларды кайсыл Кудай бир тууган

кылып ийиптир?

– Сен да эл алдында Кудайды тандың, Жаратканды да өз «Сөзүңө» көз каранды кылып койдуң. Тигилер ушинтип элге жарыя айтты, Кудайга шек келтирди деп жазышыптыр.

– Бул эмнеси экен? Дөөдүрөшкөн го? Менин сөзүмө көз каранды болуп калса анын эмнеси Жараткан? Келжирешет!

– Жөн эле билмексен боло бересиңби, Арсен. Сен бүт бардыгын билесиң. Алар сени бул менин байкабай жаңылганым эмес, чындыкты атайылап бурмалап бузганым деп гезит аркылуу кечирим сурасын деп жазып жатышат.

– Чындыкты качан бурмалаптырмын?

– Алматыдагы медиафорумда чыгып сүйлөгөн сөзүңчү?!

– Аа, эстеп жатам. Май айында беле?

– Ооба, майдын аягында, 25инен 27сине чейин...

– Анан эмне болду?

– Угуп тур, алардын катынын негизги жерин сага окуп берейин.

– Окусаң оку.

– Азыр. Телефонуң отуруп калбайбы?

– Кам санаба.

– Анда окуймун, жакшылап ук: «Биз, дүйнө элдеринин жергиликтүү диний борборлорунун өкүлдөрү, белгилүү журналист Арсен Саманчиндин көз карашын талкуулап чыгып, бир пикирге келдик жана ал боюнча өзүбүздүн кеңешип чечкен оюбузду билдиребиз. Анын «Евразия» медиафорумунда Кудайды жамандап сүйлөгөнү бизди өтө нааразы кылды. Ал «Сөздүн» философиясы тарыхтын көчмөн мезгилине таандык, мунун маани-маңызы көчмөн элдердики демиш болуп, ага душмандарча мамиле кылды. Конференция да мындайга жол берди, мунун өзү атеизмден өткөн коркунучтуу көрүнүш». Угуп жатасыңбы?!

– Ооба, угуп жатам, угуп жатам.

– Мындан кийин сенин текстиңди келтиришет. Билесиңби, Арсен, конференцияда чыгып сүйлөгөндөрдү теледен беришкен. Мен окуп берейин, сен мындай деп айтыптырсың, булар шилтеме кылышыптыр: «Азыркы массалык маалымат каражаттарды жер жүзүндөгү теңдешсиз маанисине өзгөчө мамиле жасоо, аны туура түшүнүү керек. Ошондуктан мен доордун калыптанып келе жаткан маалымат мейкиндигине, таасирдүү маанисине, анын жоопкерчилигине гана эмес, сөздүн ар тараптуу мааниге эгедер мүмкүндүгү бар экендигине, анын эзелки өтмө маанилик туюнтмаларына, көчмөн мезгилдин ойчулдарынан бизге мураска калгандарына да туура, чындыгын бузбай түшүнүүнү эске алып жатам. Ушул өңүттөн караганда, мен дүйнө диндеринин далилсиз үстөмдүк кылып жаткан жоболорунан алда канча мурда айтылган, көчмөндүк мезгилге чейин эле кыргыз-казак поэзиясынан орун алган бир накыл сөздү келтирейин: «Көк асманда Улуу Сөз бир Кудайды кайтарат да, Ай-Ааламдын сүтүн саап, ошол сүт менен ошол Сөз адамдарды укумдан-тукумга багат. Ошондуктан Сөздөн тышкары, Сөз чегинен сырткары Кудай дагы, Аалам дагы жок, жана да ушул жарык дүйнөдө Сөз күчүнөн ашкан күч да, дагы жалган дүйнөдө Улуу Сөздүн алоо кызыл жалыны менен ашып-ташкан күчүнөн күчтүү жалын да жок. Ошол үчүн адегенде Сөз жаралып, анан ал баарын жараткан. Бул ошо кездеги көчмөн элдин ойчул философтору менен бу дүйнөнү ат жалынан караган төкмө-ырчылардын акылынан жаралган накыл ой».

– Баары туура. Биздин молдолор менен попторго мунун эмнеси жакпай жатыптыр?

– Сенин элге жарыя айтканың. Сенден үзүндү алышып, мындай Кудайды танган, кыжыр кайнаткан нерсени теледен эмне үчүн беришет деп, жалпы маалымат каражаттарына жабышып жатышыптыр. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм. Чынын айтканда, мен алардан мындайды күткөн эмесмин. Кеңири ой жүгүртүшөт деп ойлогом. Бирок мен бул маселени жакшы билемин.

– Жакшы. Эми кандай кылабыз?

– Кандай кылсаңар ошондой кылгыла.

– Макул. А бирок, Арсен, сенин жолдо экениңди билип туруп эмне үчүн телефон чалып жатканымды айтып коёюн. Динчилерди биз колдойбуз, талабын аткарабыз, алардын катын биринчи бетке берели деп жатабыз. Туура түшүн. Сен экөөбүз кайра куруудан бери кол кармашып биргебиз, а бирок биз агымдан тышкары калбашыбыз керек, гезитибиз отуруп калат. Акчасын айтып жатам. Түшүнөсүң да. Кыйытып айтып жатышат.

– Түшүнөм, түшүнөм. Силер эле эмес, жакында бүт маданият анын чеңгелинде болот. Кааласа бар кылат, каалабаса жок кылат.

– Демек, сен бизге таарынбайт экенсиң да.

– Кенедей да. Ошондой кыла бергиле, а мен болсо өз пикиримди коргоп алам. Чындык үчүн өзүнүн жолу табылат.

– Болуптур, о'кей! Сен туура түшүн, Арсен. Мындай иш жыргагандан болуп жаткан жок. Буга чейин деле тигил бука моюндарга анча жакпай калган макалаң болду эле го?

– Кайсыл макала?

– Орусия гезитиндегичи.

– А-а, ооба.

– Анын темасы эле шумдук болчу. «Байлык менен бийликке кутурган иттей жутунуу!» Макала деп ошону айт, таш доорунан биздин күндөргө чейин...

– Ооба. – Арсен Саманчин көңүлкош жооп берди. Ал анткени ошо макала да чагымчылардын тилин буудай кууруткан. Эриксизден ошону ойлоду. Мына эми алар поптор менен молдолорду жумшашыптыр. Муну жасагандардын башында баягы Эрташ Курчал турат да. – Мейли, Кумаш, эске алам. Жөнөйүн, жакшы кал!

