Суббота, Ноября 18, 2017

Осмонов Абдырай Осмонович - өмүрү өрнөк инсан

2017-жылдын 3-ноябрында география, экология жана туризм факультетинин жамааты КУУнун профессору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, көрүнүктүү окумуштуу жана педагог А.О.Осмоновдун 80 жылдык эскерүү юбилейин өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстандагы көрүнүктүү географтар, факультеттин жамааты жана Абдырай Осмоновичтин жакын адамдары катышышты.

А.О.Осмонов ишин КР Илимдер академиясынын бийик тоолуу физикалык-географиялык станциясында кенже илимий кызматкерден баштаган. Аспирантураны бүткөндөн кийин, университетте окутуучу, ага окутуучу, доцент жана профессор болуп эмгектенди. Ал 1969-1983-жылдары география факультетинин парторгу, 1983-1987-жылдары университеттин профсоюз комитетинин төрагасы, 1987-1998-жылдары СССР, КМШ өлкөлөрүнүн УМОсунун мүчөсү болуп иштеген.

Абдырай Осмонович 1979-1981-жылдары «Кургактыктын гидрологиясы жана метеорология», 1998-2006-жылдары «Физикалык география» кафедрасынын башчысы, 1987-1998-жылдары факультеттин деканы болуп иштеп, “экология”, “край таануу жана туризм” адистиктерин ачкан.

Ал 120 илимий макала, энциклопедияга 700 макала, 3 монография, студенттер үчүн 3, мектеп окуучулары үчүн 5 окуу китебин жазган. Абдырай Осмонович кɵп жылдар бою мугалим болуп иштеп жүрүп, көптөгөн географтарды тарбиялап, илимдин кандидаттарын чыгарды. Ал биринчилерден болуп чет өлкөлүк университеттер менен илимий байланышты түзгөн.

Профессор Осмонов Абдырай Осмоновичтин жаркын элеси, кылган эмгектери кесиптештеринин элесинде түбөлүккө сакталат.

01

02

03

04

05

06

07

08

09

Муханбет уулу Сыймык -_тарбия иштери боюнча_декандын орун басары