Четверг, Октября 19, 2017

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк

Кийинки бөлүк

altБу табигат дегендин тирүү жандын баарына жана аларга ар дайыма таандык болгон, кысталыш кыйын кезде да мизинен тайып койбогон бир өзгөрбөс шарты бар, ал – тагдыр деген эмне экенин, жаралганда Жараткан бешенеге эмне жазып койгонун алдын ала биле албайт, кимдин кандай болорун жалгыз гана жашоонун өзү көрсөтөт, а эгер андай болбогондо тагдыр дегендин тагдыр болмогу кайсы. Жарык дүйнө жаралган кезден тарта, тээ бейпил бейиш төрүнөн кубаланган Адам ата менен Обо энеден бери так ушундай болуп келген экен да, ошо күндөн ушу күнгө дейре тагдыр дегендин бу купуя сыры жан аттуунун бардыгына, атүгүл алардын ар бирине түйүнүн чечпей, аларды кылымдан кылым, күндөн күн жана сааттан саат тынбай, түбөлүк коштой берери кадиксиз чындык катары бешенеге жазылган, мунун жандырмагын, а балким, Жараткандын өзү да алиге толук табалек табияттын табышмагы бойдон калууда.

Мына эми, бу жолу да жанагыл тагдыр дегениң дал ошондой, ошондой болгондо да ушу ирет табылар тамыры жок табышмак-сырдын так эле өзү болуп чыкты да, анан адам баласынын толуп-ташыган акыл-эсинен, а тургай Алла Тааланын ой-дилинин чегинен чыгып кеткен, коогасы коркунуч кордугун туудурган окуя болорун эч ким капарына алган эмес.

Ушундай кырдаалдан улам айта турган жалгыз нерсе бар, ошо акылэске багынбаган нерсени ой болгоо менен гана түшүнүү аркылуу алар жөнүндө андай, мындай деп так кесе айтуу чынында кыйын, анткени бу жан-жаныбарлар жарык дүйнөгө келгенде кошо жаралган төлгө жылдыздарынын кандайдыр бир байланышы туурасында жана да алардын космос ааламынын жакындыгы жайында ой жүгүрткөндө кайрадан эле буларды улуу тагдыр буйругу менен бирдей жазмыш жылдызынын белгиси астында жаралса керек деп ойлоп кетесиң. Ооба, ушундай да болушу мүмкүн.

Арийне, алар бири-биринин кадыресе жер үстүндө жашап жатышкандыгы жөнүндө күмөн санашкан эмес, атүгүл алардын антип ой чыгарышына да шек-себеп деген жок эле. Анткени алардын бири көчөдө соодасы менен ичимдик ичилчү жайлары жайнаган жана да жыты шилекейди агызган шишкебек бышчу көмүрдүн түтүнү түндөй каптаган, эл деген быкпырдай кайнаган шаарда жашачу да, экинчиси дал ошо кезде күндүн нурун сындырган бийик тоолордо, арасынан шамал өткүс арча өскөн, тескейинде теменедей тагы жок аппак кар алты айлап жаткан, аскасы көктү көтөргөн, адамдын изин көрөлек капчыгайларда өктөм өмүр өткөрчү. Ак кар, көк муз жердеген бу жаныбарды ушундан улам мөңгү барсы дешет, ал эми тоо жырткычтарын изилдеген илим анын түпкү тегин мышыктарга алып барат да, андан кийинкиси кабылан тукумунан тараган Теңир-Тоонун мөңгү барсы экендигин айтат. Билгендер болсо аны түз эле Жаабарс дешет, чынында бул аталыш анын олжосуна оңтою келген кезде кол салганына, көзгө илешпей, жебедей сызып каргыган кездеги табиятынан чыккан. Ооба, кээде аны кар жиреген илбирс деп да коюшат. Бу дагы анын жашоо-табиятына шай келген сөз. Башка макулук аттуулар тоолордогу күрткүлөрдүн түбүндө калбаш үчүн из түшкөн чыйыр издешет, а тигил Барс дегениң болсо ушундай, жер өңүтүн тандабай, бет алган жагынан кайра тартпай, мемиреген ак карды жара жиреп, артына арык салып кете берет. Күчүнөн көзүң өрттөнөт.

