Четверг, Октября 19, 2017

Садык Алахан: "Улуттук университет – улуттук билим берүүнүн уюткусу"

00Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын флагманы аталган башкы окуу жайыбыз - ооба, ким кандай кабыл албасын турмуш чындыгы ушундай! – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 85 жылдык мааракесин белгилегени олтурат.

Билгенге бул бир топ узак жол, далай оош-кыйыштарды баштан өткөргөн татаал жол. Ал эми ачылгандыгынын 25, 20, 10 жылдыгын белгилеп жатышкандардын жанында 85 (сексен беш) жылдык жол – бул өзгөчө жол, эл тарыхы менен өзөктөш, эл тагдыры менен тутумдаш өзгөчө тарых, өзгөчө тагдыр экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Учу-кыйырсыз мелтиреп жаткан мухит менен чалкыган деңиз, мелмилдеген көл, аларга келип куйган чоң-чоң дайралар да шылдырап аккан билектей мөл булактан башталат эмеспи. Табияттын мыйзамы ушундай – ар нерсенин уюткуланган башталышы бар, эч нерсе өзүнөн өзү пайда болбойт. Улуттук университетибиздин тарыхы да, тагдыры да ошондой мөл булактан башталды. Ал мөл булактын аты Кыргыз агартуу институту (Киргизский институт просвещения – Киринпрос) эле. Өкөбүздүн Борбордук архивин каза изилдеп олтуруп бул тууралуу өтө кызыктуу материалдарды таптык.

1924-жылдын октябрында жаңы доордогу мамлекеттүүлүгүбүз түптөлүп, РСФСРдын курамында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөнү баарыбызга белгилүү. Арадан эки гана ай өткөн соң келечек үчүн “каруусун казык, башын токмок” кылып иштеген аталарыбыз Ала-Тоо койнунда билим берүүнүн очогун курууну күн тартибиндеги кечиктирилгис маселе катары эсептешип, Агартуу институтун ачуу маселесин коюшат. Анда эмесе көз карегиндей сакталып калган документтер сүйлөсүн.

ПРОТОКОЛ № 2

Заседания_коллегии К.К.Областного Отдела Народного просвещения от 17 декабря 24 года.

Присутствовали: Токбаев, Арабаев, Бруй, Поливанов, Юдахин, Алиев.

Слушали: Об открытии К.К.Инпроса.

Постановили: $2. Просить Обл.Ревком в срочном порядке через представителей Ликвидкома оформить вопрос.

Зав.обл.отделом Нарпроса: Токбаев.

Скретарь: Росулев.

(Фонд № 647, Оп. № 1, Ед.хр. № 24, Л. 56.)

Кара-Кыргыз облустук Эл агартуу бөлүмүнүн коллегиясы арадан алты ай өткөн соң аткарылган иштердин жүрүшүн кароо менен Агартуу институту жөнүндөгү маселеге дагы бир ирет кайрылышат.

ПРОТОКОЛ_№ 5

Заседания коллегии Областного отдела Народного Просвещения К.К.А.О. от 30 мая 1925 г.

Присутствуют члены коллегии: тт. Бруй, Шептухин, Каримов, Баишев, Арабаев, Громова.

По приглашению: от Обкома РКП (б) – Айтматов.

Слушали: Об открытии Кара-Киргизс. Инпроса.

Постановили: Считать целесообразным открыть Инпрос в Пишпеке как в культурном и административном центре Кара-Киргизии и в местности наиболее благоприятной для здоровья кара-киргизской молодёжи.

В) Временное положение о Инпросе утвердить.

Ж) Установить, что основным контингентом слушателей в будущем Кара-Киринпросе, должны быть учащиеся подготовительных и первых основных групп Киринпроса в гор. Ташкенте и Алма-Ате педаг. Техникум.

Председатель: КАРИМОВ

Секретарь: ГИЛЕВИЧ

(Токтомдо кандай жазылса, ошондой берилди – С.А.)

