Понедельник, Сентября 25, 2017

КУУда Жусуп Мамайдын өмүр жолуна арналган эл аралык ИПК өткөрүлдү

00

2017-жылдын 14-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында кытайлык залкар кыргыз манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, маркум Жусуп Мамайдын өмүр жолуна жана чыгармачыл мурасына арналган “Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору” аттуу IV эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

Илимий шеринеге Кыргызстандын булуң-бурчунан келген манас таануучу илимпоздордон сырткары, Кытай Эл Республикасынан:_Кызыл-Суу Кыргыз Автоном облусунун бейзаттык маданий мурастарды сактоо жана «Манас» изилдөө борборунун мүдүрү Амантур Абдырасул, Шинжан педагогикалык университетинин профессору, Шинжан “Манас” изилдөө борборунун мүдүрү, Шинжан жазуучулар коомунун орунбасар төрагасы_Мамбеттурду Мамбетакун, белгилүү илимпоз жана публицист, профессор Макелек Өмүрбай баштаган 15тен ашык илимпоз, о.э. манасчы Жусуп Мамайдын урпактары; Орусиядан: көрүнүктүү кыргыз таануучу, археолог, Орусия ИАсынын Сибир бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетекчи илимий кызматкери, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору Юлий Худяков; кыргыз таануучу, түрколог, этнограф, Хакас мамлекеттик университетинин профессору Виктор Бутанаев катышты.

Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2013-жылдын 30-апрелиндеги «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» №95_жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү,

Иш-чаранын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына_караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • Кыргыз_Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз_улуттук университети
  • “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси
  • И. Арабаев_атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институту
  • Шинжан “Манас” изилдөө илимий борбору
  • “Кереге” коомдук фонду
  • Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус.

Жыйынды КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков ачып, катышуучуларды_конференциянын ачылышы менен куттуктады. Ректордун айтымында, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кытайлык кыргыз залкар манасчысы_Жусуп Мамай атабыз -_“Манас” эпосунун кылым карытып эл оозунда сакталышына зор салым кошкон, манасчылардын арасында өзгөчө орунга ээ болгон инсан,_кыргыз элинин руханий мактанычы. Манасчынын айтуусу боюнча басылып чыккан эпостун айырмачылыгы - “Манас”, “Семетей”,_“Сейтек” үчилтиги менен эле чектелип калбастан, Манастын кийинки беш муун тукуму – Кененим, Сейит, Асылбача-Бекбача, Сомбилек, Чигитей тууралуу баянды айтканында.

Ректор өз сөзүндө кытайлык залкар манасчынын Кытай Эл Республикасынын элдик оозеки адабиятчыларына берилчү “Тоо гүлү” деп аталган мамлекеттик эң чоң сыйлыктын “Өмүр бою эмгек сиңирген” деген мартабалуу наамына эки жолу ээ болушу - Жусуп атабыздын мартабасын тастыктаарын баса белгиледи..

- Илимий-тажрыйбалык жыйынга катышып жаткан окумуштуу, изилдөөчүлөр улуу манасчы Жусуп Мамай атабыздын улуу «Манас» эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоого кошкон салымына, о.э. кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга жасаган зор эмгегине татыктуу баа беришет деген ишеничтемин. Чыгармачыл, илимий иштериңиздердин жемиштүү болушун каалайм, - деп сөзүн жыйынтыктады Канат Садыков..

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын өмүр жолу, мурасы тууралуу видео-фильм көрсөтүлгөн соң, Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус чыгып сүйлөп, дүйнөлүк кыргыздардын 20 жана 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, I даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай - жалпы кыргыз элинин, анын ичинде кытайлык кыргыз элинин сыймыгы экендигин, анын өзгөчөлүгү - Манастын жети урпагына чейин айткандыгы жана жазма манасчы _катары эпосту кагазга түшүрүү иштерине жигердүү катышкандыгы_экендигин белгиледи.

- Улуу манасчынын урпагы катары Жусуп Мамай атабызды даңазалап, анын өнөрүн, манасчылыгын кийинки муундарга_жайылтуу_- биздин жарандык милдетибиз, адамдык парзыбыз. 2018-жылы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленет. Ошондуктан, бул мааракеге карата_мамлекеттик денгээлде иш жүргүзүлүп, ар бирибиз кам көрүшүбүз керек. Мен, мисалы, залкар манасчынын ысымын Бишкек шаарындагы бир көчөгө ыйгарып, айкелин тургузууну сунуштайм.

- Кытайдан атайын ат арытып келген конокторго өзгөчө ыраазычылык билдирем. Улуу инсан Жусуп атабыз туралуу айтылчу сөздөр, жасала турган иштер дагы алдыда. Жалпы конференциянын катышуучуларына жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем._Жусуп атабыздын арбагы ыраазы болсун! Баарынарга чон, рахмат!, - деди депутат мырза сөзүнүн аягында.

Конференциянын пленардык отурумунда кытайлык профессорлор Макелек Өмүрбай уулу жана Мамбеттурду Мамбетакун, Түркиянын Кастамону университетинин профессору, этнограф Олжобай Каратаев, орусиялык профессорлор Виктор Бутанаев жана Юлий Худяков, кытайлык кыргыз композитору Мамбетжума Мамбетакун, тарых илимдеринин кандидаты Чолпон Субакожоева, тарыхчы Эсен Айсабек ж.б. чыгып сүйлөштү жана илимий баяндамаларын окушту.