Ийе, Барстын ууга чыккан учуру көбүнчө түш маалында башталат. Отко тоюп, каны каткан кайберендер суусун кандырып, эртеңки күнгө күч жыйнап алыш үчүн туйлап аккан тунук сууга алдын ала макулдашып алгандай ар тараптан агылып түшөт. Кыя жолдор менен ээн-эркин, туяктары жерге тийип-тийбей, жеңил-желпи басышып, чакан-чакан топ болуп тизилишип алышат да, а эгер көз ирмемдин биринде бир кокустук болуп кетсе аткан октой секирип, кырсыктан безип кетерге даяр болуп, айланага абай сала тик карап, теребелге кулак сала желип келишет.

Деген менен бу Жаабарсың өзүнүн жырткычтык ишин эң сонун билет. Ал жогору жактан аска таштын бурчунан алар олжосун күтүп жатып, оңтою келген кезде капысынан октой сыза секирип, жебе болуп жетет да, буйдамына келтирбей баса калат, мунусу чыны жаза кетпес кол салыш, кээде бадал-шактын артынан атылып чыгып, колу менен шак уруп жыгып, алкымына канжар азуусун матырып, ысык кан аралаш кызыл булоонун жытына магдырап калат.

Ал эми тигилер сууну каалашынча кана ичкенден кийин алардын артынан кумардан кана кууп жетип олжосун алган эң сонун. Ал үчүн жакын жерде, буту тийсе сезбеген буктурмада шек чыгарбай жашынып жатуунун сырын билүү керек да, бир Кудайдын өзүнөн ашыкча кыймылдап албайын деп тилеп, алар олжоң оозуңа түшүп, бир секирсең сеники болоруна карабай өзүңдү өзүң токтотуп, ал тургай эликтер сууга тойгончо, тоо эчкилери кыл моюн баштарын суудан ала жогору көтөрүп, кулактарын тикчийтип, жайнаган сак көздөрүн жалжылдатып, кызыл ашыгына чейин суу кечип, шырп алдырбай кылкылдата жутуп жатканда да каныңа каар ойното карап чыдаш оң. Алар сууну канчалык көп ичишсе, барстын жолу ошончолук оң болот. А кокус буларга түз, майдан жерден кол салуу зарылдыгы жан жесе, анда бу кийиктерди куубай-ак койсо да болот, артынан сая түшкөн барс түгүл, желкайып өзү болсо да ак өпкө болуп жинигет. Бир күүлөнсө иш бүттү, өзгө түгүл үнгө дагы жеткирбейт. Анын үстүнө аларың башка жаныбарлар өңдөнүп, айталы тигил кургакчылык каатынан бу жердеги бадалдарга жан айласы айынан сандалып келген доңуздардай коркулдап чыйылдабайт, безилдеп чуркап баратып жүрөгү түшкөнүнөн улам заңдап да жибербейт, сууну каалашынча ичип, чаңкаган жанын жай кылып, мына эми кетейин деген учурун кыл жылдырбай кармагын да, каргый барып октой тий, ал анткени ошондо бу кийиктердин ыкчамдыгы баштагысынан басаңдай түшкөн кез болот. Көздөгөнүң көзүңдөн учуп күйгүзбөйт.

Ооба, Жаабарс бу жолу да түшкө жуук ичмеликтин жанына аң уулоого чыккысы келди. Ал демейдегидей шаркырап аккан суу жээгин бойлой, жайбаракат, бадал-шактарга жашырынып, алды жагына көз оту менен чалгын салып да, анан ошол эле учурда гүлтамгалаш мөңгү барстарынын бири каскактай болуп чыга калбасын деп артына бурула карап да келатты. Кээде ошондой да болот, ал турсун алдын ала сөз кармашып алгансып тигилердин бир үйүрү чыгып калса ит жеди дей бер. Бирине бири сүр көрсөтүп, ырылдашкандын кереги эмне! Жалгыз гана болгон оң. Ал ушинтип келатты.

Күз келердин алды эле, а бу деген көк тиреген Теңир-Тоонун теңдеши жок дүйнөсүндөгү мактана турган мезгили эмес, буюктурма бурганагы өз бийлигин ала элек, айсыз түндө ак булуту аймалаган ашуулары келипкетер илбээсиндерге жол ачып, жан-жаныбар жай отуна семирип, таңдайыңа балтатымы жабышып, каалагандай куш учуп, а башкасы бак башында безелене үн салып, сарооз балапандары канат күүлөп, айтор, алардын жашоо-турмушу сайрандап турган кез. Күз күчүнөн тайган кезде ушу жерде бу куштардын бири да калбайт, кийинки жайга чейин кайдадыр житип жок болушат. Ал анткени аларың таш сындырган тоо суугуна кайыгып чыдай алышпайт.