(Фонд № 647, Оп. № 1, Ед.хр. № 24, Л. 88. 89.90..)

Агартуу институтунун убактылуу Жобосунун долбоорунда минтип жазылган:

“2. В существующих условиях национальный Инпрос является высшим учебным заведением Области…”

Бирок ушул эле Жобонун 5-пунктунан момундай тактоону окуйбуз:

“5. Учебные планы и программные требования теоретического и практического характера для Инпроса разрабатываются Советом Инпроса применительно к общим положениям, устанавлеваемым для педагогических техникумов РСФСР…”(Астыларын сызган биз – С.А.)

(Фонд № 647, Оп. № 1, Ед.хр. № 24, Л. 15. 15 об. 16.)

Демек, Агартуу институтун атайын орто билим берүүчү окуу жайы дегенибиз оң. Бул Жободо өзгөчө белгилеп кетчү дагы бир учур бар. 7-пунктка “Примечание 2-е” деп туруп минтип жазылган: “Все поступающие в Инпрос должны свободно владет родным языком, никакие другие ограничения не должны иметь места при приёме по национальному признаку.”

Мына ошентип, Кара-Кыргыз автоном облусунун облустук эл агартуу бөлүмү эки ирет карап, ар тараптан тактап чыккан соң Агартуу институтун ачуу маселеси эң жогорку деңгээлде (азыркы Жогорку Кеңештин деңгээлинде – С.А.) каралып, оң чечилгенин күбөлөйт тарыхый документтер.

ПРОТОКОЛ №29

Заседания Президиума Исполнительного Комитета Советов Киргизской Автономной Области РСФСР от 17-го июня 1925 года.

Присутствовали: члены Президиума тт. Уразбеков, Янгулатов,_Артыкбаев, Якупбаев

и от учреждений: Обком РКП (б) – т. Каменский

ОблОНО__т. Каримов.

Слушали: Докладную записку ОблОНО об организации Киринпроса.

Постановили: Считать целесообразным открыть Киринпрос в гор. Пишпеке.

Председатель: Уразбеков

Секретарь: Ижбулатов.

(Фонд № 20, Оп. № 1, Ед.хр. № 63, Л. 75.77.)

Мына ошентип, кыргыз мамлекетин түптөгөн Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматовдордун, агартуу тармагынын аталары болушкан Эшеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Пётр Кузьмич Юдахин, Евгений_Дмитриевич Поливановдордун тикеден тике катышуусу менен ачылган Агартуу институту эки жылдан соң Кыргыз Борбордук педагогикалык техникуму болуп кайра түзүлөт.

Педтехникум даярдоочу жана негизги делип эки бөлүмдөн турган да, даярдоочу бөлүмдө окуучулар үч жыл, негизги бөлүмдө төрт жыл окушкан. 1927/28- окуу жылында Педтехникумда негизинен кыргыздар гана окушса, 1930/31-окуу жылында башка улуттагы жаштар да окуй башташкан. Бул кезде педтехникум мектептик, мектепке чейинки, дене тарбия, саясий-агартуучулук деп аталган бир нече бөлүмдөрдөн туруп, толук эмес орто мектептер үчүн мугалимдерди даярдоо менен кандайдыр бир деңгээлде жогорку окуу жайга окшошуп калган эле: акыркы – төртүнчү – курста студенттер адистикке бөлүнүшүп, же кыргыз тилин, же орус тилин, же математиканы, же болбосо тарыхты тандап алышчу...

