Вторник, Октября 24, 2017

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 5-бөлүк

Мурдагы бөлүк Кийинки бөлүк

Эртең менен аны безилдеген телефон ойготту. Ордунан туруп барып телефонду алганча чок баскан тооктой чырылдак басылып калат деп ойлоду ал таттуу уйкусун таштап басып кеталбай. А чалган адам көшөрүп туруп алды. Бир чети ага ушул жакшы болду, дил-кыялдын чындык дегенге жакындашпаган ой жүгүртүүлөрүнөн, ишке ашпаган түштөрүнөн кийин ал чыныгы турмушка келди, адегенде эле телефондон издегендер башталды. Бул ыракматы атасынын бир тууган иниси Бектур аке экен. Канткен менен ал кыйышпас жакын тууганы эмеспи, телефонду көп чалчу. Бүйрө адам, элди билчү, кечээ жакынга чейин, алардын чарбасы тараганга дейре, ал ошо Туюк-Жар колхозунун башкармасы болуп келген. Андан кийин да бош калган жок, кырдаалга туура келер деп эч кимдин башына келбеген мергенчиликти таба койду. Ошентип, Үзөңгүлөш тоолорунан аң уулоочу «Мерген» фирмасын түздү, иштин жүрүшүп кетиши үчүн ар кандай бизнес-пландарды, сунуштарды жасап, анан ошонун аркасы менен акыркы жылдары буга келгендердин саны көбөйдү, чет өлкөлүктөрдүн изи суубай турган болду. Чет өлкөлүк мергендерди чакыруу документтерине, жанагыл жарнама дегенине Арсен Саманчин да көп жардам берди. Акыры иш ойдогудай болду.

Телефон билгендей эле безилдеп ийген экен, болбосо биротоло көшөргөн оюн өзү жеңе алгыс, ишке ашары да арсарына айланып кычашын салган, экинчиден, мындай коркунучтуу ишти - киши өлтүрүү, анан өзүн өзү атып салуу деген канкордукту Кудайынан тилеп, жандүйнөсүн жай кылбай жаткан террорчулукка баруу акыры ага эмне берерин, кандай болорун эч бир жан билмек эмес.

Телефон мына ушундай маалда чыркырап ийди. Жагдайы жанды жеген абалдын таасиринен улам ал ким болсо да сүйлөшкүсү келген жок, кайдыгер барды, демейдеги коёндой окшош үндөрдү угам деген, а бирок Бектур Саманчиндин тааныш үнү жаңырганда башкача боло түштү, жолугалы дейт, анда эмне жөнүндө сүйлөшөрүн билип, түшкө жуук кездеш үүгө аракет кылды. Анткени ал акыл пештеп, өзүнө келип, демейде айтып жүргөндөй жандүйнөсүнүн сейсмикалык абалын токтотуп алышы керек эле. Андан кийин… Ооба, алгач ал-жай сурашмай болот, андан кийин, мына кызык, Арсен Саманчинге бир идея келе калды, балким, көзү ачылгандыр, балким, башкасыдыр, айтор, акыры кууратып бүткөн куралды эч кандай машакаты жок эле таап, өзөгүн өрттөгөн маселеси жөн эле чечилерин эсине салган ой, өзгөчө туюм аны жандандырып жиберди. Жеңилдей түштү. Ошон үчүн ал жан-алы калбай сүйлөшүп, жолугушса жолугарын айтып, көптөн бери иштери кычап телефон чалалбай калганын шашыла билдирип, кечирим сурап жиберди.

А бирок телефондон сүйлөшүү таптакыр башкача, жамандыктын жазасын берүүгө зарыл болгон, Арсен Саманчин дилине сыр катары катып жүргөн иштерге тиешеси жок болду. Алар тууганчылык иштерди мурунтан эле өз ара сүйлөшүп, кеңешип, анан сөзсүз Бектур акесинин бизнеси тууралуу, «Мерген» аңчылык фирмасы жөнүндө, айтор, мергенчилик туурасында пикир алышчу. Бул жолу да ошондой болду.

– Ой, эки күндөн бери телефон чалып, такыр алалбай койдум, – деп амандашкандан кийин эле жемеден баштады сөзүн Бектур агасы. – Сен кайда жоголуп жүрөсүң, Арсен? Чөнтөк телефонуңду да өчүрүп салыпсың?! Деги сага эмне болгон?

– Баары жакшы, Бектур ага, сен шаардасыңбы?

– Ананчы, сени менен бир сүйлөшөйүн деп жетип келдим. Сен эмне, араб ханзадаларын барстарга алып чыгарыңды унуттуңбу? Өзүң айтпады ң беле? А тигилерге болсо дал өзүңдөй түш жоруган суу тилмеч керек. Сен болсо ишти создуктуруп эле жатасың, же дайының жок, иш эмне болду? Бүт баары эле сени эгемен, көз карандысыз, эркин дешет. Эркиниң ушулбу?! Айтарын айтып, унутуп койгонсуң го?..

– Жок, Бектур ага (аны туугандары ызааттап ага дешет), кайдан унутайын!

– Анан эмне кечиктирип жатасың? Убакыт аз эле калбадыбы! Арабдарыңдын келерине жети эле күн калды. Сен болсо бир кабарың айтпайсың.

– Кам санаба, Бектур ага, мен телеге чоң көрсөтүү даярдап, ошо менен алекмин. Чет өлкөлүк журналисттер келген, маек курганбыз. Эч кабатыр болбо, Бектур ага, ал иштер жайында, сүйлөшүлгөн. Арабдар менен мен өзүм болом, өзүмдөн башка ким тилмеч болмок эле, менеджер да өзүм, кыскасы, аларды мен алып жүрөм.

– Андай болсо жакшы экен! Кудай берет деген ошол. Араб ханзадалары бизде биринчи ирет болуп жатпайбы, экинчиден, алар Алла Тааланын жердеги өкүлдөрү катары келатышат да. Ошондуктан бардыгына даяр турушубуз керек, болгону жети күн калды. Тоолордо, капчыгайларда канча даярдык көрүлүшү зарыл, кандай даярдануу кажет экенин өзүң билесиң. Эң негизгиси азыр учуру келди, барстар ашуунун артындагы бийик жерлерден биздин Үзөңгүлөшкө түшүп калышты. Мезгили.

– Түшүнөм, Бектур ага, мен даярмын дебедимби.

– Анда, Арсен, сен экөөбүз жолугушалы, шашпай сүйлөшүп алалы. Анын үстүнө башка да иштер бар эле, Арсен. Биз сен жөнүндө санааркап жүрөбүз…

– Макул, Бектур ага, жолугушалы. Азыр саат тогуз, кел он бирде. Кайсыл жерден жолугалы?

– Макул көрсөң сенин үйүңдөн эле жолугушпайлыбы?

– Жакшы болот, мен чай даярдап коём.

– Сүйлөштүк анда, чайды эмне кыласың? Мен эмне бир жактан келген конок белем, өзүбүз да. Аялың, үй-бүлөң болсо кеп башка. Туугандарың сен үчүн кабатыр болуп жүрөт, а сен… Болуптур анда, барганда. Он бирге жетип барам.

– Күтөм, Бектур ага, күтөм.

