Четверг, Октября 19, 2017

Педагогикалык факультет диний экстремизмге каршы!

2017-жылдын 10-февралында педагогика факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн «Согуштук конфликттер аймагына КР жарандарынын чыгышына жана жалданышына жол бербөө: улуттар аралык конфликтер жана терроризмге эскертүү, диний экстремизмге каршы туруу» деген темада иш-чара өткөрүлдү.

Жыйынга КР ИИМнин 10-башкармалыгынын кызматкерлери Бегимай Олжобай кызы, Медер Рыскулов, Нуржан Кыйрабаев, Кыргыз Ислам университетинин тышкы байланыш жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов_катышып,_диний экстремизм жана терроризм боюнча лекция окушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чараны факультеттин деканы Рахат Сулайманова, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Самат Жолочиев жана факультеттин профбюросунун төрагасы_Мирбек Шарабидиновдор_уюштурду.

01

02

03

04

Самат Жолочиев - _тарбия иштери боюнча декандын орун басары