Вторник, Октября 24, 2017

ККДжКЖ факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

2017-жылдын 22-сентябрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил – ар бир элдин казынасы, байлыгы» аттуу майрамдык_иш-чара өткөрүлдү.

Мамлекеттик гимн ойнолуп бүткөн соң, факультет деканы Алайбек Шамшиев окутуучулар жамаатын, маалыматтар-технологиялар колледжинин жана гимназиянын билим дилгирлерин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, “Кыргыз тилибизди жерге таштабай, аны барктап, тилибиз менен сыймыктанып жүрөлү" деген каалоо-тилектерин айтты жана “Жашасын кыргыз тили” деген ураан таштады.

Кыргыз тили жана адабияты сабактарынан берген окутуучулар жана окучуулар тарабынан даярдалган майрамдык концерт кыргыз элинин океандай чалкыган, улуу мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, улуттук бий, комуз күү,_патриоттук ырлар менен уланды. Концерттин жүрүшүндө студенттер о.э. кыргыздын каада-салттарынан бир үзүм көрсөтүштү.

Факультеттеги салтанат “Улут болсом - тилим менен улутмун, Улук болсом- тилим менен улукмун” деп эне тилди даңазалаган мукамдуу ыр менен жыйынтыкталды.

Уюштуруучулардын айтымында, концерттик программа катышуучулардын жана эмгек жамаатынын купулуна толду.

press knu 2017