Арсен Саманчин трубканы ордуна койду, жеңилденип дем алды, эки жагын каранды. Эсине түштү. Бектур Саманчиндин шофёрунун чөнтөк телефонуна чалды, жигиттин гүлү, мунун агасынын аркыраган «Жибин» айдайт. Аты – Итибай. Кээде Арсен аны итиң бай адамсың, демек, итиң бай болгон соң, Кудай урбадыбы, өзүңө да анча-мынча артат да деп тамашалай берет. Эх, байлык жөнүндө эле түбөлүк кыялдана бересиң, адамдар болсо кандай гана салыштырууларды ойлоп таппайбыз. Ха-ха-ха, чыгарда мага чалып кой деп Итибай менен сүйлөштү.

Ушуларга алаксып, көңүлү бир аз тынчый калган Арсен Саманчинге ач кенедей жармашып, чаяндай чаккан баягыл ойлору кайрадан келди. Ооба, өзүнүн эң жакын тууганы Туюк-Жар аймагындагылардын бүт баары сыйлаган, эл адамы болгон Бектур Саманчиндин айткандарына, сөзсүз, макул болуу керек. Ага жанагы Араб өлкөсүнөн келаткан даражалуу конок-аңчыларды тейлөөгө да жардам бериши зарыл. Келе тургандардын бири Сауд ханзадасы Хасан, экинчиси Кувейт ханзадасы Мисир дегендер мунайзаты суудай аккан немелер. Айтылган сөзгө караганда алар эки атанын балдары. Ат чабышка, алгыр куштарга анан айрык ча эч ким баралек жерлерге аңчылык кылууга аябай кызыгышат экен. Ошондуктан аларды мөңгү барстарына ууга чыгаруу камылгасы көрүлүп жатат. Анын үстүнө бу Үзөңгүлөштөгүдөй мөңгү барстары дүйнөнүн эч жеринде, Жакынкы Чыгышта да, Африкада да жок, ал жактарда кайдан болсун, мындай сейрек учуроочу асыл жырткычтар андай мээ кайнаткан аптаптуу аймактарда жашабайт, аларга тагдыр жайы салкын, кышкы аязы таш жарган, тоолорунан куш учуп өтө алгыс бийик жерлерди мекендегенге берген, анан ошол үчүн азыр алардын жүнү Кудай ургандай таза, көз талдырган кооз, ар бир талы ат башындай алтынга тете болуп жатат. Араб ханзадаларынын келери да ушуга байланыштуу эле, ошол үчүн аларды тегерене тейлегендер болот, а тургай сакчылары менен коштоп жүргөндөргө керектүү курал берилет. Ал жерде анын орду чоң, эки тараптын көздөй тилмечи, ханзадаларды жана алар менен чогуу келгендерди коштоп жүрүүчү менеджер, Арсенсиз алар бирин бири жалдырап караган балык болуп калышат, демек, ага мылтыктын мылтыгы, жок эле дегенде сөзсүз тапанча берилет. Иши оңолгону турат, анан ошол тапан чаны ал өзүнө калтырат, анын жолу өзүнөн өзү табылат, аңчылык эгер аларга айтып бүткүс бир керемет дүйнөгө айланган болсо, анда кумары канган ханзадалар күн кармап күлүп турганда тапанчаны жөн эле белекке берип коюшу ыктымал. Тоодогу тамаша бүткөн соң шашыла шаарга келет да, көксөгөнүн алеки саатта бүтүрөт. Ооба, жакшы кыял жарпыңды жазат дегенди дил жарыгы кылды да, Туюк-Жардагы Бектур агасына шылтоолоп кетип калмак болду.

Телефон ойготкон күн ушинтип башталды. Жалдыраган телефондун безбелдектей көшөрө безилдегенинде кеп бар экен, маң басып турган, дароо эсине келтирди, өткөн түндөн өрт алып, анан түшүндө да жанын кыйнаган дилазабынан өзүнүн кадимки жай турмушуна кайтып келди. Ойлонду, ойлонгондо да акылы менен ойлонуп, өзүнө өзү тыюу салып, өзү менен өзү тынчтык келишимин түзүп, ажырыктын тамырындай жайылып бараткан каргашалуу ойлорун убактылуу четке какты. Иш, аны аткарыш керек. Анан ичинен: «Арс, болду, болду, акылыңа кел! Азыр ал жөнүндө ойлонууга болбойт, мээң ордундабы, Арс?» - деп жатты. Арс – Айданасы эркелетип атаган ат, бул болсо аны Айа деп эркелетчү. Аттигини ң десеңчи, дилиңде күйгөн ал күндөрдөн каңырык түтөткөн үшкүрүк гана калды. Эриксизден ал ушуну эстегенде өзүн эрте күздө эле жалбырактары күбүлгөн дарактай сезет. Жандүйнөсүндө илип алар эч нерсе жок.

Өзүнөн кетти, болбосо таңдан кечке дейре баш көтөрбөй иштей берсе болмок, анын ордуна илегилек санаалар менен өзүнө азап үйүп, тирүү туруп өлмөк болду. Жетишет, атасынын көрү, иш толтура! Башы башталып, аягына чыга элек, а чыны редакцияларга зарыл болгон канча материалдары бар. Өзү күнөөлүү, болбосо, учур проблемаларын козгогон публицистикалардан тарта, кайдагы бир гидроэнергетика маселелерине чейинки темаларга дейре кайрылган аягы жок макалалары бар. Мындай болгон эмес, башында быштыбы, кагазга түшүп, редакцияга жетчү. Кашаң аттай кайдыгерлик көбүнчө ага ушу көз карандысыз журналист атыккандан кийин уялаш болуп кетти окшойт. Эркин да! Эч кимге отчёт бербейсиң, эч ким да сени тескебейт. Кааласам иштейм, каалабасам жок! Кудайды караса боло, ушу кантип болсун!

Бүт баарынан оолактоо үчүн, өзүнүн киши колдуу болгон сүйүүсүнө, өзүнүн киши колдуу болгон идеясына кайгы-муң баскан жүрөгүн бекер күйгүзбөш үчүн жекирүүдөн азыр эч нерсе чыкпайт деп, ал өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп жатты. Анын үстүнө каргыш алгыр капитализм өз билгенин жасоодо! Жасайт, ага эч ким каршы чыга албайт. Капитализм дейт, деги буга капитализмдин кандай тиешеси бар дейм да? Ооба, ооба, идеяны товар катары сатып алууга да, аны акчага сатып жиберүүгө да, андан калса ошо идея дегенге тыюу салууга да болот, демек, акчага бүт бардыгын жасоого толук мүмкүн. Андай болсо тиешеси бар экен. А бирок сен мындай кырдаалга сатып албоочу катары, таптакыр башка, көчтөн келген кемпайсың, ошол үчүн өз энчиңди өзүң ал. Жалгыз экениңе караба, тигилерди эрөөлгө чакыр, анан көрөсүң, туурадан чыккан туз баштыктай бул ким деп, жети бүктөп, бир түзөп, как жерге казыктай кагып жиберет. Башыңды жулуп ыргытат, сурагын сатып алат. Ошондуктан ар нерсенин өз жолу, болор сааты деген бар, жетишет, жолбун ойду унут кыл. Билгениң барбы, бүт баарына түкүрүп сал да басып кет деп өзүнө өзү акыл берип жатты. Анын үстүнө кыдырдай болуп Бектур ага келип, башка маселе чыга калбадыбы! Сөз олуттуу болот.