Ала-Тоо койнунда –_алгачкы ЖОЖ

Жер шарынын алтыдан бир бөлүгүн ээлеген СССРде жыйырманчы жылдардын соңунан тартып маданий жана индустриялык төңкөрүш жасалып, өлкө болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгө баштады. Мындай өзгөрүш, албетте, билим берүү тармагында өзгөчө ыргак менен жүрүп жатты. 1930-жылдын май айында РСФСР Эл Комиссарлар Совети “Кыргыз автоном республикасында чарбалык жана маданий курулуштар жана алардын өнүгүш перпективалары жөнүндө” деген токтом кабыл алып, анда педагогикалык жогорку окуу жайды ачуунун зарылдыгын баса көрсөткөн. Натыйжада, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Совети 1932-жылы 13-январда Фрунзе шаарында педагогикалык институтту ачуу тууралуу токтом кабыл алып, ошол эле жылдын 3-октябрында Ала-Тоо койнундагы алгачкы ЖОЖдо сабактар башталат. Октябрь Революциясынын 15 жылдыгын майрамдоонун алдында – 5-ноябрь күнү – атактуу колбашчы, жердешибиз М.В.Фрунзенин ысымы ыйгарылган Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институттун ачылышы зор салтанат менен белгиленет.

Төлбашы ЖОЖдун тарыхын талдоого алган окумуштуулар алгач мында биология, физика-математика, филология жана коомдук илимдер факультеттери ачылгандыгын, бирок, үч гана факультетке студенттерди кабыл алуу жүрүп, мерчемделген 150 адамдын ордуна 71 гана студент кабыл алынгандыгын, ал эми физика-математика факультетине тапшырууну каалаган абитуриенттер жок болгондуктан бул факультетке кабыл алуу 1933-жылы гана жүргүзүлгөндүгүн белгилешет. Бирок, алгачкы ЖОЖубуз тез эле телчигип, тез эле бутуна турду. Мында бир жагынан жалпы өлкөнүн өнүгүш темпи, экинч жагынан – ошол учурдун термини менен айтканда – боордош республикалардын жардамы да зор мааниге ээ болду. Институттун окуу жана материалдык базасы бекемделип, каржылык жактан колдоо да өсүп жатты. Эгерде 1934/35-окуу жылында Пединститутка 630 миң рубль бөлүнсө, кийинки эле 1935/36-окуу жылында мамлекеттик бюджеттен 2 миллион 500 миң рубль, же болбосо, төрт эсе көп каржы бөлүнгөн. Ошентип, 30-жылдардын соңунда пединститут материалдык жактан гана эмес илимий-педагогикалык кадрлар жагынан да бекемделип, кадимкидей бутуна туруп, педагогикалык багыт менен бир катар ар тараптуу илимий-изилдөө иштерин да батыл жүргүзүп калды. Бул кезде институтта 6 факультет, 19 кафедра иш алып барып жаткан. 1938-жылы аспирантура ачылган.

Улуу Ата Мекендик согуш атпай журт сыяктуу эле Пединституттун турмушун да бүлүндүрдү. Институттун имаратына согуштук госпиталь жайгаштырылгандыктан, окуу жай Пржевальскиге (азыркы Караколго) көчтү. Мына кечээ эле улуу Жеңиштин 72 жылдыгын белгилеп жаткан күндөрү – 4-майда – согуш жылдары бул жерде эвакуациялык госпиталь жайгашкандыгы тууралуу жазылган мемориалдык доска университетибиздин башкы имаратына коюлуп, салтанаттуу ачылышы болду... Пржевальскиде турган эки жылдын ичинде институт республиканын орто жана жети жылдык мектептери үчүн 326 мугалимди даярдап чыгарышты.

Согуш жылдарында – дагы да болсо ошол учурдун терминдери менен айтсак –_РСФСР менен Украина ССРинин бир катар ЖОЖдору Кыргызстанга эвакуацияланып келинди. Мына ошол ЖОЖдор да Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна окуу процессин уюштуруу, илимий иштерди жүргүзүү боюнча жакындан жардамдарын аяшкан жок.