– О'кей, Арсен! Мен сага үйрөтмөк белем, эмнеси болсо да тегерегиңде болуп жаткан иштерди байка. Макаланы бере беребиз, башка айла жок, кудайчылар биздин босогобузда турушат.

– Кайдагы кудайчылар, көз боёмочулар!

– Ооба, мен жөн эле... Анда, Арсен, сен жол сырын жакшы билесиң, кайсыл жер өр, каери ылдый, кай жери тик кыялап кетери сага тааныш. Жолуң шыдыр болсун!

– Ыракмат. Жөнөдүм. – Арсен ушинтип жооп берип жатып тигинин кандай мааниде айтканын, жолдонбу, же турмуштан сак бол деп жатабы, – деп бүшүркөй калды.

Андан кийин дагы эки жолу телефон шыңгырады, жайынча экен.

Андан кийин бир гана жолу, машинага май куйганда кармалды, анын үстүнө тоону чырмаган ойрума жолго жакындап калган. Ойрума жол оңой болбогону менен бир чети кыял козгогон романтикалуу жайы бар. Жайы менен курусун, эч нерсеге алагды болбош керек, машинаң ылдамдыгын азайтып ыйлайт. Көз оту жолго кадалган Арсен Саманчин медиафорумда сүйлөгөн сөзү атайы бир тараптуу түшүндүрүлүп берилип жатканы түйшөлтпөй койгон жок. Мындай болорун ал ойлогон да эмес. Анткени ал далай-далай конференцияларда талаш чыгаруучу ойлорду айтып жүрөт, а бирок мындай бет тырмарлык уюшма биринчи ирет болуп жатканы. Атайы ар нерсени эске алып, ойлонуштурулуп жасалган иш. Арсен Саманчин жарым жолдон кайра кайрылбас зарыл иш менен кетип баратат, ойлогонун, жаман болсо да дил тереңинде даярдаганын өзүнөн башка эч бир жан билген эмес, эми минтип өзүнүн маңдайына жазылган жалгыз байлыгы кайра өзүн басмырлаганга, анан да башка бирөөнүн тагдырындагы трагедияга, болгондо да жалгыздык трагедиясына чалмакей чайкоочулук кылганга мээ кара киши үчүн салтанат уюштурганга көнгөн немелер эми минтип жол үстүндө тим койбой сары изине чөп салып артынан түшүп, каратып туруп каралаганга көчүгүнөн түтүн чыкканча шашып жатышат. Ушунчага жетишкен соң, шашпай тур, араб ханзадалары менен ишти бүткөн соң ачыктан-ачык бул кармаштын аягына чыккан оң.

Учуна чыккыс узун жолдо ушинтип кыска, так ойлонду да, өзүн өзү сооротуп, кас адамын, анан өзүн өлтүрүү керек деген кайра жанбас чечимин тезинен аткаруу гана калганын эң туура деп баратты...

Бу да болсо маңдайга жазылган иш, ал ойлордон арылуу ага тозоктун торундай туюлду. А балким, бул да тагдырдыр?.. Ооба, жол жүргөнүнө төрт сааттай болуп калды, тааныш, бала чактан бери канына сиңген, киндик кан тамган жери көз алдына жакындап, анын ой туман баскан аза бою Туюк-Жар айылынын деминен улам жеңилдей баштады. Бир саат калды, андан соң айылына кирип барат. Ошентсе да ушул азыр, канчалык андан алыстаган сайын, унутула баштаган балалыгына жакындаган сайын эмнегедир улам кайра Айданага жолугууну самап, аны менен баштагыдай эзилише баарлашууну каалап баратты. Анысы аз келгенсип, аны бир-эки күн болсо да Туюк-Жарга өзү менен кошо келсе, сейрек машинага айланып бараткан Арсендин «Нивасына» отуруп алса, ал ага кайда жана эмне үчүн айылына баратканын жол бою божурап айтып берсе деп кыялданды. Эмнеге антти, өзү да биле албады. Анткени ал жолго чыгар алдында негедир ага телефон чалган, анын «алло» деген үнүн уга албасына көзү жетип турса да ошенткен. Жүрөккө жетип бойду алган үндү, бир убакта угуп жатып кайра угууну эңсеген үндү уга албаган. Ошондой болмок, тигиниси азыр супер-тагдырда, супер-шоумендин кареги кадалып бапестелген тагдырда, ал тагдыр, ал турмуш ал экөөнү үн алыштырмак беле! Ошону айтсаң, ал аны менен кыялы менен гана, самандай сапырылган санаасы менен гана сүйлөшө алат. Андан башка ага айтар сөз да, аны көздөй басар жол да жок. Азыр ошентип туру.

... Айдана ийинине ийинин жөлөп, ай нурундай бети тамылжып, бул дүйнөдө бул гана жападан жалгыз бактылуу болуп жанында отурду. Бу дүйнөдө ал гана, Арсен Саманчин да эмес, Арсен Саманчин үчүн ал гана бактылуу болчу. Ал көз кыйыгы менен аны карап келатты, ал чын эле бактылуу да, чын эле сулуу да болчу. Ооба, бу дүйнөгө аял болуп жаралган соң сулуу жана бактылуу болбой койгондор, күйөөсү күндө мээсин жеп, күйөөсү күндө күйгүзүп тургандар, Жаратканды алдагандар, алар өз сулуулугун, өз бактысын табышы керек. Алардын таалайы маңдайында ыйлап турат. А Айа болсо табиятынан сулуу, бою да, дене түзүлүшү да, айтор, сымбаты сыртына чыккан, карлыгач канат кашына жарашкан карагаттай көзү моймолжуп, ар дайыма жылдыздай жанып турчу. Баарынан да Арсенге анын коюу, далысынан ылдый төгүлгөн чачы жакчу. Канча жолу жыттап, канча жолу сылабады. Көздөрү күлүп, жүзүнө кызгылтым нур толкуй калчу. Ал эми үнүчү! Айта көрбө, таң атар алдындагы кулак кескен жымжырттыкта чыккан жылаажын добуш. Жалгыз гана Айага, ооба, жалгыз дүйнөдө жалгыз гана Айага ушундай үн бергени үчүн Кудайга ыракмат айтуу керек. Туурабы, Айа, туура деп койчу! А бирок мен сага түшүнөм, өзүмдү күнөөлөйм, негедир өзүмчө кемсинем... Неге антеримди да билбейм. Балким, сен... Ооба, сен бирде тигинде, бирде мында коюлчу диск катары пайдаланылып, акча тапкыч шылуундардын, шоумендердин колуна түшүп кеттиң да. А мени болсо... айталбайм, жалдырак деп жалдыратып жолго таштап кеттиң го.Мунун баарын ыңгайы келгенде кийин айтамын.