Каны каткан кийиктер кайсыл жерде карегинен суу учуп келе жаты экен деп туш-тарабын көз оту менен чалгындап, өзүн өзү айланадагы аска таш менен бадал-шакка айлантып, тигиле тиктегендерге да гүлтамгасын байкатпай, жер менен жер болуп жылып, Жаабарс жойлоп келатты. Буржуйган бука желкелүү, чулу моюн, казанбак башы уюл таш, мышык кулагынан от жангандай жана да кара түндү как жара жалын чачкан чок көздүү Жаабарстын тулкубою шайдоот, узун, ары орошон күч-кубатка толуп, гүлтемгилдери даана көрүнүп, коюу, бирок жибектей жумшак жүн каптаган териси бу жердин табиятына жуурулушуп, кай бир эзелки ырларда бакшылар менен хандар гана барс ичик кийип өтүшкөн деп айтылганы бекер болбосо керек. Кыялына кылдай ой албай бара жаткан ушу барс өзүнүн Африкадагы каны бир кабылан менен куюп койгондой окшош экендигин, жадагалса куйруктары да бирдей узун, ары сүрдүү көрүнөрүн көөнүнө алып койчу эмес. Анын үстүнө каны бир кабыланы мышыктардан бетер дарактарга тырмышып чыгып алат да, анан ошол жерден олжолоп аларын баса калат, а мөңгү барсынын табиятына андай амал жат келет, тик аскаларда, коогалаң коолордо каргып жүрүү тагдыры маңдайына жазылган. Анын үстүнө барстар жашаган куш жеткис аска-тоолордо Африкадагыдай бутак-шактуу бактар жок, тоо-токойлору болсо төмөн жакта, тиги төш таянган өрөөндөрдө болот, ал дүйнөдө бир болсо сүлөөсүн аттуулар гана болот. Кай бир учурларда ошо тоо-токою аталган бадал-шактуу жерлерге барстар да келип калышат, андай кезде бу үч атадан кошулар жакындарын тааныбаган таризде жаман көрүп, ырылдаша каңшылап, айбат көрсөтүшкөн болушат. А негизи мөңгү барстарынын жашоо-турмушу көк челген бийик дүйнө – күн түнөгөн кыл чокулуу улуу тоолор менен жана да жебе жетпес жел туяк кийиктердин артынан сая түшүп, кан кызыткан куугун кармашынын кумары менен бир түйүн байланышта.

Жаңылбас Жаабарс жер өңүтүн шарт аныктап, кол салар буйткасын бир буйдалбай тандады да, жылжып аккан суунун жээгиндеги сеңир таштардагы бадалдардын арасына комдоно жатты. Чеңгели менен тырмактарын тазалап, анан жел таппас болуп жашырынды. Каны каткан эликтер менен тоо эчкилери өзөндүн айдөшүнүн боору менен моюндарын койкойто, эки жакка элеңдей карап, баштарын өйдө көтөрүп, ээрчише тизилип, ушу жерге сууга түшүп келишмек. Алар жетөө экен, ошо жетөөнү тең ал аска таштардын жаракадай жылчыгынан тээ алыстан бая эле көргөн. Мына эми, ошолорду тосуп, оңутун күтүп таш болуп катты.

