Вторник, Июня 27, 2017

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 4-бөлүк

Мурдагы бөлүк Кийинки бөлүк

Мындан бир-эки күн мурун ал: «Жандүйнө деген эмне? Ага көрүнгөндүн бардыгын киргизе берсе болот. А адамдагы эң башкы нерсе анын эрки жана акыл-эси!» – деген окурман менен каяша-жооп даярдаган. Анда ал: «Бир караганда жандүйнө деген ошондой көрүнөт, а бирок кээде анда болуп жаткан өзгөрүштөрдүн маани-маңызын анчалык четке кагууга болбойт. Анткени биз ошол маанилүү нерсени эске албаганыбыз менен жандүйнөнүн каалоосу көпчүлүк учурда тарыхый окуялардын бирденбир чечүүчү күчү болуп саналат. Жандүйнө деген жакшылык менен жамандыктын жаралар жери. Жандүйнө деген акыл азыгы!» – деген ойлорун айткан. Дегинкиси ал табиятынан эле философия айтууну жанындай жакшы көрчү.

Ал азыр кайдан анте алсын, ошол кечте компьютерин да караган жок. Анткени ал ошо мазмуну кызык макаласын мындан ары эч качан жазып бүтпөстүгүнө ушу саам ишенип турду…

Ал азыр кечиндеси ар дайыма ыракаттанып угуп турчу музыкасын да койгон жок. Анткени ал ошо ыракаттанып укчу музыкасын мындан ары канча бош убактысы болсо да эч качан уга албастыгына ушу саам ишенип турду…

Каргыш алгыр жанагы «Евразия» ресторанында болгон окуядан кийин анын жандүйнөсү куу токойдун өртүндөй жалындап күйдү. Ал өзүнө өзү токтоналбай, өзүнө өзү башкарталбай, өзүнөн өзүн ажыраткан арман менен кайгыга жана да тарабас тажаал ачууга алдырып, жандүйнөсүн талкалап жүрүп, анан гана өзүнө келе калган күндөрдү тапты. Не экенин ким билсин, өзүнүн үйүнүн жетим кыздай жалдыраган үмүттөй жалгыз терезесине бир күндө бир нече жолу келет да, телмире тиктеп тура берчү болду. Анын үстүнө ал эми өзү жөнүндө тааныбаган үчүнчү адам катары ой жүгүртүп, өзүнө өзү бейтааныш киши сыңары мамиле кылганы таң каларлык иш эле.

Токтой калып терең үшкүрүндү да, башын чайкап, галстугун кармалап койду, бирок чечкенге чамасы жетпеди окшойт, анан ага маани бербей, айлана-тегерекке көз чаптырды, маңдайдагы көп кабаттуу, сансыз квартиралуу үйдүн жарыгы жок терезелери ага телмире да, мистийе да карап туруптур. Бул эмнеси?.. Куркулдайдын уясында жашаган кошуналарынын ушул саат, ушул түндө мунун эмне болуп жатканы менен кандай иши бар?..

Ушу азыр болгон ишке кайгырып курубекер күңк-мыңк деп ыйлактагандын кереги барбы? Кимди жемелеп, кимди коркутат? Баары бүттү. Чокусунда чогу бар такси аны мынабу беш кабат үйдүн короосуна жеткирген кезде, баятан бери алардын артынан сая түшүп келаткан чет өлкө маркасындагы машина кууп өтүп, бурула калып, көзгө сайган чаян жарыгы менен бет маңдайына аны карап токтоду. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган Арсен Саманчин таксиден түшүп жатканда тиги машинадан чыккан узун бойлуу эки эркек ага шыпылдай жакын келишти. Баскан-тургандарына караганда булар соо немелер эмес, муну коркутуп, сөгүп-кордоп, атүгүл сабап салыш үчүн жиберилген айдамалар. Адегенде алар таксини жолго салышты.

– Кана, бул жерден тез жоголгун!

Арсен Саманчинди болсо ошол эле жерден жакадан алып, тамга такашты.

– Ии, улуу урматтуу, үйүңө жеттиңби?! Жашаганы мына бул сасыган жай да, анан шляпа кийип алганын кантесиң! – Арсен Саманчин ооз ачууга үлгүрө электе эле тигилердин бири анын кычыраган шляпасын ылдый көздөй катуу булкуп, анын көзүнө чейин түшүрүп салды. – Сен тумшугу ңду кайда сунуп жатканыңды билесиңби? Өз арбайыңды сок. Жайнатып жазгандарың да бекер болбой калат. Бирди көрөсүң! Сага окшогондорго ок аяган биз эмес! Түшүндүңбү, айбан. Дагы кырчаңгы макала жазып көр, дөдөй, тамга таанымак түгүл, аны көрбөй каласың. Жолбундар ча ичкенин кара! Жоголгун! Кеч боло электе оозуңду жаап, көчүгүңдү кысып жүр, уктуңбу келесоо?!

Ушинтишти да, аны таштап зыр коё кетип калышты. Таш менен уруп калсачы? Антиш кайда? Кеңгирей түштү. Көз байлаган ымыртыкта үн чыгарбай киреберишти көздөй басты. Колунан жалгыз келгени шляпасын оңдоп кийгени болду.

Мына эми, заманасы асманга учуп, эмне кылуу керек, кандай жашоо зарыл, кайда барганы оң деген суроолор аны эртеден бери эжигейдей эзип жатат. Көрбөгөнү деле калбады эле го?..

Бир кезде үйлөнүп да көргөн. Ал үчүн кийин өзүн жемелеген. Эми эмне кылуу керек? Эбак уктаган кошуналарына ушунун баарын саймедиреп, өзүнүн сүттөй ак экенин далилдөө керекпи? Ушинтип жатып ал ичинен өз көйгөйүңдү кошуналарыңа түртө бер. Тапканын мунун деп койду. Ошо үйлөнгөндө элден калбай үйлөнүү тоюн өткөргөн. Мына эми ошо кубанычтын бири калбай унутулду. А тууган-уругу болсо буйруганын көрөсүң, экинчисин эртерээк ала бер деп жемелешти. Биринчиси менен болгон турмуш көпкө деле созулган эмес. Ушуларды ойлогондо кабыргасы түтөп, башка адамга айланып кеткиси келет. Эгер ошондой болсо го… Кайдан андай болмок эле? Бул бир келе калган кыял да. Сүйүү деген бир гана жолу бир кезде агарып аткан жарык таң, ошондой, а түбөлүккө жарыгын чачып агарып турар таң болбойт. Өзүнүн таңын түбөлүк жарык чачып, агарып тура берет деп талашкандар да бар. Боло берсин. Таң беле, же жок беле, үйлөнүштү да, анан бирин бири тааныбаган адамдардай ажырашып кетишти. Мына ушу кичирайонго көчүп келип жашап жатканына үч жылдын жүзү болду. Жалгыз, өзүнө окшогон «эс-акылы толук» аял менен жашаган оңой эмес, ага өзү да барган жок. Ушу турмуш айынан туугандарынан канча жолу жеме укту. Үйлөнгөн жок, тагдырдын иши экен, буга ким күнөөлүү? Өзүнө окшогон, айтканынан кайтпаган бирөө менен көңүл табышып жашап кетсе го… Ии, аны жылаңач гана идеяга башын байлаган бабыр десе да болот, ал үчүн бу жалганда идеядан артык эч нерсе жок, ага баш оту менен жинди болуп берилип кеткен. Борбордук Азияга чычкандардын жашоосу боюнча келген англис журналист аял анын жалаң теориялардан турган «лекцияларын» угуп отуруп, аны «кафедрада туулуп-өскөн адам» деп атаган. Анткени ал өздөрүнүн маалымат каражаттарына материал топтоп жүргөн, анан бирөө муну журналист, философ, айтор, көптү билет деп коюптур. Ошондон улам ар кандай темадагы көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүп калбайбы да, ал кургур «университетти » бүткөнчө шашпайбы. Анын үстүнө Арсен Саманчин атайы англисче сүйлөп тигини «тилден калтырган». Москвадан үйрөнгөн да. Мына ошондо аз жерден «академик» боло жаздаган Лондондон келген журналист аял:

– Саманчин мырза, бизде өздөрүнүн ойлорун гана Кудай көргөн, башкалардыкын баштарына жолотпогон адамдар бар. Алар кафедрада туулуп-өскөндөр. Сиз да ошолордой экенсиз. Жашоо-турмушуңуз өзүңүздүн гана алдейлеген идеяңыз экен, – деген.

– Ыракмат, айтканыңыз аябай жакты. А бирок мен кафедрада эмес, тоодо туулуп, чоңойгом. Сиз билесизби, тоолордо жашоо ар дайыма так, тыкан, баамчыл болууну талап кылат, антпесеңиз мүдүрүлүп кулап кетиши ңиз мүмкүн.

– Түшүндүм, сиздин кафедраңыз тоолор экен да? Жаңы ачылыш. – Ал жылмая калды да, анан: – Айлана-тегерегиңер бүт эле тоолор экен. Мына, силердин борбор шаарыңардан да тоолор көрүнүп турат, кол созсоң эле жеткидей… Карасаңыз, кандай тоо кыркалары!..

– Айтканыңызда калет жок, тоолуу өлкөбүз. Мен туулуп-өскөн жердеги тоолор мындан да бийик, мындан да чоң, аягы кайда экенин билбейси ң. Ошондуктан ал Үзөңгүлөш аталып калган, көк тиреген чокулар асман үзөңгүсү…

– Эң сонун аталган экен, мага ушундай ажайып кооздук аябай жагат. Бул тоолорду англисче Стиррап тоолору деп атаса болот. Ооба, сиз айткандай стиррап – stipiep! Бул дагы мага жаңылык. Ушинтип айта берейин, Саманчин мырза, сиз каршы болбостурсуз?

– Эң сонун атадыңыз! Муну кыргызча Стиррап-Тоо деп айтса болот. Үзөңгү-Тоо! Бул аталышты биздин эл укса сүйүнүшөт. А мени болсо тоолук эле эмес, кафедрада туулуп-өскөн дедиңиз, буга да макулмун. Кафедрада бүт дүйнөлүк мааниси бар маселелер чечилет эмеспи.

– Ошондойбу? Анда мен жаңылган эмес экенмин, туура түшүнгөнүңүзгө ыракмат. Дили бир менен сүйлөшсөң көөнүң агарат эмеспи.

Мына азыр терезеден көзгө сайма дүлөй түндү карап туруп, ал ошо чер жазышкан аңгемени эстеди да, анан өзүнө өзү: «Иш ушундай, «кафедрада туулуп-өскөн, урматтуум». Сен бүгүн жашоонун дагы бир «момпосуюн» жедиң. Татымы таза бал бекен? Тойгондурсуң эми?! Чакчелекей будуң-чаң базар турмуш башталганда кафедраң бокко жарабай калат. Алар сени эмне кылды? Ошо базардын баш айрыма камчысын үйрүп кууп чыгышты, мурунуңду бет кылып салабыз деп коркутушту. Деги сен бир нерсе түшүндүңбү? Ии, сүйүү да ушу базар текчелеринде товар болуп тизилип турат. Сен ушуну азыр билип жатасыңбы? Сенин деген бизнес доорго керегиң жок, зыянкечсиң. Соцреализмиң үчүн дагы бир жолу өз башың менен кун төлөйсүң. Ооба, ошентесиң. Чилистен болуп акыл үйрөтөт… Көрөм сени, «Стирраптан туулуп-өскөнмүн» дейт, ооба, сен кыйынсың, кайра куруу жылдарында тууган-уругуң сени менен чын эле сыймыктанышкан, эми алардын да жаагы жап болот. Барар жагың, басар жолуң, кылар ишиң калдыбы? А жанагыл «Кызкайып» дегениңди балык бол да, таптакыр унут! Анын кимге кереги бар? Ойдо жашап жатканда эле базардан чыккан жарыгы жок жылдыздар тебелеп салды. Азыр ошолордун заманы. Муну сен чаарбаштанбай мойнуңа ал, же көкбеттигиң карматпай жогол. Андыктан эмне кылуу керек?.. Москвада өз санаган көздөй адамдары бар, ошоякка качып кетсечи? Качкан менен аерде да жарыгы жок жылдыздар толо. Анда кантет? Айтор, кирсе кайра чыгалгыс куркулдайдын уясынын ичинде калган көрүнөт. Мындан эки жыл мурда энеңдин ким экенин билбей каласың деп бирөө-жарым ойлоду беле?.. Мейли, атасынын көрү, агама да, ага дагы коштошуу катын жазам да, анан… Ошентем!»

Ал терезенин жанында сыртты карап ушул ойлорго чөмүлүп көпкө турган. Анан эсинде жок, жатары менен тарс уктаптыр. Баарынан да жакшысы, ошол түнү анын чөнтөк же үй телефонунун безилдебегени болду. Чок баскан тооктой чырылдаса чырылдагандыр, а бирок ал ойгонгон жок. Бирөөлөргө күнкор эмес, эгемен журналист аталган Арсен Саманчинге ар дайыма сөз эркиндиги жүктөлгөн эле. Өзүң жонду тоскон соң, өз өлүгүң болсо да көтөрбөскө айла жок. Редакцияга даттануулар дайра болуп агып келчү, айрым маселелерин гезитке жазчу, ошол аркылуу анын өтүнүчүн аткарчу, калганын кайдан, баарын чечип бергидей ал адвокат болбосо…болгону басма сөздүн соко тарткан өгүзү. А басма сөз дегениң бейиштин төрү эмес, анда өз кызыкчылыгын көздөп көзү түз болгондор да, ит аягы алтын дегендердин эшигинде үргөндөр да, калемдештерин кабанаак канчыктай талагандар да жүнүн жейт. Демейде ошолор тынчтык берчү эмес, а бүгүн болсо анын үйү көр ичиндей жыпжымжырт. Өлгөн экенмин десе, кадимкидей эле басып жүрөт. Балким, тигилер анын кечээ күнү эмне болгонун билип алышкандыр?.. Же ага, улактай секирген ырчыга, театр сахнасынын бир кездеги жылдызы саналгандардын Кудайындай кабыл алынган, а азыр болсо акчалуунун терин алган шайкелең кыздай сүрөтү ар кайсыл жерге чапталган «эстрада-чебичине» айланган ырчыга барып, көп жылдар бою көңүлдөрүндө бапестеп багып келген, экөө бирге кеңешип, анан ушул бүтүмгө келишкен опера жайын айтайын дегенде капилеттен калабага кабылып, кайра келбес кайырчыдай кара түндө калганын тигил узун кулактар угуп-көрүп калганбы? Оюндагы шедевр операсын агакантип жеткире алат?.. Байланыштын бардыгын үздү, өзү болсо кол жеткис, жансакчылары кашынан жылбайт. Ойдогуңду олуясы айткансып, бүт баарын билип турат. Бул го бул болду, а тигил композиторду эми эмне кылат? «Кызкайыпка» музыка жазып жатпады беле? Ал бул ишти билсе, бүттү, ишин токтотот да басып кетет, анан андайды ит менен издесе ң да таппайсың. Анын үстүнө классикалык чыгармага музыка жаза тургандар Кызыл китепке алынчудай азайды. Музыка чөйрөсүндөгүлөргө өтө кадырлуу, жанагыл «Кызкайып» идеясын айтканда көксөгөнү көктөн түшө калгансып жан-дили менен макул болгон, эптеп жатып акча жагын чечкен алиги демөөрчү менен айнышпас антын кармашып, келишим түзүп койгон композитор Аблаевге тигил каратып туруп кашайткан ресторанда болгон түшкө киргис окуяны кантип түшүндүрөт? Ошого сөзү, намысы жетер бекен? Ит эле болду! Андан да жанагыл күздүн күнкү кашкулактай сакчылар чокмордой болгон муштумдарын оозуна такап, желкелеп айдап келип көчүккө тээп таксиге түртүп киргизип, «бери кара, абышка, атасы арактан өлгөн бул шүмшүктү Орто-Сай кичирайонуна жеткирип сал, эч жерге токтомой жок. Түшүндүңбү?!» дешкеничи. Анысы аз келгенсип таксичиге да акча беришпедиби! Тирүүлөй гана өлтүрүштү го!