Согуштан кийинки жылдар пединституттун жаңы темп менен өнүгүүсүнүн мезгили болду. Окуу жайды материалдык-техникалык жактан чыңдоо менен бирге институттун китеп фондусун толуктоого өзгөчө көңүл бурулду... 1947-жылы институттун 15 жылдыгы белгиленип, мында өнүгүүнүн жаңы чектери мерчемделди...

Ушул жылдары Совет өкмөтү ЖОЖдордогу окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча бир катар иш чараларды жүргүздү. Тагыраак айтканда, өлкөдөгү атайын орто окуу жайларды сапаттык жактан көтөрүү, сырттан жана кечки окуунун формаларын кеңейтүү, окуу жайлардын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, жумалык окуу жүгүн 36 сааттан, ар бир сессияда тапшырыла турган экзамендердин санын бештен ашырбоо ж.б. бир топ маанилүү маселелер кабыл алынып, бул жаңылыктар ЖОЖдор менен атайын орто окуу жайларда кадрларды талапка ылайык деңгээлде даярдоого өбөлгө түздү. Биздин пединститут да мындай жаңылануулардан артта калбай мезгил менен тең арымдап бара жатты...

Университеттик билим берүүнүн байсалдуу жолу

Өткөн кылымдын 50-жылдары улуу держава СССР бардык багыттар боюнча өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Мындай сапаттык жаңы жетишкендиктер элге билим берүү тармагын да жаңы бийиктиктерге көтөрүүнү шарттады. Натыйжада, ири аймактарда, Союздук республикалардын борборлорунда университеттик билим берүүнү уюштуруу колго алынды. И.В.Сталиндин колу коюлган төмөндөгүдөй жарлык ак калпак элди кубанычка бөлөдү.

Совет министров СССР

от 24 мая 1951 г. №1759

Москва, Кремль

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Об образовании Киргизского государственного университета

Совет министров Союза ССР постановляет:

Организовать в 1951 г. в г. Фрунзе на базе Киргизского педагогического института Киргизский государственный университет в составе следующих факультетов: исторический, филологический, физико-математический, геолого-географический, биолого-почвенный с непосредственным подчинением университета Министерству высшего образования СССР.

Председатель

Совета министров Союза ССР_И.Сталин

Управляющий делами

Совета министров Союза ССР М.Помазиев

Мына ошентип, университеттин өнүгүүсүнүн жаңы барагы ачылды, анткени, ошол эле Токтомдо “...отнести Киргизский государственный университет к высшим учебным заведениям первой категории” деп баса көрсөтүлгөн эле. Албетте, жаңы уюштурулган окуу жайга борбордук жана республикалык жетекчилик тарабынан да өзгөчө мамиле жасалды. Мына ушул жерде биз университеттин ачылышы менен андан ары өнүгүшүндө улутубуздун залкар уулу Исхак Раззаковдун сиңирген эмгегин бөтөнчө бөлүп көрсөтө кеткенибиз оң... Ошол 1951-жылдын 31-августунда университеттин салтанаттуу ачылышы болуп, бул салтанатка ошол учурдагы союздук республикалардын баарынан өкүлдөр келишип, университет айыл чарбасы, өнөр жайы жана да илим-изилдөө мекемелери үчүн жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгара турган маанилүү борбор болуш керектиги баса белгиленет. Эртеси 1-сентябрда университеттин беш факультетинин 1-курсундагы төрт жүз студент сабактарын башташат. Ал эми 1953-жылы университетте техникалык факультет ачылып, мында тоо-кен, химиялык технология, энрегетика жана курулушбоюнча төрт багытта адистерди даярдоо башталат. Ошол эле 1953-жылы Бүткүлсоюздук сырттан окуу юридикалык институттун кыргыз филиалы университеттин карамагына өткөрүлүп берилет да, тарых факультетинин курамында укуктаануу бөлүмү ачылат. Мына ошентип, Кыргыз мамлекеттик унмверситети билим берүүнүн чыныгы борборуна айлана баштайт.

