Среда, Сентября 20, 2017

МТ колледжинин студенттери менен гимназиянын окуучулары эстафета өткөрүштү

2017-жылдын 14-мартында 6-имараттагы спорт залда кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинин маалымат-технологиялар колледжинин студенттери жана гимназиянын окуучуларынын арасында Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Аялдардын эл аралык күнүнө карата эстафета өткөрүлдү.

Студенттерден жана окуучулардан түзүлгөн топтор биримдикти, шамдагайлыкты көрсөтө алышты. Ыр-бий менен коштолгон эстафетаду көрөрмандардын купулуна толду.

Жеңишке ээ болгон командалар диплом менен сыйланып, белектерге ээ болушту.

01

02

03

04

press knu 2017