Суббота, Ноября 18, 2017

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Бишкектеги карылар үйүнө барып келишти

2017-жылдын 26-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери «БМК» фирмасынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жалпы типтеги социалдык мекемеге барып келишти.

Студенттер ал жерге азык-түлүк продуктыларын эле жеткиришип тим болбой, имараттын айланасын акыр-чикирден да тазалашып, карылардын батасын алышты.

Факультеттин жаштар комитети 12 миӊ сомдук азык-түлүк продуктыларын алууга демөөрчүлүк кылган «БМК» фирмасынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирет.

02

03

04

05

06

07

Альбина Жалыева – жаштар комитетинин мүчөсү