Арсен Саманчинди ушинтип айдап чыгышкан. Жана ал эстен кеткис «Евразиянын» фойесинин чыга беришиндеги күзгүнүн жанынан өтүп баратып өзүнүн бүт турпатын, сымбаты сынып, жүзүнүн сыры күбүлгөнүн көрө калганда күйбөгөн жери күл болгон, аз гана жерден чучуктай чыңырып ийе жаздаган. Андан калса чапанынан күлкүсү чыккан бечарадай кейип-кешпирин тигил классикалык үлгүдөгү модалуу шляпасы ого бетер жүдөмүш кылып жиберди. Көйрөңүн кантесиң! Алекисаатта коомдук жайдан жанагыл кандуу моюндар ит терисин башына каптап, таманына шиш кагып айдап чыгышты. Анткидей ал ким эле? Кудайдын тузун уурдады беле?.. Арына келип, намысын коргоонун ордуна иттин чүкөсүндөй болгон кебетесин күзгүдөн көрүп, ыргыткан сөөк башына тийип чыгып кетти. Ал өзүнө жарашыктуу кийинген, өң-келбети келишкен, өзүн кай жерде кандай алып жүргөндү билген интеллигенттердин бири саналчу. Анын үстүнө аны өз алдынча ой жүгүрткөн, эч кимге көз карандысыз, өз жеринде эле эмес, Азия аймагына курч жана кызыктуу ойлору менен таанылган журналист болчу. А тиги Айдана, эркелетип чакырган Айасы, кээ бирде ичи эзилип: «Менин гана эгеменим! Мен дагы эгемен болгум келет, экөөбүз тең эгемен түгөй болобуз», – деп калчу. Балээниби! Кайдагы эгемен түгөйлөр?! Бүт бардыгы Теңирден тескери болуп чыкпадыбы. Бизнес-элита тарабынан ал тап кызыкчылыгынын айынан алыс сүрүлүп, зомбулук менен жалгыз калды, ии, тап дегениң ар дайыма жашаган, дагы да жашай берет. Тигил болсо сүбөсүнө чейин жылаңачтанган жылдыз болуп башка дүйнөгө, бизнес-бейишке жылт койду. Ооба, бейишке кимдин баргысы келбейт? Бардыгы, а бирок аерге бүт бардыгы бата бербейт. Тигинин жолу оң болду, эгерде мында чыныгы бейиштин ачкычы болсо, анда ал ага ошо бейиштин эшигин ачып, атүгүл төрүнө гана чыгармак. Ачкыч жок да…

Кызык эле иш болду, тигинин өзү үчүн, жандүйнөнү козгогон меццосапроносу үчүн арналып жазылган «Кызкайыпты» коюу идеясын эми кайсыл көргө көөмп таштайт? Көз көрүнөө жоголуп бара жаткан опера театрынын көйгөй проблемасын эми кайда ыргытат? Таланттар келип жатат, аларды эч нерсе менен токтото да албайсың, не дегенде салтка айланган репертуардык театр жашап калабы, же жокпу – бул улуттук гана эмес, бүт дүйнөлүк проблема. Ал эми массалык маданият дегендин көзү күйгөн кызыл кулактары Арсендин ишин кумурскага жүк арткандай бүтүрүштү да, мындан кийин ал акыл жеткис материялар жөнүндө ойлонуп кыйналбашы үчүн көз көрүнөө сазайын колго беришти, өзүнөн өзү басынгандай кордошту. Ушуну менен иш бүтпөйт, эми алар жолго турбагандай, көзгө экинчи көрүнбөгүдөй, бутка чалынбагыдай кылып, эгеменидеалисттин сары изине чөп салып, каалагандай келекелей берет. Алар мунун баарын попс-модернизм топ-моделчилери аталган, а чынында ошол эле шоу-бизнестин көчө шыпыргычтары болгондордун шылдыңдай жылмайган жек көрүү мамилелери менен жүзөгө ашырышат. Массалык маданияттын элди жылаңачтап жаткандыгына чалчакташкан бул чагарак куйрук чаяндар мындай иштердин жигин билгизбей бүтүрүшөт. Анткени алардын колунда бүт баары бар, интернеттен космоско чейинки каражаттар аларга кызмат кылат, акча берсең өз атасын маскаралап, же жамандап жаза турган эси жок эстрада менен башы жок басма сөз да буларда. Ай бечара басма сөз, бир кезде сөз эркиндиги үчүн күрөшчү эле, эми минтип базардын кулу болуп, акчалуунун арсылдап үргөн итине айланды. Түз эфир азыр эмне кылат, зуулдаган автомашиналардагы радиочу? Космос спутниктери да азыр жер жүзүндөгү кыйындардын шоу-бизнестерин көрсөтүп турат. Ушунун баары барып-келип эле классикалык көркөм дөөлөттөрдү четке сүрүп, адам акылын акча табууга гана мажбурлап жатат. Бүт бардыгы ошолордун колунда.

Ал эми сен, эй, коколой жалгыз-кыялы менен кылган ишине ыраазы болгон, бүт баарын билген, бүт баарын жасайм деген Кудайдын тузун уурдабаган таалайсыз, бардыгын билип, бардыгын көрүп туруп анан неге алардын жолуна чыга калып жатасың?! Акылынан айныган адамга окшоп эми өзүңдө болгондун баарын, ал аз келгенсип өзүңдү да, мына бу калчылдаган колдоруң менен жакалап, шоумендердин уюгуна алып барып бересиңби? Жадагалса ак сүйүүңө кара санап, жайнаган көзүн көл кылып курмандыкка чалып, мага гана зыяны тийбесе болду деп тигилерге салып бересиңби? Мунун өзү сен өзүң жадабай жазып жүргөн жашоонун маңызы менен анын сулуулугунун негизи дегенди зордук менен жок кылуу болуп саналат, ал Жараткандын амиринен түбөлүккө сага гана берилген жандүйнө тазалыгы, акыл-эстин күч-кубаты, өмүр ыракаты, сулуулугу, бу ааламдын сага берген жалгыз белеги. Бу дүйнөдө сүйүүгө теңеле турган эч кандай күч, кудурет жоктугун сен ушундай чечмелеп айтып келесиң, жана да аял менен эркектин денеси ээрип, жаны биригип, алар үчүн аалам жоголгон маалды сен түбөлүктүүлүк менен жер үстүндөгү жашоонун көз ирмемдик күнөөсү деп түшүндүрөсүң, ошондуктан сүйүшкөндөрдүн тамырлары ташкындап, кумарга баткан каалоолору менен сезимдеринин биригишин ар дайыма адамдын тагдырына, асман, жердин ортосундагы жашоого татаалдык таап туруучу сүйүүдөн улам ушундай болот деп, трагедиялар менен турмуш көйгөйлөрүн да ошого байлайсың. Бардык сүйүүнүн өмүр-тарыхы өлүмгө жетип жок болот, а бирок Теңир сүйүүнүн түбөлүктүүлүгүнө чек койгон эмес, ошондуктан ошо түбөлүктүүлүк өмүргө айланып, кийинкилерди жарата берет. Ал эми айкары ашкан бузукулук менен көралбастык кайра эле адамдын касиетсапаттарын буктурмага айлантып, каракчы күч катары махабат дүйнөсүнө арамзалык менен кан агыза кол салат, адамдардагы мындай карасанатай жашоо күрөшү тагдыр катары улана берет, улам жаңы жолдорду таап көбөйө берет. Ким ойлоптур болот деп, мына бул жолу да ошондой болду.

Мындай кезде сен дагы алапайдан ажырап, сөөгүң сөпөт болуп жеңилип, анан ошонун айынан өзүңдү өзүң жек көрүп басмырланасың, чүнчүткөн турмуш алтымыш вагон бир чиркеп, алысты көздөп салыпуруп келатканда жолунан чыгып кеткен поезд сыңары ак сүйүүңдү күмжам кылып талкалайсың, анткени экөөңө тең ал сүйүү жогору жактан түбөлүктүүлүктүн мыйзамы менен ченелип берилген, анын аягына чыкты ңбы, шоруң катты, адам катарынан чыгасың, кейпиң кетет, селсаяк турмуш жетелеп алат, анан жанагыл казаны кайнап, базары жайнап турган шоумендин алдында көрдөн чыккан арбактай болуп турасың. А бирок сен ошого ыраазы болосуң, аз жерден тигинин таманын жалап жибере жаздайсың. Анткени ал атаандашын да, душманын да жеңген адам. Жанына жаның кошулган, эки дене, бир жүрөк болуп сүйүшкөн дүйнөдөгү жалгыз махабатыңды сени каратып туруп эл көзүнчө эзиле кучактап, анын да дене-боюн балкытып, буга чейин бир дагы жолу боло элек аялдык жылдызын жандырып, аялдын бактысын алаканына салып алып кетсе, кеткенде да жүрөгүңдүн жарымындай болгон адамыңды өзүңдөн жана анын өзүнөн сатып алып, анан товар катары дагы сенин, дагы элдин алдында соодалап турса, анда сага бул жашоодо не калат? Ооба, мындай кезде сенин жандүйнөңдө сенин сүйүүңдөн жаралган, мухит сыңары жашап жаткан, сенден жана андан башкалар сезип-туя албаган бир өмүрдүн бир күүсү, бир сүйүүнүн бир обону кайрыктарын жоготуп, карегиңден кан агызып, карыптыкты өз башыңа салат, анан сен андан алыстай да, ага кайра жакындай да албас жана эзели айыкпас шек саноо оорусу менен ооруйсуң, жинденүүгө алдырып, жандуу ооруга чалдыгып, жандүйнөңдөгү асылдыктын бүт баарынан кол жууйсуң. Мында сен дагы кантесиң?..

Ушу жерден Арсен Саманчин өзүн өзү тыюуга, акылын кайра тапканга аракет кылды, мунун баары кызуу кандуулук, ташта дагы башкага өт деди. Анан ал басма сөздө, башка маалымат каражаттарындагы айтылгандардын бүт баарынын чын-жалганын териштире талкуулай берген болбогон иш экен. Теле менен кинолордогу атып өлтүрүүлөрдү да ал шылдыңдап күлчү, жининдей жек көрчү, анткени жанагыл киши өлтүргүч үч жолу атып, анан жерге кулаган каршылашынын өлгөн-өлбөгөнүн текшерген ок менен аны башка атып, айтор, мындай аракет ага тааныш эле, өзү да андайды жаңылбай жасоого даяр болуп бүткөн болчу. Кээде оюндан тигил шек билбегендей тез кыймылдап, текшерүү огун чыгарып, анан тапанчасынын оозун өз чыкыйына такап туруп, машаны басып жиберчү. Бүттү! Оо дүйнөдөн кайра баштан жолугарбыз… Ошондо териштирербиз.

Бирок ал ага чейин бир нерсени билип алгысы келет да, анан аны ошо бойдон тигил дүйнөгө алып кетүүнү самайт. Ал кан кызыткан кызыл кек. Тигил айбан продюсерди, тигил шоумен жалаңкычты, анан өзүн атат, бул колдон келе турган иши, ошондо Айа не болот, өйдө жак аны бул ишке күнөөкөр таап, тирүүлөй тозок отуна салып жазалаганда анысы «Кызкайыпты » ырдабай калган үнү менен жүлүнүн сууруп, жүрөгүн тилип ийгендей боздоп, өзү саткан сүйүүсүн, өзү өлтүргөн «Кызкайыпты» эч качан эстен чыгарбашын, бул үчүн күнөөлүү экенин жандүйнөсүнүн азапка батышы менен сезип турушун каалайт. Бейишкеби, тозоккобу, айтор, ала кетер көрүнбөс жүгү ушул.

Ооба, экөөнөн башка жан билбеген Хайдельбергдеги сүйүү тарыхын жүрөгүнүн соңку кагышына дейре эсинен кетпей турушун каалады. Тигиниси ошол шаардын мэриясынын атайын чакыруусу менен концерт бергени, а мунусу болсо аны коштогон журналист катары барган да, Германиянын Хайдельбергиндеги тоодогу замокто, ай нуру сүттөй төгүлгөн махабат түндөрүндө, ак гүлү жытын аңкыткан ландшафтта, немистердин тээ орто кылымдагы тарыхый шаарынын жогору жагындагы сейилбакта кынала басып жүрүшкөндө «Кызкайып» идеясы жаралган. Ошол үчүн ошо Хайдельбергдеги керемет күндөр эсинен кетпей, тигини акыркы көз ирмемине чейин ботодой боздотуп, жалгызынан айрылгандай өксүтүп, сыздаган үнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө угулуп турсун. Ошондо Арсен Саманчин ал дүйнөдөн куду тигинин көргөн күнүн көрүп, анан бүт ааламга: «Эми бизге Хайдельбергдеги түндөр эч качан келбейт!» – деп кыйкырып турмак. Ушинткиси келди, анткени ал бу дүйнөдө бүтүрө албаган Хайдельберг романын тигил дүйнөдө да жаза бермек.

Канткен менен бул ойлор дилазабынын ыры эле, ошондуктан ал өзүн бүт бардыгын унуткун, мунун баары кыжалаттан чыккан ой деп ынандыргысы, өзүн өзү кармагысы келди, а бирок өткөндөр өчпөс өчүндөй күйүп, өзөгүн кайра өрттөдү, өмүрүн сындырган кегин алууну туталана күсөй берди, кыянаттарга кыямат күндү түшүрөм деп көшөрүп алды. Бала чагында кулагына куюлган бир сөз, болгондо да кыл чайнаткан кыйчалыш кезде айтылчу накыл элирген оюн ого бетер дүрбөтүп салды: «Камчы сабын сындырган касташканың келгенде, эмне болсоң ошо бол, эч убакта алдына барып баш урба, толтосуна канжар толгоп касыңдын канын кана жут да, басып кет. Антпесең өзүңдүн каныңды ал кашыктап түгөтөт. Кан ичме кастык дегендин жайы ушундай».

Бул сөздөр качан, кайда, кандай кырдаалда айтылганын ким билсин, айтор, атадан балага өткөн сөз экен. Азыр ага ошол сөз айтылган кездей кез келди: же душманыңды өлтүр, же өз жаныңды өзүң кый! Башка жолдун бүт бардыгы түгөнгөн. «Жок, эмне үчүн, – деди ичинен. – Болбойт!» Өзүн жемелеп-жемелеп алып, эсине келген.

Ошондо ал өзүнүн үйүндө эмес, бөтөн жерде жүргөндөй чочуп, бирөө-жарым угуп койдубу деп эки жагын элеңдей карап, терезеден шак четтей берип: «Ке-ле-соо десе! Дагы эмнени айтып жатасың?» – деп кекечтене өзүн сөктү. – Душманың го бар экен, а бирок аны эмнең менен атасың? Алдагы калтыраган сөөмөйүң мененби? – Анан дубалда илинип турган күзгүгө келип өзүн көрдү да, аз жерден бетине түкүрүп жибере жаздады. «Ушу сенин оюнчук тапанчаң да жок, анан аны өлтүргүң, көз көрүнөө атып салгың жана жаныңды кыйгың келет! Кыйынын мунун! Өлөр иттей энтигип араң турат да, анан өлтүрөт элем дейт! Куралды кайдан аласың?!»