Макалабызды_“Улуттук университет – улуттук билим берүүнүн уюткусу” деп жөн жеринен атаган жокпуз. Анткени, бир аз убакыттан соң эле университеттеги техникалык факультеттин базасында Фрунзе политехникалык институту, дене тарбия факультетинин базасында Дене тарбия институту ачылып, өз алдынча канат күүлөп уча башташты. Ушуга удаа эле эл чарбасы менен өнөр жайдын, илим-изилдөө институттарынын өктөм талабын канаттандыруу максатында университеттин өзүндө да тарамдалуулар ыкчам жүргүзүлүп жатты. 1963-жылы биология факультетинин курамындагы химия бөлүмүнүн базасында химия факультети түзүлсө, 1966-жылы физика факультетинин курамынан механико-математика факультети бөлүнүп чыкты.

Албетте, тигил же бул тармактын өнүгүүсү жалпы коомдун абалы, анын социалдык-экономикалык жагдай-шарты менен бирге андагы жетекчиге да көп жагынан байланыштуу эмеспи. Аксиома тиризденген бул чындык Улуттук университеттин тагдырынан да кыйгач өткөн жок. Университеттин алгачкы ректоруболуп дайындалган атактуу тарыхчы Б.Жамгырчинов 1951 – 1954-жылдары иштеп, окуу жайдын түптөлүшүнө өз салымын кошсо, 1954 – 1960-жылдары университетти башкарган атактуу аалым Б.М.Юнусалиев да алты жыл ичинде окуу жайды бир топ көтөрдү. Албетте, университетти башкаруу озуйпасы тагдырларына буйруган бул эки залкар окумуштуунун сиңирген эмгегине кыпындай да шек келтирбей туруп, бирок, университетибиздин чыныгы “алтын доору” көрүнүктүү тарыхчы, белгилүү коомдук ишмер, республикабыздын билим берүүсүнүн чыныгы реформатору С.Т.Табышалиев жетектеген жылдарга туш келди деп айтмакчыбыз. 1928-жылы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында туулган академик С.Т.Табышалиев 1960-жылы 32 жашында университетибизге ректор болуп дайындалып, 1977-жылга чейин бул кызматты аркалады. Бул он жети жыл эмне үчүн университетибиздин “алтын доору” болду? Биринчиден, академик С.Т.Табышалиев республикабыздагы эң мыкты, эң алдыңкы илимий-педагогикалык кадрларды университеттке топтоду. Экинчиден, университеттин материалдык-техникалык базасы ошол мезгилдин талабына ылайык болуп көрбөгөндөй бекемделди. Үчүнчүдөн, университетти Кыргызстандагы гана эмес Борбордук Азиядагы эң алдыңкы ЖОЖдордун катарына кошту. Жетимишинчи жылдардын ортосунда университетте 13 миңден ашуу студент окуп, 12 факультет, 63 кафедра болсо, анда 750гө жакын окутуучулар эмгектенишкен. Алардын төртөө академиктер жана мүчө-корреспонденттер, 30у илимдин докторлору, профессорлор, 270и илимдин кандидаттары, доценттер болушкан. Мындай илимий-педагогикалык потенциал ошол 70-жылдары республикадагы бир да ЖОЖдо болгон эмес.

Университетибизди 1977 – 1979-жылдары академик М.И.Иманалиев, 1979 – 1986-жылдары академик К.О.Оторбаев, ал эми 1986 – 1992-жылдары академик Ү.А.Асановдор башкарышты. Кошумча адистиктер ачылды, студенттер жана жаш окутуучулар үчүн жатаканалар курулду. Кыскасы, 8 окуу имараты, 11 жатаканасы, спорттук, медициналык, маданий жайлары бар республикабыздын башкы окуу жайы өз позициясын бекем сактоо менен мезгил талабына жараша алга жылып турду. 1991-жылы республикабыздын эгемендикке ээ болушу менен өлкөбүздүн башкы окуу жайы болгон университетибиздин да өнүгүүсүнүн бир этабы соңуна чыкты.

