Воскресенье, Июля 23, 2017

КУУ жана СПУнун Башкаруу кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү

02017-жылдын 5-июлунда ректораттын жыйындар залында Кыргыз улуттук университетинин жана_Синьцзян педагогикалык университетинин Башкаруу кеңешинин кезексиз отуруму болуп, жыйында КУУнун алдындагы_Конфуций институтунун мындан ары өнүгүү стратегиясы жана эки университеттин эл аралык кызматташуусунун келечеги жана проблемалары талкууланды.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча КУУнун ректору Канат Садыков чыгып сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Улуттук_университет Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көч башы болуп саналат._Азыркы учурда биз КУУнун жаңы Өнүгүү стратегиясынын үстүндө иштеп жатабыз. Аны ишке ашыруу албетте кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен жүргүзүлөт, бирок Конфуций институту тарабынан да колдоого алынат деген ишеничтебиз. Биздин максат - инвестициялар аркылуу Улуттук университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо.

- Конфуций институтунун ишмердүүлүгү жогору. Ушул жылдын декабрь айында өтүүчү жыйында аткарылган иштер боюнча отчет берилип, жаңы пландар түзүлөт. Кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү багытында Кыргыз-кытай факультетинин алдында "Борбордук Азия элдеринин маданияттарын изилдөө боюнча институт" түзүү пландаштырылып жатат.

Ректор о.э. чет элден келген мугалимдердин жашоо-шартын жакшыртуу максатында Конфуций институту менен биргелешип жаңы имарат курууну сунуштады.

Синьцзян педагогикалык университетинин_партиялык уюмунун секретары У Вэнь У мырза кытай делегациясын жылуу тосуп алгандыгы үчүн Улуттук университеттин жетекчилерине ыраазычылык билдирип, делегациянын курамы менен тааныштырды жана жана СПУ тууралуу кыскача айтып берди. Анын айтымында, Синьцзян педагогикалык университети 1978-жылы түзүлгөн. Окуу жайда 27 миң студент билим алат, анын ичинен 1000ге жакыны - чет элдин жарандары. Университетте 1 миң 800 окутуучу эмгектенип, алардын 500ү доцент жана профессорлор. Азыркы учурда СПУнун жаңы корпусу курулуп жатат. Ал жерде чоң “Манас” китепканасы түзүлмөкчү.

Эки университеттин ортосундагы эл аралык келишимдин аткарылышы тууралуу Синьцзян педагогикалык университетинин_эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Хэ Фэн мырза баяндама жасады. Анын айтымында, КУУнун алдындагы Конфуций институту Орто Азиядагы чоң институттарынын бири. Аны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

- Кыргыз-кытай факультетинин кытайтаануу жана котормо багыты боюча студенттеринин_Кытайдан окууга мүмкүнчүлүктөрү бар. О.э., эгер кыргыз-кытай факультети Конфуций институту менен бирге иш алып барса, анда бул факультеттин окутуучуларынын маянасын Конфуций институту тарабынан төлөнүү мүмкүнчүлүгү бар. Магистратура жана аспирантура боюнча стипендия алууга жардам көрсөтүлөт. Синьцзян педагогикалык университетинин Орто Азияны изилдөө институту КУУнун жаңы түзүлүүчү Борбордук Азия элдеринин маданияттарын изилдөө институту менен биргеликте иш алып барышы мүмкүн. Ханьбанга магистратурага тапшырган кыргыз студенттери окусун бүткөндөн кийин ККФте иштесе, айлык маянасы Ханьбан тарабынан камсыздалат. Айлык акы 600-700 доллар болуп, 5 жылга чейин төлөнөт. Бул сумма КУУ тарапка которулуп, университет тарабынана мугалимдерге төлөнөт, - деп сөзүн улантты Хэ Фэн_мырза.

Синьцзян педагогикалык университетинин “Манас” изилдөө борборунун башчысы профессор Мамбеттурду_Мамбетакун төмөндөгүлөгө токтолду:

- 2011-жылы СПУда Кыргыз филологиясы бөлүмү ачылган. КУУ менен түзүлгөн келишимдин негизинде Улуттук университеттин_кыргыз филологиясы факультетинин студенттери үч жолу Кытайда диалектологиялык жана фольклордук практикада болуп келишти. 2012-жылы “Манас” изилдөө борбору ачылды. “Манас” эпосу - кыргыз-кытай кызматташтыгынын көпүрөсү болуп саналат. Жогоруда У Вэнь У мырза айтып кеткен “Манас” китепканасында “Манас” эпосу боюнча 20 миңден ашык_китептер коюлат.

Конфуций институтунун кытай тараптан директору Ма Лэй мырза төмөндөгү маселелерге токтолуп кетти:

1. “Бир жол - бир алкак” долбоору боюнча иштелүүчү пландар;

2. СПУ менен КУУнун ортосунда пикир алышууларды, кеңешүүлөрдү байма-бай өткөрүп туруу;

З. Эки эл ортосундагы маданият алмашуу.

Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Үмүт Култаева_КУУнун алдындагы Конфуций институтунун студенттери дүйнөгө кеңири таралган конкурстарда алдынкы орундарды багындырышканына, дүйнөлүк класска чыгып, Шанхай, Ханьбанда билим алышканына токтолуп, чечиле элек маселелер боюнча окуу аудиторияларынын жетишпегендигин белгилеп кетти.

КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Тиллебаев (Алахан):

- Синьцзян педагогикалык университетинин маданиятты өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы аябай жакшы. Жакында эле КУУда Ж.Мамайга арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш чарага Кытайдан 20дан ашык окумуштуу катышты._Сөзүнүн аягында Садык Алахан студенттерди алмашуу программасын кайра жандандырууну сунуштады.

Башкаруу кеңешинин кезексиз отурумунда Синьцянь педагогикалык университети жана Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташуу күчөтүлсүн деген чечим кабыл алынды.

Жыйынга катышкандар:

КУУ тарабынан:

  • К.Ж.Садыков - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
  • А.А.Осмоналиев - ректордун кеңешчиси;
  • С.А.Тиллебаев -_мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор;
  • Б.Т. Келдибеков - эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы;
  • Ү.Б. Култаева - Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору;

СПУ тарабынан:

  • У Вэнь У - Синьцзян педагогикалык университетинин партсекретары;
  • Хэ Фэн - эл аралык бөлүмдүн башчысы;
  • Мамбеттурду Мамбетакун - “Манас” изилдөө борборунун башчысы.
  • Ма Лэй - Конфуций институтунун кытай тарабынан директору.

press knu 2017

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 652 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы абитуриентов

  • Модератор 23.07.2017 13:01
    Сентябрдын 15-терине чейин тапшыра берсеңиз болот. 1 сентября, к 8:00 на факультет. "Линейка" - это ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.07.2017 09:17
    Жок, 50% төлөш керек. Вообще-то половину, но, если финансы позволяют, можно оплатить всю сумму. См.

    Подробнее...

     
  • Модератор 20.07.2017 12:28
    1) Всемирная история, иностранный язык 2) Без паспорта нельзя.

    Подробнее...

     
  • Модератор 19.07.2017 11:59
    1) Стоимость контракта см. здесь: www.knu.kg/.../ ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 18.07.2017 14:09
    Нет, половину контракта нужно оплатить в указанные сроки. Сроки см. здесь: www.knu.kg/.../ ...

    Подробнее...

Вопросы студентов

  • Адина 19.07.2017 18:55
    Здравствуйте. Я студентка 1 курса Кыргызско-Росси йского Славянского университета и хотела бы спросить ...

    Подробнее...

     
  • Asel 14.07.2017 17:17
    Какие документы нужны?и с кем мне можно связаться?

    Подробнее...

     
  • кенжебек 11.07.2017 20:57
    КНУнун лингвистика факлутетинин контрагы канча????

    Подробнее...

     
  • Нурадил 30.06.2017 08:49
    Здравствуйте учусь заочно не подскажете где находится архив для получения копии аттестата?

    Подробнее...

     
  • Adinai 28.06.2017 20:47
    Саламатсызбы! Мен КНУнун Чет тилдер факультетинин 1 курсун аяктадым, башка факультетке которулайын ...

    Подробнее...

     
  • Нигина 25.06.2017 17:31
    Добрый день, я хотела узнать, как перевестись с факультета на другой факультет? (Окончила 1 курс ФУиБ ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • Жылдыз 21.07.2017 16:26
    Саламатсыздарбы !Мен 2016-жылы КРАОнун Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин аяктап ...

    Подробнее...

     
  • Нурсулуу 18.07.2017 09:09
    В этом году я закончила 9класс. Хотела поступить Кыргызко Китайский колледж. Можно подробнее о колледжа?

    Подробнее...

     
  • ТАТЬЯНА 17.07.2017 16:34
    ДОБРЫЙ ДЕНЬ! ОКОНЧИЛА КГНУ В 2004 ГОДУ ФАКУЛЬТЕТ РУССКОЙ ФИЛОЛОГИИ.ЖИВУ СЕЙЧАС В Р Ф.НА КОРОЧКУ ДИПЛОМА ...

    Подробнее...

     
  • Бейшенбек кызы 14.07.2017 12:49
    Саламатсыздарбы ?Мен башка университеттен бакалавр программасын окудум.Экинчи жогорку билим алуу үчүн ...

    Подробнее...

     
  • Асель. 12.07.2017 14:13
    Здравствуйте, я Алиева Асель Акыбековна закончила 2016 году факультет экономический. В 2013 году когда ...

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Айжан 11.07.2017 15:05
    11-жатакананын ысык суусу 22-майда очурулгон ошол бойдон жок.Качан ысык суу берилет.

    Подробнее...

     
  • Айсад 05.06.2017 21:20
    С добрых и благородных дел начинается работа нашего ректора, это очень радует и вселяет надежду!

    Подробнее...

     
  • Alex 22.05.2017 13:33
    Полностью поддерживаю! Если к этому вопросу серьезно не отнестись, такие "профессионалы" могут ...

    Подробнее...

     
  • Динара 17.05.2017 21:54
    Арафат. это видео я не смотрела, но поднимать национальный вопрос не стоит. Просто обратись именно к ...

    Подробнее...

     
  • Арафат 15.05.2017 18:58
    . Уважаемое Руководство КНУ! В сети гуляет видео как один из ваших так называемых "профессиональн ых" ...

    Подробнее...

Информационные письма и объявления других вузов и организаций