Куралды кайдан табам деп ойлоно баштады. Ал жалданма киши өлтүргүчтөр жөнүндө, алардын ыкмалары тууралуу көп уккан, кинолордон күндө көргөн, оңойдой эле туюлган, а бирок башка түшкөндө анын эмне экенин билет экенсиң. Ниети туура көргөн соң, тапса да, сатып алса да болот. А бирок атканды билиш керек да!.. «Кызкайып» күйүтү болсо күчөй берди…

Ушинтип жатып уктаган эле, түш көрдү. Чөнтөк телефонун кармап алыптыр, чалган жок, анысын тапанча сымал бир жакка мээлеп жатыптыр, атылмак беле, ошо маалда үй телефону безилдеп ийди. Ойгоно калып телефонго келди да, трубканы алган жок. Кайдан сүйлөшсүн, кыжырдана кол шилтеп койду. Дагы шыңгырады, дагы албады. Жок жерден түйшүк табылды, тапанчаны огу менен табышы керек. Кимге барса?..

Таң сөгүлүп, көчө ойгоно баштады. Ал дагы эле эмне кыларын билбей, тынчы кетти. Бул балакетти кайдан табат? Балээси башты жейт окшойт. Билгендер курал саткан базардан тапса болот деп айтып жүрүшөт, акчанын көзүнө карабай сатып алышы керек, пулду үнөмдөп көрүнө алып жатмак беле. Пул эмес өмүрү түгөнгөнү турат… Ошону айтсаң, мындан ары кайгы-капа, арман жок…

Арсен Саманчин алдыда кандай иш күтүп турганын жүрөгү менен сезди, ошондуктан ал батыраак эле тапанча таап, не бар, не жок аны ар дайыма жанына алып жүрүүнү чечти. Оңуту келсе алдастабай ойлогонун так жасайт, октор биринин артынан бири атылып, мелжеген жерге жазбай тиет, акыркысын болсо өзүнүн чыкыйына басат. Буйруса баары ойдогудай болот, ал тилеген кырдаал өзүнөн өзү түзүлөт, не дегенде аны эбактан бери тааныйт, ар дайыма кездешип турчу, башта чөйрө бир эле, ал мына бул жылаңач маданиятын баштагандан бери ага сейрек жолукчу болуп кетти. Себеби ал бардык эстрада дегендердин продюсер, «Евразия » сымал кансарайдай көңүл ачар жайлардын ээси, олигарх, босс, өз чөйрөсү айткандай шеф, ушундай, бир кезекте ал ортозаар эле актёр болчу. Базар заман келгенде анын чычкан өткүс токоюнан жол тапты да, анан шоу-бизнестин бүт баарын алаканына салып алды. Базарды каза жорткондор канча, алардын тапканы күнүмдүк талкан, а аерден иши оңолуп, кочкору койдой төлдөгөндөр саналуу гана. Ошондойлордун бири ошол, байлыгына манчыркап, акчадан башканы тааныбай калды, каалаганын алдына салып айдап алат, идеяларыңды уруп ойнобойт, айрымдарды тебелеп-тепсеп мүргүтөт, каалаган кыз-кыркынды роботко айлантып, безелентип белден ылдый ырдатат. Чыдаш кыйын, жетишет! Курал табылса эле болду, калганын өзүм бүтүрөм.

Ал өзүн өзү ушинтип ынандыра берди, анан жамандык эмес эл үчүн жакшылык жасап жатмакчы болгонуна биротоло ишенип алды. Анткен менен ал деле адам да, кээде ага кекене кек сактап, тизгин тартпас өч алуунун каары кайда алпарат болду экен? А бирок бул жамандык жакшылык үчүн жасалып жатат да? Ушундай болушу мүмкүнбү? «Ой, дагы эмне деп акыл айтып жатасың, башты айлантып. – Кол шилтеп койду. –О-ой, жүрөгүң жок. Андан көрө ага кантип барасың, иш бар эле, сүйлөшөлү дейсиң, ошону ойло. Анан ошо жерден…»

Баса, ал экөө жакында эле бир болгон, кадимкидей сүйлөшкөн. Прессконференциядан кийин болчу, Эрташ дагы бир жакка барат өңдөнөт, кайра-кайра саат карап, анча чечилген эмес. Ким билсин, балким, ал ичинен анын кысыр идеяларын кызык көрүп, кыялында кызыл күн менен сүйлөшкөн келесоо деп келекелегендир. Ошентсе ошенткендир, кайра куруу жылдарында ал экөө тең жаш болчу. Арсен Саманчин болсо театр турмушун, башка жактарды да камтыган макалаларды жазчу, Эрташ Курчаловдун чыгармачылыгы тургай аты да аталчу эмес, не дегенде ал анда көрүнбөгөн көп артисттин бири эле. Ал эми азыр?! Болору болуп бүттү да. А кезде театр дегениң жетерине жете жетилген эле. Бир жагынан жаңыча ой жүгүртүү башталып, театр сахнасына доор бүтүндөй батып кеткен. Руханий жаңылануунун күчү элди жандандырып, адам тоталитаризмдин чеңгелинен бошонуп чыккан. Ошо кезде Эрташ Курчалов шаардын драмтеатрындагы билинбеген артисттердин бири эле, ушундан улам анын бар, жогу менен эч кимдин иши жок болчу. Ырас, башкалардан бою узун, үнү жоон экенин эч ким таналбайт, а бирок кийин сахнадагы көптүн бири катары көрүнбөгөн артисттен шоу-бизнесмендин талант-күчү жашырынып жатканын, кумары канбас көрөрман сахна тургай тиги стадиондорго чейин жүнүн жеп батпай турган эстрадалардын башкаруучусу чыгат деп ким ойлоптур. Олуяң дагы билген жок.

Ошо күндөрү элге, өзгөчө жаштар арасына «Эрташ Курчал» деген сөз кеңири тарап, ооздон түшпөй калган, анткени шоу-бизнестин өзүнөн ашкан пайда берер сахна көз жоосун алган жасалгалары менен жандүйнөңдү азгырган жарнамасы, анан да көргөндөр кайра сагынган эстрада оюндары анын атын аңыз сөзгө айлантып салган. Эрташ Курчаловдун көргөндүн көзүн күйгүзүп, сезимден өчпөй таңданткан клип-концерттерин бардык жерде, Кытайың менен Москвада да кубана кучак жая тосуп алчу болду. Айтор, анын продюсерлиги азыркы эстрада асманында жарык жанган ак жылдыздай балбылдап, ишкерлик ишмердигине сөз жетпей калды. Айдана Самарованы мына ошол эрташ-курчалчыл эстраданын кандайдыр бир күчү оп тартып кетти.

Эртеңки күнү опера театрынын жылдызы болор Айа ырчы өзүнөн өзүн өзгөртүп, үнүн да, өң-келбетин да, сахнадагы жүрүм-турумун да биротоло Голливуддагыдай кайра жасап, бардык телеканалдардан байма-бай чыга берди. Анын эмне үчүн күн санап мурдагыдан жарык жанган эстрада жылдызына айланып баратканы жөнүндө түйшөлгөн бирөө болбоду, жоогазын гүлү соолгондо гана бармагын тиштеп, баш чайкап басып кеткендер чыкты. Кемчонтой акең каргага каш берем деп айтыптыр дегендей да. Аттиң десең, айдан сулуу Айданасы экөө тэ-э баягы Германиянын замогунда турушкан кезде тагдыр алардын жанын бириктирип, биринин жүрөгүн бирине берип, махабат бактысы кылып жаралган жана ай-ааламдын сүйүүсү болгон «Кызкайып» идеясы төрөлгөн ошо Хайдельбергден ал экөө бир поездде, бир купеде жанаша отуруп келатып эле, анан кайсы бир жерден сүйүүсү башка тарапка бараткан поездге отура калып кетип калгандай болду. Шарактап кеткен поезддин артынан жан-алы калбай жүгүрдү, алып-учкан ал поезд, кайдан ага, көзгө да жеткирбей койду. Эми ал ээн талаа, эрме чөлдөгү поезд жол менен боюнан аша жүгүрүп, айныган адамдай: «Аа-й-аа! Аа-й-аа! Экөөбүздүн «Кызкайыбыбыздын» көрөр күнү не болот?» – деп кыйкыра берди. Кыйкырат да, көзгө көрүнбөй калган поезддин артынан жетем деп чуркап барат. «Кызкайыпты» алар «Кызыбыз» деп аташчу, ошентип бакырып барат: «Аа-й-аа! Аа-й-аа! Токто эле, токто! Экөөбүздүн «Кызыбыз» кана?! Сен аны таштап кеттиңби?! Ай-аа!» Айасы ага эмес, алтымыш вагон бир чиркеп, алып учкан поездге да жеткирбей кетип калгандай туюлду. Аны ал тарапка банк эсеби менен кызыктырып ким азгырып алып кетти? Түшүнүктүү. Локомотивди башкарган мурда белгисиз бирөө болсо, азыр атак-даңкы таш жарган шоумен-ишкер Эрташ Курчалов болуп жатпайбы?..

Айдана менен жаны кошо кеткенсип, анын артынан: «Аа-й-аа! Аай-аа! Экөөбүздүн кызыбыз кана!» - деп кекиртеги жарылганча кыйкыруунун не зарылы бар эле? Апенди да. Ал ошондо Көк асмандан: «Эй, айтканынан кайтпаган, акмак! Көкбет!» – деген жекүү сөз укту. Болору болду деп басып кетсе болмок.

Арсен Саманчин канчалык билимдүү болсо да, акыл-эс менен турмуштун өзүн батыл басып келаткан азыркы шоу-бизнеске берер жообу белен эмес эле, санаага бата баштаган. Анткени ал өзүнүн өлбөс деген идеялары менен дагы эле жашап, анын туткуну болуп, ошону менен ушу азыр ар кандай тоскоолдуктарга тушугуп, ошонун айынан мурдагы кумар кызыткан кызыкчылыктары менен айга учурган эргүү-кыялдары барган сайын негедир жашоосунан сүрүлүп, Айа менен «Кызкайыптан» башкасы бүгүнкү кезде көрпенделик бир нерсе болуп калгандай. Ал эми өзү ишене бербей келген массалык маданият барган сайын даулдап алган өрт болуп дүйнө жүзүн бүт каптап, ошол эле мезгилде көк мухиттин аска уратар кубаттуу толкуну менен аны тоголото ура берди. Ушундай кырдаалдардан улам ал ар дайыма ааламдык массмедианы Кудайындай санаган массалык маданиятты атай турган жаңы сөз тапты, анысы жансерек маданият. (Айта берсин, ага массалык маданият кирпигин ирмеп да койбойт!)

Кечээ жакында эле шаардын 250 жылдыгына арналган шоу-концертте ал өзүнүн жаңы терминин ойдогудай тапканына дагы бир жолу ишенди. Түн таяп калган кеч эле, кара таандай жыйылган элге стадион жарылып кетчүдөй болуп жаркырап турду. Өчүп-жанган жарнамалар, кызылтазыл афишалар мени кара дегенсип көйрөңдөнөт. Келгендердин көбү жаштар экен, тоо тараптан келген кечки сыдырым алардын маанайын көтөргөндөй.

Бардыгына көңүл ачар, эң эле узак созулган оюн-зоок керек эле.

Ал күнү ошондой эле болду. Кулакты жарып азабойду солкулдаткан музыка андагыларды азыткыдай арбап, стадиондун үстү жагынан жаңырды, сахнада болсо бийдин бардык түрү – балеттен баштап, колубутун шалкылдатып, бою-башын калчылдатып бийлегенге чейинки ар кандай шапар тебүүлөр биринин артынан бири боло берди. Дагы башка оюндар… Ошондо элди дүр-р эттире жандандырган Айдана Самарова болду. Бул асман, жерди бириктире жаңырган концерт анын таанымал талантын дагы бир тастыктап, чыныгы жылдыз экенин таанытуу максатында эле. Ошондой эле болду, ачык стадиондо миң кубулжуп асманга көтөрүлгөн терең коңур-назик үнү, келишкен шыңга боюна жарашык кошуп, кайра андан жагымдуулук алып турган нур төгүлгөндөй болгон тал чыбыктай солкулдаган денеси, ошондой эле аны көптөгөн татына сулуу кыздар менен жигиттердин жанаша турушуп делебе-сезимди козгогон кыймыл-аракеттери, айтор, сахнадагы болгондун баары Айданага биригип, Айдананын үнү болуп жатты. Стадионду көтөрүп кетчүдөй болгон эл сахнага чыгып, Айдана менен бир болуп, Айдана менен Айданадай ырдагылары келди. Жалгыз гана ал: «Операнын сулуулук Кудайы утурумдук таанымалдуулукка айланды!» – деп ойлой берди. Мындайда аны менен кимдин иши болмок. Эл деген эл экен, «Лимузин» ырын эркек ырчы менен ырдап калды эле, айта көрбө, көрөрмандар көз көрүнөө жинди болуп кетишти. Ал ыр өзбектердин ооздон түшпөгөн ыры болчу, өзбек тилинде, обон ыргагы менен дене кыймылы ширелише аткарылды. Кыргызчасы мындай: «Сен мени сүйөсүңбү? Сен мени сүйөсүңбү? Жаныма келесиңби, «Лимузин» бересиңби?» Кыз ушинтип айтат. Ага эркеги: «Мен сени сүйөм жаным. Мен сени сүйөм, жаным » – дейт. Ушундай сөздөр. А стадион болсо дубана болуп ак уруп, оолукмадай оолугуп: «Ли-му-зин эй, Ли-му-зин!» – деп колдорун көккө булгалап, делбетап болуп ээлигип жатты.

Стадиондун төрт жагына орнотулган эбегейсиз чоң, төрт телеэкрандан сахнадагы тигил экөө баш кошкондор түшө турган лимузин жеңил, кооз, оюнчуктай татына жеңил машинада – салону ачык кабриолетте дүйнөдөгү жалгыз бактылуу түгөй жар болуп отурушат. Айдана! Таалайын тапкан түгөйү да Айданадан кем эмес экен. Рулга алмак-салмак отуруп, бирде жарнаманын көз жоосун алган жерлерин аралап, бирде кар баскан аска тоолорду этектей, кайра мелмилдеген көк деңизди бойлой, анан шар аккан суунун үстүндөгү шаар келбетин элестеткен көпүрөдөн өтүп, мейкин талааны аралап, эки дене бир жүрөк болуп зуулдап келатышты, алардын үстү жагында, бир аз арткараакта, оркестр ээрчип учуп алган. Шаар четине келип токтошту, жанына жаны кошулган, бакыт дегендин ченем билбес мээримине бөлөнгөн түгөйлөрдөй тиги экөө сейил бактын жанына токтогон машинадан түшүп, эки дене коргошундай ээрип кучакташа, жарнамалары жымыңдаша көз кысып, өзүнө чакырып турган ресторанга киришти да, андан чыккан соң кайрадан кайдадыр «Лимузин » менен жөнөштү. Махабат бактысы деген ушул го! Карап туруп…ооба, жалындап баратканыңды өзүң билбейсиң.

Кайрадан музыка жаңырат, кайрадан стадион: «Ли-му-зин! Ли-му-зин! Ай-да-а-на! Ай-да-а-на!» – деп жерди жара кол чабат.

Арсен Саманчин өзүнөн өзүн жоготуп, кирерге жер таппай турду. Агынан жарылган элден артыкпы? Ал деле элге кошулуп… Ооба, жеткен экен, акыры ал да: «Ли-му-зин! Ай-да-на! Ай-да-на!» – деп жаткандай болду, анысы өзүнө араң угулду.