Өзүн өзү биротоло тынчытып салган өңдөнүп, анан ошол эле учурда алданеге кайрадан өзүн жетелеп баргандай болду, ооба, Кызкайыптын алдында айыптуудай алайып, кечирим сурап актангандай, аны жалбарып жооткотуп жаткандай тейде турду. Кыялында экинчи өзү Кызкайыпка Арсендин эшигинин алдында туруп кайрылып, ага бир нерселерди эзиле шыбырап жаткансыды. Ал тигиге угузбагандай, а бирок ал түшүнгөндөй кылып эбиреп, Кызкайып, бүт бардыгы жайында болот, бир аз эле чыдай турчу, макулбу деп кечирим сурап жаткандай жалбара шыбырады. Кудай буйруса бир нерсе болот, анан мен Айдана экөөңөрдү жолугуштурам, укмуш музыка болот, классиканын кайра жаралышы башталат! Ошондо Айдана сахнада болот, а сен сахнанын артында анын жанында эле болосуң, бүт бардыгын көрөсүң, бүт бардыгын угасың. Ошол үчүн бир азга гана чыдай тур. Анан бул жерде Айдана күнөөлүүбү же жокпу, аны ойлон. Эгер билгиң келсе, ал өз ыктыяры менен бизди таштап кеткен жок, сен туура түшүнөсүң, анткени аны да куду сени уурдагандай уурдап кетишти, ооба, азыркыча азгырып уурдап кетишти, акча үчүн акчага сатып алышты. Ооба, ошентишти, мурда сулуу кыздарды эрк-оюна карабай атка таңып эле ала качып кетишчү, азыр болсо андайларды долларга ороп, атак-даңк менен арчындап алып кетишет, мындайда өздөрү эле чуркап барышат, байлык үйүрлөрүнө кошулушат, жылкылардын ээси миллионерлер, аларды доллар менен камчылап, долларды жем кылып берип багып алат. Ушинтип жашап калдык. Башка жол жок, бардыгынын тагдыры базарга гана байланган. Эч ким күнөөлүү эмес, базар экономикасы дегендин арааны жүрүп турат, жашоо опур-топур, эртең эмне болорун эч ким, ошол байпагы манат байлар да билбейт, бул турмушка өзүбүз күнөөлүүбүз. Ой, кечирип кой, Кызкайып, мен негедир эл турмушун изилдеген саясат илимине кирип кеттим окшойт, ушундайым бар. Бирок сен муну жүрөгүңө жакын ала көрбө, санааркап убайым жебе. Кээде күйгөндөн ушуларды айтып жиберем, мени кечирип кой, Кызкайып. Анан эмне кылабыз, жашоо ушундай болуп калбадыбы. Мага өзүңө ишенгендей эле ишен, бир аз күтө туралы, күт, Кудай буйруса кубаныч менен кезигишип каларбыз. Азырынча күтө туралы. Ии, баса, бир мүнөткө сабыр кылып токтой турчу, дагы бир нерсени сага айтайын дедим эле. Бул менин жүрөгүмдү көптөн бери өйүп жүрөт, Кызкайып, сенден кантип жашырайын. Эч кимге билдирбей ичимден ойлоп санааркай берем, Айдана ал жерде кандай жүрөт болду экен, шайкелең кыздай көз ымдаган жарнамалар аркылуу даңазаланып жатканындай, сахналарда жылдызы төгүлүп, күлүп-жайнап, жаркырак менен кызыл-тазыл жарыкка тунушунча тунгандай ал чын эле өзүн бактылуу санайт бекен, өксүүгө толгон өмүрүн, анан өзүн бактылуу кылдым дээр бекен, же сыртынан ушундай көрүнүп, а ичинен, ооба, гүл талындай назик дили кырдаал берген тагдырдан улам жетим кыздай сыздап ыйлап, эркиндик, бакыт, сүйүү деп зар какшап муңканып жаткан жок бекен? Жандүйнө сырын жашырып өзүнөн өзү өкүнсө анда кыйын, тагдырдын трагедиясы. А бирок биз кайрылбас Хайдельбергдеги сейилбактагыларды эсине салалбайт болуш керек, аны эстесе көңүлү түтөп, жүрөгү канайт, анткени ал экөөбүз аерде чогуу жүргөндө дүйнөбүз бир башкача өзгөрүлгөн, Кызкайып, аны сен өзүң көрбөдүң беле. Андан кийин… андан кийин да дүйнөбүз бир башкача өзгөрдү, эки ааламга ажырашып кеттик… Кечирип кой, Кызкайып, кайрадан өзүмдүн… Ушинтип калдым.

Кызык болду, өзүнөн өзү бөлүнүп, сүйлөгөн өзү каалганын сыртында да, тыңшаган өзү босогодо болуп дилинен шыбырай берди, анан ал селт эте калып, өзүн өзү акылга келтирүүгө тырышты. «Эсиңе кел, эсиңе. Айтканынан кайтпаган көк мүнөзүң сени дагы кайда алып баратат? Кимге асыласың? Ким менен кармашкың бар? Басма сөздө деле өзүң жалгызсы ң, коколой башыңа кордук үйүп, бирдеме жазымыш болосуң, аның аз келгенсип көп укканды көк мээ кылар философияңды айтасың, көрүнгөн бизнесмендерге ырылдап турасың, жанагыл ыңырчак минип, ит саткан өз агаң Ардак айткандай азыркы долларбайлар дүйнөлүк базарда үймөлөктөшүп, коррупцияланып жүрүшөт. Сен да бир-эки жолу ошентип жаздың, тигилердин биринин да кылы кыйшайып койгон жок. Эмне үчүн антишти? Акча, базар оюнунан сырткарылардын бүт баары алар үчүн киши эмес, сен да ошондойсуң, адашкан селсаяксың. Билесиңби сен, ошол долларбайларга азыр Кудайыңдын өзү кызмат кылып жүрбөйбү? Ооба, ооба, ал аларга Кудай катары көз салат да, алар менен кошо коррупцияланып жатпайбы! Анын эмнеси бар экен? Баары белгилүү, Кудайдын өзү да ай-ааламдын банкири болуп жатпайбы. Ой, токточу, дагы эмне болду? Кайдагыны келжиреп жатам? Жараткан, мени кечир, кечире көр. Кудайга акаарат айткан да болорбу? Кечире көр, Жараткан, жазала мени! Буга окшогон чөйрөгө ыңгайлашпаган саркындынын изин ит таппас үчүн түз эле мухитке ыргытып жибериш керек. Бирок мындайлар адам бар жерде жарала берет…»

Айтор, баш каткан турмуш. Адегенде ал квартираны тазалоого киришти. Бектур ага ар нерсеге тыкан, талапчыл адам, эмне болсо бетке айтат. Убагында колхоздун иши өзү каалагандай жүрчү, баары орду-ордунда болчу. Шалаакылыкты жининдей көрчү, кыкты эмне үчүн жол боюна төгөсүң, жыйган чөбүң эмне үчүн кыйшайып калган, же сенин өзүңдөй маспы, чарбагың чочкоканабы, огородуңардагы отоо чөп быйыл баарыбызды тойгуза турган деп айтчу экен. Ушундай жаны тынбаган адам.

Агасынын сырын билген Арсен Саманчин оозгу бөлмөсүн чаң соргуч менен тазалады. Көрүнгөн жерде чачылып жаткан гезит-кагаздарын чогултуп кирди. Окулуп-окула элек журналдар толуп кетиптир. Анан күзгүнүн чаңын сүрттү да, үйүндөгү эң аялуу, эң бир кооз, наркына баа жеткис жалгыз буюму, кезегинде Айдана ойногон ачык күрөң түстөгү пианинонун чаңын арчыды. Ооба, Айдана демекчи, ал эки жолу, түн жарымына чейин ойногон.

