Воскресенье, Апреля 30, 2017

"Манас" эпосунун кыскача мазмуну

I. МАНАСТЫН ТӨРӨЛҮШҮ ЖАНА БАЛА ЧАГЫ

1. Манастын ата-теги, жети атасы;
2. Жакып менен Чыйырдынын баласыз болушу, алардын түшү;
3. Чыйырдынын боюна бүтүшү жана жылкычы Бадалбай алып келген жолборстун жүрөгүнө талгак болушу;
4. Жакыптын жылкыга кетиши, жаңы туулган кулунду төрөлө элек уулуна энчилеши;
5. Чыйырдынын кыйын төрөтү. Баатыр уулдун төрөлүшү;
6. Акбалтанын Жакыптан сүйүнчү алышы;
7. Жакыптын баласына арнап өткөргөн тою;
8. Табышмактуу дербиштин жаңы туулган балага Манас деген ысым бериши.

II. МАНАСТЫН ЧОҢОЙУШУ ЖАНА АЛГАЧКЫ ЧАБЫШТАРЫ

1. Манастын Ошпур койчуга тарбияга берилиши;
2. Манастын Кырк чилтен менен Кызырга кездешүүсү;
3. Эт бышыруу үчүн от жагайын деген Манаска оттук бербей койгондугу үчүн калмак абышканын сабалышы;
4. Тентектигинин айынан Манастын атасынын үйүно кайтып келиши;
5. Атасынын жылкычыларына кол салгандыгы үчүн Манастын Кортук баштаган калмактарды сабашы;
6. Чогуу ордо ойноп жатканда Манасты кармап алгысы келген кытайдан кербен тартып келген Эсенхандын соодагер жигиттеринин сабалышы;
7. Жалпы душман Эсенханга каршы кыргыз уруулардын биригиши;
8. Аң уулоого чыккан Манастын азезил менен согушу жана аны Аккелте мылтык менен өлтүрүшү;
9. Атасына кол салган он бир чалгынчыны Манастын сабашы;
10. Манастын Эсенхан жөнөткөн Нукерди Өркүн дарыясында талкалашы;
11. Манастын мусулман динин кабыл алышы;
12. Көрсөткөн эрдиктери үчүн кыргыз урууларынын Кеңешинде он беш жашар Манастын хан болуп шайланышы.

III. МАНАС МЕНЕН КОШОЙДУН ДУШМАНДАР МЕНЕН КҮРӨШҮ

1. Калмактан чыккан Жолойдун чай алып келаткан кербенине Манастын кол салышы;
2. Жаангер кожонун уулу Билерикти бошотуу үчүн Кошойдун Кырмус шахка каршы чыгышы;
3. Билериктин зындандан бошотулушу жана Кырмус-шахтын өлүмү;
4. Өлгөн Кырмустун ордуна Кошойдун дагалактардын ханы болуп шайланышы;
5. Кошойдун Найза-хан менен Кашгардагы чабышы;
6. Кошойдун алп-сыйкырчы Күнгөй менен чабышы;
7. Кошойдун сыйкырчы аял Кубангер менен таймашы жана ага үйлөнүшү;
8. Манастын дуудулар тарабынан курчоого алынган Эштек таякесин бошотушу;
9. Уруулар Кеңешинин чечими менен Манастын Кырмус-ханга каршы Дагалакка жүрүшү;
10. Манастын Дагалак шаарын курчоого алышы жана душман баатырлары менен жекеме-жеке таймашы;
11. Кырмус-хандын ордун ээлеген Кошойдун Манастын жеңишин таанып, элге кайрылуусу;
12. Манастын Дангу шаарына жүрүшү;
13. Манастын жоокери Куттубийдин жалгыз көздүү азезилге кездешип, аны өлтүрүшү;
14. Манастын жоокерлеринин кылыч куйруктуу жырткыч Тайбас менен кездешүүсү;
15. Манастын калмак ханы Дүбүрө менен чабышы жана аны жеңип, Дүбүрө хандын шаарын ээлеши;
16. Манас менен Кошойдун кошундарынын биригиши;
17. Манастын баатыр кыз Карабөрк менен таймашы жана ага үйлөнүшү;
18. Кыргыздар менен калмактардын тынчтык келишими;
19. Манастын Карабөрк менен чогуу Алтайдагы ата конушуна кайтышы.