Күн төбөдөн нур төгүп, көктө адашкан ала булуттар асман тешкен Теңир-Тоонун мөңгү уктаган кылчокуларына тийип-тийбей, илинип-илинбей жай каалгып өтүп жатты. Ушунун бардыгы, ал тургай аба ырайы да, күндүн көзү да мына бул кексе жырткычтын оюндагыдай болуп, олжо алар оңутун келтирип турду. Күсөй күткөн кол салар кези да жакын калды, а бирок анын тынчына канжар такаган жалгыз нерсе – сеңир таштардын арасында дым чыгарбай өлүк болуп, тигилерди карегине байлап алып жатканы менен өзүнүн дем алуусу өзүнө даана угулуп, энтиккендей туюлуп тургандыгы болду. Мындай учур каруусун кага катуу чуркаганда же болбосо азыгын алар кез келип, түйүнчөк болуп түйүлө калып ыргыган учурларда, анан да жанагы үйүгүш кумар азабынын чыдамды алган жытын чачкан ургаачы илбирс ыракаты үчүн кан төгүлүп, эрегиште бири өлөр намыс талаш эрөөлдө, жон териси сыйрылып, омуроо эти шылынып, көзүнө урунган жырткыч аттууну алкымдан муунтуп жок кылар жиниктире жан тиштеткен кармашта күйүктүрүп бир болот. Ал эми мындай азыгын аңдып, кырдаалга кыттай биригип, көздөгөнүн көзүнө байлап, бүт дитин ага арнап, ташуюл болуп турган учурда мындай энтигүү, өзүнүн дем алуусу өзүнө ачык угулуп турган абалы болбошу керек. Ал бул балакетке мурда-кийин туш болгон эмес. Бүгүн анын жүрөгү да баштагыдан бир башкача катуураак согуп, тамырынын кагышы кулагына жетип турду. Ооба, тагдыр деген акыры өз өкүмүн салат тура, соңку учурда бу Жаабарстын турмушунда көп нерселер өзгөрдү. Анткени ал өткөн кыштан бери үйүрүнөн кубаланып, жалгыздык жанына батып, азап жеп келет. Сурабай келген карылыктын жазасы ушу экен. А бирок бул тирүү жандын бардыгы барар тагдыр го. Ийе, анын жаншериги болуп жүргөн ургаачы барсына, качантан бери көзү катып, көңүлү түшүп жүргөнүн ким билсин, айтор, бир жаш барс жалооруй тиктеп, дил төшөп жанынан чыкпай калды. Ошол ошол болду, ошондон кийин бу Жаабарстын эч кимге кереги жок калды. Эмне кылмак, эр намысы кыйнаган кезде кармашка чыкты. Айыгышкан кармаштын акырына жете албай, арман-муң төгүп жеңилди. Андан кийин да намыс талашкан өлүм таймашына чыкты, а бирок ал өзөгүнө өч салган атаандашын кайрылгыс кылып кубалап жибер үүгө күч-кубаты жетпеди. Ошо чунак кулак жаш барс өлөрүн билбес өжөр да, чаалыгууну көрбөгөн өтө каардуу кажыбаган неме экен, кыязы ушу көктүгү тиги кулагынын түбүнө жеткен өңдөнөт, айтор, ал ургаачы барстын жанына жанды жолотпой, жанынан карыш жылдырбай, акырекмоюнунан жалап эркелетип, эркелетип гана тим болбой көз оту менен каар чача сес көрсөтө баштады. Ушунун баары Кудай уруп карт Жаабарстын көзүнчө болуп жатты. Ооба, Жаабарстын алгачкы түгөйү улуу тоолор ураган жер титирөөдө мерт болгон, андан кийин тагдыр ага ушу ургаачы барсты туш кылган. Аны менен көп жылы көңүл байлашып чогуу жүрдү, эки ирет күчүктүү да болушкан, анан анысы минтип чунак кулак жаш барс менен үйүгүш кумарына батып кете берди. Көз күйгүзгөн куйругун бир туруп оңго, бир туруп солго шыйпаңдатып, бирде анысын чатына кыса кыңшылап, кайра чамгарактата жогору көтөрө калып түпкүчтөй түйүп жиберет да, жантүгөйүнө эреркей барып капталы менен, акырек-моюну менен сүйкөнүп, жагалдана эркелеп жүрүп көз көрүнө кетти. Көңүлүн алып, көз кысып да койгон жок.

Ошондо Жаабарс чыдабай алардын артынан жойчудай түштү. Алар коктуну өрдөй жайбаракат желип-жорто баратышкан экен, аткан октой кууп жетти. А бирок бул жолу да эч кандай майнап чыккан жок. Аёону билбей айыгышкан кармашта ургаачы барс каары катуу жаш барсына болуша аны азапка сала талады, экөөлөп баса калышып, үнөөбоюна тиш матырып ийишти. Бул кордук ага дилин ыйлатып, жүлүнүн үзө сыздатып, жүрөгүнө муң күйүтүн салды, үйүрүндөгү ордун сактап калууга, табигат берген барс дөбөттүн касиет-милдети менен өз тукумун дагы да калтырууга жасаган намыс-аракетине баш көтөргүс мүшкүл сокку болуп, кабыргасын кайра түтөтүп салды. Эмне кылмак, ошондон кийин ал акыл-күчүн колго алып, кошуна үйүргө жаалын чача барып, үйүгүш жолуна жаңы эле кирген жаш канчыктардын бирин имерип, диларманынан арылмак болду эле, бу жолу да аны капияга кабылтты. Үч дөбөт барсы капталына от жагып, катыгын бере кайрылгыс кылып талашып, жүрөгүнө айкар кастык катышты. Жан кумары ынак кылган бул үйүр көңүл байлашкан бойдон коктуну көздөй жөнөштү, а тигил тагдыры сынган жалгыз барс Жараткан берген озуйпа отунан ажырап, эркек дүйнөсүнүн кызыгы берген өкүнүч менен өрттөнүп кала берди да, тукум улаш күрөшүнүн кызыгында бу табийгат дегениң ар дайыма жаш күчтөрдүн тарабында болорун дагы бир жолу тааныды.

