Вторник, Октября 24, 2017

МжМБ факультетинин студенттери Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүштү

2017-жылдын 22-сентябрында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курсунун студенттери Мамлекеттик тил күнүнө карата_майрамдык кече өткөрүштү._Факультет деканы Базакеева Кундуз жана профессор Искаков Издевалды агай студенттерди кыргыз тилин сыйлап, кыргызча сүйлөөө үндөштү. Кечеде студенттер өз таланттарын көрсөтүп, кыргыз тилиндеги ырларды көркөм_окушту, обондуу ырларды ырдашты жана Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Бейшенбеков Аман - студенттер кеңешинин төрагасы