IV. МАНАСТЫН АЛА-ТООГО ЖҮРҮШҮ

1. Ата-журтту бошотуу жөнүндө аксакалдар Кеңешинин чечими;
2. Манастын калмак ханы Текестин сыйкырдуу кошунун жеңиши;
3. Каза болгон Текестин ордуна Манастын сунушу боюнча Тейиштин калмактардын ханы болуп шайланышы;
4. Тейиштин тоюндагы Манастын Кыз-Сайкал менен таймашы;
5. Ысык-Көл тараптагы кыргыз жерлерин бошотуу үчүн Манастын Өргө жана ага жардамга келген Ахунбешимдин кошуну менен салгылашуусу. Өргөнүн өлүмү;
6. Булагасын шаарына кире бериште Манастын кошуну менен Шамын-хан баштаган калмак кошунунун чабышы. Шамын-хандын чегиниши;
7. Манастын нөөкөрү болгон казак баатыры Көкчөнүн калмак ханы Илебин менен таймашы;
8. Илебиндин шаарын алуу жана Көкчөнүн Илебин хандын агасы Буудайбектин кызы Чыншыга үйлөнүшү;
9. Кыпчак Үрбү баштаган Манастын кошунуна Кеймин-шахтын Кеминде багынышы;
10. Үрбүнүн Кеймин-шахтын кызы Ойсалкынга үйлөнүшү;
11. Манастын кайнатасы Кайып-хан баштаган кошундун калмак ханы Култкага каршы жүрүшү;
12. Кайып-хандын Ат-Башыга жакын жерде жардамга келген Үрбүнүн кошуну менен чогуу жеңиши;
13. Манастын кошундарын бириктирүү жана Чүй өрөөнүндө жайгашкан Ахунбешимге каршы жүрүш;
14. Кыргыз кошуну тарабынан Булагасын шаарын алынышы. Ахунбешимдин өлүмү;
15. Манастын кошунунун Андижанга жана Аулие-Атага жылышы;
16. Меркинин төбөлдөрү менен Шамын-шах кырып жок кылгысы келген Аулие-Атада жашаган кыргыздарга Манастын жардам көрсөтүшү;
17. Ташкентте жашаган кыргыздарды кырып жок кылгысы келген Ташкенттин башчысы Пануска каршы Манастын кошунунун чыгышы;
18. Манастын кошунунун жана ага кошулган Көкөтөй баштаган жергиликтүү уруулардын Панусту жеңиши;
19. Кытай жана калмак кошундарынын качышы;
20. Кыйтуучу баштаган калмактардын Көкөтөйдүн үйүрлөрүн уурдашы жана аң уулоодо жүргөн Манастын ал жылкыларды сактап калышы;
21. Манас жана Алооке хандын кошундарынын чабышы;
22. Манастын Арагента шаарын басып алуусу;
23. Арагантанын башчысынын Манастын кырк чоросуна кырк кызды бериши;
24. Көкөтөйдүн Гүлайымга үйлөнүшү;
25. Манастын өз кошуну менен Алтайга кайтышы.

V. КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КӨЧҮШҮ

1. Душмандардан бошотулган жерлерге кыргыздарды көчүрүү жөнүндө аксакалдар Кеңешинин чечими;
2. Душмандардан бошотулган жана мурдатан аныкталган жерлерге кыргыз уруулардын көчүшү;
3. Кашгардын ханы Алакундун Манаска каршы чыгышы;
4. Манастын Алакун хандын баатыры Дагулукту жеңиши жана Кашгарга карай жүрүшү;
5. Көчүп келген кыргыз урууларын өзүнө баш ийдиргиси келген Алооке ханга Манастын каршы чыгышы;
6. Манастын Алооке хан айдаган жырткычтарды жок кылышы;
7. Алооке хандын өз агасы Боокенин уулун Манаска тартуу кылышы жана анын Манаска чоро болушу;
8. Маймун ханы Шооруктун Алайдагы кыргыз уруусу нойгуттарга кол салышы жана Манастан жеңилиши;
9. Манастын - Шооруктун кызы Акылайга жана Манастын жоокерлеринин - хан тартуу кылган кыздарга үйлөнүшү;
10. Манастын ата журтуна кайтышы;
11. Коңурбайдын атасы Алооке хандын Манас жок кезде Бээжинге көчүшү;
12. Душмандан бошотулуп кыргыздар тынч жашап калган жерлерди тизмелөө;

