Суббота, Ноября 18, 2017

Кыргыз филологиясы факультетинин студенти эркин күрөш боюнча спорт чебери болду

Кыргыз филологиясы факультетинин студенти Нурлан кызы Бермет 29-октябрь күнү Ленин районунда болуп өткөн кыздар арсындагы эркин күрөш боюнча мелдеште 1-орунду багындырып, грамота, медаль алуу менен бирге_спорт чебери (мастер спорта) наамына ээ болду.

Бул ийгилиги учун факультеттин жалпы жамааты Нурлан кызы Берметти куттуктап, эки жылдан бери даярдап жүргөн машыктыруучусу Байсырахманов Ильяз агайга терең ыраазычылыгын айтат жана Берметтин дагы далай ийгиликтерди багындырып, кыргыздын желегин желбиреткен, элибиздин керегине жараган намыстуу кыздардан болушуна тилектеш экендигин билдирет.

01

02

03

04

press knu 2017