Эгемендик жылдардагы оош-кыйыштар

Эгемендикке ээ болгондон бир жылдан кийин эле окуу жайыбыз үчүн жагымдуу окуяболду. 1993-жылдын 11-августунда Президент А.Акаев кол койгон Указда “Билим берүүнүн азыркы системасын өркүндөтүү жана аны дүйнөлүк стандарттын деңгээлине алып чыгуу максатында... жана ... 60 жылдык маарекесине байланыштуу” УЛУТТУК деген макамга ээ болгондугу жаамы журтка жар салынды. Бирок, бир аз убакыт өткөн соң “мамлекеттик улуттук” деп эки катмар аталыш кабатталып турганын туйган эл башчылары кайрадан указ чыгарышып, окуу жайыбыз расмий турдө “Кыргыз улуттук университети” деген аталышка ээ болуп, анан орто кылымдагы Күнчыгыш дүйнөсүнүн улуу ойчулу, орток түрк маданиятынын залкар өкүлү бабабыз Жусуп Баласагындын ысымы ыйгарылды.

Албетте, “тоз-топтолоң 90-жылдар” эл турмушунун бардык тармагына өзүнүн оор таасирин тийгизбей койгон жок. Мындай будуң-чаң абалдан университетибиз да четте калган жок. Бир караган адамга окуу процесси жүрүп жаткандай, студенттердин студенттик турмушу өтүп жаткандай, профессордук-окутуучулар жамааты өз озуйпаларын аткарып жаткандай туюлган ошол жылдары атпай журтту ала салдырып, анын дүйнөкабылдоосун, өз ара мамилелерди таптакыр жаңы нукка бурган ал мезгил университеттин турмушуна да, кайталап айтабыз, өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Ар кайсы жылдары университетибизди ар кандай (!?) жетекчилер башкарды. Эгерде 1951-жылдан 1991-жылга чейинки 40 жылда 6 ректор иштесе, 1991-жылдан берки 26 жылдын ичинде Улуттук университетибизге 11 ректор башчылык кылды. Өлкөбүздөгү башка бир дагы ЖОЖ мындай тагдырды баштан кечирген жок. Университеттин эл алдында аброюнун акырындап ала салышында дал мына ушул жагдай биринчи сапта турат десек болот. С.Ж.Токтомышев, А.А.Бөрүбаев, А.Ч.Какеев, И.С.Болжурова, Ы.К.Өмүрканов, А.А.Бекбалаев, Д.Нур уулу, А.А.Акунов, И.Ч.Исамидинов, Ч.Ү.Адамкуловалардын ар бири Улуттук университет үчүн жакшы иштерди жасоо ниеттери менен келгенин танууга болбос, бирок, асты 6 жыл (С.Ж.Токтомышев), арты 6 ай (Д.Нур уулу) иштеген – орустар айткандай – “кадрдык чехарданын” шартында алгылыктуу иш бүтүрүүгө болбосу айдан ачык эмеспи. Мына ушундай шартта Улуттук университеттин аудиторияларынан эле билим алып, аткаминерликтин алчы-таасын жеп алган шылуундар менен кээ бир “ичтен чыккан ийри жыландардын” айынан Улуттук университет окуу имараттарынан, студенттик жатаканаларынан айрылды... Албетте, “бүгүнкү маанай көтөргөн маарекелүү майрамда буларды айтуунун кандай зарылдыгы бар” дегендер да болушу ыктымал. Ооба, бүгүн Улуттук университетибиз 85 жылдык баскан жолуна сересеп салып, жалпы жамаат майрамдык маанайда турат, бирок, өткөндөгү өзөк өрттөгөн учурларын, бүтүнүн бүлдүргөн күндөрүн да эстебей коё албайт. Анткени, каңырык түтөткөн ал учурлар да Улуттук университеттин ӨТҮМҮШҮ, ТАРЫХЫ.