VI. АЛМАМБЕТТИН ОКУЯСЫ

1. Алмамбеттин ата теги;
2. Кытайлардын аскер башчысы Соорондуктун баласыз болушу;
3. Соорондуктун уулдуу болушу жана ага Кызыр тарабынан "Алмамбет" деген ысым ыйгарылышы;
4. Жаңы төрөлгөн баланын эне сүтүн кабыл албашы жана аны мусулман-дунган аял Иззаттын багышы;
5. Алмамбеттин балагатка жетиши, сыйкырчылыкты үйрөнүшү;
6. Соорондуктун Алмамбетти бардык өзүнө тиешелүү жерлерге жана аскерине башчы кылып дайындашы;
7. Алмамбеттин ууга чыгышы жана Аллага ишенүүгө үгүттөгөн кырк чилтенге жолугушу;
8. Боорлору Эсенханды жашартуучу дарыга кошуу үчүн алынуучу жигиттерди Алмамбеттин куткарышы;
9. Манастан качып кутулган Алооке-хандын адамдары менен Алмамбеттин жолугушу;
10. Аң уулап жүргөн Алмамбеттин казак баатыры Көкчө менен кездешүүсү;
11. Алмамбеттин өтүнүчү боюнча Кокчөнүн ислам дини тууралуу куруп берген аңгемеси;
12. Алмамбеттин ислам динин кабыл алышы жана ага өтүүгө ата-энесин үгүттөшү;
13. Өз уулу Алмамбетти өлтүрүү тууралуу Соорондуктун өкүмү;
14. Алмамбеттин атасынын үйүнөн кетиши жана туугандары Мурадыл, Жолой, Коңурбай менен күрөшү;
15. Алмамбеттин тааныбай калып өз атасын жарадар кылышы;
16. Алмамбеттин казак баатыры Көкчөнүн айылында болушу;
17. Көкчөнүн атасынын Алмамбетти багып алышы;
18. Алмамбеттин казак кембагалдарына жардам бериши;
19. Казактын аттуу-баштууларынын Алмамбетти Көкчөгө жамандашы;
20. Мас болуп калган Көкчөнүн Алмамбетке туура эмес күнөө тагышы жана Алмамбеттин Көкчөдөн кетиши;
21. Өзүнө дос жана жардамчы боло турган Алмамбеттин келиши тууралуу Манастын түшү;
22. Аң уулоо учурунда эки баатырдын кездешуүсү;
23. Манастын Алмамбетти сый тосуп алышы;
24. Алмамбетти үйлөнтүү жөнүндө Манастын чечими;
25. Биринчи болуп Манастын өзүнө татыктуу кызга үйлөнүшү тууралуу Алмамбеттин кеңеши;
26. Манастын элдик үрп-адаттар боюнча үйлөнүү тууралуу чечими;