Ушу маалда күтүүсүз жерден казандай кайнаган элди элейткен бир укмуш көрүнүш көзгө сайылды. Түнөргөн түндү өрттөгөн жарык чагылгандай жарк этти да, көккө атылган ракета фейерверктерден бүт аалам алаканы ңда тургандай болуп көрүндү. Бир укмуш! Шаар мэрине миң алкыш! Эрташтын берген акылы го?.. Мейли, фейерверктер демейдегидей шааншөкөт өтүп жаткан жерден эмес, шаар сыртынан залп менен атылып турду. Ордо калаа өңүрдөн алган бөксө тоонун чокусунан кубаттуу ракеталар атылып, көз кызарткан жаркыроолор көктү көздөй бирин бири кубалай жылдыз нур чача чыгат. Мындай шумдук керемет мурда-кийин бир да жерде болбогон, муну да ошо Эрташ Курчал балакет тапса керек. Ошонун гана колунан келди. Бир дүйнөдө бир гана болчу керемет! Ушунун баары шаар мааракесине байланыштуу жасалганы менен иш жүзүндө ай чырай ырчы жылдыз Айдананын урматына арналгандай болду. Ал анткени жанагыл жалынга салган музыка жаңыра берди, бак-таалайга чалкыган эки жаш түшкөн «Лимузин» панорамма телеэкранынан кайра-кайра көрүнүп, ичиң түгүл жүрөгүңдү күйгүзөт. Жаркыроолор асманга жетип, бул аалам жылдыздан жаралган асылдыкка айланып турду…

Ушул маалда ушул жарык дүйнөдө эзели эч ким билбеген бир окуя болду.

Көк жалмай көтөрүлгөн жаркыроолор тоо койнуна кол салып, аска-чокуларга чейин тик сайылып тургандыктан андагы куштар коогага түшүп чырылдап, жан калар далдаа жер издешкен кезде, баягы каргыш алгыр ашуунун түбүндө алсырап жаткан Жаабарс чочуп ойгонду. Тоолордун үстүн жаркыткан жарык жылдыздар эмес, таптакыр башка, мурда болбогон иш эле. Ушундан улам ал дагы бир алаамат азабына кабылбайын деп буйтка жерге жылт койгусу келди, а бирок антке алган жок. Атүгүл минтип түнү бою күч жыйнап, күн сайын мында келет да, бу түгөнөр өмүрдүн эч түгөнбөс арманына айланган азезилдей ашууну ашып кете албай, жоголор жайы он жомок болуп турган. Тагдыр аны эмне үчүн кыйноого салып көшөрүп, кыл жылдырбай турат? Тагдыр деген тагдыр да, өткөрөм десе ашуудан азыр эле жылуу-жумшак өткөрүп коёт. Андай болбой жатпайбы, Үзөңгүлөш ашуусунун этегинде жалгыз үмүт кучактап отурбайбы?! Качан ашат, кантип ашат? Азырынча тагдыр ага айта элек. Майрамдык шаан-шөкөттүн жаркырагы тагдырына таш түшкөн Жаабарсты ошол түнү түйшөлткөнүн Жараткан да билгендир…

Рок-музыканын бороондуу деңиздин толкунундай ыргагында калган стадион дагы эле: «Ли-му-зин! Ли-му-зин! Ай-да-на! Ай-да-на!» – деп дуу түшүп жатты.

«Мына ал жансерек маданияттын «Лимузини» менен кетти!» – деп кейип алды Арсен Саманчин. Анан дароо: «Кызкайып» эмне болот?» – деп жиберди. Анын «Нивасы» мындан эки кварталдай жерде, дээрлик чет өлкөлүк маркадагы жылтыраган машиналар токтотулуп коюлчу жайда эле, ошого баратып: «Жансерек маданиятка көнгөн жашоо эмнени гана жасабайт? Жакырлар менен жумуш издегендер толду, «жумуш бергиле!» деген жазууну көтөрүп алышып жол боюнда турушат, ат чабым жерге тизилген. Булардын көбү көчөсүндө жан калбаган алыскы айылдардан келишкен. Бул башка эмес, дал ошо адамзат коомуна коюлган адам талабы, себеби адамзат коому жаңы өзүнүн муундарын жаратып турууга жарамсыз, башкача айтканда, бул дүйнө сенин мага керегиң жок, көзүмө көрүнбөй жоголгун деп турат. Ал эми колунда токочу барлар «Лимузин» минип дуулдайбыз дешет».

Түнкү көчөдө өзүнүн «советтик» «Нивасында» баратып ал ушуларды ойлонду. Көнгөн машинасы, анын үстүнө андан жакшысын ал каалаган да эмес, анын үстүнө чөнтөгү жука. «Лимузинди» көрүнгөн эле мине бермек беле! Айанын лимузинчил болгонунун жөнү бар, жылдыздардын жылдызы, колуң түгүл көз жетпейт, сакчылары жанында, сени менен сүйлөшмөк беле… Мурдагы эри менен жараша турган түрү жок, анысы бөтөлкөнүн түбүнөн чыгалбай калган дешет. Турмуш деген турмуш, ал жөнүндө тиги-бу дештин кереги жок. Тагдырды табалап болобу, эң сонун үнү бар опера ырчысы Айдана Самарова деле күтүүсүз иш жасабадыбы, Милан сахнасынан ырдамак, жылдызы жанмак. Ал ошенттиби? Жок, таанылуунун жеңил жолун тандады да, тал башынан күйгөн куйруктуу жылдыз болуп чыга келбедиби? Акча жааган концертин берет…

Мунун баары анын иши, анын тагдыры. Андан көрү сен өзүңдү кара, ат жалынан оодара тартып салышты, ушундан улам кызалаңдап, оту жок кайнап, тигилерге жаман сөз айтып келесиң. Чындыкты моюнга алгыны ң, ичиң күйгөндөр сенден күчтүү болуп чыкты го?.. Көз карандысыз, белгилүү, дагы эмне элең, айтор, болгону галстугу моюнунда койкойгон, суроодон башканы билбеген журналистсиң, а тигил ким? Жолуңар кайдан бириксин?! Бириң массмедиа ааламында ак жылдыз да, бириң массмедианын таманы баскан талпаксың. Жайына кой! Сүйүү деген өзүнүн бар-жогун сенден жашырган жалтак сезим эмес, ал дайыма тоскоолдорго кабылып, кабылган кезде кайрадан жаңы күч алып, кубаныч менен кайгыдан, сүйүнүч менен армандан кайра жаралып турат. Ошон үчүн сүйүүгө жеткени да, жетпегени да бактылуу, сүйүүнү сезбеген гана бактысыз. Ак сүйүүдө аскар тоодон көк рапис зоо тосуп да токтото алгыс көчкү жүргөн учурлар болот, андайга сөз айтылбайт. Анткени ар бир сүйүүнүн тарыхы, азабы жана бактысы болот. А сен болсо өзүңдүн жеке кайгыңды жер жүзүндөгү ааламдаштырууга, массалык маданиятка оодара салып жатасың. Карасаң муну, оюңа койсо Кудайдын сакалын жулуп алгың бар! Эсиңди жый! Андан көрү сен «Кызкайыбымды» жактырбайт деп массалык маданиятты тепкилей бербей башка маселелерге жооп берип, бөлөктөрдү да өзүңө ынандыра билгенге аракет кыл. Буга анын кандай тиешеси бар экенин Айа экөөңөр көзмө-көз жалгыз калган кезде, өмүр бою ушул гана учурду күтүп, өмүр бою ушул учурдагы чер жазыша баарлашууну самап жүрүп, анан акыры ак сүйүүнүн тагдыры тартуу кылган бир бейиште, ал экөөң мээр төгүшө отурган кезде, сен ага бу «Кызкайып » идеясы кайдан чыкканын, кандайча жаралганын баштан-аяк айтып берчи. Бирок силердин бу жагынан тажрыйбаңар мол, жаш эмессиңер, а тагдыр болсо силерди өткөн иштин баарынан ажыратып койду, ооба, ал силерге бир кезде убактылуу Европада болууну, тоо этегиндеги эски сейилбактагы канча мезгил карыткан замокто жашоону берген, булуттардын арасынан ай силерге суктана карап нур төккөн. Ошол күндө, ошол тагдыр саатында, ал отуздан ашып, сен болсо кыркка келип калганыңарга карабастан махабат жыргалына кунап, бу дүйнө жалаң сүйүү кубанычынан жаралган, биз анын аппак таңыбыз деп кыялга баткан ал кезде капылет жерден маңдайыңарга Кызкайыптын өзү пайда болуп, эки жан ээрип бир болгон ушу силерден өзүн сактап калууну чөгөлөп сурангандай, жабыккан жандүйнөсү менен ой-санаасы, Кызкайып берген дилазабы ырларынан төгүлүп, анан аны бүт дүйнө балкып уккудай үн беришин өтүнүп, жалгыз талдай жалдырап, өмүр бою өзү издеп, өмүр бою эч табалбай койгонун мына азыр кайыптан таап алгансып, Кудайга үнү жетип турсачы. Ооба, бул кыялга келген бир элестетүү дечи, ошентсе да дал ошол кездешүүдө чыгармачылык ойдун өзү, операнын идеясы, анан аны менен байланышкандардын бүт бардыгы жаралган болчу. Ошондогу Кызкайып менен кездешүү куду өңдөгүдөй болгонун, силер аны опера аркылуу театр сахнасына алып чыгып, анын ролун Айдана ырдап аткарып, анан аны силер түбөлүк сактап калууга ак дилден жана ант кылып, атүгүл Айанын өзү да «Кызкайыпты» тилден калганча ырдап өтөрүн наздана шыбырап убада берген деп бирөөлөрдү ишендирип көрчү.

Ой, сен эмне деп жатасың?! Токтогун, бул жомогуңа ким ишенет? Акылынан айный элек бирөө укса төбө чачы тик туруп, мунун баары ойдон чыгарылган калжыр кеп, миф, аңыз сөз, имиш-имиш тура деп басат да, кетет. Башы бар адам башка эмне айтмак. А бирок Арсен Саманчиндин жандүйнөсүндө Кызкайып жер үстүндө эмес, көктө жашайт, ошондуктан ал кандайдыр бир жогорку күчтөр менен байланышы бар. Айдана да ошондо ушундай ойдо, дил-максаты бир тилекте болчу, анан эле аны шайтан азгырып, «Лимузин» минип асманга кетти, кайдагы асман, акылын байлап, жүрөгүн алдап бизнес-туткуну кылып кетишти. Ошентишти, ал эми Кызкайыптын образы болсо көктөн келген ишеним-аян катары анын каңгырап жалгыз калган жандүйнөсүндө жашап, бир өмүр өтөр-өткүчөктү арылбас арман, кутулгус куя катары көкөйүндө көк түтүн чачып тура берет. Ооба, Кудай дейбиз, а бирок аны көргөн бир жан жок, ошондой болсо да эл Кудайга, анын бар экенине ишенет. Жерде жок ыйык түшүнүктү ишеним катары кабыл алганда гана ошо сен издеген образ турмуш чындыгы катары жандүйнөңдө жашай берет, болгону ага бериле ниет бере билиш керек. Кеп маңызы ушунда. Өйдө жактын кудурет-күчүнө ишенүү ал экөө Германиянын Хайдельбергинде жүргөн чагында болгон. Балким, бул дагы тагдырдын бир буйругудур, ар дайыма боло бербеген келкелдин келген кезидир. Болсо болот, ооба, ал жерге алар Айдана Самарованын өзүнүн гана концерт берүүсүн өтүнгөн музыка клубунун чакыруусу менен келишкен эле. Бүт бардыгы ойдогудай өткөн. Айдананын бул жакка дал Хайдельбергдин өзүнө чакырылышына Арсен Саманчиндин да эмгеги чоң болчу, бул ишти анын жакын адамдары, журналист достору, тааныш музыканттар уюштурушкан.

Ал жердеги музыкага терең түшүнгөн көрөрмандар классиканы ырдаган Айдананы асманга жеткирип салышты. Ал тургай тележаңылыктардан да анын ырлары берилип, басма сөздө ал жөнүндө макалалар жарыяланып, жарнамалар болуп дегендей Айдана жакшы эле таанылды. Баарынан да ошо Хайдельбергдин эски чиркөөсүндө ырдаганда кызык иш болду, протестант немистери меймандар үчүн бүт баарын жасайт экен, сыйына турган залды дил-ыйманга тиешеси анча жок, бирок урматтаган иш-чараларга бере беришет экен. Мунаралары шаңкайган, казанбактары калдайган чиркөөдө ырдаганда акустиксы эң сонун бул жай кубулжуган үнүңдү ого бетер кубултуп, ар жагы асманга чейин жеткирип, көк менен жердин ортосунда жаңыртат. Бүт аалам сенин үнүңө магдырайт. Ал өзүнүн арияларын фортепиано менен органдын коштоосунда немис, орус, италия тилинде, анан бир-эки кыргызча ырдады. Кол чабуулар жер жарып, чиркөөнү терметип, залдагылар менен балкондогулар ар бир ырга ушунчалык суктана ыраазы болуп, көздөрүнөн жылдыз жанып, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турду.

Мөмөсүн ийген ийгилик менен чыгармачылык эргүүнүн бул жердеги толкун-маанайы ал экөөнү Хайдельбергге бирге барууга тарткан сүйүү сезимдерин күчөтүп, ушу азыр жүрөктүн ар бир кагышы сайын бирин бири эңсеген да, бирин бири сагынган, мындан ары ар дайым кошулган жанын өмүр бою бөлүнбөй турган абалга алып келди. Ал эми Айдана анда эркелеп: «Биздин сүйүү экөөбүздүн жаныбыздан жаралган», – деген сөз тапкан. Ошол чын болчу, ортолорунан жел өтпөс жакын болушкан, анткени алар ошол керемет күнү кек сактап кайра келбеген Хайдельбергде ал экөө жанынан жаралган сүйүүнү баштан өткөргөн. Бири-бирине наздана эркелешип, бирин бири «жалгыз жанымдан жаралган сүйүүм» дешкен. Эмнеси болсо да аларга бул сөз жарашкан.

Ушул дүйнө ушул экөөнүн сүйүүсү болуп турганда алар капылет жерден «Кызкайыпты» табышкан. Ооба, концерттен кийин аларды ошо чиркөөгө жакын турган ресторанга чакырышып, урмат-сый көрсөтүшкөн. Андан алар тоо сейил багындагы эски заманда келиштире салынган, кадырлуу меймандар үчүн гана эшиги ачылчу замокту айланып көңүл ачып жүрүшкөн. Анын үстүнө күн бою бирге жүрүшсө да сагынышып, ээн жерде экөө гана жалгыз болууну самап калышчу. Азыр да ошону, көңүл көксөп, жүрөк эңсеп турган кусалык кумарын кандырууну каалашты. Махабат деген жалгыздыкты жанындай көргөн, кызганчаак кыял, эрке мүнөз келет. Алар үчүн бул дүйнөдө бир гана сүйүү бар, ал ушул экөөнө гана арналган. Замоктун кире беришиндеги бардан бир аздан виски ичип, андан соң сейил курмакка бак аралап кетишти. Түн жарымы чен эле, тоо боорунан төмөндө жаткан орто кылымда салынган шаар жомоктогудай жарык чачып, кыялыңдын кылын чертет. Алар бул керемет көрүнүшкө суктана карап, музыка жөнүндө, композиторлор туурасында сүйлөшүп жатып, Айдана минтип калды:

– Арсен, сен үчүн мен кандай ыр ырдап беришимди каалайсың?

– Азырбы?

– Ой, жок. Тамашалабачы. Симфониялык оркестр менен ырдайм. Сен залда болосуң, атайы келгенсиң. А мен болсо бир гана сага арнап ырдаймын, Арсен. Кандай ырды каалайт элең? Италиянчаныбы?..

– Эмне, Айа, сенин ырларың ушунча эле көппү? Италиянча дейсиң, испанча дейсиң… Мейли буга. Эгер билгиң келсе, Айа, мен Кемчонтой эмесминби, аялдар жөнүндө ойлой берип күнөөгө баткан кечилден бетер тымызын ойлоп жүрөм, анткени мен Кызкайыптын арияларын уккум келет.

– Эмне дейт? Кызкайыптын арияларын?.. – Күтпөгөндөй таң калды. – Кызкайып уламышын укканым бар, а бирок анын либреттосу, музыкасы дагы башкалары болуш керек да. Сен чын эле оюнан аял кетпеген кечил болуп кеттиңби? Кызыксың, Арсен!