– Токто! Сен кайда баратасың? – Рулдагы Арс чочуп кетти, анткени анын жанында Айа жок болчу.

Тууган-урук деген негизинен ушул айылда, бир тууган эжеси, уста жездеси, жээн-таяке, ини-карындаш, эки ата, үч ата өтүшкөн туугандар, айтор, ошолордун баары, айрыкча кан жолду карап, саат, мүнөтүн санап Бектур аганын өзү күтүп отуру. Убакыт деген ошондой, араб ханзадалары беш күндөн кийин, 17-июлда, саат 17де өздөрүнүн менчик самолёту менен Олуя-Атага келет. Ал маселенин бүт бардыгы, кетерине чейин аэропорт кызматы интернет аркылуу макулдашылган. Самолёт жана анын экипажы ушул жерде, Бектур Саманчин айткан «аирпортто» болот, алар үчүн менчик самолёт деген сенин алдагы «Ниваңдай» эле. Кыскасы, Бектур аганын бизнес-планында кыбыр эткендин бүт бардыгы бар. Ушуларды ойлоп баратып кайрадан Айасы жанында отуруп калды. Кызык, ал ушинтип элестеткенди эмнегедир жакшы көрөт.

– Кайда баратасың, Арс? – деп сурады анысы.

– Ой, кечирип кой, Айа, – деди мунусу рулду тегерете. – Мен сага телефон чалып ала албай койбодумбу. О-хо! Сен баягы көйнөгүңдү кийген турбайсыңбы, эсиңдеби, Хайдельбергдин сейилбагы, сага ушунуң аябай жарашат.

– Билем, ошол үчүн сактап жүрөм да. Атайы сен үчүн кийип чыктым, Арс.

– Кайда дейсиң да, көрбөй жатасыңбы, тигил жакка баратабыз. Келгин, тамашасы жок сүйлөшүп алалы, бир нерсе кылыш керек?! – Арсендин үнү башкача чыкты.

– Сүйлөшсө сүйлөшөлү.

– Анда мындай, эстеп койгунуң, ойлонбосоң иш жаман болуп калышы мүмкүн. Сенин жашооңо тиешеси жок, бирок...

– Эмне бирок? Сага тиешелүүбү?

– Мага эле эмес.

– Анда эмне? Айтпайсыңбы?

– Билесиңби, Айа, сен акылдуу, сулуу, күчтүү аялсың. Кудай сага бүт баарын берген, ырдасын деп эч кимде жок үн берген. А бирок сен Кудайдын бул жакшылыгын актап жатасыңбы?! Жок! Азыр сен Бизнес-Кудайды Кудай кылып алгансың, аныңдын аты Эрташ Курчал! Курчал-Мурчал! Каргыш алсын ошону. Ал жөн эле семирген чанач бай эмес, ал деген шоумендин кементайын кийип алган азезил. Ал өзүнө иштебегендерди жеп ийчүдөй жек көрөт. Муруну менен жер казган чочко.

– Койчу, Арс, жолду кара!

– Кабатыр болбо, бүт баары жайында.

– Машинаны кыйын айдаймын деп сен бир жолу мактандың эле.

– Ошондой болсо ошондой да. Мен оюмду аягына чейин айтайын, сен жакшылап ук. «Байлык менен бийликке кутурган иттей жутунуу» деген макаламдын темасын окуп эле тигил жырткыч менин эмне деп жазганымды тумшугу менен сезиптир. Ал макала Москванын гезитине жарыяланган.

– Мен окуй элекмин. Ал макалада эч кимдин аты аталган эмес деп жүрүшөт го?

– Ооба, мен бирөөнү жаманатты кылайын деген эмесмин. Кептин баары ошо аталбаганында болуп жатпайбы. Сөз негизинен байлыкка ээ болуунун оорусу жана бийликке жетүүнүн кошоматчылыгы жөнүндө болгон. Автордук подтекст ушундай. Бийликти жакшы көргөн адамга баары бир, түз жетүү да, аны сатып алуу да ага бирдей. Бийликке байлык абадай эле керек, ансыз дем алалбай калат, мен ушуну айткам.

Азыр адам турмушу ушундай. Бийлик менен байлык бири-бирисиз жашай албайт, ал экөө бирин бири колдойт, бирин бири таяныч кылат, кимдир бирөө анын убайын көрөт, кимдир бирөө каргышын айтып кара жерди жазданат. Байлык аркылуу бийликке кызыл көз болуп кызыккандар, тескерисинче, бийликке жетип байлык деп башын ооруткандардын тилек-мүдөөсү ар кандай жол менен аткарылат. Ал эми тигил, биздин тигил немебиз менин макаламда өзүнүн көралбастыгы, кастык мамилесинин маани-маңызы ачык айтылып жаткандыгын дароо эле сезди. Башы бар көк мээ да.

– Ой, Арс, антпечи, сени дайыма эле лекция окутуп койсо... Андан көрү жолду кара.

– Коркпой эле кой. Сен жакында байлык менен бийликтин жаралганда эле жаны бир, бири-бирисиз жашай албаган эгиздер экенин көрүп көзүң ачылат.

– Сен эмне, дагы эле социализм деп жатасыңбы? Аны да көрбөдүк беле?

– Кеп ал жөнүндө эмес.

– Анан эмне жөнүндө?

– Сен экөөбүз базар Кудайына сыйынып, анын курмандыгы болуп калдык. Туурабы?

– Ооба, бүт баарын сен гана билесиң! Кыйнаба мени...

– Эмне унчукпай калдың? Капа болуп жатасыңбы?

– Ооба! Токтот машинаны! Болбосо секирип кетем. Болду! Мени тим эле жабышып калды деп ойлойсуңбу?! Сен бүт баарын билесиң. Менин жандүйнөмө канжар сайганыңды токтоткун. Айлам жок ушуга барганымды түшүнөсүң, карыган ата-энем жадегенде пенсия алышпайт. Жалгыз кызымды алар багып жатышат. Муну да жакшы билесиң. Кызымды башкаларга бергим келбейт, өзүмдүн болсо убактым жок, керээлден-кечке жиндилерче тытынып эстрадада жүрөм. Сен мага боор ооруп жатканыңды да билем. Кызкайып үчүн дагы эле күйүп, дагы эле кайгырып жүргөнүңдү түшүнөм. А бирок сен бу дүйнөдө жалгыз калган идеячыл болсоң мен эмне кылайын?! Жок, бизде эч нерсе жок!..