VII. МАНАСТЫН КАНЫКЕЙГЕ ҮЙЛӨНҮШҮ

1. Татыктуу кызга үйлөнтүү жөнүндө Манастын атасына өтүнүчү;
2. Жакыптын көп убакыт кетирип келин издеши;
3. Жакыптын Кейип шаарына келиши жана тажик ханы Атемирдин (Кара хан) кызы Санирабийгага кездешүүсү;
4. Санирабийгага Манасты үйлөнтүү тууралуу Жакыптын чечими;
5. Кызын бергиси келбеген Атемирдин Жакыптан чоң калың сурашы;
6. Манас менен Санирабийганы кудалашканы үчүн эки атанын бир-бирине белек бериши;
7. Жакыптын кайтып келиши жана кыргыз урууларынын калыңды чогуу төлөө тууралуу чечими;
8. Манас, Алмамбет жана кырк чоронун Кейип шаарына келиши;
9. Калың алып келген Манасты, Алмамбетти жана кырк чорону Атемирдин кабыл алышы;
10. Күйөө баланын уруксатсыз киргенине жини келген Санирабийганын Манасты бычак менен жарадар кылышы;
11. Жини келген Манастын Атемирге каршы чыгышы;
12. Санирабийганын Манастын ачуусун басышы;
13. Күйөө балага бөлүнгөн бөлмөдө тамак бербей койду деп Манастын Атемирге кайрадан ачуусу келиши;
14. Санирабийганын болгон окуя үчүн күнөөнү өзүнө алышы жана турмушка чыгууга макулдугун бериши;
15. Санирабийганын Манаска турмушка чыгышын элге жарыя кылуу;
16. Санирабийгага Каныкей деген жаңы ат берүү (Каныкей – "ханга берилген" дегенди билдирет)
17. Күйөө бала менен келиндин сынактан өткөрүлүшү;
18. Көпкө каршы болгон Аруукени Алмамбетке алып берилиши;
19. Манас, Алмамбет жана кырк чоронун уйлөнүү тою;
20. Манастын аялы менен өз айлына кайтышы;

VIII. КӨЗКАМАНДАРДЫН МАНАСКА КАРШЫ ЧЫГЫШЫ

1. Манастын "Көзкаман" деген атка конгон Үсөн таякесинин жайлоосунда болушу;
2. Теиттер менен катагандардын Түлкү хан тарабынан кысымга алынышы тууралуу кабардын келиши;
3. Манастын Түлкүгө каршы жүрүшкө чыгуу жөнүндө чечими;
4. Түлкүнүн чалгынчылары тарабынан Көкөтөйдүн уулу Бокмурундун уурдалышы;
5. Бокмурун менен Түлкүнүн кызы Канышайдын ортосундагы сүйүү;
6. Манастын чалгынчылары тарабынан Түлкүнүн иниси Акундун жана башка ооган баатырларынын уурдалышы;
7. Манас менен Түлкүнүн кошундарынын чабышы. Баатырлардын жекеме-жеке күрөшү;
8. Сый-урмат менен үйүнө койо берилген Акундун сунушуна макул болгон Түлкүнүн тынчышы;
9. Кыргыздар менен оогандардын ортосундагы тынчтык келишими;
10. Манас менен Түлкүнүн Бокмурун менен Канышайды балагатка жеткенде үйлөнтүү тууралуу келишими;
11. Манастын өз кошуну менен мекенине кайтышы;
12. Коп убакыт бою калмактар арасында жашаган Көзкамандардын кыргыз жерине келиши;
13. Манас менен Каныкейдин Көзкаманды жана анын уулдарын чоң той берип сый, урмат менен тосуп алышы;
14. "Калмакча эмес - кыргызча тосуп алдың" деп Көзкамандардын Манаска таарынычы;
15. Көзкамандын уулунун суранычы боюнча ага Суусамыр жайлоосун берүү;
16. Манастын кырк чоро менен Аары эли менен чабышы жана аларды жеңиши;
17. Азирет тоосуна кайтуу жана Манастын Таласка көчүүгө даярданышы;
18. Манастын Ат-Башы тараптан Көзкамандарга жер бериши;
19. Манастын таякеси Шыгайдын уулу Жапактын Манасты өлтүрүп, бийликти тартып алуу чечими;
20. Жапак жана анын ага-инилеринин айлына келген Манаска кол салышы;
21. Манастын баатырларынын жардамга келиши;
22. Алмамбеттин сунушу менен Манастын кенжуттардын башчысы Айган ханга каршы жүрүшү;
23. Айган хандын тыңчысы Мардубанын Алмамбеттин колунан өлүшү;
24. Мардубага окшоп алган Алмамбеттин Айган хандын шаарына келиши;
25. Манастын Айган хандын хан-сарайын алышы;
26. Манастын - Алтынайга, Алмамбеттин - Диларамга үйлөнүшү;
27. Көзкамандардын Манасты конокко чакырышы;
28. Көзкамандардын Манаска жана анын чоролоруна уу бериш аракети;
29. Боз уулдун - Манасты жана чилтендердин - чоролорду сакташы;
30. Каныкейдин жаман түшү;
31. Көкчөкөздүн өзүн хан жарыялашы жана Каныкейди аялдыкка алуу талабы;
32. Каныкейдин жети ай ойлонуу туулалуу өтүнүчү;
33. Каныкейге үйлөнгөнү жаткан Көкчөкөздүн тоюна Манастын келиши;
34. Чатакташып кеткен Көзкамандардын биринбири өлтүрүшү.