Жаназап түшкөн Жаабарс бул жерден кетейин деген, бирок ал негедир бир туруп каруусун кага жүгүрүп баратып ок жегендей тык токтоп, бирде жанталаша жата калып, кайра жин тийгендей тура калып айланага акыр заман чакыра долулана айкырып жүрдү. Азабоюн арман-от басып, карышкыр болуп улууну көксөп муңканды. Жанына жалын чок баскан жалгыздыктан улам өзөктүн өртүн өчүрөр жер таппай эстен адашып, аңчылык ышкыдан биротоло ажырап, ушу азыр карылыктын карыбы боло элек болсо да, кара жанды кайра бир жолу кашайтып, бир үйүр тоо эчкилери анын жанына беймарал өтүп кетишти. Бүткөн экен...

Чынында ошондой болчу. Ал ошондо өзүнө да түшүнүксүз, демейки маани-маңызын жоготуп жиберген бул кыямат убакта ой-санаасын от кылган кайгы азабынын тамырын сезгендей болду. Аскалуу сеңирдин кылда учунда, кыйшая өскөн арчага сүйөнүп туруп, ал теребелге жөн эле көз чаптырды да, анан ал далай күндү карытып, далай мезгил бирин бири эңсешип жүрүп, анан гана алгач ирет арзуу кызыгына жеткен, кыймыларакетинен кумар оту менен жаштык күчү төгүлгөн, төш кадаша моюндаша калышып эркелетүү ырахатына баткан, анан да өз жаны өзүнөн чыгып, түгөйүнө биригер абалга алып барып, эки дене бир жүрөк болор алдындагы бу дүйнөнүн жыргалынан кан тамыр кызыл от болгон кезиндей тагдырга ыраазы тейде баратышкан тээ ылдыйкы жайыктагы жаш түгөй барсты көрдү. Көрүп эле тим болгон жок, аралыктын көз учурган алыстыгынан алардын карегинен кумар оту күйүп турганын сезди.

Айласы күйгөн ал байкуш жата калды да, анан боортоктоп, өзүнөн өзү кайдадыр качып бараткандай болду. Өзүнөн өзү кайда качып кутулмак...Ошону айтсаң, жанагыл экөөнүн кумар жыргалын келкели келген бир кезде ал дагы баштан кечирген, ал турсун андай керемет абалды жана эле, коңшу үйүрдөн имерип алган тал чыбыктай буралган, капылет жерден таман алдыңда кала берген ак жыландай ойдолой калып бутуңа ороло калгандай таасир калтырган, жибек денеси түгөл ийиген, үйүгүш жолунда үнөбою алгач ирет от болуп күйгөн жаш канчыктан да сезген. Мына ошондо бул дүйнө бир гана көңүл байлашкан түгөйлөргө берген, ааламда алар жалгыз калган кезде гана баштан өтөр кумар черин чыгарчу тирүүлүк ыракатын көрүш үчүн, башкалардын көзүнө түшпөш үчүн, чагышып чалкып жыргаш үчүн далдаа жерге качып барышкан... Мына ошондо да кызыл чок толгон кырк тамыр дене-бойду өрт кылып, төбөдөгү көк асман да алоолонгон от болуп, бет алдындагы күн кирпиги сайылган тоо чокулары ошо жалын чачкан кездерде термелген чакта алар жанжалгашуу жыргалын көздөн учуруп, көөнүндө экөө бир болуп, каректе күйгөн бул дүйнө кучагын ачып кубанып, арзуу кумарынын мастыгын бири-биринин кыл тамырына өткөрүшүп, чок капталга от каптал тийгизише, жай аптабын күйгүзүп, мөңгү барстарынын тукуму келер саатты эңсеп, эки дене бир жүрөккө айланып бара жатышкан.