Мына эми университетке агартуу тармагында, уюштуруучулук багытында чоң тажрыйбага ээ, КР Билим берүү жана илим министри болуп иштөө менен орто жана жогорку билим берүүнүн көйгөйлөрүн ичкериден билген К.Ж.Садыковдун Улуттук университетке келиши менен жалпы жамааттын жакшы иштерге болгон үмүт-тилеги кайрадан шоолаланып турат десек болот.

Канткен менен Улуттук университетибиз өлкөбүздөгү ЖОЖдордун флагманы, билим берүүдөгү көз жоосун алган эбегейсиз чоң кеме. Тизелебесе да эңкейип калган абалынан бүгүнкү күндө Улуттук университетибиз кайрадан боюн түздөп, билим берүүнүн учу-кыйырсыз деңизинде ишенимдүү сүзө баштады. Азыр Улуттук университетте 21 факультет, 5 колледж, 1 гимназия бар. Буларда 20 миңге жакын жаштар билим алышууда. Аларды КР УИАсынын 1 академиги, 4 корреспондент-мүчөсү, илимдин 104 доктору, 504 кандидаты, 74 профессор, 355 доцент, 3 PhD доктор, 12 улук илимий кызматкерлер сабак беришүүдө. Бакалаврдык билим берүүнү 56 багыт боюнча, адистик (5 жылдык) билим берүүнү 5 багыт боюнча, магистратураны 32 багыт боюнча ишке ашыруу менен Улуттук университетибиз бүгүнкү күндө жогорку билим берүүнүн эң алдыңкы сабына чыкты десек, мурдагы аброюн кайрып келүү багытына түштү десек болот.

Улуттук университет заманбап техникалык жабдуулар менен да күн өткөн сайын жогорку деңгээлде жабдылып жатат. Мунун өзү Улуттук университетте өтүлүүчү сабактардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү менен_окутуучулардын илимий ишмердүүлүгү үчүн да эң сонун шарттарды түзөт.

Өзгөчөбелгилеп кетчү дагы бир жагдай – Улуттук университеттеги мамлекеттик тилдин абалы. Арийне, аткарыла турган иштер али да бир топ болгону менен мамлекеттик тилдин колдонулушу, эне тилибизде жазылган окуу куралдарын чыгаруу, окуу жана жумушчу программалардын мамлекеттик тилде жазылышын камсыз кылуу биздин окуу жайда тиешелүү деңгээлде десек болот.

Эл аралык байланыш багытындагы аракеттер да иштиктүү колго алынып, чет өлкөлүк ЖОЖдор менен биргеликте ар түрдүү программалардын алкагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоосун улантып жатат.

Студенттердин терең билим алуусу менен бирге тиешелүү деңгээлде эс алууларын да камсыз кылуу максатында мурдагы Союз учурундагыдай студенттик профилакторий кайрадан эшигин ачты. Профессордук-окутуучулар жамааты үчүн касиеттүү Ысык-Көлүбүздүн жээгиндеги пансионатыбызды да оңдоп-түзөө иштери батыл жүргүзүлүүдө.

Албетте, гезиттик макаланын көлөмүндө Улуттук университетибиздин 85 жылдык тарыхын толук баяндап берүү түк эле мүмкүн эмес, бирок, ошондой болсо да, республикабыздын төл башы жогорку оку жайынын өткөнү менен азыркы абалына кыскача экскурс жасоо бүгүнкү маареке алдында сөзсүз керек деп эсептейбиз.

 

Садык АЛАХАН - _Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору

01

.

Колдонулган адабияттар:

1. Жыйнак. Кыргыз улуттук мамлекеттик университети. – Б.:1996.

2. Мамлекеттик архивдин материалдары.