– Мында эч нерсе деле жок. Кептин баары ошол кыялдан чыгып жатпайбы? Ошондо алар кезеги келер бир күнү «Кызкайыпты» коёбуз деген идеянын жаралган жеринде турушканын сезип-туюшту бекен? А Арсен Саман чин болсо ушул жылды, ушул күндү, ооба, дал ушул керемет кезди тагдырдын буйругу менен келген ушул гана жерди күтүп, оюнда бүрдөп гүл ачкан идеясын алгачкы жолу ага алгачкы махабаттай айткысы келген…

* * *

Болорун айтпас бул тагдыр таштан да катуу неме экен, ошондо эле Арсен Саманчиндин эртеңи кандай болору чечилип жаткан тура, үч уктаса түшүнө кирип койбогон киши өлтүрүү жөнүндөгү ой ушул жакшы тилек менен башталган иштин аягында көк канчыктын көзүндөй кылыя пайда болорун, өлтүрөм деген өзү да кылчая албай кылычтын мизи менен басып каларын, башкалар үчүн байпагындай кеп эмес, а бул үчүн күнү-түн мүшкүл түшүргөн тапанча табыш көйгөйү көкөйүн кесип саларын ал анда кайдан билиптир.

* * *

Тагдыр дедик, дагы да андан айталы. Ал кезекте кайран Жаабарс карайып каргыш алгыр Үзөңгүлөш ашуусунда эле. Артка кетер түрү жок, ары кетип, бери кетип ашууну ашар жол чалат, көздөн учкан ушул тоону ашса эле өмүрдүн өтөр кезинде өкүнүч менен бир келген из таптырбай жоголуп кетүү тагдырын Кудайдан тилеп куурады. Бирок анын сөөгүнө жеткен көйгөйүнө тагдыр деген боор толгоп да койгон жок. Жаабарсыңдын абалы кандай болсо ошондой. Эми эмне кылат? Айланы кайдан табат да, ал-күчтү кимден алат?..

Жаралгандан бир да жан: акылдуу деген адам да, кабылан делген жырткыч да алдыда нелер болорун биле албайт. Алардын ошол тагдыры менен байланышкан эч бир иле, дал чыгып калуу деген да жок, а бирок ушул татаалдыгы башынан ашкан ааламда адам менен жырткыч жаныбар ошол эле жазмыштын жазганын көрүп, ысык-суугуна кабылып, айтор, бу жалгандын буйруганын алат экен. Бу дүйнөң түшкүр кааласа баары болот экен го.

Бүт баары болот, бул байкуш бир жек көргөнүн өлтүрүп салайын деп бир курал, болгондо да тапанча таппай тал башын карап карайлап, кайгыга батып отурат. Башка өлкөлөрдө, айталы ошол эле Америкада ар бир жарандын чөнтөк телефондой зарыл болгонсуп ок ата турган куралы жанында болот, турмуш муктаждыгы дешет. Ошондон го, жанагыл телеэкрандардан кай жагына бураба күнү-түн эле атышуу, кызыл кыргын көрсөтүлө берет. А бул жерде болсо адам укугунун же жашоосунун дагы бир көйгөйү чыгууда. Бул дагы турмуш зарылдыгы, а бирок ошол муктаждыкка айланган куралды ал кайдан, кантип таба алат? Кимден сатып ала алат? Мына, мүгдүрөткөн маселе!

Буга караганда Жаабарстын көйгөйү жеке тагдырына, өз жанына гана байланыштуу нерсе, өмүрүнүн аягын акыры алар актыкка – бул жашоодогу бакытка бергени барат. Бирдейби, бирдей эмеспи? Бир болсо да, бир болбосо да ойлонгондон не пайда? Бу опаасыз дүйнөдө нелер болуп, не болбойт?..

Андан көрү, канча болуп кетти экен, бир жылдан ашып калды го, Кызкайып жөнүндөгү ошол ойду кайталаш кажет. Ал учурда ал экөө бирибирисиз жашай албас түгөй болуп калышкан кезде, тагдырыбыз ак сүйүүнүн бактысы деп эзилише сүйлөшчү жерге, Хайдельбергдин алар барган сейил багына, ооба, аңыз кепте жашаган Кызкайып бу турмушка келди деп эле коёлу, анда ал ошол бир болгон керемет түндө аерге барып калышы мүмкүн беле?.. Же болбосо аңыз сөзгө айланган ал сүйүү трагедиясынан улам өтөр-кетер жашоодон кийин да түбөлүк асыл ой катары жашай берер сүйүү жаны көзгө көрүнүшү ыктымалбы? Арсен Саманчин мындай ой жүгүртүүнү четке какчу эмес, булардын баары адамдын жандүйнөсүндөгү кубулуштарга, чөйрөгө байланыштуу дечү.

Аздектеген Айасына Кызкайып жөнүндөгү уламышты айтып жатканда мына ушулар да ага дем берип, эргүү болуп турчу.

– Сен билесиңби, Айа, Кызкайып биздин Үзөңгүлөш тоолорунда ушу күнү да жашайт, ал өлгөн эмес. Ушуга ишенесиңби?

– Ишенем, ишенбей анан! – Айдана адатынча жылуу жылмайды да, апакай жумшак алаканы менен Арсендин мойнун сылады. – Сүйлөп жатканыңды аябай жакшы көрөмүн, анткени сен менин жүзүмдөн сылап-сыйпап жаткандай боло берет. Сүйлөй бер, Арсен, айлана кандай керемет. Бейпил түн, айдын нуру сүттөй ак, аллеядагы шамдар жалооруй карап тургансыйт. Бу дүйнөдө бизден башка эч ким жок. Куштар да уктап калышты. Сүйлөй бер.

– Куштардын уйку салганы жакшы. А Кызкайып жөнүндө сөз болгондо мен сүйлөбөй коё албайм. Муну жомок деп да, башка деп да айта берүүгө болот, ал өзү ошондой, а бирок мен үчүн эч качан жомок эмес, Айа! Ал таптакыр башка. Ишенесиңби, тоо аралап жүргөндө капыстан эле тэ-э алыстан көрүнөт да, анан ошо замат көздөн кайым болот. Ушундай. Ал жөнүндөгү уламыш көптөн бери айтылып келет. Кызкайып ошол күндөн ушул күн тыным албай тоодон тоо кыдырып, дайынсыз кеткен сүйгөн жигитинин бир кабарын табам деп издеп жүрөт, а кызды болсо кармап  алыш үчүн артынан карыша түшкөндөр да бар. Элдин баары ушинтип айтышат, ушуга өздөрүндөй ишенет. Кызкайыптын сөз бекитишип сүйгөнү жаш жигит экен, ууга чыкса олжолуу кайткан кылмерген экен. Мергенчиликке кетет да, ошо бойдон кайтпай калат, келет дейт, келбейт. Карасанатай кастары буктурмада бугуп жатып, сыйыртмак салып сыздатып, колу-бутун бууп, үңкүргө же зынданга салып ташташканы, же анын тилин кесип, көзүн оюп салышканы белгисиз бойдон калат. Бул өзүнчө тарых, тарых болгондо да жөн эле көрпендечиликтин карөзгөйлүгү, бийликке болгон кумардануу бар тарых. А кездегилер да азыркы адамдардай болушкан.

Бизде мындай каада бар, жай келген сайын, ай жаңырган түнү Кызкайыптын тагдырына күйүп, аны эстеп боор ооругандар бийик тоого барышат да, алыстан болсо да ага көрүнө турган жерге алоо жалын чыгарып от жагышат. Алар менен бүбү-бакшысы да барат, от айлана добулбас кагып, Кызкайып менен анын ант берген сүйгөн жигитинин атын аташып, отко кел дешип чакырышат. Аялдар болсо от боюна отуруп кошок кошушат. Мунун баары тиги экөөнүн урматына жасалат. Баргандардын айтышкандарына караганда Кызкайыптын келген учурлары болот экен, келиптир, жарык анча жетпеген жерге чейин келип, отко, от боюндагыларга таазим кыла жүгүнүп, анан кайра кайып болуп кетет дейт. Жигитин кайрадан издеп кетет экен, алар табышышканча өлүшпөйт экен. Ушундай, барга барып, бир аздан виски ичели?

– Аякта жана эле болбодук беле? Сен бир аз кызып калдың. Барбай эле коёлу. Мен бу Германиянын Хайдельбергине, мына бул сейилбакка, сен экөөбүз ошо Кызкайып үчүн эле келгендей болуп, ага аябай боорум ооруп жатат.

– Андай болсо мен сага ошол окуянын өзүн айтып берейин. Биздегилер Кызкайыпка от жагат дебедимби, андай отторду тиги Кытай тарапта да жагышат. Алар менен биздин чегара жакын, Үзөңгүлөш ашуусунун эле ары жагынан өтөт. Ал жакта да кыргыз туугандар жашайт, эзелтен бери ошол жакта, а бирок карым-катыш деген жокко эсе, шарт ошондой болгон, анын үстүнө жол да жок, жай мезгили болгондо, күн ачык кезде ошо ашуу аркылуу барса болот. Айтор, тозоктун жолундай, эки дүйнөнү көрүп өтөсүң. Бир жыл мурун ал жакта журналисттик иш боюнча болгонмун, самолёт менен Үргөнч өрөөнүнүн үстүнөн өткөнбүз, андан ары машинага отурдук. Эл менен жолугушканбыз, алар жөнүндө гезиттерге макалалар жарыяланган. Ошондо мен бир кызык болгом, Кытайдагы биздин кандаштар да куду биздегидей Кызкайыпка таазим этип, Үзөңгүлөш тоолорунун өздөрү жагына барышып, түн киргенде биздегидей от жагышат экен, арбактарга куран окуп жалынып, махабаты үчүн кайып болгон кызга жардам берүүсүн суранышат экен. Ишеним, салттын бир экенин карачы. Бирок Кытайдагы кыргыздардын бул боюнча бир кызык айырмасы бар. Алардын каадасы боюнча тоого от жагышкан кезде Кызкайып эми көрөт, ага керек болуп калат деп, жарашыктуу токулган атты даярдап, эки сулуу кызга карматып коюшат экен. Көрдүңбү, алар кандай?!

– Арсен, азыр мынабу Хайдельберг тоолоруна да Кызкайып үчүн от жаксак эмне болот? Кел, ошентели?.. – Айдана аны кантер экен деп тамашага чалды.

– Эч нерсе болбойт, – деди ал күлүп. – Ал үчүн мурда ойлонуш керек эле да. Отун, бүбү-бакшы керек, аларды кайдан табабыз? Же мен бакшы болоюнбу?

– Бол, галстукчан бакшы бол! – Айдана жыргап күлдү. – Сонун болот. Сен эң жакшы бакшы болмоксуң. Муну азыр эмес, кийин жасайлы. Шаар көчөлөрүнүн үстү жагындагы тоо этегине от жаксак эмне болот, эл аралык жаңжал чыгып кетпейби?

– Чын айтасың. Антсек эле бүт Европага таанылабыз, – деди Арсен Саманчин баш чайкап күлүп. Анан аны бериле кучактап койду. – Сейилбакта отурган кандай жакшы, Айа, сени тажаткан жокмунбу?

– Жок, эс алып жатпаймынбы? Экөөбүз менен Кызкайып бирге болгонуна аябай бактылуумун.

– Ыракмат, Айа. Анда мен сага ошол окуянын бүт баарын айтып берейин, жакшылап ук. Муну илгери болгон дешет. Биздин ошол тоолордо шамдагайлыгы менен кайрат-эрки шай келген бир жаш көзгө атар мерген жашаптыр. Ал кийиктерди терип атып, илбирс менен карышкырды сулатып, терисин сыйрып алчу экен. Эли-журтун кийик эти менен баккан жигиттин калкына кадыры өтөт, аны эл башы, журт бийи кылып алабыз дешет. Ооматы жалын-чок болгон ошол күндүн биринде тоолордун ары жагындагы өрөөндөгү эл той берип калат. Ага-туугандары менен кошо ал дагы барат да, ошол жерден ай менен күндөн жаралган, жоогазын көйнөк бир кызга ашык болот. Ошентип алар бири-бирисиз жашай албас абалга жетип, ак сүйүүнүн айынан ар күн сайын тоолорду ашып, ал кызга барып турат. Бир көзү ачык аял ал экөөнө төлгө ачып, асманда бир жылдыз бар, ал силердин сүйүүңөргө арналган, үйлөнүү тоюңар болгон күнү бүт жылдыздан жарык жанып, баркырап турат. Кокус булут эле каптап калбаса, ал жылдыз мына бул бийик тоолордун жогору жагынан таңга чейин ак жарык чачып жаркырап жанат, силер ага таазим кылгыла, ал силердин жылдызыңар дейт кызга. Кыз мунун баарын төкпөй-чачпай болочок күйөөсүнө ак дилинен ачыла айтып берет. Ошондо жигит ага да бир купуя сыры бар экендигин билгизет. Көрсө, аны Жараткан ушул кызга үйлөнүш үчүн бу дүйнөгө жараткан экен. Муну мергенчи жигит жактагы дагы бир көзү ачыгы Жараткандын маңдайга жазган жазуусу деп айтыптыр. Болочок колукту ошондо опсуз таң калып, тагдырдын сырын экөөнө бирдей жан кылып, бул дүйнөдөн өткүчө, аркы дүйнө бүткүчө ок тиштеген ак никелүү жар болорун ант кылат.

Ошол ошол болот, ошондон кийин кылмерген бүт уруусу менен, аксакалын баш кылып, акылманын каш кылып кыздын колун сурап, кыз каадасын жасап, аны алып кетмекке болочок кайын журтунун астына барат. Андай кыз тою ал кылымда болбоптур. Тоо дайрасы акчу экен, ошол жерде көз жеткис өзөн бар экен, ошол жерге канча бир боз үй тигилип, канча бир мейман толду дейт. Таңдайына жел тийбес тандамал ырчы келишип, кызыл күндү батырып, агарган таңды атырып, кыз урматы үчүн деп, кырк күнү оюн болду дейт. Калыңына тыйынын күндө санаган, битинин канын жалаган хандын казынасы жетпептир, үйүр-үйүр жылкы айдап, короосу малга толуптур, шаа мүйүздүү уйларын кылмергендин кайын журту карабай-ак коюптур. Күлүктөрү бир кылка, аргымагы ар башка, жоргосу жолду карыткан тандамал жылкы тукуму ар үйгө үчтөн жетиптир. Адамдын тилин байлаган кызыл алтын, ак дилде алтымыш төөгө жүк болуп, көргөндүн көзүн талыткан, көп көргөндү жаңылткан аң терилер азабойду алды дейт, кыз берер тарап кызыгып, кызыл дүйнө, ак көңүл ааламында калды дейт. Ошентип берери бүттү дегенде, айтылар акыл кыз тарапка келгенде кызыгын кылым көрөлек көз тешери күйөөлөп барган кылмергендин кайынга кайрылып таазим кылышы менен башталат. Эки ийинге артылган эки илбирстин териси миң илбирстен бир чыгар гүл илбирстин өзү экен, ай сулуунун ата-энесине ийиле калып, ийнинен алып тартуулады. Жарданган элдин эскертер сөзү калган жок, орундарынан дуу турушту да, эки жаштын ынтымак-бактысы үчүн кыз-күйөө антын айтышар өзөндөгү дарыянын боюна барышып, антын алып, ак батасын беришти. Тоо дайрасы топтоло агып шарп эте, эки жашка макулдук берип, мемиреп калды. Ошентип кырк күн, кырк түн бою кыз тою өтүп бүткөн соң, келин тою жети күндөн кийин болмою элге айтылды.