Ай ошондо бул экөө жанаша сыза сүзүшкөн балык сымал жарыша жүгүрүп, чок денелер керилип, куйруктар уча кубалап, бирине бири өрт чача чуркашып баратышкан. Канчык андан бир аз, тумшук озум алдыда эле. Ооба, ошондой болушу кажет болчу, анткени ургаачы барстын дал ошо канчыктык касиети, болгондо да үйүгүш күүсүнө келген касиет-керемети ушундай абалда гана дүйнөгө бийлик жүргүзүп, балкыган дене жытын чача алат да, жан жыргалы көздөн учкан дөбөттү бир өмүрдө бир болчу магдыратма бул жытка мас боло, тигинин денесинен чыккан жылуу, назик илепке ого бетер эңги-деңги түшүп, а бирок тигинин кабынан чыга жаздай туйлаган жүрөгүнүн кандай согуп жатканын да туюп, алдакандай бир белгисиз күдүк ой көкүрөк-көөнүн көккө учуруп бараткандай болду. Ошол саат, ошол тамыр кагышта бир өзүнө буга чейин угулбаган, асман жердин ортосун бириктирип, күн нурунан жаралгандай бул үн төбөсүнөн угулуп, айлана-тегерегиндеги мемиреген тоолор менен токойлордун билинбеген, жыл маалында бир болчу термелүүсүнөн чыгып жаткандай туюлду да, атаганат кем дүйнө, мунун баары ай-ааламдын өмүр күнүнүн кайталангыс күүсү, жазмыш кошкон бул экөөнүн Жараткан буйруп жалгашар алдындагы бири-бирине жан берүү ыры, өмүрдүн түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү сүйүү кайрыгы экенин бу кумар оту күйгүзгөн мөңгү барсы билсечи. Бирок кээде мындай да болот, ал керемет элес, кийин чындык болуп, болгондо да өлөр-өлгүчө сени өксүткөн ачуу чындык болуп чыгат. Ошо жалган элестер да өттү, күн күндү кубалап, жыл жылды алмаштырды.

Түйүнүн чечпес тагдырга айла барбы, эзелтен ошондой болуп келген, аны өзгөртө турган күч өзгөдө тургай өзүндө да жок. Ошондо, жазмышы ага жарыгын чачпай, жек көрүндү болгон күнү, андагылардын көзүнчө эркек намыс талаш кармашында жеңилип, ал аз келгенсип жанынын жарымындай болгон түгөйү кан жуткурган жанагыл чунак кулак канкор менен жан кашайтып кынала басып кеткен кезде, ыза-кордукка чыдабаган Жаабарс кайгысын кайда катарын билбей башы оогон жакка басып кетти. Тагдырдын берген күйүтүн, азыр эле өткөн иштин жалынын кантип өчүрөрүн биле албай, кыжыры кайнагандан улам ары-бери сандалып, жадагалса аң уулаш жайын унутуп, каргаша канын ойнотуп жүрө берди. Бу тоолордун адамдын изин көрөлек жайык коктусунан ал өзүнүн жанагыл жаншериги менен көңүлгө өчпөс кек салган чунак кулак барстын денекумар бир болуп, дүйнө унутуп чагышып, ал экөөнү эч качан тагдырың да ажырата албай турган абалда калганын көрдү да, чечекей агып, карегим катып калсачы деп жиберди. Ал учурда тиги экөө жан жалгашуу жыргалынын жетер жерине жетип, акактап чарчап тил сунуп, көчүктөрү желимделип калгансып ажыраша албай, кыймыл-күчтөн ажырап, бири-бирине жаны чыгып бараткандай аёолуу карап, каректи өрттөп турган экен. Алар Жаабарсты дал ошондой абалда турган чакта көрүштү да, үрөйлөрү үч көчүп, демдери катып таш болуп, өлүп калышты. Ушунун баары каш кагым гана убакытта болду. Каары келип, күңгүрөнө ыркыраган Жаабарс башын жерге сала, көзүнөн жалын чыгарып, бир жалтанбай кол салууга, камындырбай баса калып жулмалап, ай дегиче алкымына канжар азуусун салып шарт булкуп, эки чайнап, бир жутуп жиберчүдөй жаалданып, өксүткөн өчүн экөөнү катар өлтүрүп, эми алмакка келатты. Көздөгөнүн көзү менен көрүүгө акыркы гана кадам калган эле. Ошол чечүүчү кадам таштаарда, жининен аша жек көргөн, жанагыл эки дене биригип, эки жүрөк бир тамырдын кагышына айланган түгөйлөрдөн чоктой күйгөн көздөрүн албай баратып капылет жерден дал болуп катты да калды. Анткени аны кандайдыр бир сыйкыр күч, кандайдыр бир касиеттүү добуш, кандайдыр бир эрк токтотуп калгандай болду. Барс тукумун улантуу үчүн көңүл макулу менен жалгашкан түгөйлөргө кол салба, өмүргө зыян келтирбе, тарт артыңа деген кимдир бирөөнүн өзүнүн дилинен угулган касиеттүү буйрук-үнүнөн улам касташына канжар болуп сайылар жолунан башка чапкандай бурула берип мүдүрүлдү да, беткелди жүрүп берди, а бирок эмнегедир ызырына күркүрөп, жаны чыгардай онтоо менен ый угулган ыркыроодон, өзөктөгү өчпөс өксүүдөн өзүнөн өзү өрттөнүп баратты...