– Эмне жок. Сен эмнени айтып жатасың?

– Мындан ары көрүшпөйбүз, мен ошону айтып жатамын.

– Эмне үчүн көрүшпөйбүз?

– Сенин оюңча мен ошондой туругу жок болоюн, аны сага түшүндүрүп беремин. Сөз жүзүндө башка, иш жүзүндө башка болгон турмуш деп өзүң деле күйүп-бышып жүрөсүң го. Ооба, ошондой. Сен жалгызсың, а тигинин бизнес-гареми бар, мен аерде жалгыз эмесмин, мендейлер толуп жатат, жүгүрүп жетпей жүргөндөр канча, акча, акча жүгүртүп, акча жүгүнтүп жатат. Эстрадалар менен «Лимузиндердин» ээси сага жакпайт, көрө да албайсың. Андан эмне чыкты? Аны мурда эч ким билчү эмес, азырчы! Азыр баары тааныйт, бүт бардыгы колунда. Ооматы ооп турат, түшүндүңбү. Бүттү анда!

– Ооба, бардыгы бүттү, Айдана. Бүт баары сен айткандай. А бирок мен ага баш ийип бербейм, ойлобой эле койсун. Жакында сен бир нерсени билесиң, мен ошол үчүн жолдо баратам. Эмне болду? Сен кайда? Кайгырбай эле кой, сенде күнөө жок... Акча Кудайы болуп калган базар мезгили күнөөлүү. Эй, сен кайда? Кайдасың, Айа?..

Айдана кайып болгондой жок. Жанында жанаша отурган, а бул болсо ар нерсени айтып келаткан, а бирок жолдон көзүн алган эмес. Караса эле жок, машинадан секирип кеттиби? Көз ирмемде бар эле да, көз ирмемде жок калды. «Нивасын» токтото коюп, сыртка чыкты да, жолду карады, жан көрүнбөйт. Анан ал ошо замат баятан бери анын элеси менен сүйлөшүп келатканын шак эстеп, алаканы менен чекесин чаап жиберди, жылмая жыргап да алды. Ошентип кайрадан жол улады. Өзүнөн өзү эле акылдан ажырап, дал Кемчонтойдун өзү болуп, жок киши менен бар кишидей сүйлөшүп келатканына айран-таң калды. Ооба, дил-оюнда ал өзү эки адамга айланып, дегеле ага мурда болбогондой мамиле жасап, баарлашып жатканы кызык болду. А балким, аны маң кылган махабат дарты менен кекиртегин кесе муунткан ыза-кусалыктын күн көргөзбөс күйүтү күчөй берип, акыл жөөлүтмө оорусуна башын байлап салгандыр. Айтор, ал аягы жок, башы жок, чеги менен чети жок мейкиндикти жара тилген жол үстүндө кете берди. Жанагыл элестетип сүйлөшүүлөр дилинде ойлонгону болсо да акылга сыйбас иш болчу, а бирок аны өзүнөн башка бир да жан билбегендиги Арсендин абийирин сактап калды. Ошонусу жакшы болду. Сөз бекер айтылбастыр, бу дүйнөдө элдешпей кек сактагандар тигил дүйнөдө бирин бири кечиришип, кыйбастардай кучакташып табышат деп жүрүшпөйбү, балким...

Ошентип, Арсен Саманчин киндик каны тамган айылына жакындап калган эле. Туюк-Жардын өндүрү өр тартып отуруп тоолорго кетет, а

айыл болсо ана, чатырлары шиферленип жабылган тааныш үйлөр, короолордун тосмолорунан бери көз кусасын кандырып, аны тосуп чыккандай ага жабыла жакындап келет. Толкунданып кубанып алды, кубанганда да жана жол бою жанын жанчыган баш тегеретме ойлордон кутулуп, анын баарын бир көргөн түштөй унутуп, көңүлү көгүчкөн канатындай шаттанып, дене-бою агарып аткан таң болуп келе жатты. Анткени ал жарым жылдан бери бул жерге келе элек эле. Колунда Кокон базары болбосо да, аны айыл сыйлайт, ошол үчүн жолдогу кыштактан май куюп, машинасын камбылдап алган.

Жол карап күтүп жатышкан. Ал короого кире бергенде эжеси Кадича менен жездеси Ормон көрө калып, алдынан тосуп чыгышты да, ай-буйга келбей кучакташып, ал-жай сурашып учурашты, уста жездесинен кызытылган темир менен дөөшү жыттанып турду. Эжеси байкуш жетине албай эреркегенден ыйлап да жиберди, анысынан да ит сатат деп ичинен түтөп намыстанган Ардакты, анын бала-чакасынан бери эбедейи эзилип сурап жиберди. Айтор, туугандары аны агынан жарылып тосуп алышты, анткени араб ханзадалары менен тартынбай сүйлөшө турган тилмеч Арсен экенин бүт баары билип алышыптыр. Мына, баарынан чый-пыйы чыга уйку качыра күткөн Бектур ага арадан беш мүнөт өтүп-өтпөй өзү келди, антпесе болорбу, Арсенсиз анын колу чолок, тили жок болмогу турган иш го. Ошол үчүн минген атын ойдолотуп келип туру.

– Ой, Арсен, – деди каргылданган үнү менен, – сени аябай күтүп, эртеден кечке жол карап отурбадымбы, убагында келип калганың жакшы болду. Иш сүйлөшкөн боюнча жүрүп жатат, баары даяр. Меймандардан факс келиптир, мынакей, окуп чыгып которуп бересиң да, бүгүн эс ал, жол басып келдиң. Эртең башка да жумуш толтура.