Ошол кеч эсине түштү. Арсен Саманчин өз алдынча үйрөнгөн, оюна келгендей ойной берет, а Айдана болсо пианиного тил киргизип жиберет экен. Ага негедир токойдогу булбулдун сайраганындай болуп, алыскы Европанын жаңырыгы угулуп тургандай туюлган… Арсен ошондо ага аябай суктанган, кулактан кирип бойду алган керемет кайрыктар Айдананын назик, ичке манжаларынан, карагаттай көздөрүнөн төгүлүп жаткандай сезилген. Арсен Саманчин мындайда кантип чыдамак, боконо сөөгү болкулдап, тамагы буулуп, ушу бүгүн арман-муң болгон өткөн күндөр ой-кыялын кыяк кылып жиберди да, анан ал пианиного отуруп, ошол кечте Айдана ойногон музыкалардын кайрыктарын кайталагысы келди. А бирок ичи тыз дей түштү. Ооба, ал бул жерге эч качан келбейт, пианинонун жанына да отурбайт, пианинодон төшөккө чейин бар болгону үч кадам… эч качан, өзүнүн музыкасы бар. Ошондой болду, сатып кетти, ал үчүн урушмак турсун, күнөөлөй да албады, аны тагдырдын алы жетпеген күчтүн курмандыгы болуп калды деди негедир мурдагыдан башка ча ойлоп.

Ой түбүнөн Арсенди телефон сууруп чыкты. Итибай экен, баратабыз дейт. Тосуп чыкпаса болбойт. Кийимин которуп, галстугун тагынып тууган-урук ичиндеги эң кадырлуу адамды адаттагыдай тосуп алмакка койкоё короого чыкты. Эски заман кезинде мындай конок келгенде алыстан салам айтышып, атын тизгинден кармап, өзүн колтуктап аттан түшүрүп, күлүгүн байлап, басмайылын бошотуп тосуп алышчу. Азыркыдай кайдан болсун, машинасына май куюп бербей эле, атына сулу беришчү.

Ушинтип кыялында меймандын атына сулу берип жатканда Бектур ага машина менен, болгондо да кандай машина, карагат түстөгү япон жиби кирип келди. Фаралары жаркырайт, алты жүз аттын күчүндөй күчтүү, ой-тооңду билбейт. Айылда мындай машина жок, Бектур аганын бул жиби Туюк-Жар чөлкөмүндө жалгыз, Араб Эмираттарынан алган. Айылда азыр эл жарды, «Жигули», «Москвич» дегендер деле саналуу, колхоздун анча-мынча байлыгынан ажыраган соң, ар ким өз арбайын согуп, кээси ууру кылып, айтор, күн өткөрүп калышкан. Эртеңки күндөн үмүт аз, бир нерсе десең эле бизнес жаса дешет, бизнесиң кана, чөп, картошка, дагы эмне бар?.. Ошентсе да эркиндик бар, бу жетишпеген турмушта ошо эркиндик дегениң да оңой эмес дечи, а бирок курсакка келгенде куру бекер кеп экен. Азырынча бардыгын өткөөл мезгилге, анын ушундай болоруна шылтап жатышат. Ошол өтсө эле жыргайт экенбиз. Күтө бер! Ооба, жадагалса бир келесоо бапылдап, базар балдары гана төрөлсүн деп жүргөн. Иштин бүткөнү ошол да! Ал эми айылдыктарга машина кайдан, орто кылым ортого келип отурган, жүктүн баары эшек дегенге түшкөн. Чал-кемпирлер ошонун көзүн карайт. Жаштар болсо…ооба, цыган-турмуш артында.

Калп айткан менен болобу, айрымдарга ушу бизнес замандан да бирдемелер артууда. Тик жарлар менен аскалардан бал чогултуп акча жасагандар да чыкты, мурда муну ким ойлоптур. Ойлосо да сатышчу эмес, бекер беришчү, балдар менен улгайгандарга дешип сатышчу эмес.

Мына, Бектур ага анын дал алдына келип токтоду. Салабаттуу деп ушу кишини айт, аңчылык бизнес өнөрүн өздөштүрүп, ишти жыл бою жүрө тургандай жолго койгон. «Марко Поло» деп атап алышкан аркар-кулжаларга, эчки-текелерге, аюуларга, сайроочу жана алгыр куштарга маалмезгили менен аңчылык жолун башташат. Мына эми мөңгү барстары чөнтөктүүнү чөгөлөткөн чоң бизнес болду. Бектур ага азамат, эч нерсе дей албайсың, жолун тапты.

Арсен жиптин сестендире сүрдүү эшигин ача калды эле кайран Бектур агасы жылуу жылмайып жерге түштү да, бекем кол алышып кучакташа көрүштү. Ооба, ал дайыма жаркын маанайы менен, келбет-өңү менен, жарашыктуу чокчо сакалы менен да өзгөчөлөнүп турчу, ийе, булардын тукуму ушундай, сырт турпаты келишимдүү, зыңгыраган немелер, болгону Арсен гана сакал-мурут койгон жок. Алар бири-бирине эки колун сунушуп, бекем-бекем кысышып, кубана жылмайышып, ызаат-сый көрсөтүштү. Бектур ага шадылуу колун көкүрөгүнө коюп, мындай деди:

– Кудага шүгүр, аман-эсенбиз. Өзүң кандайсың? Көрүшпөгөнүбүзгө канча болду, Арсен, эки ай болуп кеттиби, же андан да көппү?

– Ооба, байке, үч айдай болуп кетти го?

– Көрдүңбү! – Бектур ага коюу кашын серпе калды. – Мен шаарга келип эле аттым, а сен колго тийбедиң. Болуптур, эми сен керексиң, биз менен көбүрөөк бирге болосуң. Билесиң да.

– Билем, байке. Мен ар кандай иштер менен жүрбөдүмбү. Болбосо кезигишмекпиз, аны өзүнчө айтып беремин.

Ийе, Айдана экөөнүн иши эмне болгонун, ал кимдер менен катышып жатканын, кимдер анын сүйгөнүнөн улам аны коомчулуктан түбөлүккө сүрүп чыгууну көздөп турганын, а өзү болсо аларга эмне кылганы жатканын, албетте, айткысы келген жок. Не дегенде алардын сөзү башка. Бектур ага да ошол зарыл иштин айынан Туюк-Жардан келип туру.

Боору бир жакындардын агынан жарыла амандашып турушу көргөндүн көзүн тойгузду, булардын жанынан өтүп бараткан кошуна-колоңдору да ал экөөнө жетине албай жылмая сүйүнүп жатышты. Чолок шымчан эки бала ары-бери ит жетелеп, короодо ойноп жүрүшкөн. Бектур аганын жалтыраган кара жибине суктана карашып, жол тандабаган бул машина аларга аябай жагып калды көрүнөт, бирин бири капталга түртүп, бирдемелерди шыбырашып калышты. Кыязы, бул тентектер ушундай кубаттуу машинага итин да салып алышып зуулдата айдап баратышса, баатырларга көчөдөгүлөр таң кала карап, ал тургай колдорун булгалап да жиберишсе деп турушту окшойт. Мунун баарын Арсен ойлоп жиберди, таппаганы жок.