IX. КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ

1. Көкөтөйдүн өлөөр алдында уулу Бокмурунга айткан керээзи жана Көкөтөйдүн өлүмү;
2. "Каада-салт менен көөмп, анан чоң аш берүү" тууралуу Манастын Бокмурунга берген кеңеши;
3. Көкөтөйдү көмүү жана андан кийинки аштын баяны;
4. Көкөтөй өлгөндөн үч жыл өткөндөн кийинки ашка Манастын жана башка коноктордун келиши;
5. Малдарды сойуу жана Жолойдун ачкөздүгү;
6. Бокмурундун аты Мааникерди коркутуп сурагандыгы үчүн Манастын Коңурбай менен чатагы;
7. Байге коюлган марага ат чабыш баяны;
8. Жамбы атуу. Манастын бутага тийиши жана байгеге алган жамбысын Кошойго бериши;
9. Кошой менен Жолойдун балбан күрөшү. Каныкей тигип берген кандагай (тери шым) кийген Кошойдун жеңиши;
10. Төө бошотуу жана оодарыш оюндары;
11. Ашта берилген оокаттардын баяны;
12. Ат чабыш учурунда Коңурбайдын Манастын аты Аккуланы чалышы. Аккуланын марага биринчи келиши;
13. Байгеге берилүүчү жылкыларды уурдап кетүү тууралуу Коңурбайдын чечими;
14. Кыргыз менен кытай жоокерлеринин байге талашы;
15. Бокмурун менен Коңурбайдын жекеме-жеке таймашы. Коңурбайдын жарадар болушу;
16. Кытайлардын жеңилиши жана качышы. Манастын Нескараны жана анын кырк чоросун туткунга алышы;
17. Аялына кыргыздарды жеңдим деп мактанган Жолойду Манастын жарадар кылышы;
18. Кыргыздардын аштан кайтышы.