Эжеси дасторконун белендеп турган экен, чайга отурушту да, аны-муну акылдашып сүйлөштү. Ал ортодо кошуналар да учурашканы баш бакты. Балдар болсо жүгүрүп келип, «Ниваны» тегеректеп жүрүшөт. Ушу арада күтпөгөн да иш болду, Таштанафган деген классташы менен ойдо жок жерден көрүшүп, чер жазыша сүйлөштү. Анын чыныгы аты Таштанбек, армияга чакырылып, анан ошондон ары толук үч жыл Ооган согушунда болот, жеңил жараланат да, төшүнө орден тагынып, айылына алты саны аман келген. Ушундан улам айылдаштары аны Таштанафган, а үйүндөгүлөр болсо кыска гана Ташафган – жаны таштан жасалган деп эркелетип атап алышкан. Ооба, тоолук кыргыздардын турмушунда ат коюунун өзүнчө кызык салты бар. Темирбек, Темиркан, Темиркул деген аттар кеңири тараган, анда баланын жаны темирдей бек болсун, оорусыркоо, жамандыктын алы жетпесин деген түшүнүк бар. Жаңы төрөлгөн балдарга ата-энелери күчтүү, чымыр чоңойсун деп ырымдап, тилек тилеп, ишеним байлап берилген аттар чын эле ошондой болот, алардын тагдыр-турмушуна белги-таасирин берет. Таштанбектин тагдыры да ошондой болду, дени сак, чымыр чоңойду, кийин балтыры каткан боз улан кезинде айылдагы балбандар менен күч сынашып жүрдү, андан Ооганстандын киши баспаган тоолорунда согушту, алтын башы аман келди, эли-журту, тели-теңтушу дегендер анын эсен-соо кайтканына сүйүнүшүп, Таштанафган атап алышты, бир чети тагдырга ыраазылык болсо, экинчиден, анын өзүн сыйлап эркелеткендик, жакшы көргөндүк. Мунун тарыхы ушундай.

Арсен Саманчин экөө ары айылдаш, ары бир уруудан, классташ, айтор, балалыгы бир, ынак достор. Кийин алардын жолу бөлүнүп кетти, Арсендин студенттик жылдары Москва менен Ленинградда өттү, андан ары аны турмуш биротоло шаардык кылып салды. Таштанафгандын тагдыры андай болгон жок, оболу облустун борборундагы айыл чарба техникумунун агрономдук адистигин бүтүп жатканда аскерге чакырылды, жөө аскерлер бөлүгү менен Ооган согушун башынан кечирди, Горбачёвдун мезгилиндеги аскерлерди чыгаруу кезинде, Кудайга шүгүр эли менен эсендикте көрүштү. Колхоздо иштейин деп жатканда демократиялык реформа дегени жолдон чыгып, жер менчиктештирүүсүн жапырт жүргүзүп ийди. Ошондон бери Таштанафган эл катары өзүнө тийген үлүшүнүн аркасы менен өлбөстүн күнүн байлык көрүп жашоодо.

Арсен Саманчин классташы жөнүндө мурда минтип эстечи эмес, азыр неге ойлоп отуру? Бүт бардыгы эжесинин сөзүнөн чыккан. Инисинин келгенине жетине албай, анын үстүнө айылдагылар бул мертебе аны кандай күтүп жаткандыгын жан-алы калбай сүйүнө айткан:

– Сени жакындардын бардыгы күтүп жатышат, келдиби деген эле киши. Таштанафганды билесиң да, чогуу окубадыңар беле, ошо сени үч жолу келип сурады.

Ушинткен, айтор, аны асмандан түшкөндөй эле күтүп алышты. Бирде тигиниси менен, бирде мунусу менен сүйлөшүп, сурагандарына жооп берип, ал-жай сурашып дегендей жаны тынган жок. Бектур ага менен кошуналардан башка айылдаштары аны баштагыдай эле байке дебей, кызыгы ң кургур шеф деп калышыптыр. Ага бул дагы майдай жакты, а бирок анысын сыртына чыгарып, билгизген жок. Билбегени жок бизнес дегениң бу жерге да өзүн таанытып, кандай мамиле кылышты үйрөтө баштаптыр. Ооба, бүт дүйнөдө ушундай, ар бир бизнестин өзүнүн шефи болууга тийиш. Ошондо Таштанафган Бектур шефтен кийин учурашканы келген. Айткандарына караганда, булардын көрүшө элегине мына эки жылдын жүзү болуптур, сагыныша кучакташып, сагыныша акыбал сурашты. Таштанафган шондо мындай деди:

– Шаарда силердин ар бириңердин телефонуңар бар, каалаган кезде сүйлөшө бересиңер. А биз телефон дегенди көрө да элекпиз, анын болоруна да ишенбейбиз. Дагы жакшы, Арсен, айылда электрдин болгону, Совет мезгилинде тартылган, ошол күн көргөзүп жатат. Жанагы чөнтөк телефон дегени шефтин өзүндө гана, анан эки жардамчысында да бар. Сен аларды билесиң, Бөрүбай менен Жанарбекти, мектепке чогуу барчу элек го?

– Билем, аларды кантип билбей калайын, – деди Арсен ага жылмая. – Ушу чөнтөк телефону да кеп бекен, араб ханзадаларын мергенчиликке алып чыгып кумарга батырсак, анда олжого тундук дей бергин. Шеф Бектур ага экөөбүз бул ишти ийне-жибине чейин сүйлөшкөнбүз. Ошондо а киши барс айдакчыларынын башчысы деп сени айткан. Иш татаал, таштан-ташка секирип, аскаларга чыгыш керек. Барсыңдын башы жарылып, жүрөгү түшкүдөй ач айкырык салуу зарыл. Андай сапат, андай үн сенде бар. Оогандан топтогон тажрыйбаң мына ушу жерге керек. Бектур ага өткөндө сени оозунан түшүргөн жок, демек, маянаңа телефон эле эмес, самолёт сатып алсаң да жетет. Айтор, барстар бутага түшүп, кароолго илинсе эле болгону.

– Аны көрөбүз, – деди Таштанафган ийинин арсар куушуруп. – Кандай болор экен? Сүйлөшөбүз да. Бирок, Арсен, кандай болгон күндө да бу мөңгү барстары биздеги өтө сейрек жаныбарлар. Ушулар жөнүндөгү жомокторду угуп чоңойбодукпу. А чөнтөк телефонуң шаарларда кап-кап болуп турса керек.

– Сеники чын. – Арсен ага ичинен ийип макул болду. – Азыр алар бизге жомок эмес, өзүң көрүп жаткандай эл аралык чоң бизнес. Ошон үчүн барстарды араб мергендерге өзүң айдап келгени жатпайсыңбы.

– Чоң бизнеси чоң бизнес дечи.

– Шеф Бектур ага силерди беш адам деген. Аларга сени бригадир өңдүү баш-көз болот, алардын ар биринин алдында аты бар деп айткан. Ат үчүн да төлөнөт.

– Ал туура дечи. Бешөөбүздүн тең аттарыбыз тың. Алар аткарар иштер аз эле, илбирс менен барс жүргөн жерлерге ат жаныбар барчубу. Аскарын ак кар, жапсарын көк муз баскан тоолордо жөө-жалаңдап, өңүттөн-өңүт кубалап, шырп алдырбай, жыт бербей жүрүү керек. Ошентсе да аттар пайдаланылат, алар үчүн жарытпаган эле акы төлөгөнү жатат. Бизнес бизнес болгондон кийин үзөңгү боо үчүн да төлөнүш керек. Мейли эми, эртеге чейин. О'кей!

