Четверг, Октября 19, 2017

КУУнун ректору Кыргызгидрометтин директорун кабыл алды

002017-жылдын 16-июнунда КУУнун ректору Канат Садыков_Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (Кыргызгидрометтин) директору Зарылбек_Итибаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Улутттук университет менен Кыргызгидрометтин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Зарылбек_Итибаев Канат Садыковду ректорлук кызматка дайындалышы менен куттуктап, андан ары өзү жетектеген агенттик тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, 2011-жылдан бери Кыргызгидрометке өкмөт тарабынан жакшы көңүл бурула баштады. Мисалы, мурда башкармалык болсо, азыр агенттик болуп, статусу жогорулады. Донорлор тарабынан 6 млн. доллар бөлүнүп, заманбап техника, шаймандар сатып алынды.

- Эгер 2011-жылга чейин биздин атыбыз, жөнөкөй айтканда, "Эртең жамгыр жаайт, жаабайт" болсо, азыр Боробордук Азия менен Казакстандагы ири, чоң тармак болуп, кызматкерлердин тамак-ашына, электр жарыгына_акча төлөп,_кышкы отун, көмүрүн алып берген Кыргызстандагы жалгыз ишкана болуп калдык. Буйруса, радар алайлы деп турабыз. Анын жардамы менен асманда учуп бараткан чымчыктын канча жолу канат какканын билсе болот, - деп сөзүн улантты Кыргызгидрометтин жетекчиси.

Бүгүнкү жолугушуунун максатына токтолуп, Зарылбек Итибаев_Кыргызгидрометте соңку мезгилдерде заманбап техника менен шаймандарды иштете ала турган жогорку квалификациялуу, билимдүү кадрлардын жетишсиздиги байкалып жатканын билдирди. - Бул маселени чечүү үчүн биз Улутттук университет менен кызматташууну чечтик. Сиздердин теория менен биздин практика дал келип, мыкты адистерди даярдап, алар кийин бизге жумушка орношуп, маалыматтык технологиялардын жардамы менен_так прогноздорду,_шашылыш билдирүүлөрдү элге_өз убагында_таратып турсак - бизге ишенич пайда болот, - деп сөзүн жыйынтыктады_Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору.

Канат Садыков айтылган маалыматтар абдан пайдалуу болгонун белгилеп, маектешине_ыраазычылык билдирди. - Анткени, биз дагы учурда Улуттук университеттин өнүгүү стратегиясын түзүп жатабыз. Ошондуктан, сиз айткандар биз үчүн абдан пайдалуу. Биз эми окуу планын түзөөрдөн мурда жумуш берүүчүлөр менен кеңешели деп чечтик. Сиздер менен кызматташууга, жогорку билимдүү кадрларды даярдап берүүгө даярбыз, - деди Канат Садыков. Ректор о.э. сунушталып жаткан келишимди 1 жылга эмес, 3 жылга түзүү жана адистерди даярдоодо лабораторияларды чыңдоо максатка ылайык келээрин билдирди.

Зарылбек Итибаев келишимди 3 жылга түзүү боюнча ректордун пикирине макулдугун билдирип, ага "ар жылдын 1-айында келишимге өзгөртүүлөр киргизилет" деген пунктту кошууну сунуштады. Ал эми лабораториялар боюнча өз макулдугун ал "Студент окуган нерсесин кармап да көрүшү керек" деген сөз менен билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки жетекчи_Улутттук университет менен Кыргызгидрометтин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

press knu 2017

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1376 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы студентов

  • Асель 10.10.2017 18:51
    Добрый день! Сколько времени займёт восстановить зачетную книжку? Что нужно для этого? И куда ...

    Подробнее...

     
  • Аксель 10.10.2017 18:26
    Добрый день. Меня отчислили за академическую задолженность в 2013 году "юриспруденция" 6-курс, заочного ...

    Подробнее...

     
  • Эламан 10.10.2017 11:53
    Саламатсызбы? учурда ЫМУда окуйм 1курс 1курсту буткондо Ж.БАЛАСАГЫН ат. КНУга Которулсам болобу тарых ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 09.10.2017 09:58
    1. На курс выше могут посадить,если в случае с очного отделения на заочное переводятся.И то если ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 09.10.2017 09:55
    Доброе утро,Нурай! С первого и последнего курса не переводятся

    Подробнее...

     
  • Almaz 09.10.2017 09:32
    Здравствуйте, напишите пож-та когда на портале ДОТ закинут учебные материалы?

    Подробнее...

Вопросы абитуриентов

  • Урмат 18.10.2017 20:50
    где уточнить логин и пароль для дистационного обучения?

    Подробнее...

     
  • Алена 18.10.2017 20:05
    Здравствуйте. Могу ли я после бакалавриата поступить на второе высшее?

    Подробнее...

     
  • Nadira 16.10.2017 21:36
    Добрый вечер. У меня к вам такой вопрос. Есть ли такие факультеты где студент может учиться по обмену?) ...

    Подробнее...

     
  • Алена 14.10.2017 18:01
    Здравствуйте. Я поступила на религиоведа, могу ли я после бакалавра поступить на магистратуру ...

    Подробнее...

     
  • Anvarov 11.10.2017 11:00
    Когда я поступала, в приемной комиссии мне сказали, что есть дистанционная форма обучения, я выбрала ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • Айжан 16.10.2017 23:19
    Здравствуйте! Я учусь на 1-курсе ККФ. Хочу перевестись в другой факультет. Возможно ли это ?

    Подробнее...

     
  • Aiperi 16.10.2017 19:45
    Здравствуйте, я окончила ФИЯ в 2016 году на бюджете. Отрабатываю второй год в школе. Хотела узнать ...

    Подробнее...

     
  • the wind-up bird 10.10.2017 14:46
    Добрый день! В этом году заканчиваю учебу бакалавриата по специальности "финансы и кредит". Есть ...

    Подробнее...

     
  • Эльдар 06.10.2017 13:15
    1. В каком году внедрено обучение в магистратуре? 2. Возможно ли было обучение в магистратуре по ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 20.09.2017 11:56
    В отношении Вашего вопроса Вы можете обратиться в плановый отдел университета, там вам просчитают ...

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Kasym 17.10.2017 11:52
    Поздравляем всех с началом учебного года! Хотел бы также поздравить с грядущими выборами, однако… Что ...

    Подробнее...

     
  • Алан 10.10.2017 03:51
    Уважаемый ректор, пожалуйста обратите внимание на 6-ой корпус, а в частности на температуру в аудиториях ...

    Подробнее...

     
  • Преподаватель 23.09.2017 14:57
    Урматтуу ректор Садыков К.Ж. жана проректор Аманалиев У.О. Инфак дагы канчага чейин 2 сменада окуп ...

    Подробнее...

     
  • Tumar 23.09.2017 11:10
    Уважаемая Руководство, Конечно, очень большое дело - ввод в эксплуатацию Столовых в учебных и ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 11.07.2017 15:05
    11-жатакананын ысык суусу 22-майда очурулгон ошол бойдон жок.Качан ысык суу берилет.

    Подробнее...