Күн сайын өз үйүрүнөн алыстай берген Жаабарс өзүнөн өзү кыжыры кайнап, жалгыз баштын жан кыйнаган азабы үчүн кашык каны калганча бир өмүрдүн бир болор тагдыр кегиндей кармашын тамырдын кагышы сайын кекене эңсеген безери жырткычка айланды. Аскалардын коңулунда жашаган көзүнө көрүнгөн эле жаныбарлардын артынан чабыт кумарын эмес, кыжырын чыгармакка сая түшүп, жегиси келбесе да канжар азуусун канга жууп, кең омуроо, барак төш баштагыдай мөңгү жиреп кеткиси келип тентимиш турмушка кабылды. Ошолбу, ошол эмеспи, айтор, жебе көзү жеткенге ок болуп тиет, алкымынан кызыл жаян кан атып, төрт туягы тыбырчылап, бир туруп, кайра жыгылып жатканына каарын чачып карап, моокумдан кана ырылдап тура берет да, анан болгону булоолонгон ысык кандан аптыга жалап-жалап алып басып кетет. Кан эңсеген ачтыктан эмес, эч басылбай кан кайнаткан өткөндөн калган өксүгү үчүн ушинтет.

Күндөр кайрылбай кетти, кар менен мөңгү жамынган аскар тоолор гана түбөлүк турчу ордунда турат, андагы аба ырайы да алмашты, а бирок сыртынан эч нерсеси өзгөрбөгөн, бул аймактын падышасы болуп келген Жаабарс гана жалгыз каңгып жүрө берди. Анан мурда такыр болбогон деми кысылган күндөр көбөйдү…

Тагдыр анын акырындан чабытын ала баштады. Ошондон улам ал азыр эликтердин суу ичер жеринде Кудай деп оңутун күтүп отурат, анткендиги чабыт эске түшкөнгө чейин эле деми кысылмайы кармап, төрт аягын бууп салган. Болбосо баштагыдай кылмак, каны каткан кийиктер сууну кана ичкенче күтүп, анан алардын чаңкоосу басылып, магдырай түшкөн кез болот, ошону билип, аларың дене жыйганча чабуулга чагылгандай өтмөй оң. Бул азыр кыял болуп турган кез. Кээде аларың сен күткөндөй болот, кээде башка жактан чаңкоо кандырмакка кетип калышат. Андай учурларда алардын артынан жыт алдырбай аңдып, жыландай жылып жакындап, илерге көзү жеткенде гана ок болуп атыл, андан аркысы буйруктун иши.

Бул мертебе Жаабарстын денекул кылмак тагдырга таарына турган жолу жок. Башкалар басып баралгыс шаңкайган тоонун бүр чөбү менен сан түркүн бадалдын миң түркүн ашын тандап оттогон аркар-кулжалар букма жайда бугуп жаткан Жаабарстын түз өзүн беттеп, теребелден темененин көзүнчөлүк шек санабай келе жатышты. Алар анын бар-жогун алыс жактан эстебей, жакын жерден кол саларын эч сезбей ичмеликке бейкапар тизиле калышып, жайбаракат суу ичүүгө киришти.