Бу жашоонун жакшылыгы менен кубанычы көз алдыңда турган кезде көңүлүң таңдай тазарат. Ошол чын, жай мезгилдин шашкесиндеги күн да негедир демейдегидей чакчайып тийбей, жер үстүндөгү жан-жаныбар аттууга бейпил өмүр тартуулап, тоо-талааны күлүмсүрөп эркелетип турду. Ооба, күн жарыктык да адамдардын жылдызы жанган бир керемет учуруна аралашып кетти. Бу жарыктыктын жашоосу ар дайыма ушундай эриш-аркак төп келип, өз жайында болбойбу! Анткен менен булуттардын арасынан кандайдыр бир түнөргөн көз жердегилерди жекире карап турат имиш деп айтып калышат. Ага эмне керек? Эмне үчүн антет? Мейли, караса карай берсин…

Маселе боюнча сүйлөшүп жатканда мурдагыдай эле Арсен Саманчин өзүндөгү ишенимдүүлүктөн кайткан жок. Анын үстүнө Бектур агасы көзү жеткен, болор ишке гана киришкен, киришкен соң аягына чыккан адам. Ошондон улам бул адамдын айткандарын угуп, далил-сунуштарына баш ийкеп, ыгы жок билерман болуп талашпай, каршы да чыкпай тура бергиң келет, не дегенде анда адамды муюткан, ал тургай пикирлерине шыктанткан кандайдыр бир тартып алар касиети бар.

Ооба, Бектур ага ушундай кылмак, аңчылык кылуу документтери бүт экен, лицензиядан баштап, бизнес планы, аны өнүктүрүү жолдору, эң негизгиси барстарды атууга уруксаты, айтор, киреше, салык жана башкалары так көрсөтүлүптүр. Жанагы келе турган араб ханзадаларына булар жөнүндө, фирманын милдети туурасында маалымдаптыр.

Ии, унута жаздаган турбайбы, өткөн жылы алар менен контракт түзүлгөн, ага Арсен Саманчин өзү жардам берген. Ошол боюнча азыр иш жүргүзмөк. Анткени Бектур Саманчин Туюк-Жар аймагындагылардай эле ингилиш менен таптакыр иши жок, ошол жагы, араб мырзалары менен сүйлөшүү, аларга тил боюнча кынтыксыз кызмат көрсөтүү тарабы толугу менен Арсен Саманчинге жүктөлөт. Бектур агасы ушундай чечкен. Ооба, ал бизнес адамы, эң оболу пайда жагын ойлойт, ошондуктан мындай жооптуу ишке, араб ханзадалары менен сүйлөшүүгө жана да ортомчулук милдет аткарууга Арсен гана ылайык эле. Не дегенде араб ханзадаларына, ийе, каролдук статусу бар меймандарга, катардагы тилме ч эмес, алардын андай-мындайын билген, бул жакты да айткандай айта алган деңгээли бар адам керек болчу. Ошон үчүн ал Арсенге гана токтолгон, ошон үчүн ал Арсенге келип отуру.

– Эмесе мындай, Арсен, ата-бабаларыбыздын арбагы колдосун. Жанагы тилмеч, тигилер менен тең сүйлөшө алар биздин адам, бейиши болгур ыраматылык агамдын баласы сен өзүң болосуң, сен экөөбүздү агамдын арбагы колдоп, биз менен бирге болсун, – деп муютуп кирди Бектур ага. – Бизнесте да кадыр-барктуу, санаалаш адамдар керек. Жардамыңды аяба, биз менен бир-эки жума чогуу бол, эс алып да аласың. Анын үстүнө сени эч кимдин көзүн карабаган эркин журналист деп бардык жерде сөз кылышат, атагың чыгып жатат, туурабы?! Сен болбосоң анан ким болот, мына беш күндөн кийин ханзадалардын адамдары келе баштайт, аны билесиң, ии, меймандардын даярдык көрө турган тобу. Алар үчөө. Ал эми ханзадалар болсо өз самолёту менен Олуя-Ата аирпортуна келип конушат.

– Байке, аирпорт эмес, аэропорт, – деп Арсен агасынын сөзүн оңдомокчу болду. А агасы болсо ага кабагым-кашым деген жок.

– Мен аирпорт эле дейм, бизде ушинтип эле айтышат. Билесиң да, ОлуяАта аирпорту бизге жакын эмеспи. Келишим түзүп макулдашканга өзүң катышып, өзүң сүйлөшпөдүң беле. Мына эми келер кез келди, тигилер тим эле бучкактап жатышат. Арсен, ханзадаларды аирпорттон сен экөөбүз тосуп алалы да, түз эле тоого алып кетели. Ал жерде баары ойлонуштурулган, барганда көрөсүң, андан камсанабай эле кой. Мен колхоздун баягыл конторасын сатып алгам, эки бөлмөсүн мейманкана кылып жасап койдук, шаардагыдай болбосо да, бардыгы бар. Аларды дал Үзөңгүлөш ашуусунун этегине алып барабыз, көңүлдөрү болсо ашуунун ары жагына өткүлө дейбиз. Андан ары, өзүң билесиң, Кытай, жыбыт жылгалардан бери билебиз да. Ал жакка альпинисттер эле барбаса, келип-кеткендерден эч ким жете элек, ханзадалар көрөбүз дешсе көрүшсүн барстарга ууга чыгышып, бардыгы акча болуп жатпайбы. Ал жагын үлүшкө коюп бөлөбүз.

Айтор, алар көп нерселерди макулдашып чечишти. Бул жагын ал дасыккан эл аралык бизнесмендерче пландаптыр. Ханзадалардын тоодо болуусу, алардын аңчылыгы, айтор, чатыр, боз үйлөрдөн тартып аттар менен ат багарлардын тизмесине чейин, алардын ким экендиги, уятка калтырбай тургандыгы аныкталып, анан гана киргизилиптир, иш-аракеттери, эмне кылыш керектиги саат-мүнөтүнө чейин көрсөтүлүптүр. Туура, мындай иште майда-баратына чейин такталбаса болбойт. Ал эми курал–жарак жагы да ошондой экен, алыстан жарык берүүчү жана оптикалык приборлорго чейин протоколдогудай ийне-жибине чейин жазылыптыр. Бизнес тактыкты жана өтө кылдаттыкты жактырат, бир жеринен кылт этсе эле иш бүттү, агып келаткан акча күйөт да, калат.

Туюк-Жардын аңчылык бизнес долбоору мына ушинтип талкууланыптакталып жатканын жайы-кышы кар баскан тоолордогу мөңгү барстары билип калса, аларың ошол замат кырка тоолор менен ашууларды ашып кетишмек. Эң кур дегенде бул жөнүндө дубалап койгонсуп алигиче Үзөңгүлөш ашуусунун этегинде муңканып жүргөн, ооба, кабылан тукумунун карыбы, жек көрүмчүсү болуп саналган Жаабарс байкуш билсечи.

Арсен Саманчин бул долбоорго катышуучу болуп калгандан кийин аңчылыктын кандай болорун билип калды, анын үстүнө Бектур агасы ага бүт бардыгын түшүндүрдү. Болбосо алдыда нелер күтүп тургандыгы менен, эмнелер болору туурасында эч кабары жок эле. Эми бүт бардыгы белгил үү, кырдаал-жагдай жадында, өзү иштеген ишиндей ага дайын болду. Ошентсе да, ал күндөлүгүнө эмнегедир: «Көзгө көрүнбөс эшик, же тагдырдын формуласы» – деп жазып койду, балким, макалага тема тапкандыр. Ошондой экен, андан соң мына буларды улай жазды: «Ар бир пенденин алдында мурунтан эле даярдалып коюлган, а бирок көзгө көрүнбөгөн, ачык турган жазмыш жазган каалгасы болот. Анын босогосун аттоону тагдыр качан буйруса ал ошондо, эшиктен ары киргенден кийин, башынан байланган барымтага түшкөн соң гана жазмышы экенин билет. Энеден кайра төрөлүү мүмкүн эмес сыңары, ошо босогону аттагандардын эч кимиси кайрадан артка кайта албайт. Тагдырдын буйругу ушинтип ишке ашып турат. Бул тагдырдын формуласы, кирүү бар да, чыгуу жок…»

Арсен Саманчин дагы улантып жаза берсе болмок, анысы өзүнчө бир кайгылуу эссеге айланмак, а бирок азыр эмес, сааты чыккандан кийин гана, окуя болгондон соң гана, ооба, ошондо гана...