X. ЧОҢ КАЗАТ

1. "Көкөтөйдүн ашын Манас жалгыз өзү башкарды" деген жети хандын таарынычы жана алардын Төштүктүн тоюнда Манаска каршы чыгуу тууралуу чечим кабыл алышы;
2. "Манас менен талашпагыла" деп Кошойдун жети ханга берген кеңеши;
3. Жети хандын "Манас бизге өзү келсин же бизди кабыл алсын" деген талап менен Манаска чабарман жөнөтүшү. Алардын ою: бизге келсе – начар кабыл алып пас кылабыз, а кабыл алса – меймандостук салтын бузуп, жаман кабыл алдың деп күнөөлөйбүз;
4. Манастын жети ханды сый-урмат менен кабыл алып, душманга каршы чогуу туралы дегени жана хандардын Бээжинге карай чоң казатка чыгуу сунушу;
5. Бакайдын бириккен кошундун - ханы, Алмамбеттин – колбашчысы болуп шайланышы;
6. Манастын казатка чыгууну каалабагандарга – үйлөрүнө кете берүү сунушу жана эч ким үйүнө кайтпай, жалпы кошундун Манасты ээрчиши;
7. Алмамбеттин чоң казатка чыгаардан мурда Каныкейге жолугуп, андан бата алуу сунушу;
8. Кырк чоро менен Манастын Каныкейге келиши;
9. Каныкейдин Манаска жана кырк чорого өзү тиккен аскер кийимдерди жана курал-жарактарды бериши;
10. Баласы жоктугу тууралуу Каныкейдин арманы. Аруукенин Алмамбетке боюнда бардыгын сүйүнчүлөшү;
11. Алмамбеттин кошунда тартип жоктугун айтканы жана Бакайдын ордуна кошун ханы болуп шайланышы;
12. "Эс алдырбай бастырат" деген жоокерлердин Алмамбетке таарынычы. Кошундун эс алышы;
13. Кошундун Өркүн дарыясынан өтүшү. Алмамбеттин дарыядагы сууну азайтуу үчүн аба-ырайын өзгөртүшү;
14. Манастын сунушу менен Алмамбет менен Сыргактын чалгынга чыгышы;
15. "Чалгынга сен эмес – Алмамбет кетти" деп көкүткөн Ырчы уулга ишенген Чубактын Алмамбетке таарынычы;
16. Таарынган Чубакты Алмамбет менен Сыргакка кошуу үчүн Манас менен Чубактын Алмамбетке жөнөшү;
17. Манас менен Чубактын Алмамбет менен Сыргакка кездешүүсү. Алмамбет менен Чубактын жарашышы;
18. Манас, Алмамбет, Сыргак жана Чубактын чалгынга чыгышы:
19. Чалгынчылардын дүрбүдөн Бээжинди жана Саяс тоолорун караганы;
20. Чубак менен Алмамбеттин Эсенхан жардамга чакырган жалгыз көздүү Макел дөө менен чабышы. Алмамбетттин дөөнүн жалгыз көзүн атышы жана баатырлардын жеңиши;
21. Бээжинге кирип, кытайлардын үйүрлөрүн чабып кетүү тууралуу Алмамбеттин чечими;
22. Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге жашыруун келиши. Алмамбеттин үйдөн качканын эстеши;
23. Алмамбет менен Сыргактын Кара-Сууну кечип өтүшү, кытайлардын жылкычысы Карагулду алдашы жана кытай үйүрлөрүн чабып кетиши;
24. Кытайлардын куугуну жана Алмамбет менен Сыргактын алар менен чабышы. Алмамбеттин Коңурбайды жарадар кылышы;
25. Алмамбет менен Сыргактын кытайлар менен чабышканын түшүндө көрүп жаткан Манасты Чубактын ойготушу;
26. Алмамбеттин буйругу менен Сыргактын жардам сурап Бакайга кетиши;
27. Манас менен Чубактын кытайлар менен чабышка кириши. Алмамбет менен Чубактын үйүрлөрдүн жолун тоскон кытай баатырлары Жолой жана Ушан менен чабышы. Алмамбет менен Чубактын жеңиши;
28. Коңурбайдын Көл-Кечүү кечүүсүндө аты арыган Манаска кол салышы. Алмамбеттин Манасты сактап калышы;
29. Манас, Алмамбет, Сыргак жана Чубакка Бакай баштаган кыргыз кошунунун жардамга келиши;
30. Чоң казат. Манастын Коңурбайды жарадар кылышы. Коңурбайдын качышы;
31. Кытай кошунунун чегиниши. Кыргыз кошунунун Бээжинди курчоосу;
32. Кытайлардын кыйын абалын айтып келген Коңурбайдын Эсенхандан Манас менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу өтүнүчү;
33. Тынчтык келишими жана кыргыздардын өз мекенине олжолуу кайтышы.

ХI. КИЧИ КАЗАТ ЖАНА МАНАСТЫН ӨЛҮМҮ

1. Чоң казатан кийинки кыргыздардын бейпил турмушу;
2. Алтымыштагы Манастын Кудайдан бала сурап Меккеге баруу чечими;
3. Аксакалдар Кеңешине чакырылган Акылай Каныкейдин боюнда бар экендигин айткандан кийин Манастын Меккеге барбай калышы;
4. Манас менен Каныкейдин балалуу болушу;
5. Манастын баласына арнап той өткөрүшү;
6. Айкожо абышканын балага "Семетей" деп ат койгону;
7. "Тойдогу ат чабышта күлүгүмүн биринчи келишине тоскоолдук кылышты" деп таарынган Коңурбайдын баатырынын Манаска каршы чыгышы;
8. Чырды басуу үчүн кытайлардын Алмамбет жактырып калган Эсенхандын кызы Мыскалды кыргыздарга бериши;
9. Манастын үч жашка чыккан уулун сүннөткө отургузуу тою;
10. Семетейди сүннөткө отургузуу баяны;
11. Акунхандын кызын Семетейге кудалоо келишими;
12. Манастын кытайлар менен акыркы согушу, каза болушу жана күмбөздүн курулушу