Четверг, Декабря 14, 2017

КУУда "Коррупцияга каршы демилгелер" жумалыгы башталды

00

2017-жылдын 4-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Сен таза болсоң, мен таза болсом - коом да таза болот» деген ураандын астында_"Коррупциянын алдын алуу жана андан арылуу" деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

КУУдагы "Коррупцияга каршы демилгелер" жумалыгынын алкагында педагогика факультети менен юридикалык колледж тарабынан уюштурулган иш-чараны_педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова ачып, КУУнун ректору Канат Садыковго сөз кезегин берди.

Ректор 9-декабрда белгиленүүчү "Коррупция_менен күрөшүүнүн эл аралык күнүн" утурлай өтүп жаткан бул иш-чара Улуттук университеттин жамаатынын, студенттеринин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча позициясын так жана ачык билдирүү максатында өткөрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, биздин коомду артка тартып, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө чоӊ зыян келтирип жаткан коррупциялык көрүнүштөр азыркы учурда деле толук жоюла элек.

- Педагогикалык кадрларды, о.э. келечекте биздин коомубузда мыйзамдуулукту сактоо үчүн иштеп бере турган_адистерди даярдап бере турган мекеме аталып жатканыбызга байланыштуу, биз бул маселеге өзгөчө маани беришибиз керек, - деп сөзүн улантты Канат Садыков. - Биздин юридикалык колледж менен педагогика факультетинин "Коррупцияга каршы демилгелер" жумалыгынын алкагында биринчи болуп тегерек стол өткөрүп жатканы – абдан символикалуу көрүнүш. Анткени, биздин окутуучулар "педагогдор өз ишинде эч качан коррупцияга жолобой, ага каршы турат" деген көз карашын ачык билдирип, жаӊы муунду ушул багытта тарбиялаш керек. Колледждин студенттеринин да бул иш-чарага көӊүл буруп жатканы абдан маанилүү.

- Улуттук университетте коррупцияга каршы теориялык эле иш-чаралар эмес, терс көрүнүштөрдү окуу процессинен алыстатууга багытталган практикалык иштер да жасалууда:

Биринчиден, биз башка окуу жайларындай эле_“Таза коом” программасынын алкагында окуу процессин электрондук башкаруу жана көзөмөлдөө иретинде AVN системасын киргизүү үчүн тендер өткөрүп, жаӊы техникалык каражаттарды жакында коё баштайбыз. Ал системаны толук киргизүү жана_колдонуу менен бизде коррупциянын_алдын алуу жана жоюу боюнча бир топ иш-чаралар алдыга жылып, бул терс көрүнүштөн_арылабыз деген ойдомун. Эмки окуу жылынан баштап AVN_системасына толугу менен_өтүүнү белгилеп жатабыз.

Экинчиден, биздин сайтта 2 документ талкууга коюлган:

Документтерди талкуулоодо_сиздерден активдүүлүк азыраак болуп жатат._Бул эки документ бири-бири менен абдан тыгыз байланышта. Ал жерде "корупциялык көрүнүштөр педагогикалык этикага туура келбейт" жана "академиялык тазалыкты бузган студенттер өздөрү дагы жаза тартат (окуудан чыгарууга чейин)" деген жоболор так көрсөтүлгөн. Талкуудан кийин, ал документ сиздердин макулдугуңуздар менен кабыл алынып, баарыңыздар кол коюп туруп, ошодон кийин биз аны ишке ашыра баштайбыз.

Бул 2 кадам - окуу процессине тиешелүү, коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалануу үчүн жасалып жаткан иштер.

Сөзүнүн соңунда ректор бул маселелерге тегерек столдо жасалчу баяндама, докладдарда да көӊүл бурулаарына терең ишенээрин билдирип, азыркы учурдагыгы эң негизги милдетке токтолду. - Биздин эӊ негизги азыркы милдетибиз, - деп белгиледи Канат Садыков, - коомчулукка_"Улуттук университет жаңы деӊгээлге чыкты, коррупция менен чындап күрөшүп жатат" деген сөздөрдү жайылтуу. - Бул максат ишке ашса, биздин университет "Жогорку окуу жайлардын флагманы" деген статуска кайрадан ээ болуп, өзүбүздүн миссиябызды коом алдында жакшы аткарабыз деген ойдомун, - деп сөзүн жыйынтыктады КУУнун ректору.