Түш болор кездин алдында жайкы күн жерге түшө баштаганы үй ичине да сезиле баштады. Ал түндөн бери ачык турган терезесин жаап, шкафтын үстүнө коюлган чакан конденсаторду иштетти. Куркулдайдын уясындай бул үйлөрдө ысыкка чыдоо эң кыйын, ошо акактаткан аптаптан ушундай бөлмө муздаткычтары гана сактап калат. Өмүр бою тоонун таза абасына көнүп калган Бектур ага терезени жаппай эле кой, аба кирип турсун деп калды. А кишинин айтканын аткарбаса иш болбос, а бирок ошо терезенин ачык турганы да бекер болбоптур...

Терезе жабылып-ачылган соң бержагы эки сааттан ашкан сүйлөшүүгө кайрадан киришти. Ага-ининин аңгемеси бүткөнчө тыным билбес Итибай чай ичип, андан соң жипке май куюп, аны жууп-тазалатканга, атүгүл базарга кайрылып мөмө-жемиш ала келгенге да үлгүрүптүр. Баарынан кызыгы, мына бу эки Саманчинди буга чейин алардын бир боордугу бириктирип келсе, азыр анысына жер жүзүнө жайылган бизнес дегени, аңчылык долбоору кошулуп, ал экөөнү ого бетер ажырагыс кылып салды. Бул ушундай экен, айтмакчы, ошо бизнес жөнүндө, жанагы поездден поездге түшүп соода кылгандар айтат, дүйнөдө бу тоо-талаанын гүлдөрүнөн өткөн өтүмдүү товар жок имиш. Ушундай деп ким ойлоптур, гүл дегениң талаада жайнап өсүүдө, аны баккан да, караган да киши жок, өзүнөн өзү өсүүдө, көз жоосун түшүрө суктан, ат менен кетип баратып балдарга терип берсең да болот, а гүл сатат деген кыргыздарга чын эле күлкү келерлик иш. Аңчылык деле ошондой болчу, эми минтип ошо аңкоолук дегенден чоң бизнес чыгып, Саманчиндер болсо акча табабыз деп анын пландолбооруна баш оорутуп отурушпайбы.

Кептин баары бир кебелип койбогон тоо турмушун сырдуу дүйнөгө айландырган мөңгү барстарында эле. Демек, акыр заманды айтчудай болгон базарың аларга да жеткен экен...

Аңчылыкты уюштуруу, аны өткөрүү туурасында далай кеңештер айтылды. Арсен Саманчиндин көзү ачылды, маңдайында пландарын кагазга чиймелеп, бүт дили менен бериле кызый сүйлөп жаткан Бектур агасын угуп отуруп өтө ыраазы болду, тим эле ал өз ишин театрдагыдай пландаптыр, бүт бардыгы көз алдыңда, мурдагы колхоз башкармасы азыр режиссёр-коюучу болуп көрүндү да, аңчылыктын ыкмаларын, анын өтүшүн драмадай сүрөттөп берди. Таң каласың, Бектур аганын айтуусу боюнча жанагы ханзадалар жырткычтарды өздөрү тандап, жаземдебей таамай атып алышы үчүн жырткычтарды буктурмага айдап келүүнүн бир укмуш жолун сунуштады. Кулак угуп, ойго келбеген иштерди угуп отурган Арсен анын маңызына түшүнгөндөй эле болду, антпесе болбойт эле, тоодогу аңчылыктын бардык маселелерин араб ханзадаларына түшүндүрүп берүүсү зарыл болчу, ошентсе да ал жандүйнөсүнө жыландай кирген ойлорго кабылып жатты. Теңир-Тоодогу ээн-эркин жүргөн барстарга ок атууга болбойт деп боору ачып турду. Ошондой эле ал барстардын тагдырын дал ушул эл жүнүн жеген жерде, Хрущев үйлөрүнүн кайсыл бир кабатында, эңгезердей эки эме өздөрүнчө эле Кудай болушуп чечип жатканын, атүгүл алардын өмүрүнүн акыркы күнүн, саатын белгилеп отурушканын байкуштар билер болсо, анда тигилер Гималайгабы, айтор, бир жакка качып кетет беле деп ойлоду.

Ой деген бирде космоско чыгып, кайра уясына учуп келген эркин куштай го. Ушу азыр да анын башына кайрадан бир ой, бул мертебе барстарга силерди кызыл кыргын кылганы жатышат деп кантип кабарласа болот деген ой келди. А кокус чын эле билдире турган кырдаал-шарт болсо, анда кыпкызыл акча болуп жаткан бизнести эмне кылат? Кайда катасың? Жырткычтарды учкул кыялың менен сактап кал, а бизнесчи? Ал эмне болот? Көрүңө катып саласыңбы? Эгер чын ушундай мүмкүнчүлүк болсо, анда дүйнө солк этмек эмес, анда адам тукуму өздөрүн өзү өлтүрүп, аларды кара жер жутуп жок кылмак. Ошондуктан азыр бизнеске гана артыкчылык берилет, калгандарынын бүт бардыгы кийин, кийинкиден да кийин болот. Ии, адатыңча дагы бир нерселерди шалп эттирип айтып көрчү, антет экенсиң, ооба, андан көрү асынып калганың жакшы. Ушу кезде Бектур аганын сөзү барган сайын акылнасаат айткандай болуп бараткан, ошондон уламбы, айтор, Арсен Саманчин аны менен сүйлөшүп жатып маал-маалы менен өзүнөн өзү эле ушуларды ойлоду да, «Мерген» бизнес-аңчылык фирмасынын кожоюнунун көрсөтмөлөрүн ханзадалар каада менен келгенде кереги суудай тиет деп блокнотуна англис тилинде жазып жатты.

Арсендин дил-оюнда эмне болуп жатканын, эсинен чыкпай элирткен бир азгырык санаанын кайдан келип, убайым таштап турганын Бектур Саманчин такыр билген жок, өзү бир сөз айтпаса анын билмеги кайдан...

Кээде ушундай да болот, жалпы ишти анын көзүн билип талкуулаган адам менен ал жөнүндө эч түшүнүгү жок бирөөлөр ушинтип ой бөлүшө берерине бир да жан ишенмек эмес. Шамал тоонун аркы бетин урса, берки бетиндеги бутактар термелчү беле. Ошондой кеп.

Анткен менен Бектур ага андан эч бир шек санабастан, тескерисинче, Арсенди тууганчылык менен өтө жактыра, өз сунуштарын жантыгынан жата калып чечмелеп жатты. Кагаздарга пландарын жана чиймелерин чийип, барстарга буктурма жасалчу жерлерди белгиледи, алардын үч жактагы айдакчылар кайсыл жерде болору көрсөтүлдү, айтор, жырткычтар түз эле ханзадалар кароолго алып турчу жайыкка чыгат. План ушундай, албетте, мындай учурларда оңунан чыккан, оңунан чыкпай калган учурлар болот, алар колго багылган колхоздун койлору эмес. Ошентсе да жер сырын билген, тоолорго көнгөн дулдул атчан беш-алты айдакчы жырткычтарды бура кетирбей сая кууп, эки капталынан дагы беркилер чыгып, айтор, камоо-кароолго жеткириш керек. Четтен келген мергендер чер жаза атып алышсын, экинчиден, барстар деген бул жерде жайнап жүрөт экен деген ойдо калышсын. Аңчылыкка кол кабыш кылгандардын милдети ушул, олжо деген ушулардан башталат.