Кудай кошкон кудалар түгүл тоо кубанган ал тойдо эки жашка касын тигип, каргаша ташын канжар кылып каткандар чыкты. Күйөө бала күн алдында теңдеши жок мерген экен, өзүнчө түтүн булатса журт башы болмоюн эли чечип коюптур, анысы ал болгондо иш бүтмөйү каяктан, Жаратканы жарашыктуу өң берип, келбет-сынын келиштирип коюптур. Жек көргөндөр ушинтишти, жең ичинен сүйлөшүп, кылмергенге кыямат жайды көргөзүп, кара көзүн кашайтмакка кара түндү калыс кармап касам ичишти.

Дилкаралар касамын агадилдер билсечи да, актык менен каралыктын калысы жалгыз өлүм болсун деп эл үчүн жана жер үчүн, андан калса кызыкчылык керекпи, кызыгы кыздай кылыктуу бийлик үчүн, жоругу жолдо жоголгур жоолашкан кара ниеттер, эң кур дегенде жандүйнөнүн курмандыгы үчүн жандарын кыя ачыкка чыга кармашса боло. Адамзаттын арамдыгынын түгөнөр чеги бул дүйнөдө болобу?..

Кастык иш карында жатып жетилет да, касташканга канжар болуп сайылат. Эки жашка бак айтылып, ак тилектер ай нурундай төгүлүп жаткан ак тойдо арамдык менен кас саноо аксанатай адамдарга жашынып, тигилерге айтылар ажал огу болуп жатканын ким билиптир, Кудай ай! «Адамдардын ошол ишин күн билсе, чыдай албай өчүп калмак асмандан ». – Муну акындар кийин шунтип ырдамак. «Булут билсе адамдардын ал ишин, ушул тойду өткөртүү үчүн башка, таза талаага, көз ачырбай нөшөр төкмөк токтобой». Дагы акындар кийин шунтип ырдамак. Жана да алар арылбас арман кылгандай бу дүйнөдө адам болуш эң кыйын да, бу жалганда айбан болуш эң оңой! Кандай гана улуу сөз!

– Укмуш айтылыптыр, Арсен!

– Ак тилектер ыр болуп, ант бергендер сыр болуп турган саатта «дайра билсе адамдардын ал ишин, тоону көздөй күр-шар түшүп агат эле тескери ». – Кайра да кайран акындар зар какшап шунтип ырдамак. Анткени мындай уюшма кара кастыкка табийгат каршы тик турмак.

Ооба, бул ушундай болгон иш экен. Кудай кошкон кудаларды кубанычка бөлөгөн кыз кайындамай үлпөтү ошентип үч кылым бою айтылар шаан-шөкөт менен өтөт, ата арбагы ыраазы болсун, эки жашты ар убак колдосун дешип бүбү-бакшы, көзү ачык олуялардын өзгөчө каадасына да жол беришет. Айтор, бүт бардыгы кыз-жигиттин көңүлү, ак никеден аскар тоо болор бактысы үчүн жасалат. Андан кийин салтанат өзүнүн саатын өзү алат да, кызык оюн кыз куумайы башталат. Ошо кезде дүйнө түгөл кыз тоюна келет; көктөгү күн сулуу кыздай жылмайып, мээримин төгүп мемиреп тиет, түркүн гүл жытын аңкыткан, түркүн чөп бүрүн тазарткан жамгыр аларга жаабай, алардын айлана-тегерегине себелеп сезим сергитип кетет, тулаңын бассаң тура калып буттарыңдан кучактап, туугандашкан эки элдин көңүлүн көккө көтөрүп турат.

Кыз-күйөөгө ат мыктысы тандалат. Ат туягы аларга ат жалынан бакыт берет, же бербейт. Кыз куумайдын абалтан берки салты ошол. Жебедей сызган күлүктөгү сулууга аткан ок болуп жетип, ат үстүнөн кучактай калып өбөр иш кыз кууган жигит милдети. Айтор, бул тамаша менен жарп жазар оюн эмес, ат жалындагы тагдыр менен бакыт.

Ана, күткөн элдин алдына күндү уялткан кыз чыкты, андан кийин кабылан сүрдүү куш мүчө, сырттан келбет кылмерген жигит чыгат. Кыз келбети кеп билбейт, атка отурганы да, өзүн кармай алганы да, өңгөдө жок өң-түсү да жарашат, жылдыз менен булуттун бир түнүнөн бүткөндөй экен. Көргөндөр кирпик кага албай, өздөрүн өзү таба албай кадоодой катты. «Жан аябай жакшы чап! Жеткирчү болсоң көрөсүң! Жеткирбегин, эркектер биздин ким экенибизди билишсин!» – Кыздын курбулары жабалактап жатышты. Мындайда эркектер тынчып калчубу: «Узатпай жет! Жетпей калсаң шылдың гана болосуң!» – дешти демитип. А думана менен бакшылар оюнга түшүп, алка-шалка кетишип, ач добулбас кагышып жарданган элди жандантып, тулпарларды ооздук чайнап элиртти.

Карыялар жапырт бата берген соң, кыз куумайы башталды. Кыз бир топ алдыда, көз жеткис жашыл түздүктү ак жарык болуп как жарып барат. Артынан аскага көктөн бой урган бүркүттөй сызып жигити барат. Кыз куумайдын жетер марасы өзөндөгү кечмелик. Караңкалгыр кечмелик ордунда турбай ок болуп буларга келет жакындап! Артынан түшкөн ак жарыкка жетер бекен, ат үстүнөн ал экөө бир денеге айланып кетер бекен?.. Жетпей калса жигитке кыз кайрылып, марадан алдынан тосуп чыгат да, жеңүүчү катары тигинин көңүлүн алып, бетинен өбөт. Оюндун шарты ушундай, а бирок ар дайыма кыз куугандар марага чейин жетишет.

Бул оюн деп айтылганы менен баш кошо тургандарга турмуш сабагын жашоо философиясын берет. Ал мындай: кыз ошондо тагдырдан тагдырга – өмүр бою ажырашпай жашоону эңсеген, бакыт берер жигиттен качканын, болгондо да жеткирбейм деп качканын кийин эч унутпайт, а жигит болсо өзү каалаганына, бактысына кантип жеткенин түбөлүк эстен чыгарбайт. Бул жолу да ошондой кыйын иш болду. Мен муну сага, Айа, эзелки бир окуяны билип койсун деп айтып жатканым. Ооба, ошентип кыздын аты учуп барат. «Чап! Жеткирбе!» деген үндөр жер жарат. Кулагын жапырып кең арыш алган бу күлүк кылмергенге сүйгөн кызын берчүдөй эмес. Жигит кызга жеткиче шамал ал экөөнү кучактап, экөөнү тең аймалап, бу дүйнөдө сүйгөнүң сени куугандан, сүйгөнүң сени жетсе экен деп качкандан ашкан бакыт жок дегенсийт. Ооба, бир бакыт жетсе экен деп качып барат, бир бакыт жетемин деп кууп барат. Эки бакыт ат жалында биригип бир бакытка – сүйүү бакытына айланып кетер бекен?..

Тагдыр, тагдыр! Бул оюнду кимдер ойлоп тапты экен?! Аларды көздөй кечмелик алардан аша учуп-күйүп келатат. Жетер жер абдан аз калды. Тагдырын берип, таалайын арнаганы качан жетет, качан сыга кучактап, жүзүнөн үзүлө түшүп өбөт?.. Кыз качып да, ушуну самап да барат…Кыз качып да, качпай да барат. Кыз сүйүп да, сүйгөнүн кылчактай күтүп да барат!.. Кыз өзүнөн өзү ат тизгинин тарта кармап, үзөңгүгө бут чирей калды. Өзөндүн суусу көрүнүп, кечмелик көзгө кадала баштаган, антпесе болбойт, сүйүүдөн качкан бакытка, бакыттан качкан сүйүүгө жетпейт. Кыз денесин кубаныч кучактай калды. Сүйгөнү минген күлүк ат куйрук улаш жакындап келет… Кайран асыл жаныбар, кыз атына кынала теңелип берди. Кыз анын көкүлүн сылап жибергиси, жалына кулап түшкүсү келди. Ошентмек, жан биргесине жанын берип, анын жылдызын күндөй жандырмак. Ошондо кызга жигиттин деми угулду, аны бүт денесин, бүт жандилин балкытып укту. Талчыбыктай белине тааныш, тааныш болгону менен атка мингенден ушул көз ирмемге чейин жок болгон, анан аны көшөрө күтүп, көшөрө эңсеген тааныш кол кыз денесин коргошундай ээритип барып оролду. Үзөңгүгө үзөңгү тийип, эки жарык бир жарыкка айланды. Кыз булуттан чыккан айга окшоп жарк эте карады да, жигиттин жылуу деминен дем алалбай калды, ак жүзүн кызыл толкун каптап, ал дагы ага кынала түштү. Кыз атка мингенден ушул көз ирмемге чейин ушуну күткөн, дал ушуну ичинен күйүп самаган. Жигит максатына жетти, анан экөө тең сагыныша өбүштү. Ушул учур түбөлүк болуп калсачы!..

… Табышкан эки жаш, жарышкан эки аргымак ак канаттуу куш болуп жашыл өзөн дайрага кетип барат…

Казганактап карап турган калың эл:

– Жол бергиле жигитке, жол бергиле! Азаматсың! Жигит экенсиң! Алдын тоспогула, ал биздин бала болуп калды, биз биргебиз, бир бирбиз! – деп жатышты.

Кудалашкандардын бул тою ушуну менен аягына чыгат. А бирок жанагы ичи бузук кытмырлар кылмергенге ого бетер кара санап калышты. Жакшылыктан жамандыктын жолу ачык деген ушу го.

Кудай деген кудалар жети күндөн кийин дагы тойдон жолугарын айтышып коштошту. Кылмергендин туугандары өз жерине келер менен үйлөнүү тоюна токтоосуз даярдык көрө башташат. Ар бир иш өз жолу менен болмою эске алынды да, той каада-салттын кадырын көтөрмөк болду. Баш кошкон эки жаштын ак өргөөсү өзүнчө, бүт баарына дайын жерге тигилип, куда тараптан келе турган меймандар үчүн дагы өзүнчө катар-катар боз үйлөр даярдалып, белек-бечкек, кийити менен камдалып, жарчысы элге тандалып, ырчылары күн мурунтан шаңданып, жаштардын оюн-зоогу өзүнчө уюштурулуп, айтор, кызыгы элде бололек той өткөрүлмөй болот. А кездеги салт боюнча үйлөнүү тою ошол элдин кадырын айтар иш болгон.

Меймандар келет, той башталат деген күндүн алды экен. Кылмерген эки инисин ээрчитип, сый конокторго кийик этин тарталы, куш этинен салалы, кымбат баалуу аң терисин тартуу жасайлы деген ой менен аң уулоого түн бой түзөр маалда кетет, жолу жомоктогудай болот. Улуу шашке болгон дейт, капылеттен кылмергенди кыйкырып издегендердин үндөрү угулат. Туугандары аны издеп, ат тердетип келишкен болот. Бир топ экен, тоо жаңырта: «Кырсык болду! Күтпөгөн кырсык! Бери кел!» – дешип ызы-чуу түшүп чакырат. Кылмерген кандай кыямат болуп кетти деп барса, алар төштөрүн койгулап айтышат. Көрсө иш мындай экен, өткөн түнү колукту болор кайындалган кыз өзүнүн мурда сөз бекиткен жигити менен качып кетиптир, имиш-имишке караганда аны базары көп бир шаарга алып кеткен болуш керек дешет.

Ушул сөз айтылар замат ачык асман алай-дүлөй түн түшүп, бороон согуп, жай ордуна кыш келгендей бурганак болот. «Маскара болдук! –Келгендер күйүп бүк түшүп, колдорун асманга созо: – Оо, Кудай! Бизди эмне үчүн минтип жазаладың? Жазыгыбыз не?! Андан көрө ошону өлтүрүп салсаң боло, андай шуркуяны көргөн жерден мууздап салыш керек!» – деп чуу түшүшөт да, табабыз, союп салабыз дешет. Кылмерген үн чыгарбайт, каны качып кубарып, ордунан жылбай, ок тийгендей отуруп калат.

Боору ачыган Айдана ушул жерден чыдабай:

– Өлтүрүшкөн турбайбы?! Кыйын болгон экен го?! – деп жиберди.

– Ошондой, – деди Арсен Саманчин аны коштой. – Анан ушунун баары, Айа, операнын сахнасында болуп жатат деп коёлу. Музыкасы кандай болуш керек, чыгармачылык кумар, кандай үн, мизансахна кандай көрүнүшү зарыл, айтор, бүт бардыгын элестетип көр. Анан, ооба, кылмергендин туугандары кызды таап, ошол жерден жазаламак болушуп, шашыла аттанып, аны да кошо бастыр дегендей кылып жатканда ал мындай дейт: «Токтой тургула, баарыңар угуп койгула! Мындан ары мындай сөзүңөрдү мен укпайын! Түшүндүңөрбү?! Анда эмесе мен эч жакка барбаймын. Эгер, бул менин башымды жутар каргыш болсо, мен да ага, ант бузар жүзү кара шермендеге, каргыш, наалат айттым! Адам тукумунун бүт баарына каргыш тийсин! Ушинтип адам аталганча, жырткыч болуп жалгыз жашаган артык. Бу жашоодо мындан ары мен бир да адамды көрбөймүн жана да бир адам мага жолукпайт! Уктуңарбы?! Уксаңар ошол, бул жерден жоголгула, мени издеп убара болбогула!» Ушинтет да атынан ыргып түшүп, артына кылчак карабай тоо аралап кетет. Мындай болорун күтпөгөн туугандары дел болуп туруп калышат, анан эстерине кылмерген эми киргенсип, анын артынан чаап жөнөшөт. Таппай калышат, азыр эле баскан, жер жуткансып изи жок. Ошол ошол болот, ошондон кийин аны көрүп-билген жан болбойт.

Ушул жерден театр сахнасы үчүн бир драмалуу көрүнүш кошуу керек. Кылмергендин туугандары айылга жөнөй берерде аларга дайын-оту менен жоголгон колукту-кыздын үнү капылет жерден ал жандарында тургандай болуп угулат. Көрсө, ал баш кошор күйөөсүн кайдасың деп чакырып, суй жыгыла издеп жүрүптүр. Ооба, кыз бирөө менен эч жакка качып кетпегенин, бул иш бирөөлөрдүн карөзгөйлүгү менен жаманатты кылган ушагы экенин ошондо эч ким билбейт. Ким билмек, уюшкан арам ойдогулар ошол түнү кызды жан адамга билгизбей уурдап кетишет да, колу- бутун байлап, атка таңып алыс алып барышат. Баягы кыз куумайга мара болгон дайрага жетишет, ошондо анын колу-бутун чечишип, эки жигит эки колунан кармап, кечмеликтен алып өтмөк болушат. Кудай да куурап турганбы ушул жерден кызды сактап калат, кандай болду ким билсин ал тигилердин колунан суурулуп чыгат да, ат үстүнөн дайрага боюн таштап жиберет. Беркилер артынан чуркап жетпей калышат, кыз күрпүлдөп аккан дайрага түшкөн бойдон көрүнбөй калат. Карөзгөйлөр кармап калабыз дешип агын суу бойлой барышат, сууга түшкөндөрүн ок дайра оп тарта ташка чапкылап, ай-буйга келтирбей агызып кетет. Кубангандан Кудайы кызды колдоп, суудан аман чыгарат, керемет-сыйкыр күч берип, аны куш кылып бийик учуруп баягыл кылмерген менен анын туугандары жолугуп, азыр эле ажырашкан жерге алып келет. Кыздын үнүн угушар замат алар аны токтотуп, кандай иш болгонун сурап билели дешет, а бирок ал көзгө көрүнбөйт, үнү бар да, өзү жок. Анан ал да кайыптай кайым болот.