– О'кей!

Таштанафган короодон чыгып баратып, унутканы эми эсине түшкөнсүп ойлоно токтой калды да, анан кайра бурулуп:

– Арсен, бир мүнөткө токтой тур, – деди.

– Ии, унутканың эми эсиңе түштүбү? Кулак сенде.

– Мындай туралы, Арсен. Сен биздин өз кишибизсиң, бүт баарыбыз ушул жерде төрөлүп, ушул жерде эр жеттик. Жат адамга жаткан ташын бербейбиз. Арабдарга эмне, биздин тоолорго келип көңүл ачып сайраңдап кете берет. А биз ошону ойлонушубуз керек. Жанагы сен айткан бешөөбүз сени менен отуруп сүйлөшөлү дегенбиз. Мындай учур болбостур. Айтмакчы, шефтин тапшырмасы боюнча сага ат даярдап койгонбуз. Араб ханзадаларынын жанында дайыма жүрөсүң, аяк-биякка чапкылап каласың дегендей. Айтор, сага ат мыктысын камдадык, ээр-токумун да ойдогудай тандадык. Шефтин сөзү эки болмогу жок. Ошону барып көргүнүң, минип алып ары-бери бастыргын, анан чай үстүндө сырдашалы.

– Макул, Таштанафган, барайын, бүт бардыгы сен айткандай болсун. Бирок качан? Убакыт табыш керек экен, бизнес-план боюнча жылчык

табылар бекен? Шеф менен кеңешиш керек экен.

– Мен дагы ошону айтып жатамын, азыр биз бизнес-план менен гана жашап калдык. Бүгүн 12си, арабдар 17синде келет. Эртең сүйлөшсөк кандай болот? Андан кийин кол-жолубуз бош болбойт. Тоого чыгып келели, ойноп эмес, жер чалгындайлы, өңүт кайда, куугун кайдан болот, ошону акылдашалы. Атаңкөрү десең, болгону атабыз таанымак турсун бир көрбөгөн эки араб келе жатат, а биз болсо бүт айылыбыз менен кымгуут түшүп даярданып жатабыз. Күлө турган киши жок, ой тобо.

– Бизнес-план ошондой да.

– Ошондою ошондой экен. Ансыз кыймылдаганга да, өлгөнгө да мүмкүн эмес, капырай. Мейли эмесе, бешөөбүз сени күтөбүз. Ай, ата, дагы унутуп бараткан экенмин, алар мал баккан жигиттер, сени менен жолуксак деп көздөрү төрт болуп отурушат.

– Жолугайын. Шеф менен макулдашайын.

– Ошент, бирок кечеңдетпегин, классташтарым менен деп айт. Ичмейжемей деген бу жолу болбойт, аны башка жолу жасайбыз, беш куугунчу тигилерге ушинтип айттык. Иш маанилүү эмеспи.

– Убара чекпе, Таштанафган, мен деле ичкиликке жокмун, – деди жай гана. Анан анын баягыл шайтандары азгырып, жанында эле «Евразия» деген ресторанда бир стаканга кырынан куюлган арак ичкенин мактана айтып жибере жаздады да, а анын не себептен болгону ошо замат мээсине тикенектей сайылып, жаагын жап кылды. – Бир мектепте окубадыкпы, чогула турган, сүйлөшө турган жайыбыз бар.

– Ошондон айтып жатам да, Арсен, болбосо... Не болсо да беш айдакчыны билип кой. Саксаңды тааныйсың да, чогуу окуганбыз, мурда мугалим болчу, эсиңдедир, биз аны Саксагай деп жинине тийчү эмес белек. Педокуу жайын бүтүргөн, дене тарбиядан сабак берчү.

– Ооба, ооба. Кантип билбей калайын.

– Ошо биздин Саксагай азыр жылкычы, мугалимдин акчасы менен жан багуу кыйын эмеспи. Айла жоктон ошентти.

Ушу саам Саманчинден эмнегедир сөз качты.

– Саксаңдай адам болорбу, тагдыр карабай койду аны. Болбосо... Эки жылдай чааралекей канар сумка көтөрүп, соода да кылды. Иши жүрүшпөдү. Кел, көчүк басалычы, сага Саксаң жөнүндө шашпай айтып берейин.

– Отурса отуралы. Анан?..

 – Саксаң оңой тагдырга кабылган жок. Бала окутту, товарга жону жооруду, айтор, тагдырдын кеги бар белем, кабыргасынан түтөп отуруп

калды. Анан жылкы багып кетти. Ошо турмушунан айтылган бир укмуштуу кеби бар. Айтууга кыйын, айткан күндө да өзүндөй болбос.

– Ал эмне деген сөз?

– Бул жердегилер ага анча деле маани беришпейт. Анткендиги биз деген башкалардын ишин жасап, отун жагып жүрбөйбүзбү. Антпейин десең элден чыгып каласың, очогуңдан от өчөт.

– Түшүнбөй турам, ачык сүйлөп, так түшүнтчү, байболгур. – Арсен тигинин табышмак сөзүн билгиси келди.

Ташафган сөз жоготкон адамдай карайлай калып үн катты:

– Көрсооданын айынан барбаган жери жок окшойт. Андайларды бу тагдыр үмүтүнөн жетелеп, каалаган жерге алпарат тура. Ал ошо куу турмуштун айынан кулдай куурап жүрүп уккан окшойт. Араб өлкөлөрүн, жанагы мунай Кудайы болгондорду, бейиште жашаган Эмират, Сауд дегендерди желмогузундай жек көрөт. Саксаңдын айтканына караганда бу өлкөлөр мунайзаттын арам тамактары, Кудайдын бекер байлыгынын баасын атайы көтөрүп, ошонун эсебинен кутуруп жатышат. Анын ою боюнча арабдар адам эмес, жер канын соргон жезиттер.

– Ооба, ошондой дечи. – Арсен Саманчин салабаттуу үн катты. – Бул баарына белгилүү, бүтдүйнөлүк кырдаал. Мунай долларларынын ооматы октой учуп, асманды тээп жатпайбы.

– Аның туура дечи. Араб байларын айтат. Биз укпаган, биз билбеген, түшүбүзгө да кирбеген иштерди жасайт экен. Дүйнөдөгү эң кымбат машиналардын жарышын Сахаранын кумунда уюштурушат имиш.