Ошондой жооптуу ишке чегерилген, жер өңүтүн өз үйүндөй билген айылдагы жигиттердин тизмесин да көрсөттү. Бектур аганын айтымында алар өз ишин билишет, куралдар менен камсыз болгон, добулбастары да бар. Булардын баары Арсен үчүн ойго келбеген, кыялына да илинбеген иш болду, алдыда боло турган иш чын эле шахматтай ойлонулуптур. Таң калды. Ошентсе да, алар шашпай чай ичип, аңчылыктан башка да өздөрүнүн турмуштук иштерин сүйлөшүп отурушту. Ошо баарлашуу маалында бир кызык окуя болду, муну бардыгын ойлоп тапкан Бектур ага да ойлоп таба алмак эмес.

Жай мезгили жаныбарларга жакшы эмеспи, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларында, башка ыңгайлуу жерлерде жашаган көгүчкөндөр менен чабалекейлер учуп жүрүшкөн. Аларга эч ким деле көңүл бурушчу эмес, андагылар аларга, алар андагыларга көнүп бүтүшкөн. Балапандары темир канат болгон кезде гана алар аларды учурууга көндүрүп жүрүшкөнүн көрүп калышчу. Айрыкча эл чабалекейлерди канаттуунун асылы, адамга жакын, сыпаа жаныбар деп санашчу. А бирок азыр башкача болуп чыкты окшойт, иши кылып кызыктын кызыгы болду белем.

Ооба, эки Саманчин эртеңки күнү жөнүндө кызуу сүйлөшүп, бири өз көрсөтмөлөрүн, пландарын айтып, экинчиси эсинен чыгарбас үчүн блокнотуна керектүүлөрүн жазып иш кумарына кирген кезде эки чабалекей, кыязы, түгөйлөр болсо керек, ачык турган терезеден үйгө учуп киришти. Жаңылып-жазып кокустан кирип калышса ошол эле терезеден кайра шашыла учуп кетишмек. Алар антишкен жок, адашып калыштыбы, же дагы башка болдубу, айтор... Жок, атайы келгендей, кеткилери жок, чыйпылдап үн чыгарышып, үйдүн шып алды менен канаттарын ийкемдүү жайып, жай каалгып учуп, эки Саманчиндин төбөлөрүнөн айланып, тынбай чыйылдай беришти.

– Ой, булар кайдан келишти? – Бектур ага ордунан козголо аларга карады. – Булар ушинтип кире беришеби?

– Жок. Мындай болчу эмес, биринчи жолу. Чабалекейлер менен көгүчкөндөр бул жерде оголе көп, терезенин жанынан ары-бери уча бериш чү. Чатырда уялары бар, – деди Арсен.

– Анда булар алда неден чочушкан го? Терезени чоңураак ачып койчу, чыгып кетишсин.

Ал терезени толук ачты, а бирок чабалекейлердин кеткиси жок, ары аёолуу, ары мээримдүү, ошол эле мезгилде алда неден чочулагандай көздөрүн балбылдатып, алардын үстүнөн айланып жүрө беришти. А балким, булар алда неден аян берип, ошону кабарлап жатышкандыр? Ким билет, айтор, Арсен Саманчиндин башына ушундай ойлор келди, ал эми Бектур Саманчин болсо орундуктун жөлөнгүчүндө турган сүлгүнү алды да, чабалекейлерди сыртка кууп чыгарды.

– Булардын тамашасына тойдук, – деди Бектур ага башын чайкай. – Эмнеге келишти экен? Мейли, кел эми, иштей берели, убакыт болсо аз калды. Сен бизге качан келесиң? Качан жолугушабыз? Ошону тактап айт. Анткени биз сени менен да контракт түзүшүбүз керек.

– Анын эмне кереги бар? Өз дегендердин арасында кереги деле жок.

– Керек, азыркы шарт ошондой. Бизнес деген контракт менен гана жүрөт.

Арсен Саманчин: – Ой, байке, мен сизге атамдай эле ишенем да, контракттын кереги жок, – деп андан баш тартайын дегенде жанагыл чабалекейлер кайрадан учуп киришти да, кайрадан бөлмөнү айлана башташты.

– Ой, Арсен! Булар кайра келип калдыбы? Бул эмнеси? – Бектур ага таңдангандай сөз катты.

Ооба, алар бекер кирген жок, бир нерсеге тынчсызданышып, анан ошону төкпөй-чачпай буларга билдиргиси келип, же аны толугу менен угуп алууну каалап келишсе керек деп ойлоп жиберген Арсен ошол эле замат алардын тынчсыздана сырдуу чырылдаганын кайра-кайра тыңшап, көз албай тиктеп туруп бул экөөнүн дил-мүдөөсүн түшүнгүсү келди. Чабалекейлердин кулактан кирип, жүрөккө жеткен аянычтуу чырылдагы жакпай кеттиби, же ага чыдай албай койдубу, айтор, Бектур ага эми терезени жаптырып салды. Арсен анын каалаганындай болсун деп конденсаторду толук иштетип койду.

Арадан бир мүнөт өтүп-өтө электе эле жанагыл чабалекейлер терезенин сыртынан ары-бери учуп, кайрадан үйгө киргилери келишип чыйпыйы чыга чырылдашып, жана айталбай калганын эми айтууга шашкандай, жана унутуп койгонун эсинен эми тапкандай болушуп мурдагыдан катуу тынчсыздана улам-улам айнекке келип, тийип-тийбей кайра кетип, бизди киргизип койгулачы деп жалынып суранышкандай сезилип жатышты.

Катылган сыры кандай экенине таңданган Бектур ага:

– Бул эмнеси? – деп жиберди. – Жакшылыккабы, же жамандыккабы? Мейличи, биз буларга алаксыбайлы. Терезе парданы тартып сал, биз көрүнбөй калган соң, анан өздөрү эле кетип калышат.

Ошондой кылышты.

Алар андан кийин майда-чүйдө маселелерин талкуулашты, дагы башкаларын такташты. А Арсендин оюнан жанагы сырдуу чабалекейлердин табышмагы кетпей, башта андай шумдукту көрбөгөнүн, болду-болбоду мында бир маанилүү мандем бар экенин таразалап, алардан кутулалы деп бекинип алып отурушканына бир чети таңданып, бир чети өкүнүп, санаасын ошолорго байлап отурду. Ал тургай Бектур Саманчин тууганча сүйлөшүүгө абдан ынтызар болуп, айтор, кепке бериле маани берип, иниси Арсендин бойдок жашоосуна өзгөчө басым жасап, жаны кейип жүргөндүгүн билгизе сөз баштаганда да ал жанагыл оюнан кутула алган жок.

