Четверг, Декабря 14, 2017

Геофактын 1-курс студенттери «Kyrgyz-2017» флешмобуна катышып келишти

2017-жылдын 1-декабрында_география ,экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттери окутуучу Байсеитова Махабат менен_биргеликте_«Бишкек паркта» өтүп жаткан_«Kyrgyz-2017» флешмобуна катышып келишти.

«Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында өтүп жаткан бул иш-чаранын максаты - кыргыздын салттуу кийимдерин, музыкасын жана билимдерин кайра жаратуу, түп нүскасын көрсөтүү, сактап калуу жана дүйнө элине даӊазалоо.

Флешмобду уюштуруучулардын бири, «Мин Кыял» коомдук фондунун_жетекчиси_Айдай Асангулова КУУнун студенттерине салттуу кийим боюнча толук маалымат берди.

Студенттердин айтымында флешмоб эӊ жогорку деӊгээлде өттү. - Бир аз болсо да өз ата-бабаларыбыздын жашоо турмушун көрө алдык жана ушул иш-чарага катышканыбызга кубанып жатабыз, - деп жыйынтыкташты студенттер.

01

02

Байсеитова М.Р. - факультетитин окутуучусу