– Сахаранын?! – Арсен Саманчин уккан эмес окшойт, аны таңдана тиктеди. – Кудай ургурлар десе, мындайды билчү эмесмин. Тоолордо коркуну чтуу жолдор менен жарыш уюштуруп, тамашага баткандар бар эмеспи, ал эми эшилген кумда андан да кызык болсо керек.

– Ошол эле болсо мейли го. Элестетип көрсөң, Арсен, буларды Саксагай өз көзү менен, жана да телевизордон көргөндөрү боюнча айтып берген. Анын сөзүн укканда оозубуз ачылып, көзүбүз чанагынан чыгып кете жаздаган. Жарыштырган машиналары кандай дейсиң, ооба, тигинин айтканына караганда андайлар бизде жок, чөнтөгүбүз түгүл баштыгыбыз да жетпейт, шефтики да алардын жанында кол араба болуп калат дейт, бул жипти деле Эмираттарданбы, Кувейттенби, айтор, ошо жактан айдап келишкен деп жүрүшөт. Жанагы супер жип жарышка түшкөн айдоочулар машыгып бүткөн немелер дешет. Бархан-сархандардан өтүп, кум чокулардан секирип, айтор, машинаң жаны ачыган адамча боздоп ыйлайт экен. Кум жиреген машиналар алиги океандын толкунун алакандай тактай менен ойкуп-кайкып жиреп жүрүшпөйбү, ошондой дейт. Ошо шайкеле ңдеткен тактайды эмне дечү эле?

– Албы?.. Серфинг болсо керек эле. Англисче айтылган сөз, мааниси деле жок. Анан?..

– Ошо шайтандай ойноктогон тактайга туруп алгандай болуп кум сапыра жарышышат. Ар бир жиптин жөнөгөн жери, жетер марасы өз-өзүнчө болот дейт. Марага акыркы болуп келгенди каражолтой, жолу катуу катары санашып, аны жок кылышат экен. Андагылардын бардыгы чогулуп, бензин чачып өрттөп салышат деди. Машина күйүп бүткөнчө ырдап, бийлеп, «каражолтой каскакты жок кылдык, ишибиз илгерилейт» дешип көңүл ачышып, шампан аттырышып куунашып, кыларга иши жок, бекер чиликте жүрүп байлыкка көмүлгөн арбак ургурлар ошентип сайрандашат экен. Акчага чиренген иттер да, эртеси кайра жаңысын сатып алышат дейт. Алар үчүн андай жиптин акчасы акча эмес, бекер жатып эригип машинасын өрттөп, кумарга батып, черин жазып алды да. Ошол ыракат экен. Карабайсыңбы, бир мезгилде бул акмактар ошол кумдуу чөлдөрдө төө минип, Кудай сактай көр, сөөгүм кумда калбасын деп барса келбестен Жаратканга жалынып араң жүрүшкөн көчмөн арабдардын тукуму экенин унутуп отурушат. Адам сыпатынан кеткен макоолор. Арсен Саманчин нес боло акыл жоготту. Чекесине исириктеп чыккан терин жай сүрттү.

– Ошондой бекен? – Шалкы бош үн катты. – Андай болсо аларың акмак экен, көңүл ачуусу ошол болсо... Кылымдан-кылым Кудай деп, өлбөстүн күнүн көрүп. Ошо кумду кечип тиргилигин өткөргөндөр эми минтип Теңирге жакпас иш кылабы?

– Ошону айтпайсыңбы?! Жер алдынан суудай агып чыгып жаткан акчадан улам көөп жатышат. Бу дүйнөнүн жалган-чынын ажыратар адам жок. Бирөөлөр тигинтип эрмек үчүн машина өрттөп көңүл ачып жатышса, башкалар, мисалы, мына бизге окшогондор мектепке барар балдарына бут кийим сатып бере албай томсоруп отурушат.

– Мен түшүнөм. – Арсен Саманчин аргасы качкан айыптуудай сүйлөдү. Анан кантмек, жанагы кыларга кылдай иши жоктор тигинтип тамаша үчүн «Жиптерди» өрттөп жыргап жатышса, башкалар минтип балдарына бут кийим сатып бералбай, алардын жалдыраган көздөрүн тике карай албай жер менен жер болуп жүрүшсө, турмуштун ушу карама-каршы көрүнүшү анын дилине канжар сайып, колунда жалгыз баласы коргошун окко учкандай кылды. Ырас, ал мындай сүйлөшүүнүн болорун күткөн эмес, кирди-чыкты сөздөр айтылат деген. Кыжыры кылыч миз болуп жаалданып алган Ташафганды жубатуу үчүн мындай деди:

– Болбогонго зээн кейитип, ачууланбагын, дос. Сени түшүнүп турам, аларга да кези келет, жасагандарынын жазасын алат. Жашоонун өз мыйзамы бар.

– Ооба, а мен ага капаланбайм. Уккан сөз, ошону гана сага айттым. А бирок Саксагай айтса чыдап угуш эң кыйын, кыжыры кайнап, кайың ыйлап, тал сыздап, таш жарылып, суу күйүп жаткандай айтат. Карөзгөйлүктү жек көрөт, дили таза, пейили ак. Биз аны түшүнөбүз, жашырганда эмне, араң жубатып, жүз грамм алып беребиз.

– Туура, бирок андай нерсеге көп деле көңүл бөлбөш керек. – Арсен аны далыга таптап койду. – Ал жактагы адамдардын байы бай, а бирок алар мен билгени биздей эле. Жанагы Кудайын тааныбагандар өздөрүнчө топтошуп кесири башын жээр иш жасап жатышса керек. Андайлардын сурагын Кудай өзү берер, а бизге келчүлөрдөн пайда көрөбүз. Алар олжолуу болсо, биз да бирдеме алабыз.

– Андай болсо мейли, биздин шеф иштин көзүн көргөн адам. Мына, баарыбызга бизнес-артелди ошо киши уюштурду. Мергенчилик иштин ооматы шамалдай болот, кармасаң кармадың, болбосо жок. Көрө жатарбыз. Арсен Саманчин анын оюн иле калды да, ошо замат ага тамаша кошту:

– Кудай бизге ушу мөңгү барстарын бергенине ыраазы болуу керек. Алар бизде жок болсо мергенчилик да болмок эмес. Бектур аганын контракттары кайдан түзүлөт эле?..

– Ошо да, – деди ал. Эмнегедир добушу да, турпаты да олуттуу боло. –Биз барстарды саткан болуп жатпайбызбы! Андан башка эмне кылмак элек? Алар менен контракт да түзө албайсың.