Жыйындын жүрүшүндө кытайлык жаш кыргыз манасчылары Турганаалы Турсуналы Жусуп Мамай жана Асанаалы Халил уулу “Манас” эпосунан үзүндү аткарышты.

Пленардык отурумдан кийин эл аралык илимий жыйындын иши төмөнкүдөй үч секцияда уланды:

  • 1-секция. Жусуп Мамайдын өмүрү жана “Манас” дастанынын ага таандык вариантынын өзгөчөлүгү;
  • 2-секция. Кыргыз элинин манасчылык мектептери;
  • 3- секция. Түрк калктарынын эпостук салттары жана фольклор таануу, этнография маселелери.

Иш-чаранын соңунда Жусуп Мамайдын өмүр жолун жана мурасын үйрөнүү, манас таануу жана кыргыз таануу көйгөйлөрүн изилдөө, жаңы илимий табылгаларды калк арасында кеңири жайылтуу, эл аралык илимий байланыштарды мындан ары өркүндөтүү, жаш адистерди биргелешип даярдоону жакшыртуу жана башка ушул сыяктуу сунуштар камтылган чечим кабыл алынып, келээрки жылы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде татыктуу белгилөө сунушу бир добуштан жактырылды.

press knu 2017

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 711 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы абитуриентов

  • Махабат 20.09.2017 20:00
    Здравствуйте, в прошлом году я получила высшее образование по специальности программировани я. Можно ...

    Подробнее...

     
  • Гулзат 20.09.2017 17:55
    Саламатсызбы? Мен Нарын экономикалык колледжин 2014-жылы "Финансы жана бух. учет" факултетин бутургом.

    Подробнее...

     
  • Zarina 16.09.2017 19:32
    Саламатсызбы! А дот студеттери кантип кирип караса болот? Былтыркы логин пароль мн кирбей жатат! Жаңы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 11.09.2017 08:39
    Позвоните по тел: 32-21-68 или 32-20-14. Возможно, но только после 1 курса. Нет. Жоопту бул ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 08.09.2017 09:44
    Позвоните в студенческий отдел кадров: 32-22-02, 61-44-89

    Подробнее...

Вопросы студентов

  • Учебный отдел 22.09.2017 17:08
    Добрый день. уважаемая Айгерим! На сегодняшний день разрабатывается новая платформа программы ДОТ с ...

    Подробнее...

     
  • Патима 19.09.2017 10:30
    Здравствуйте. Я никак не смогу зайти На портал ДОТ . Пароль и логин все помню и правильно написала. Но ...

    Подробнее...

     
  • lina 14.09.2017 11:16
    здравствуйте, я хотела бы узнать смогу смогу ли я забрать документы и восстановиться в другом вузе ...

    Подробнее...

     
  • Нурай 11.09.2017 16:01
    Здравствуйте. Хотела узнать после модуля можно ли просмотреть свою работу? Нам не дают посмотреть по ...

    Подробнее...

     
  • Сабина 09.09.2017 12:25
    здраствуйте, подала заявление на перевод со 2го курса ФМО на 2ой курс экономфака. Результаты до сих пор ...

    Подробнее...

     
  • Asyl 08.09.2017 23:16
    Здравствуйт, при переводе в другой факультет контракт за первый курс оплачивается если учишься на ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • ОПВДОО 20.09.2017 11:56
    В отношении Вашего вопроса Вы можете обратиться в плановый отдел университета, там вам просчитают ...

    Подробнее...

     
  • Айдай 20.09.2017 06:56
    Salamatsyzby.me n ushul jyly himfakty bakalavrdy butkom,buydjetn ikmin.Bolungon mektebime belgiluu ...

    Подробнее...

     
  • нуржигит 14.09.2017 09:50
    Здраствуйте, студент 1-го курса магистратуры юрфака дистанционного отделения (заочного), когда ...

    Подробнее...

     
  • esther 05.09.2017 14:41
    Саламатсызбы! Магистратурага сентябрдын канчасына чейин тапшырса болот!? рахмат! :-)

    Подробнее...

     
  • Жамал 22.08.2017 00:00
    Здравствуйте, каким образом будет проходить повступление на магистуру по истории Кыргызстана? И ...

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Преподаватель 23.09.2017 14:57
    Урматтуу ректор Садыков К.Ж. жана проректор Аманалиев У.О. Инфак дагы канчага чейин 2 сменада окуп ...

    Подробнее...

     
  • Tumar 23.09.2017 11:10
    Уважаемая Руководство, Конечно, очень большое дело - ввод в эксплуатацию Столовых в учебных и ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 11.07.2017 15:05
    11-жатакананын ысык суусу 22-майда очурулгон ошол бойдон жок.Качан ысык суу берилет.

    Подробнее...

     
  • Айсад 05.06.2017 21:20
    С добрых и благородных дел начинается работа нашего ректора, это очень радует и вселяет надежду!

    Подробнее...

     
  • Alex 22.05.2017 13:33
    Полностью поддерживаю! Если к этому вопросу серьезно не отнестись, такие "профессионалы" могут ...

    Подробнее...