Вторник, Июня 27, 2017

КУУнун ректору Чынара Адамкулованын Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу улуттук университеттин кадырман коллективи – окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер! 

rec nooruz 01

Баарыңыздарды көктөм айынын көркөм майрамы болгон Нооруз майрамы менен куттуктайм!

Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Кылымдарды карытып келген улуу майрам калкыбыздын демине-дем, күчүнө-күч кошуп келген. Элибиз “Өлбөгөң жанга жаз келди” деп турган учурдагы биринчи майрам - ушул Нооруз майрамы эмеспи. “Жер жарылып көк чык, желин жарылып сүт чык” деп ызгаардуу кыштан аман-эсен чыкканына кубанышып, ушул майрамды күтүшкөн. Нооруз күнү арча күйгүзүп, үй-жайларын аласташып, жакшылык тилешкен. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.

Жаз салтанаты менен бирге жашоо жанданып, жаратылыш жашарган жаркын күндөрдө ар дайым маанайыңыздар ачык болуп, бакубат ден-соолуктун дөөлөтүндө бактылуу өмүр сүрүшүңүздөрдү каалайм!

Улуттук университетибизде майрамдык маанай узарып, сиздердин демиңиздер менен жылуу мамилебиз артып, урмат-сыйыбыз тереңдей беришине тилектешмин. Кут даарыган университетибиздин ар бир аудиториясы кут-ырыска бөлөнүп, ынтымак менен илим-билимдин очогу болгон окуу жайыбыз гүлдөп өнүгүшүнө салым кошолу!

Нооруз майрамыбыз жакшылыктын, ыймандын жарчысы болсун,_ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бейпилдик каалайм!

Ректор Ч.Адамкулова