Жогорку Кеңештин өкүлү_Канат Мидин уулу коррупция маселеси жогорку окуу жайларында эле эмес, бардык мамлекеттик органдарда көйгөйлүү маселе болуп турганын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Коррупцияга болгон көз карашта биз, өзгөчө жаштар, дайыма "Мамлекетибизде эч кандай жылыш жок, өзгөрүү жок. Кыргызстанда окуу жайын бүткөндөн кийин башка мамлекеттерге кетип калыш керек" деген ойдо. Менимче, бул туура эмес. Анткени жыл сайын өзгөрүүлөр болуп, коррупцияга каршы иштер жүрүп жатат. Экс-президентибиз Алмазбек Шаршенович, азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович, премьер министрибиз Сапар Джумакадырович бул багытта жакшы иштерди баштап, иштеп жатышат.

- Коррупция менен күрөшүүдө бири-бири менен тыгыз байланышкан 2 маселе бар. Биринчиси – бул баалуулуктар маселеси. Биз эмнени жакшы дейбиз, эмнени жаман дейбиз. Эгерде биздин коомубузда коррупция аркылуу чоӊ байлык топтоп, ошол аркылуу сасатка аралашып, ошол аркылуу депутат болгон адам жаштар тарабынан "ийгиликтүү модель" катары кабыл алынып, жаштар ошого умтулса – биз эч качан өнүкпөйбүз. Эгерде биздин жаштар өзүнүн кесипкөйлүгү, өзүнүн чынчылдыгы менен чоӊ кызматка барган адамдарды үлгү тутса, анда бара-бара бул терс көрүнүштөн арылып, эеӊип чыгабыз.

- Коррупцияны жараткан – бул шарт. Эгерде мамлекеттик кызматкерлердин, агайларыбыздын айлык маяналары күнүмдүк турмушка жетиштүү деӊгээлде болбосо, анда коррупция менен кантип күрөшөбүз?! Шарттарды өзгөртмөйүн коррупция менен эффективдүү күрөшө албайбыз, натыйжа болбойт. Мамлекеттик кызматкерлерге, агайларга катуу талап коюш да кыйын. Ошондой шарттарда иштеп жатканыңыздарга биз чоӊ ыраазы болушубуз керек.

- Азыр 4-өндүрүштүк революция жүрүп, дүйнө жүзүндө өнүгүү болуп, жаңы технологиялар дүркүрөп өсүп атат. Эгерде биз ошодон артта калбай, “3-дүйнө өлкөлөрүнүн" катарынан чыгып, өнүгүп аткан мамлекеттердин катарына киребиз десек, коррупция маселесин чечишибиз керек. Ушундай тегерек столдорду уюштуруп, үгүт иштерин жүргүзүп, баалуулуктар маселесине көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. "Көч бара-бара түзөлөт" дейт. Менимче, кудай_буйруса, бара-бара бул көрүнүштү жеӊип, өнүгүп аткан, күчтүү мамлекеттердин катарына кошулабыз.

Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өз ойлорун запастагы полковник Мелис_Дүйшембиев, ИИМ ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Муратбек_Абыкеев жана педагогикалык колледждин окутуучусу Айпери Бактыбекова, о.э. педагогикалык жана юридикалык колледждердин студенттери: Кабулбекова Кундуз, Исламова Чолпон, Турсуннияз кызы Наргиза, Бекжанов Султан, Шакирова Нуриса, Автандилов Аскар, Кемелова Сезим, Кирсанов Никита, Садырбекова Айдана, Орозалиева Таңчолпон, Кудайберген кызы Элизабеталар айтышты.