3. Табышалиев С.Т. Кузница подготовки кадров.– Ф.: 1975.

4. Усубалиев Т.У. Фрунзе – столица Советского Киргизстана. –_М.: 1971.

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 771 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы студентов

  • Асель 10.10.2017 18:51
    Добрый день! Сколько времени займёт восстановить зачетную книжку? Что нужно для этого? И куда ...

    Подробнее...

     
  • Аксель 10.10.2017 18:26
    Добрый день. Меня отчислили за академическую задолженность в 2013 году "юриспруденция" 6-курс, заочного ...

    Подробнее...

     
  • Эламан 10.10.2017 11:53
    Саламатсызбы? учурда ЫМУда окуйм 1курс 1курсту буткондо Ж.БАЛАСАГЫН ат. КНУга Которулсам болобу тарых ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 09.10.2017 09:58
    1. На курс выше могут посадить,если в случае с очного отделения на заочное переводятся.И то если ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 09.10.2017 09:55
    Доброе утро,Нурай! С первого и последнего курса не переводятся

    Подробнее...

     
  • Almaz 09.10.2017 09:32
    Здравствуйте, напишите пож-та когда на портале ДОТ закинут учебные материалы?

    Подробнее...

Вопросы абитуриентов

  • Урмат 18.10.2017 20:50
    где уточнить логин и пароль для дистационного обучения?

    Подробнее...

     
  • Алена 18.10.2017 20:05
    Здравствуйте. Могу ли я после бакалавриата поступить на второе высшее?

    Подробнее...

     
  • Nadira 16.10.2017 21:36
    Добрый вечер. У меня к вам такой вопрос. Есть ли такие факультеты где студент может учиться по обмену?) ...

    Подробнее...

     
  • Алена 14.10.2017 18:01
    Здравствуйте. Я поступила на религиоведа, могу ли я после бакалавра поступить на магистратуру ...

    Подробнее...

     
  • Anvarov 11.10.2017 11:00
    Когда я поступала, в приемной комиссии мне сказали, что есть дистанционная форма обучения, я выбрала ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • Айжан 16.10.2017 23:19
    Здравствуйте! Я учусь на 1-курсе ККФ. Хочу перевестись в другой факультет. Возможно ли это ?

    Подробнее...

     
  • Aiperi 16.10.2017 19:45
    Здравствуйте, я окончила ФИЯ в 2016 году на бюджете. Отрабатываю второй год в школе. Хотела узнать ...

    Подробнее...

     
  • the wind-up bird 10.10.2017 14:46
    Добрый день! В этом году заканчиваю учебу бакалавриата по специальности "финансы и кредит". Есть ...

    Подробнее...

     
  • Эльдар 06.10.2017 13:15
    1. В каком году внедрено обучение в магистратуре? 2. Возможно ли было обучение в магистратуре по ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 20.09.2017 11:56
    В отношении Вашего вопроса Вы можете обратиться в плановый отдел университета, там вам просчитают ...

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Kasym 17.10.2017 11:52
    Поздравляем всех с началом учебного года! Хотел бы также поздравить с грядущими выборами, однако… Что ...

    Подробнее...

     
  • Алан 10.10.2017 03:51
    Уважаемый ректор, пожалуйста обратите внимание на 6-ой корпус, а в частности на температуру в аудиториях ...

    Подробнее...

     
  • Преподаватель 23.09.2017 14:57
    Урматтуу ректор Садыков К.Ж. жана проректор Аманалиев У.О. Инфак дагы канчага чейин 2 сменада окуп ...

    Подробнее...

     
  • Tumar 23.09.2017 11:10
    Уважаемая Руководство, Конечно, очень большое дело - ввод в эксплуатацию Столовых в учебных и ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 11.07.2017 15:05
    11-жатакананын ысык суусу 22-майда очурулгон ошол бойдон жок.Качан ысык суу берилет.

    Подробнее...