Ошол күндөн ушул күн ал Кызкайып аталып, купуя сыры ачкычы жок кулп болуп калат.

Ошол күндөн ушул күн Кызкайыптын бойбоздоп кошкон кошогу ошол улуу тоолордон жаңырып турат. Айа, мен сага ошол кошокту колумдан келишинче кошуп берейинчи. Тоо арасынан, алыстан-алыстан, капылет жерден угулуп жаткандай элестет. Анда эмесе угуп тур, ал кошок мына момундай:

Кайдасың сен, кайдасың сен, жан биргем,

Кайып болуп кас колунан качтым да,

Кыз боюнча калдым таза мен сага.

Кайдасың сен, кайдасың сен, жан биргем,

Аруу бойдон сендик болуп калдым мен.

Ушак угуп шерттен шерим тандыңбы?

Кайдасың сен, күкүк кылып какшатып,

Кыз башыма күйүт тагдыр салдыңбы?

А мен сенин кайындалган колуктуң,

Куугун келет, кууратпасын, жолуккун.

Ант алышкан дайра турат, кайдасың,

Жетким келет, кайсыл тозок жайдасың?

Антыбызга дайра күбө, Жараткан,

Тагдырымды тагдырыңа байласын.

Жаным сендик, жаным сендик, кылмерген,

Дүйнө кезип издеп таппай келем мен.

Анан кайда кайып болуп кеттиң сен?

Сени тагдыр койдубу же таш кылып,

Мени тагдыр түгөйү жок баш кылып,

Кай жердесиң акыреттик жан биргем,

Тагдырыңды тагдырым деп мен келем.

Эсиңдеби, ай алдында ант берген,

Жаным сендик, жаным сендик, кылмерген.

Тоолор такыр өбүшпөйбү бир бирин?

Туман тарап, көрүшпөйбү бир бирин?

Капчыгайга түн жарыгы тийбейби?

Кайберендер сенин дайның билбейби?

Кайдасың сен, кайдасың сен, мен сүйгөн,

Кай жердесиң акыреттик жан биргем.

Кыз куумайда ак сүйүүнүн кызыгын,

Биз өбүшүп татканыбыз жок беле?

Махабатка батканыбыз жок беле?

Кудай бизге бакыт берген ошондо,

Эл жабыла бата берген ошондо.

Кайдасың сен, кайдасың сен, мен сүйгөн,

Кай жердесиң акыреттик жан биргем.

Сенсиз мага айдын нуру төгүлбөйт,

Сенсиз менин өмүр-күчүм көрүнбөйт.

Экөөбүзсүз асман болбойт бактылуу,

Ким какшатып койду каргыш аркылуу.

Экөөбүзсүз тоолор болбойт бактылуу,

Ким какшатып койду каргыш аркылуу.

Кудайга деп курмандык жасаганың жок беле,

Кайын журтка барс тери тартуулаган жок белең?

Сен кандайча жакпай калдың тагдырга,

Атантайдай март элең го жалпыга.

От боюнда шапар тепсек болбойбу?

Кайдасың сен, кайдасың сен, мен сүйгөн,

Кай жердесиң акыреттик жан биргем.

Куугун келет кууратпасын, жолуккун,

А мен сенин акыреттик колуктуң.

Кайдасың сен, кайдасың сен, жан биргем?..

– Өх, Айа, демим жетпей калды окшойт, – деди Арсен Саманчин. – Таң калба, мен бир кетсем барбы, ушинтип эч токтобойм, кете эле берем. Демимди бир аз басайын да, кайрадан улап баштайын. Түгөнбөйт, кайра айткан сайын кайра кызый берем, ал анткени бу кошокто бүт дүйнөнү багынтып, бүт мезгилди карытып, өмүрдөн өмүргө улам кайра жаралып өтүп турган жандүйнөнүн азабы менен дил муңу жана да ак сүйүүнүн арылбас болгон арманы бар, ак менен каранын, чындык менен жалгандын кармашы бар. Ошондуктан ашык болгон ал экөө бирин бири тапмайынча алардын трагедиясы улам күчөп улана берет. Адам сүйүүдөн жаралган, ошол үчүн адамдар өз өмүрү өткөнчө ал экөөнү аяй беришет. А театрда болсо муну ого бетер күчөтсө болот. Мына, сахнанын бир четинен агып турган дарыя да ырдайт. Опера өнөрүндө мындай көрүнүш дегеле болгон эмес, карап турсаң, кызды сактап калган албуут дайрага тил бүтүп, ал капыстан минтип ырдап жиберет:

Мен аскадан бой таштаган дайрамын,

Кыяматтан сактайм, жаным, өзүңдү.

Арам ойлуу душманыңдан калкалап,

Коюнума катып алам өзүңдү.

Мен дайрамын кучагыма бой ургун

Кайдасың деп мен да сендей курудум.

Кыяматтан сактайм, жаным, өзүңдү.

Ушул көрүнүштө сахнанын артындагы өзөндүн шаркыраган доошу коштогон хор ырдалат, бул аркылуу жаратылыштын да адилеттүүлүккө чаңкап турганы айтылат. Эгерде, ушулар күчтүү симфониялык музыка менен коштолсо, ага кубулжуган таза, назик үн, сенин гана үнүң куюлушуп турса, ой, бо-ой, анда Кызкайыпты көктөн асман угуп, ай угуп, жылдыздан бери кошулуп ырдашмак. Элестетсең. Айа, анда эмне гана болмок?..

– Таң калып турам, мен мындай бүт аалам чогуу кошкон кошокту бирин чи жолу угушум, – деди Айдана. – Дарыя ырдайт, бир керемет! Ырчы дайра. А сен, Арсен, бул кошоктун бүт баарын билесиңби?

– Билем. Бала чагымда Кызкайыпка жагылган түнкү оттордо көп болгом. Ырчылар ырды төккөндө көзүбүздү чылк жумуп, бүт дилибиз менен укчубуз. Оо, алар андай түндөрдө таң агарып атканча ак түтөк болуп, өз өмүрүнүн арманындай ырдашчу. Анан кайдасың боорум Кызкайып деп, аны буркурап-боздоп чакырышчу. Алар үчүн мына сен сахнага чыгасың го, ошондой эле нерсе. Түгөнөт десе күчөгөн, бүт баарын токтолбой да, такалбай да төккөн ырчыларды төкмө ырчылар дешет. Бир жолу менден төкмө ырчылар орусчага кандай которулат деп сурашты. Ырды гана эмес, жандүйнөнү төккөн борд дегем. Акындар үчүн окуя-ишти билген угармандар болушу керек, ошондо гана алар бүт дүйнөнү асыл сөзгө айлантып, бир өзүн алгыр куш сезет.

– Билем, билем, – деди Айдана. – А эл кылмергенди кай жакта деп айтышат? Тирүү дешеби? Эмнеге кабарын айтпайт?

– Мунун дагы буга чейин жообу жок, балким, түбөлүк жоопсуз калгандыр. Анын кайда экенин, эмне болгонун эч ким билбейт. Анткен менен аны бир күнү келип калат деп азыр да күтүп жүрүшөт. Анткени алар аны өз тагдырына, өз махабатына, бүт ааламга таарынып, бир да жан жетип көрө элек жерге кеткен дешет. Өзүнөн өзүн унутуп, Тибеттеги кечилдердин үңкүрлөрүндө күнү-түн тынбай дуба окуп, безерман кечил болуп калган деп айтышат. Болсо болгондур, а бирок ал жанагы кызың көзүңө чөп салып кетти деген чаян сөз айтылган соң, ачуусуна чыдай албай көздөн кайым болгон го. Аныгын билген адам жок, кайра жангыс өкүнүчтөн карышып, канжар мизин кармаган тагдыр тапты да. Кыйын иш, империясын тарттырып ийген император деле мынчалык жанын кыйнабайт, демек, бул жерде жөнөкөй жашоо эмес, дүйнөдөгү жашоо кылмерген үчүн ак сүйүүдөн жаралган. Кызкайып жөнүндөгү уламанын маңызы, аңыз кептин философиясы мына ошол жөнүндө. Ошо махабат баяны, адилеттик ыры жөнүндөгү улама-философиянын өзөктүк каарманы Кызкайып, ооба, Кызкайыптын эки дүйнө биригип жеңе албаган, чындык издеген сүйүүдөн тапкан жазасынын азап эрдиги. Адам дүйнөсүнөн биротоло баш тартып, алардын карасанатайлыгы менен күнөө ишине каршы болуп, аруулук менен чындыкты тагдыр кылып, а аруулук менен чындык деген ар дайым жалгыз болорун айкындап кетти, а кыз болсо ошол адамзат дүйнөсү үчүн, карөзгөйлүк менен кастык үчүн түбөлүк кечирим сурап кайып болуп жатат, анткени анын сүйүүсү менен күйүтүнүн жер чыдагыс күчү мына ушунда. Ошондуктан сүйүүгө жеткен да, жетпей калган да бактылуу, ал эми сүйүү үчүн түбөлүк жаза тарткандар түбөлүк бактылуу, түбөлүк өлбөс, түбөлүк сүйүүгө, түбөлүк бактыга айланган адамдар болуп саналат. Кызкайыптын жалдыраган жалгыз махабатын жер үстүнөн жан үрөп издеп табалбай азап тартканы бүт ааламдын айыкпаган оорусу.

Көңүл бурсаң, Айа, Кызкайыптын көзгө көрүнбөс образында, дегеле ушул эпос-аңызда ажырашуунун түбөлүк түгөнбөгөн арманы, адам дүйнөсүндөгү кастык бар. Бу жалганда жамандыктын азабын жакшылык гана тартат деген эч ким жокко чыгаргыс чындык мына ушундан жаралган. Ошондон улам Кызкайып карасанатайлык менен көралбастык өртүнөн коркпой, сүйгөн адамын түбөлүк азап зынданынан куткарып, жашоо чындыгына, турмуштун өзүнө алып келүүгө чечекейи чеч боло аракет кылат. Ушундан улам ал, тилсиз жоо сактап калган кыз, убакыт менен мейкинге баш ийбеген, бүт мезгилге Кызкайыптын ыйык образына айланды. Ал азыр биздин жаныбызда, анткени экөөбүз ал жөнүндө сүйлөшүп жатпайбызбы, ушундай болот, аны эстесең да, ал жөнүндө ойлонсоң да сенин жаныңа келет, ал муну сезет. Кандай, Айа, оозеки чыгарма чылыкка жасалган саякат сени он сегиң миз ааламдагы сүйүүгө алып кеткен жокпу?

– Айта көрбө! Сен өзүнчө эле бир лекция окуп жибербедиңби? Сенин ушунчалык ой жүгүрткөнүңө таң калам, – деди Айдана ага жылмая карап, ийиндерин кысып. – Эсиңдеби, бир журналист кыз сени «ай-ааламдык жалпылаштыргыч» деп атаганы эсиңдеби? Сага бул жагабы?

– Мейли, мен ошо Кемчонтой эле болоюн, а сенин алдыңда башка маселе, – опера сахнасында Кызкайыптын өзүнө айланып, өзүңдүн ааламда жок керемет үнүң менен көккө, космостун дал өзүнө жетиш милдети турат.

– Ой, уялтпачы, алтыным! Ушул сейилбактагы ушу биз отурган орундуктан түз эле космостун өзүнөбү? Ырчы-космонавт боломбу? Эң сонун экен, мага аябай жакты. Чынында сени менен жүргөн адам эч убакта зерикпейт.

– Кечирип кой, булбулум, мен чын эле айтып жатам. Мен айтып жаткан Кызкайып биздин жаныбызда, тиги дарактын ары жагында, күйгөн шамдын жанында экенин сезген жоксуңбу? Кызык, ал эмне деп жатканын да билбейсиңби?

– Эмне дейт? Айтып берчи?

– Тыңшачы! Бириңерди бириңер жаныңардай сүйгөн силерге, мени эстесе деп, эстесе ыраазылык билдирейин деп ушул күндү, ушул түндү канча бир сансыз күн бою, кылымга кылым алмашып күттүм эле. Күлкү бербей күндөр өттү, кыйноого салган кылымдар кетти, а мен болсо сүйгөнүнүн кайындалган кыз колуктусу бойдон калдым да, ошондон улам билгендердин эсинде Кызкайып аталып келем. Ошол үчүн адамдар мени келип калсын деп тоолорго барышат, кусалык менен күйүттөн күл болгон мен байкушту алар от жанына келишимди, ошол жерден мен аларга кездешүүмдү каалашат да, бакшылары арбактарды чакырып, алардан бу айыпсыз Кызкайып тагдырын берген мергенин муңкана издеп, тоо арасын сыздата кайдасың кара көзүм деп, жан биргем жалгыз өзүң деп, бойбоздогон кошогун бооруңду тилип кошо берет дегенди сурап-билиш үчүн тоолорго барып, алоо жалын от жагат. Арбактардын айтары мындай кезде дайым даяр, дайым бир, жакшылап уксаң, бул экөөбүзгө да тиешелүү; алар Кызкайып адамдарга келип ыр-кошогун бүт дүйнө уга тургандай ырдашын, ошондой эле булар таштүйүн тагдырын, арманк үйүтүн айтып беришин суранып жатышат дешет да, жер жүзүндөгү бойго жеткен бардык кыздарга кайрылып, ушул ырымды сүйлөшкөн жигити ңерге ак сүйүү менен жан биргеликтин тартуусу иретинде ырдап бергиле дегин деп жатат дешет. Мында да бир концепция деген бар. Ошондуктан, Айа, ырдайлы, бизди да арбактар билсин. Кызкайыптын кошогун көрүүчүлөрдүн алдында ырдаганыңдай уксун. Анан алар сени жогорку жактагылардын касиеттүү күчү менен кубулуп келген Кызкайып жиберген адам деп айтышат. Ушуну менен иш бүтөт, асмандагы Кудай менен арбактар сага ыраазы болот, а адамдарды билесиң да, алар сени чын эле ошондой ойлошот, ырыңа таңданышып таазим кылышат, анткени үнүң буларга космостон гана төгүлүп тургандай таасир калтырат.

– Ой, ой, ой! Дагы эмне дегиң бар? Мени тим эле космостон түшүрбөй салдың да? Акылыңа келчи!

– Ой, сен шашпай тур, Айа. – Арсен айтканынан кайтпады. – Акылга анан келебиз, ал кайда качмак эле. Азыр мени гана угуп тур. Тетигил дарактын астын, күйүп турган шамдын жанын карасаң, Кызкайыптын көлөкөсүн көрдүңбү? Карасаң, ал бизге ыраазы болуп, чын дилинен жүгүнүп жатат. Түбөлүк жапжаш бойдон, андан да түбөлүк сулуу кыз бойдон… Үлбүрөгөн жука жибек көйнөкчөн, ийинине арта салмасы канат сыяктуу, ах, кандай гана сулуу да, кандай гана сын-келбет!

Айдана ага макул болбоско айласы да жок эле, башын ийкеп, анан мындай деди:

– Сен, Арсен, айтканынан кайтпаган романтик экенсиң. Сага ишенем, ушу азыр да бир чети ишенип, бир чети таңданып турам. Ошентсе да, жерге түшүп туруп кыялданыш керек да. Кызкайыптын ариясын ырдайын, а бирок ноталар менен партитура кана, музыкачы, оркестр, сценография, костюмдар кайда, жүздөгөн үн бир чыккан хор кана?.. Сен болсо дарыя да ырдайт деп жатасың, ага сахналык технология керек, анысы кана, композитор менен режиссёр кайда? А каражатчы, каражат?.. Опера театры азыр бизде эле эмес, бардык жерде күлкүсү чыккан чапан кийип, кайыр сурап отурат. А мамлекет болсо опера түгүл кумурскага артканга жүк табалбай жүрөт.