Тегерек столдун соңунда баяндамалар боюнча кызуу талкуу жүрүп, юридикалык колледждин башчысы Мураталы Соттимкулов тааныштырган_резолюция бир добуштан кабыл алынды.

press knu 2017

Материалы по теме:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

. .
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1324 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы студентов

  • Google 11.12.2017 01:13
    Салатсыздарбы! Мен ФИЯда 1-курсту бутуп, 2-курста Экзамен толук тапшырбай отчисления болгом кантип ...

    Подробнее...

     
  • Рысбек 09.12.2017 20:49
    Контракт толосом терминалдан чек чыккан жок. Созсуз чек болуш керекпи?

    Подробнее...

     
  • kimndsh 08.12.2017 17:49
    Здравствуйте! Когда начинается второй модуль. ДОТ

    Подробнее...

     
  • Мадина 08.12.2017 11:38
    У меня тоже такая же проблема, плюс еще когда свет отключили и обратно когда дали я уже не смогла ...

    Подробнее...

     
  • Аяна 07.12.2017 09:33
    Урматтуу ректор!!! журналистика факультетине конул бурулбай калды,азыр 8-корпуска которулдук ал ...

    Подробнее...

     
  • Айгерим 03.12.2017 18:05
    Саламатсыздарбы ? 1 модуль канчасына чейин тапшырып бутуш керек...

    Подробнее...

Вопросы абитуриентов

  • Модератор 13.12.2017 13:49
    1) Болот 2) Бюджет жок 3) Сиздин арыз, сынак китепчесинин көчүрмөсү, паспорт. Нет, деньги не ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 24.10.2017 09:30
    Как ответили в отделе магистратуры, не можете. Есть, например, кыргызско-китай ский факультет. Можете.

    Подробнее...

     
  • Азамат 23.10.2017 10:49
    Здравствуйте. Объясните, пожалуйста. В "Правила приема в КНУ" в пункте 5.13 сказано:"Вне конкурса при ...

    Подробнее...

     
  • Anvarov 11.10.2017 11:00
    Когда я поступала, в приемной комиссии мне сказали, что есть дистанционная форма обучения, я выбрала ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 11.10.2017 09:22
    Что вы имеете ввиду под "когда начнутся занятия?". По дистанционной технологии весь учебный процесс ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • ОПВДОО 15.11.2017 17:04
    Диплом бакалавра это базовое высшее образование.

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 15.11.2017 16:53
    Анара , здравствуйте, задайте Ваши вопросы в рубрику "Абитуриент"

    Подробнее...

     
  • Анара 24.10.2017 10:23
    Добрый день, меня зовут Анара. Я бы хотела задать вам вопрос. Я закончила бакалавриат в 2016 году ...

    Подробнее...

     
  • Лариса 22.10.2017 00:34
    Саламатсыздарбы . Мен 2009 жылы математика факультетинин бюджет болумун бутком. Эми мектепке кирип ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 16.10.2017 23:19
    Здравствуйте! Я учусь на 1-курсе ККФ. Хочу перевестись в другой факультет. Возможно ли это ?

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Буркия 14.12.2017 16:00
    Саламатсыздарбы . Студенттер сабактардын айырмасын тапшыруу учун ар бир предметке акча толошот экен.

    Подробнее...

     
  • Динара 08.11.2017 23:26
    Когда преподаватели начнут получать нормальную достойную зарплату.Экс-ре ктор Ч.Адамкулова 2раза ...

    Подробнее...

     
  • Аслан 27.10.2017 20:41
    Здравствуйте,хо тел написать о новых правилах на модулях. Мы с одногруппникам ни разу не пропускали занятие ...

    Подробнее...

     
  • knu 22.10.2017 15:29
    Сколько можно ныть и скафнить. Этот ни тот , эта ни та.Соскучились по временам, когда жили как сыр в ...

    Подробнее...

     
  • Patriot 22.10.2017 15:20
    Непонятливый этот Касым. А где написано,что нельзя занимать должность зав.каф. если не соответствует ...

    Подробнее...