Воскресенье, Июля 23, 2017

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыктары чыгарылды

002017-жылдын 12-июль күнү саат 14:00дө кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру соңуна чыкты. Аталган комиссиянын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков_ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы конференц-залда Улуттук университеттин гранттык комиссиясынын отуруму башталды.

Жыйындын башында Канат Садыков гранттык комиссиянын мүчөлөрү - факультеттердин декандарына кайрылып, Улуттук университетти өнүктүрүү боюнча факультеттерден сунуштар келип түшкөнүн кабарлап, эми аларды бир форматка келтирип, талапка жооп бергидей кылып кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлөөрүн, ал жумуш аяктагандан кийин, июль айынын соңунда, аталган документ толуктап, тактоо үчүн кайрадан декандарга таратылаарын билдирди.

Андан ары КУУнун ректору административдик-чарба иштери боюнча проректор Алымкул Токтомамбетовдун ооруп калгандыгына байланыштуу ал кызматты мөөнөттүү келишим боюнча Суранаев Туратбек аткарып тураарын кабарлады. Ректордун айтымында, Суранаев Туратбек окуу иштерин жакшы түшүнөт, өзү экономика илимдеринин доктору, кечээ жакында эле профессорлук дипломун алды.

Канат Садыков о.э. 5-июль күнү Конфуций институтунун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, көптөгөн маселелер чечилгенин жана алдыга пландар иштелип чыкканын, ал эми 24-27-июль күндөрү Шанхай танспорт университетинин делегациясы келип, ал жолугушууда да ири проекттер талкууланып, чечим кабыл алынаарын айтты.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов 1-турдун жыйынтыктары тууралуу маалымат даяр экенин билдиргенден кийин, факультет декандары тигил же бул багыттарга абитуриенттерден келип түшкөн талондордун жалпы саны жана категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат беришип, кабыл алуу планына ылайык аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын ректорго сунушташты.

"Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу турларынын графигине" ылайык гранттык комиссия тарабынан окууга кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 13-июль, саат 10:00гө чейин кабыл алуу комиссиясынын маалымат стенддерине илинет.

I турдун жыйынтыктары менен о.э. "Абитуриенттерди каттоо системасынан"_да таанышууга болот.

press knu 2017

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 653 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы абитуриентов

  • Модератор 23.07.2017 13:01
    Сентябрдын 15-терине чейин тапшыра берсеңиз болот. 1 сентября, к 8:00 на факультет. "Линейка" - это ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.07.2017 09:17
    Жок, 50% төлөш керек. Вообще-то половину, но, если финансы позволяют, можно оплатить всю сумму. См.

    Подробнее...

     
  • Модератор 20.07.2017 12:28
    1) Всемирная история, иностранный язык 2) Без паспорта нельзя.

    Подробнее...

     
  • Модератор 19.07.2017 11:59
    1) Стоимость контракта см. здесь: www.knu.kg/.../ ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 18.07.2017 14:09
    Нет, половину контракта нужно оплатить в указанные сроки. Сроки см. здесь: www.knu.kg/.../ ...

    Подробнее...

Вопросы студентов

  • Адина 19.07.2017 18:55
    Здравствуйте. Я студентка 1 курса Кыргызско-Росси йского Славянского университета и хотела бы спросить ...

    Подробнее...

     
  • Asel 14.07.2017 17:17
    Какие документы нужны?и с кем мне можно связаться?

    Подробнее...

     
  • кенжебек 11.07.2017 20:57
    КНУнун лингвистика факлутетинин контрагы канча????

    Подробнее...

     
  • Нурадил 30.06.2017 08:49
    Здравствуйте учусь заочно не подскажете где находится архив для получения копии аттестата?

    Подробнее...

     
  • Adinai 28.06.2017 20:47
    Саламатсызбы! Мен КНУнун Чет тилдер факультетинин 1 курсун аяктадым, башка факультетке которулайын ...

    Подробнее...

     
  • Нигина 25.06.2017 17:31
    Добрый день, я хотела узнать, как перевестись с факультета на другой факультет? (Окончила 1 курс ФУиБ ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • Жылдыз 21.07.2017 16:26
    Саламатсыздарбы !Мен 2016-жылы КРАОнун Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин аяктап ...

    Подробнее...

     
  • Нурсулуу 18.07.2017 09:09
    В этом году я закончила 9класс. Хотела поступить Кыргызко Китайский колледж. Можно подробнее о колледжа?

    Подробнее...

     
  • ТАТЬЯНА 17.07.2017 16:34
    ДОБРЫЙ ДЕНЬ! ОКОНЧИЛА КГНУ В 2004 ГОДУ ФАКУЛЬТЕТ РУССКОЙ ФИЛОЛОГИИ.ЖИВУ СЕЙЧАС В Р Ф.НА КОРОЧКУ ДИПЛОМА ...

    Подробнее...

     
  • Бейшенбек кызы 14.07.2017 12:49
    Саламатсыздарбы ?Мен башка университеттен бакалавр программасын окудум.Экинчи жогорку билим алуу үчүн ...

    Подробнее...

     
  • Асель. 12.07.2017 14:13
    Здравствуйте, я Алиева Асель Акыбековна закончила 2016 году факультет экономический. В 2013 году когда ...

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Айжан 11.07.2017 15:05
    11-жатакананын ысык суусу 22-майда очурулгон ошол бойдон жок.Качан ысык суу берилет.

    Подробнее...

     
  • Айсад 05.06.2017 21:20
    С добрых и благородных дел начинается работа нашего ректора, это очень радует и вселяет надежду!

    Подробнее...

     
  • Alex 22.05.2017 13:33
    Полностью поддерживаю! Если к этому вопросу серьезно не отнестись, такие "профессионалы" могут ...

    Подробнее...

     
  • Динара 17.05.2017 21:54
    Арафат. это видео я не смотрела, но поднимать национальный вопрос не стоит. Просто обратись именно к ...

    Подробнее...

     
  • Арафат 15.05.2017 18:58
    . Уважаемое Руководство КНУ! В сети гуляет видео как один из ваших так называемых "профессиональн ых" ...

    Подробнее...

Информационные письма и объявления других вузов и организаций