Арсен Саманчин буга макул эледей болгону менен ал өз оюнан кайткан жок:

– Билем, билем, опера театры азыр кароосуз калган храмдай, аны көйрөң эстрада, маскарапоздор, дагы башка шайкелеңдиктер ээлеп алган. А мыкты ырчылар болсо көзүнөн жылан көрүнгөн базардын чытырман чычырканак токоюна сайраганы кирип кетишкен. Баары ошондой, композиторлордун бири да опера үчүн музыка жазбай калышкан. Классикалык искусство өлбөйт деп жанагы ызы-чууну унчукпай карап отура беребизби?

– А сен эмне кылайын дейсиң?

– Айа, эгер сен азыр Кызкайыпты ырдаганга чын дилиңден макул болсо ң, анда мен жолду жөн эле бульдозёрдой тазалайм. Аягына чыгамын. Бул боюнча композитор Аблаев менен макулдашуу болгонун билесиң. Ал ишти күтүп отурат. Либреттону өзүм жазамын. Ал биз менен жолугат, барганда сүйлөшөбүз.

– Макул. Көрөлү, адегенде либреттону бүтүрчү, менин либретто жазгычым! Кеттик…

Хайдельбергдин эски сейилбагын түн ортосу кучактап уктап жаткан кез. Арсен Саманчин Айдана Самарованы колтуктап алып, мейманкананы көздөй келе жатат, а бирок дагы эле жанагылар жөнүндөгү сөзү бүтө элек. Жадагалса ал жомок жатканда да бүткөн жок, ал экөөнүн шыбышы уктаган түндү түрткүлөп турду. Күн турмушу башталса Москвага, андан өз жерине учушмак.

Ошондогудай жолугушуу андан кийин эч бир жерде болгон жок. Кудайдын бир бергени экен, ошол Хайдельбергдеги тагдыр тартуулаган эстен чыкыс күндөр менен кайрылгыс болгон түндөр ал экөөнүн сүйүүсүнүн кыл чокусу болуптур, а Арсен Саманчин муну о кийин гана түшүндү. Деги эмнеси болсо да күнү күлүп, түнү сүйгөн ал мезгил ага олуттуу ой жүгүртүүлөрдү тартуулады, аны өзү да ошондой кабыл алчу, анткени алардын махабаты Хайдельбергге, дал немис романтизминин борборуна жетти, жашоо-турмуштун өз нугунан улам кайра жаңырып, улам кайра ишеним арттырып, бу дүйнөнүн кайсыл бир керемет бурчунда сүйүү кумарынан жаралган дене-бой эрип бараткан кездеги бирин бири эңсеп каалашынан улам бир дене жана бир жүрөк болгон, жандары ажырашпас абалга жетип, анан бири-бирине куюлушуп биригип кеткен учурлары үчүн жана да «Кызкайып» идея-ачылышынын өзү үчүн алар мурдагыдан огобетер жакын, мурдагыдан огобетер ажырабас, түбөлүк өлбөстөй болуп кетишкен. Балким, ушул эки жан бир сүйүүгө биротоло айланган жагымдуу күндөрдөн уламдыр, күнүмдүк убайым-санаа дегендер таптакыр унутулуп, ал тургай алмадай баштан алтын казган арманы болгон алганы менен ажырашкан учуру, соттон-сотко барып чырдашкан кездер, башына май кайнаган мезгилдер, айтор, кайырчынын тагдырындай кыйын кезеңдер көңүлдөн учуп кеткендей болду. Ал анткени ушунун баары анын да, Айдананын да өткөн тагдыр-турмушуна таандык болчу. Ошону айтсаң, Айдана да кезинде керилген келин болгон, а бирок жазылганы ушу экен, артисттердин арасында эрен-төрөн көрүнбөгөндөй, тез эле ажырашып кеткен. Мына эми, тагдыр ал экөөнү жүз жылдан мурун салынган бу Хайдельберг шаарынын сейилбагына алып келген соң, алар энеден башка өбө элек, энеден башканын колу тие элек таптаза периштелер болуп калышты да, ал – Кудай, тигиниси болсо аял Кудай, а анан бул экөөнө жер көтөргүс тагдыры бар Кызкайып келди…

Хайдельбергдин сейилбагында ушундай унуткус иш болгон.

Кыялдан кызык, оттон ысык ал күндөрдөн кийин баары башкача болуп кетти…

Тагдыр деген тагдыр да, ал буйруган эмес экен. Адегенде сүйүү бейишин сүйлөшүп жүрүштү, кийин куру кыял болуп калган «Кызкайыптын» көйгөйлөрүн кээде талкуулап жүрүштү, телефон чалышып турушчу. Анан эле бүт бардыгы сел алгандай жок болду, тигиниси теледен түшпөй тескери басып, «Лимузин» менен кете берди. Ошол «Лимузиндин» акчасы канча болду экен?.. А бирок аны ошол үчүн айыптоого болобу?.. Ким эле азыр акчадан качып жатыптыр, мындай атагын айга жеткирген шоу-бизнести тебелеп кеткенди кесир урбайбы. Ал тигил Эрташ Курчал менен контракт түзгөн болуу керек? Анткенге укугу бар, укугу бар! Эми сен, чириген байларга каршы күрөшөр багы жок байкуш, эмне дейсиң? Жазымыш эткенден башка эмнең бар? Аны чыгарса чыгат, болбосо жок, басма сөзүң да байлардын колунда. Ушундай кастыкка түшүп, ичи тардыкка жеткени үчүн Арсен Саманчин өзүн өзү жеп ийчүдөй жек көрүп ийди. Эми эмне кылат? Басар жолу, барар жери калбады. Ушул жерге казык кагып, өзүн байлап салса болмок. Антер түрү жок, кимдир бирөө күч атасын тааныбайт деп койгон да. Мына, массалык маданият аны, кыялкеч идеалистти ташка бастырып салды… Ал эми Эрташ Курчал болсо Кудайлардын күч-кубаттуу Кудайы болуп чыкты, ресторандары, эстрадалары, стадиондору канча, рекламалары менен телеканалдарын айтпа, айтор, анда не кааласаң баары бар, баарына мыйзамдуу кожоюн, жанагы жаналгычтын жанын сууруган массалык маданият дегендин аска уратар толкунун ошол күйдүргү баштаган, ошол үчүн ал Арсен Саманчинди «Кызкайыбы» менен кошо ышпалдасын чыгарып, ишке ашпаган ойлордун артына тыгып таштаган.

Кийин ошо Кудай урган Эрташ Курчалды өлтүрүү жөнүндөгү коркуну чтуу ойлорунун таасири кайра өзүн капылет жерден бушайманга салды. Ошентсе да, ал эми жанагыл кайра жангыс өч алам деген дил-оюнан кайтпай, ой-дарты өлтүрөмгө гана байланып калган шоруң каткыр кантип дегенге келгенде, өзүнүн бир бечара экенин сезип, анан ушундан улам жогорудагыдай беймаза кыжырданууга алдырып ийдиби, айтор, бир кыйнаган өксүк алкымдан муунтуп, акыры ал өзүн баягы эле бир обон менен капканга чаптырып салды. Тагдырбы? Аны ким билсин! Баарыдан да баягы Хайдельбергде, сүйүүгө балкып, бакытка чалкып жүргөндө жаралган бир укмуш романтикалык идеялары акыры минтип түз эле аны киши өлтүрөм деген өжөрлүккө чынжырлап саларын, эски журтта жулунбай калган казыктай кылып коёрун кара көзү кашайгыр а кезде кайдан билиптир. Деген менен ошол азапка түшүп, жан кыйналган күндөрү деле кээде дили агара түшчү, ошондо Айдана Самарованы Кызкайыптан кечирим суроого көндүрүп, улуу тоолорго барып от жагып, баягы Хайдельбергдеги бүдүрү жок кыял үчүн ырайым кылып кой деп буркураганын жазып коюш керек деген тексиз ойлор эмнегедир аны кызыктыра берчү, а бирок Айасына телефон чалып, ала албай койду. Балким, анысы аны жарыла каткырып, шылдыңдамак, акылын таптакыр жоготуптур демек. Мүмкүн жазып-тайып аны менен Айа да тоого барып калса, Кызкайыптын арбагына чөгөлөп табынып, тигинин көзүнчө асманды күбөгө чакырам деп кыялданчу, сүйүүнүн тагдыр тартуулаган түбөлүктүүлүгүнөн баш тартууга эч кандай себеп болбошу керек (дагы чексиз философияңа, түпсүз космосуңа кетти ң), анткени сүйүү деген сүйүшкөндөрдүн түбөлүктүүлүктүн дагы түбөлүктүүлүгүн көздөй кеткен эки адамдын бириккен жолу, ошондуктан түбөлүктүүлүктү талкалоо ай-ааламдагы жашоонун өзүн жараткан Теңирди тааныбагандык болуп саналат. Чын-чынында сүйүүнүн бороон-чапкынын да ал жараткан, бу жарыкчылыктагы жашоону улантуунун түбөлүк күчү да мына ошондо. Ошондуктан сүйүүнү өлбөстүккө карай умтулуу дейбиз, а адамдар болсо ошо Кудай берген чыйыр менен кете берет, а кандай кетет, жолу кандай болот, ал өзүнчө кеп.

Мунун баарын бирөө укса кайрадан шылдыңдап күлмөк. Деги мындай ойлордун кимге кереги бар эле. «Голливудчулук», ооба, ошо менен айыкпас болуп, ооруган Айдана жөнүндө Эрташ Курчал фильм тартам деп жаткан имиш, тартсын, а бирок ал шоу-бизнестин жылдызымын деген неме кайдагы бир тоолордо арбактарга жалынып, Кызкайыпты күтүп, акча сапырар убактысын бекер кетирмек беле? Күлө турган киши жок.

Ошентип, эртеңден үмүт калбады.

Бул туурасында тагдыр баягы эстен чыккыс «Евразия» ресторанында эле ага өзү жөнүндө тапатак жана ачык-айкын түшүндүргөн. Ооба, ал иш астын-үстүн болду да, калды. Ушуга курал менен жооп берүү муктаждыгы чыкты, а аны болсо кандай да болсо табыш керек, башка жол жок. А бирок аны кайдан жана кантип табат? Көрдөн кайра тургузар көйгөй ишиң мына ушул! Эмне үчүн бул жашоо туңгуюктан туңгуюк болуп баратат? Башка эч нерсе калбады, непадам өлүп баратсаң акыркы сөзүңдү гана айтуу калды.

Ооба, бул түн Арсен Саманчиндин түгөнбөс түйшүк азабына салган, өзү менен өзүн кармаштырган узун түн болду. Бут тарталбай уктап жаткан беш кабат үйдүн короосун караган терезесинин жарыгы жалгызсырап да, жалдырап да күйгөн өз квартирасында киши өлтүрүүгө кадам таштабагын, эгер андай болсо эле анын артынан өзүн өзү жок кылуу болорун айтып, өзүнө өзү сот болуп жатты. Кек сактаган карасанатайлыктын акыры кылмыш менен бүтөрүн өзүнө айтып жатты, а бирок дил-ою менен азабоюн бийлеп алган өч алам өртүн ал эмнегедир баса алган жок. Кайрадан көгөргөн намыска алдырып ийди да, кайрадан кутултпас курал табуу керекке түштү. Аны кайдан аласың? Мындан башка кылар иши калбады.

* * *

Ошол түнү жолу оңолбос Жаабарс бийик ашуунун этегинде убайымга ууланып турду. Ал аймакта жалгыз гана ушунун көзү илинген жок. Бул дагы Кудай куткарбас санаага батып, ындыны өчүп, капага чөктү. Айласы кеткен кезде, не кыларын биле албай көк көргөзбөй жайнаган жылдыздарга карап улуду. Эмнегедир ал жер үстүнөн үмүт үзүп, жылдыздарга кеткиси келди, анткени алар кыштыр-жайдыр бири-бири менен жанаша жанат, бирин бири жек көрүп кууп жиберишпейт.

* * *

Ушу маалда Арсен Саманчин да ошо Жаабарс көргөн жылдыздарды карап турду. Анын да ошо жакка кеткиси, эч качан эч нерсе ойлобой жашагысы келди…

Ойлонбой коюуга мүмкүн эмес экен, кайрадан ойлонду, ойлонгондо да тапанча жөнүндө, аны бир тууган агасы Ардак Саманчинге айтып, таптырып алса болобу деп ойлонду. Анын соода тармагындагылар менен байланышы жакшы, тааныштары да көп. Мурда врач-терапевт эле, азыр ит багат, Орто Азия тукумундагы овчаркаларын кармайт, Европага, көбүнчө Германияга сатат. Кардарлары кара таандай көп. Иттерине документ камдаганды билет, анан ошолордун акчасы менен жашайт. Бир кыз, эки уулу бар, үчөө тең мектепте окуйт, аялы Гүлнара башта медсестра эле, азыр күйөөсүнүн жардамчысы. Айтор, булар базардын көзүн жаңылбай таап кетишти. «Иттердин аркасы менен көнүшүп калдым», – деп калат Ардак тамаша-чыны аралаш. Шаар четинде короосу менен үйү бар, ит баккан жайы да ошерде. «Жигулиси» турат.

Ардак түз жүргөн, бирөөгө жамандык санабаган, мээнеткеч, көп окуган адам. Болгону тигил Туюк-Жардагы туугандары ушунчадан ит бакканы эмнеси, ал үчүн мына биз уят болуп жатабыз дешет, айтор, анын бизнесин жактырышпайт. Жогорку билимдүү врач болсо, диплому чөнтөгүндө турса, анан мунун көрүнгөн жерде ит сатканы эмнеси деп нааразы болушат. Айрыкча буга айылдагы Кадича эжеси туталана намыстана берет да, Ардактын иши жөнүндө кеп башталса эле чыдабай кетет. Чын-чынында ит сатат деген сөз айылдагылардын көбүн айраң калтырат. Мындайды бир да жолу көргөн-уккан эмесмин, короосу толо ит, кааласаң тандап ала бер, койдой эле багат экен, эми мышыктарды, анан келемиштерди багып сатабыз деп калышат анын үйүнө барып келгендер. Чын, бул айылдагыларды жака кармата турган иш. Ушундан улам айылда уу-дуу кеп, а Ардак болсо аларга түшүнөт, чыдайт, ошол үчүн айылга кемде-кем барат, болбосо жок.

Агасы катары Арсендин бой жүргөнүн жактырбайт, сөз удулу келгенде канчага чейин жалгыз жүрө бересиң, тезирээк үйлөнбөйсүңбү деп калат. Ылайыктуу кыз-келин шаарда эле эмес, айылда да толтура. Болуптур, өткөн өттү, кеткен кетти, алдың, ажыраштың, анан эми өмүр бою эле аялы жок жалгыз жүрө бересиңби? Билем, сен европалыктардай ой жүгүртөсүң, алардын тилдерин да билесиң, элге белгилүү журналистсиң, көз карандысызсың, бардык жер чакырып турат, тапканың өзүңө деги жетет, кежиринен кетпеген кечил болбогондон кийин үйлөнүш керек, жалгыз бойдун өксүгүн өлүмдөн башка эч нерсе толтура албайт деп калчу.

Бул жагы ушундай, а куралга келгенде иш кыйынына оойт, эмне үчүн тапанча керек, аны сен эмне кыласың, кимди атасың деп такып сурашы бышык. Врач дегендериң так, тыкан болот эмеспи, бул да ошондой, кээде эле ичип койгону болбосо прокурор мүнөз, анан ушундай зарыгып турган кезде андан бир нерсе чыгат дейсиңби?.. Кокус бир нерседен шекшип калса, анда иштин бүткөнү.

Түн жарымынан ооп калган кезде ушуларды ойлонду. Аны болсо терезеден асмандагы жылдыздар карап турду. Жайындасы жылдыздар көбөйүп кеткендей көрүнөт. Ушулардай жарык чачып, көйгөйүң жок жашасаң, аттиң…

 Которгон: Самсак Станалиев