– Катырдың! – Арсен Саманчин кырдаалды оңдоюн деп күлдү. – Барстар менен контракт түзөт дегенди биринчи угуп отурушум. Сөзүңө баракелде, өзүңө ыракмат. Эми эс алалы, мейлиби? О'кей?

– О'кей! Сени бир азга кармап койдум окшойт. Күн да кечтеп калыптыр, эс ал. Эртең жолугабыз, эч эсиңден чыгарба, макулбу? Сен мине турган атты ала келебиз.

– Жакшы, Ташафган, жакшы. Билесиңби, мага айтып аткан ат көргөзүүнү шаардыктар ат таанытымы болот деп коюшат.

– Ой, сен эң туура айттың. Ат таанытымы! Шефке ошентип эле айталы.

– Анан ал коштошуп жатып минтип койду: – Ат го бар, а сенин өтүгүң барбы? Ат миниш үчүн атка жарашкан өтүк да болушу керек. Жок болсо ачык айткының, татыктуусун тандап жүрүп табабыз.

– Кам санаба, баатыр, эски өтүгүмдү ала келгем.

* * *

Ушуну менен бу күн да өмүрүн таштап баратат. Талыкшыткан жол азабы аны жаздыкка тартып турганда шефтин өзү – Бектур ага телефон

чалып калды. Жана унутса керек, араб ханзадалары келери менен улуу тоонун этегиндеги Дасторкон өтөгүндө өргүй тургандыгын билдирди. Туура, жылдызы жерге төгүлгөн, айдын нуру ак жибек болгон бу керемет жаратылыш койнуна мындай даражалуу меймандарга эс алар жай ырастоо кыйын иш. Ошон үчүн эртең, майда-барат иштерди бүтүрмөккө түштөн кийин жолугушмак болду. Анан үч күндөн кийин араб мергенчимеймандарын Олуя-Ата аэропортунан кантип тосуп алуу маселеси талкууланмак. Ошондон баштап Арсен Саманчиндин ким экендиги билинмек, келери кандай, дегени эмне, жакканы кайсыл, айтор, күнү-түн дебей бул жердегилер кыргыз араб ханзадасынын көзүн карап калышмак. Анан да мергенчилик деген өзүнчө дечи, атат, кетет, а бирок аларың кандай адамдар, кыял-мүнөзүн, мамиле-жосунун ким билип коюптур... Айранга талкан чалгандай иш эмес. Бүт бардыгы Арсенден гана башталат.

Канткен менен Арсен Саманчин өз милдетин ак аткармак, ага жандилин берип койгон. Ошо телефондон кийин ал жаздыкка башын койду, кирпик кагардын алдында эмнегедир жанагыл Ташафгандын айткандарын кылт эстеп ийди. Эмнеге ал мынчалык туталанып алган? Ага кереги барбы? Кызык экен...

Жай бышкан кездин ал күнүнүн ошо маалында улуу тоолордун коюнколтугуна кирген кара буурул жылан чаар түн карайгандан карайып, күн нуруна күлүп турчу капчыгайларды өтөк өйдө жутуп барат. Түн уюган сайын тоо тулаңын чыйрыктырган жай суугу кыштагыдай күчөөдө. Тоо турмушу таң күтүп, тиргилигин токтотуп өлүк түндүн койнунда өлүк сымал тунжурап жатат. Бул жердин жашоо-жазмышы жаралгандан ушундай, көз жашындай мөлтүрөгөн көк асмандын чачылган мончогундай жылдыздар магдыраган тоолорду кытыгылагысы келип, аларга барган сайын жакындап келет, ак шайы кийген булуттар да кыл чокуларды аяр сылай, жай каалгыйт, ак бермет шуру-көбүгүн жээгине чачкан тоо суусу баш көтөрүп көз ачалбаган жымжырттыктын кучагында эркелеп жатты.

Ушул саат, ушул жакта, өлүмдүн жолу башталган Үзөңгүлөш ашуусунун алдында, суук тумшук жек көрүндү болгон кайран Жаабарстын каңырыгы түтөп, кара башын кайда катарын билбей, таман тилер корумдан өтүп, дилыйын ыйлай сооротуп, кумурсканын изиндей үмүтүнө таянып, дагы бир жолу дагы бир түнгө калуу үчүн жатар жай издеп жүргөн. Анткени анын ашмагы дагы бир жолу азабын колуна карматып койду. Жол берер жай капортосунан ооп барат, ал болсо жок болот да, кайра келет, кайрадан жанын оозуна тиштеп, бу ажалдай ашууну ашып кеталбай кетет. Өлүмдөн башка токтотпос кармаштын аягы бу жолу да эртеңкиге калды. Шамал өткүс чер токойдогу куштардын түнү бою үн алышып чыкканы негедир ага жаккан жок, түлкүгө да ошондой болду белем, тигилерди жактырбай күңкүлдөп тилдеп жаткансыды. Баарынан да Жаабарска буга чейин күндүзү да, түнкүсүн да угулбаган адамдардын тээ алыстан үзүл-кесил чыккан бир башкача добуштары азабоюна тикенектей сайылып жаткансыды. Кайдан келишти? Башталышы да, аягы да жок түбү тешик бу дүйнөнүн түндү күн, күндү түн кубалаган жашоосунда таш тагдырдын айынан ушул тоолорду кайгуулдап кезип жүргөн кайындалган Кызкайып менен Жаабарстын билери болуп билсечи. Сүйгөнүн күйүп издеген Кызкайып ушу азыр кайда болду экен? «Кайдасың сен, кайдасың сен, каралдым? Үн катып койчу, үн катып койчу мен үчүн. Мен Кызкайып – кайындалган колуктуң. Кайдасың сен, кайдасың деп, какшап жүрөм чакырып, сен деп чуркап, сен деп жетпей баратам. Сансыз таңды сыздап ыйлап атырып. Кайдасың сен, кайдасың сен, каралдым». Кызкайып бул мертебе жаны чыгып бараткансып кыңкыстап онтоп боздоду: «Эми кандай күн келет да, эми кандай түн болот, ай?! Эми кандай түн келет да, эми кандай күн болот, ай?! Күн акырын алдын-ала туйгансып ал эмнеден коркту экен?..»

Жаабарс Кызкайыптын армандуу куса-күйүтүнө, безбелдектей безилдеп коркконуна чыдабай ордунан турду да, жойкун из менен башка жакка баш уруп кетти. Кызкайыптын муң-арман кусасына, алда не сезип сыздаганына анын кандай тиешеси бар эле? Бир Кудай өзү билбесе...

Которгон: Самсак Станалиев