Жерге житкен ок болуп, башкага түгүл өзүнө өзү жок болуп букмада бугуп жатты. Канынан кашкөйлүк али кетелек, ар кыймылды карегинен өткөрүп, кылтактап-талдап отуру. Баары жайында, жазмышы жана бир жазуусун чийген өңдөндү, эми муздак тоолордун койнундагы күндөрдү унутуп, күтүү керек. А бирок жер солкулдата демиккен, ага кошулуп көкүрөгүнүн кырылдаганы кыр аша кетип жаткандай болду. Карылыкпы, ашууларда жулунган суук аларын алган окшойт. Аны буктурмада ушул кыйнады.

Келтирери кезин келтирди, четирээк турган үйүр баштоочусу, шаа мүйүз кулжаны көзгө илешпей эки секирип жетип, жонунан апчып жыгарда дем кысылуу кабыргасынан түтөткөн каргаша болду. Жетерин жетип, тырмактары апчуур болуп ачылып, бүт тулкусун кол күчүнө салып чабарда тигил андан ыкчамдык кылып ойт берип кетти, кара жерди жара чаап, казанбак башын ташка уруп жатып калды. Ылдамдык ылдамдыктан утулду. Дем жетпей калды. Кыжырланган Жаабарс ордунан шарт туруп кайрадан ага секирди, дагы да тигини шамдагайлык куткарып кетти. Аркар-кулжалар жер көчүрө жүрүп беришти…

Артынан жебедей сайыла түшүп, жеткенин желкеден алып жыгылса болмок. Ошентти, ызанын күчү дем берип жетеринде жаштыктын күчү аны ого бетер демиктирип, Жаабарстын кыжынганына карабай алкымын муунтуп жиберди. Мындай мүңкүрөткөн мүшкүл иш анын башына алгач ирет мына ушунтип түштү, ызалыктан улам боору таш тагдырдын алкымын аткып бир чайнап, боорун эзип, өтүн ичип жибергиси келди. Андан өткөн, Кудай башка салбаган өксүктү жанагы үйүр баштагыч көргөздү. Алыстай барып, артка бурулду да, ага айбат көрсөтүп, мүйүз кезеп, туягы менен жер чапчып сес көрсөтүп, анан кайрылбай кетти, баарынан да ушунуку өттү. Жырткычтын ырыскысы бутунда деген чын экен, бут эми басканга гана жарап калабы?.. Мурда деле мындай оң болбоолор болчу, бирок анда курчтук менен пайын келтирүүдөн кетирчү. А мында…Жараткандын бергенин тагдыр алган экен.

Өзүнөн өзүн жоготкон Жаабарс сабыры суз, ааламда жалгыз калгансып, курчу качкан көздөрү менен эки жагын жалдырай карап, жерге батырбаган демиккенин басалбай башы оогон жакка каңгып баратты…

Гүлдүйнөсү күбүлүп бүткөн экен. Негедир ал ушу азыр мурдагы жантүгөйүн, аны менен акыркы жолу үйүгүшө чагышканындагыдай күндүн ага күлүмсүрөгөнүндөй нурун, шаркыратмалар менен токойлордун бир керемет сыр каткан дабышын, гүлдүйнө күүсүн, ургаачы барсынын мурда эч качан болбогон ыракат жыргалына баткандагы үнүн көкүрөгү ачыша эңседи. Азыр анын бири жок, гүлдүйнөсү күбүлүп бүткөн.

Каңырыгы түтөгөн Жаабарс – аскар тоолордун жаңылбас падышасы, кайда барарын билбей каңгып барат. Жанга баткан жалгыздык акыры бир өмүрдүн соңуна чыгарарын сезип, күнү бүтүп, түнү түшкөн бир кезди күтүп, асканын коңулунан өзүнө жатар жай издеп барат. Ошентип барат, ошол үчүн анын өмүр-күнүнүн соңундагы ажырыктын тамырындай чиеленишкен тагдырын тукуму бир жырткычтар эмес, адам баласы тең бөлүшөрүн ал таптакыр билген эмес. Ооба, Жаабарсты адамдар көргөндүр, ал аларды көргөн эмес, кээ-кээде тынч тоолорду жаңырта ок атуулар чыкканда адамдардын келгени деп түшүнчү, тарса-турстан кулагы тунуп, алардан желе-жортуп алыс кетүүгө шашылчу. Ошол үчүн ошол күндөн ушул күн ал адамды көргөн эмес.

Жаралганда жараткан маңдайга эмне жазса жан аттуунун бардыгы ошону көрөт экен, ал акыры адам менен кез келди.

Которгон: Самсак Станалиев