– Арсен, сенин ишиң, жүргөнүң, айтор, баары жакшы, – деди ал анын көзүнө тигиле карап. – Ыракмат. Ушу чайың гана бойдоктордукундай, буга сен таарынбагын. Кеп чайда эмес, эми сен канчага чейин жалгыз жүрө бересиң? Жетишет, айрымдар беш-алты жолу аял алып, атүгүл телевизордон чыгып ошонусуна мактанып да жатышат. Ырас, сен бир жолу мүдүрүлүп калдың, андайлар болот, жалгыз эле сен бекенсиң, анан ошого да чүнчүп, өзүңдү өзүң колго алалбай жүрө бересиңби? Жок, мындай иш сага жарабайт, Арсен. Жашсың, акыл десе акыл бар, ыраматылык атаң көзү тирүү болгондо сени менен сыймыктанмак, кайран кишинин неберелери да болмок, бай да, жакыр да эмессиң, интеллекттүү адамдардын көбү ушундай болот. Үйлөн, туугандарыңдын бардыгы ошону күтүп жатат. Андай-мындайынан коркпогун, мына мен даярмын, кудайга шүгүр, бир үйүр жылкы бар, калыңга берем, атасынын көрү, шаарга десең шаарга айдатып келем. Күлбө, эмнеге күлөсүң? Шаарда да, айылда да жакшы аялдар бар. Каалаганын танда. Ушинтип жүрө берсең, убакыт деген өтүп кетет. Аны түшүнөсүң да.

Арсен мындайды көп уккан, ушу азыр да акырын жылмайып, макул дегендей баш ийкеп, анан сөз удулун башка жакка бурайын деп калды эле, Бектур ага унутканы эсине эми түшкөнсүп:

– Укчу, Арсен, жанагы эки чабалекейдин үйүңө кирип, ары-бери учканы бекеринен эместир? Балким, алар сенин аялыңды көргүлөрү келип киришкендир? Азырынча ал жок да! – Өзүнүн тамаша сөзү өзүнө жакты окшойт, ал аябай каткырды. Арсен:

– Ошондой болсо кана! – деди чын эле олуттуу сүйлөп.

Бектур аганын сөзү ага жаккан экен, аны короодо узатып жатканда да ичинен жанагыл сөздөрдү ойлоп: «Ошондой болсо кана?» – деп алды. А Бектур Саманчиндин оюнда пайдалуу иштер чечилип жаткан. Жууптазалагандан кийин анын жип машинасы ого бетер сүрдүү, ого бетер көз тайгылтып калат экен. Анын катарында Арсендин чаң баскан «Нивасы» турган, аны көрүп:

– Эгер ишибиз жана биз болжолдогондой жакшы болсо, анда сен да ушундай жиптен бирди сатып алат элең. «Нива» деген совет мезгилинен мураска калган жакшы машина, а бирок бизнес доорунда сага окшогон адамга жип ылайык.

– Ыракмат, аке, ыракмат, буйруганын көрөлү. Тоо жеринде жүргөнгө жип жакшы да, буйруганы тургандыр. – Арсен Бектур агасына ыраазылык билдире ыракмат айтты да, дагы ичинен: «Ошондой эле болсо кана?» – деп ойлоп жиберип, анан сөзүн Итибайга бурду:

– Итибай, жакшы эс алдыңбы? Азамат, ар дайыма ушундай жүр. Биздин тоолордогу жолдор менен жүргөн киши гана жүрөт.

– Ооба, Итибай экөөбүз ал жолдор менен канча жүрдүк дейсиң? Үз жүз миң километр!

– Үч жүз кырк миң болуп кетти! – Итибай сыймыктана тактады.

Ошондон соң алар кучакташа коштошту. Арсен алар түшкөн жиптин артынан кол булгалап жатып дагы бир жолу ичинен: «Ошондой эле болсо кана?» – деп койду.

Арсендин табияты ушундай эмеспи, жанагыл чабалекейлерди кайра эстеп, дил-оюна тынчтык бербеген дагы бир ич бышыра муңайткан иш бар эле. Муну ал эч кимге айтпай калсын, айтты дегиче апендиче күлкү болмок. Ооба, ошол чабалекейлер, аларды Айданага гана айтыш керек, Айдана гана шылдың кылбай түшүнөт, атүгүл андан жандүйнөгө байланышкан романтикалуу бир нерсе чыгарып, балким, алда кандай сюжет таап, болбосо либретто жазыш керек, мүмкүн обондуу ыр жаратса болот деген акылын айтмак. Ал өзү ошондой купуя сырдашууну жакшы көрөт, андай учурларда ойго келбес нерселерди таба коёт. Ушунусу жакшы, жандүйнөсүн жаныңа ого бетер бириктирип жиберет. Ал экөө мындай жанына жаны бириккен, дилине дили кошулган сырдашууларды канча ирет өткөрбөдү дейсиң. Эми антип сырдашмак түгүл жүрөк туйлаткан үнүн телефондон угууга зарсың, анткени ал кулакты кесип, көздү алып «Лимузин» менен кете берди. Өкүнбөй койчу иш бекен, болбосо бул айтары сырдуу табышмак болгон кабарчы чабалекейлер жөнүндө ага аңгеме курмак. Ошентмек, а алар ага эмнени айталы дешти экен?..

Ушуларды ойлоду. Антпесе бир-эки күндөн кийин мунун бардыгын унутуп салмак. Ооба, ошондой эле болду, Туюк-Жар тоолорундагы аңчылык бизнесине камылга көрүү аны кыялдантмак түгүл, эсинен атын чыгарып, кыяматка салды. Ошо түйшүгү түндө түгөнбөс күндөрү бир ирет ошондой кырдаал болуп, капылет-кайыптан чабалекейлер эсине түшкөн да, алар эртеңкини алдын-ала айтып келген аянчылар экендигине көзү жеткен. Бул иш өз айылына, барстар жүрчү тоолорго келгенине беш күн болду дегенде болгон. Ошондон улам ал күндөлүгүнө «Көзгө көрүнбөс эшик, же тагдырдын формуласы» аталыш коюп, баягы окуяларды кайталап, эсине түшкөндөрүн жазган: «Ар бир пенденин алдында мурунтан эле даярдалып коюлган, а бирок көзгө көрүнбөгөн, ачык турган жазмыш жазган каалгасы болот. Анын босогосун аттоону тагдыр качан буйруса ал ошондо, эшиктен ары киргенден кийин, башынан байланган барымтага түшкөн соң гана жазмышы экенин билет. Энеден кайра төрөлүү мүмкүн эмес сыңары ошо босогону аттагандардын эч кимиси кайрадан артка кайта албайт. Тагдырдын буйругу ушинтип ишке ашып турат. Бул тагдырдын формуласы, кирүү бар да, чыгуу жок».

Жараткандын жазыгы жок жаныбарлары жан сабаша ушуларды эскертели дешкенби? Алар муну кайдан билип алышты экен? Кызык... Күлкүбү?.. Аңкоолукпу? Жок нерсени бар кылып апыртуубу? Ишениш кыйын, а бирок азырынча ушундай болуп жатат. Анын үстүнө Арсен Саманчиндин калеминен пайгамбардын сөзүндөй ойлордун жаралышы да эртеңкиге жышана болуп жатты окшойт. Анткен менен азырынча санаага коога түшүргөн эч нерсе жок, бүт бардыгы бизнес-пландагыдай өтүүдө.

Эртеңки тагдыры кандай болуп кетерин капарына албастан эси-дарты Айдана болуп, аны эми көрө албаймын, чабалекейлер жөнүндө айтып да бере албаймын деп жылдызын жерге түшүрүп жүрдү. Антпесе деле болмок, айткан күндө да кана ошол чабалекейлер деп Айдана жетип келмек беле?..

Бул кайсы бир жагы менен үйүрүнөн айкарлыктын айынан жек көрүлүп сүрүлгөн, дале болсо Үзөңгүлөш ашуусунун этегинде жалгыз үмүтүнө жалдырап калган Жаабарстын жан чыдагыс жазмышына окшоп кетпейби? Ал эмнени күтүп жүрөт?..

 Которгон: Самсак Станалиев